caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Hijr сүрөсү الحجر

99 аят · Мекке · түшүү тартиби 54

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ الٓر تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْكِتَٰبِ وَقُرْءَانٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлиф, Лам, Раа.[1] Булар Китептин - Анык Курандын аяттары.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْ كَانُوا۟ مُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَرْهُمْ يَأْكُلُوا۟ وَيَتَمَتَّعُوا۟ وَيُلْهِهِمُ ٱلْأَمَلُ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٌ مَّعْلُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмыш(ы) келмейинче өлтүрбөдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَـْٔخِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِى نُزِّلَ عَلَيْهِ ٱلذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Куран) түшүрүлгөн адам, сен – жиндисиң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّوْ مَا تَأْتِينَا بِٱلْمَلَٰٓئِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا نُنَزِّلُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَمَا كَانُوٓا۟ إِذًا مُّنظَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا ٱلذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ فِى شِيَعِ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ نَسْلُكُهُۥ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَقَدْ خَلَتْ سُنَّةُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّوا۟ فِيهِ يَعْرُجُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей):

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَقَالُوٓا۟ إِنَّمَا سُكِّرَتْ أَبْصَٰرُنَا بَلْ نَحْنُ قَوْمٌ مَّسْحُورُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِى ٱلسَّمَآءِ بُرُوجًا وَزَيَّنَّٰهَا لِلنَّٰظِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحَفِظْنَٰهَا مِن كُلِّ شَيْطَٰنٍ رَّجِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык. (Асманда Аллахтын кайып кабарлары бар. Жин-шайтандар ошол кабарларга жакын жолой албайт. Мунун себеби кийинки аятта.)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا مَنِ ٱسْتَرَقَ ٱلسَّمْعَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْأَرْضَ مَدَدْنَٰهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَىْءٍ مَّوْزُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَٰيِشَ وَمَن لَّسْتُمْ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن مِّن شَىْءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٍ مَّعْلُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَرْسَلْنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَسْقَيْنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمْ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды[1] жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О,инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер.[2]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْىِۦ وَنُمِيتُ وَنَحْنُ ٱلْوَٰرِثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Биз гана тирилтип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَقْدِمِينَ مِنكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَـْٔخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышмаи (жана) Билерман.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن صَلْصَٰلٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْجَآنَّ خَلَقْنَٰهُ مِن قَبْلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّى خَٰلِقٌۢ بَشَرًا مِّن صَلْصَٰلٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُوا۟ لَهُۥ سَٰجِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَجَدَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардык периштелер сажда кылышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّآ إِبْلِيسَ أَبَىٰٓ أَن يَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ يَٰٓإِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لَمْ أَكُن لِّأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُۥ مِن صَلْصَٰلٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ فَٱخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ عَلَيْكَ ٱللَّعْنَةَ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلدِّينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСага Кыяматка чейин каргыш болсун!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرْنِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلْمُنظَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْوَقْتِ ٱلْمَعْلُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovбелгилүү убакытка чейин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغْوَيْتَنِى لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ ٱلْمُخْلَصِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَىَّ مُسْتَقِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ عِبَادِى لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْغَاوِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَٰبٍ لِّكُلِّ بَابٍ مِّنْهُمْ جُزْءٌ مَّقْسُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱدْخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَزَعْنَا مَا فِى صُدُورِهِم مِّنْ غِلٍّ إِخْوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٍ مُّتَقَٰبِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌ وَمَا هُم مِّنْهَا بِمُخْرَجِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَبِّئْ عِبَادِىٓ أَنِّىٓ أَنَا ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّ عَذَابِى هُوَ ٱلْعَذَابُ ٱلْأَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында менин азабым - жан ооруткан азап!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَبِّئْهُمْ عَن ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ دَخَلُوا۟ عَلَيْهِ فَقَالُوا۟ سَلَٰمًا قَالَ إِنَّا مِنكُمْ وَجِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِى عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِىَ ٱلْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ بَشَّرْنَٰكَ بِٱلْحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْقَٰنِطِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ وَمَن يَقْنَطُ مِن رَّحْمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍ مُّجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ قَدَّرْنَآ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلْغَٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلْمُرْسَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭлчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ مُّنكَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ بَلْ جِئْنَٰكَ بِمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَمْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَتَيْنَٰكَ بِٱلْحَقِّ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِّنَ ٱلَّيْلِ وَٱتَّبِعْ أَدْبَٰرَهُمْ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنكُمْ أَحَدٌ وَٱمْضُوا۟ حَيْثُ تُؤْمَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَضَيْنَآ إِلَيْهِ ذَٰلِكَ ٱلْأَمْرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰٓؤُلَآءِ مَقْطُوعٌ مُّصْبِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»[1] жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَآءَ أَهْلُ ٱلْمَدِينَةِ يَسْتَبْشِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ ضَيْفِى فَلَا تَفْضَحُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ أَوَلَمْ نَنْهَكَ عَنِ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ هَٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِىٓ إِن كُنتُمْ فَٰعِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَعَمْرُكَ إِنَّهُمْ لَفِى سَكْرَتِهِمْ يَعْمَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ مُشْرِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجَعَلْنَا عَٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِّن سِجِّيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّلْمُتَوَسِّمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٍ مُّقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن كَانَ أَصْحَٰبُ ٱلْأَيْكَةِ لَظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБак-бостон кожоюндары залым (каапыр) болушкан.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱنتَقَمْنَا مِنْهُمْ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَٰبُ ٱلْحِجْرِ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَءَاتَيْنَٰهُمْ ءَايَٰتِنَا فَكَانُوا۟ عَنْهَا مُعْرِضِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَانُوا۟ يَنْحِتُونَ مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًا ءَامِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖасаган нерселери аларга пайда берген жок![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَـَٔاتِيَةٌ فَٱصْفَحِ ٱلصَّفْحَ ٱلْجَمِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلْخَلَّٰقُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, сенин Раббиң - Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَٰكَ سَبْعًا مِّنَ ٱلْمَثَانِى وَٱلْقُرْءَانَ ٱلْعَظِيمَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага кайталануучудан жетини жана Улук Куранды бердик.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعْنَا بِهِۦٓ أَزْوَٰجًا مِّنْهُمْ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَٱخْفِضْ جَنَاحَكَ لِلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллахтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقُلْ إِنِّىٓ أَنَا ٱلنَّذِيرُ ٱلْمُبِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَمَآ أَنزَلْنَا عَلَى ٱلْمُقْتَسِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ جَعَلُوا۟ ٱلْقُرْءَانَ عِضِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Куранды бөлүктөргө ажыратышты![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَوَرَبِّكَ لَنَسْـَٔلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَمَّا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжасаган иштерине жараша!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا كَفَيْنَٰكَ ٱلْمُسْتَهْزِءِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБилебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ ٱلْيَقِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70