caseriqКуранда маани боюнча издөө

Ibrahim сүрөсү ابراهيم

52 аят · Мекке · түшүү тартиби 72

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ الٓر كِتَٰبٌ أَنزَلْنَٰهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ ٱلنَّاسَ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَمِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Алиф, Лам, Ра.[1] (О, Мухаммад), Биз бул Китепти сага, адамдарды, Раббисинин уруксаты менен караңгылыктардан Нурга - Жеңүүчү жана Макталган Аллахтын жолуна чыгарышың үчүн түшүрдүк».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهِ ٱلَّذِى لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَوَيْلٌ لِّلْكَٰفِرِينَ مِنْ عَذَابٍ شَدِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ушундай: асмандардагы жана жердеги нерселер Анын мүлкү. Каапырларга катуу, азаптуу өлүм болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يَسْتَحِبُّونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا عَلَى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًا أُو۟لَٰٓئِكَ فِى ضَلَٰلٍۭ بَعِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар дүйнө жашоосун Акыреттен жогору сүйүшөт, (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушат жана аны ийри жолго айлантууну каалашат. Андайлар терең адашууда!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا بِلِسَانِ قَوْمِهِۦ لِيُبَيِّنَ لَهُمْ فَيُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ар бир пайгамбарды, өз элинин тили менен гана жибердик, аларга (дин эрежелерин түшүнүктүү) баян кылып бериши үчүн. Кийин Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго баштайт жана каалаганын адаштырат. Ал - Кудуреттүү, Даанышман.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَآ أَنْ أَخْرِجْ قَوْمَكَ مِنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ وَذَكِّرْهُم بِأَيَّىٰمِ ٱللَّهِ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Мусаны Өзүбүз берген моожизалар менен (пайгамбар кылып) жиберип: «Коомуңду караңгылыктардан Нурга чыгаргын жана аларга Аллахтын күндөрүн эстеткин. Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн үлгү-сабактар бар» - дедик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَةَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ أَنجَىٰكُم مِّنْ ءَالِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ وَيُذَبِّحُونَ أَبْنَآءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَآءَكُمْ وَفِى ذَٰلِكُم بَلَآءٌ مِّن رَّبِّكُمْ عَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин (о, Мухаммад, ошондо) Муса коомуна мындай деди: «Аллахтын силерге берген нээматтарын эстегиле: Ал силерди Фараон жана анын адамдарынан куткарды. Алар уул перзентиңерди союп, кыз перзентиңерди тирүү калтыруу менен башыңарга катуу азап салган. Ушунда Раббиңер тарабынан чоң сыноо бар эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ تَأَذَّنَ رَبُّكُمْ لَئِن شَكَرْتُمْ لَأَزِيدَنَّكُمْ وَلَئِن كَفَرْتُمْ إِنَّ عَذَابِى لَشَدِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Дагы бир кезде Раббиңер силерге: «Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар силерди(н нээматты) көбөйтөмүн. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу» - деп жарыялаган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِن تَكْفُرُوٓا۟ أَنتُمْ وَمَن فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًا فَإِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِىٌّ حَمِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Муса айтты: «Эгер силер жана (силерге кошулуп) жер жүзүнүн бардык жамааты капыр болсо да, Аллах Беймуктаж жана мактоого ылайык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَبَؤُا۟ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ قَوْمِ نُوحٍ وَعَادٍ وَثَمُودَ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعْدِهِمْ لَا يَعْلَمُهُمْ إِلَّا ٱللَّهُ جَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَٰتِ فَرَدُّوٓا۟ أَيْدِيَهُمْ فِىٓ أَفْوَٰهِهِمْ وَقَالُوٓا۟ إِنَّا كَفَرْنَا بِمَآ أُرْسِلْتُم بِهِۦ وَإِنَّا لَفِى شَكٍّ مِّمَّا تَدْعُونَنَآ إِلَيْهِ مُرِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге өзүңөрдөн мурункулардын: Нух коомунун, Аад, Самуд коомдорунун жана алардан кийинки коомдордун кабары келбедиби? Аларды Аллахтан башка эч ким билбейт болчу. (Кийин Аллах алар жөнүндө кабар берди:) Аларга пайгамбарлары анык далилдер алып келгенде, колдорун оозуна (керней кылып) коюушуп: «Биз силерге жиберилген динге каапыр болдук: Биз силер даават кылып жаткан нерселерден шектенүүдөбүз!» - дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ رُسُلُهُمْ أَفِى ٱللَّهِ شَكٌّ فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ يَدْعُوكُمْ لِيَغْفِرَ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمْ وَيُؤَخِّرَكُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍ مُّسَمًّى قَالُوٓا۟ إِنْ أَنتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُنَا تُرِيدُونَ أَن تَصُدُّونَا عَمَّا كَانَ يَعْبُدُ ءَابَآؤُنَا فَأْتُونَا بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда) пайгамбарлары: «Асмандар жана жерди жараткан Аллахта шек бар бекен?! Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү убакытка чейин (ушул дүйнөдө) калтырууга чакырып жатат! - дегенде, алар айтышты: «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чьн болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ لَهُمْ رُسُلُهُمْ إِن نَّحْنُ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُكُمْ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأْتِيَكُم بِسُلْطَٰنٍ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллах пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) жакшылык берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллах кааласа гана келтире алабыз. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا لَنَآ أَلَّا نَتَوَكَّلَ عَلَى ٱللَّهِ وَقَدْ هَدَىٰنَا سُبُلَنَا وَلَنَصْبِرَنَّ عَلَىٰ مَآ ءَاذَيْتُمُونَا وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُتَوَكِّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне үчүн биз Аллахка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) туура жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллахка гана тобокел кылсын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِرُسُلِهِمْ لَنُخْرِجَنَّكُم مِّنْ أَرْضِنَآ أَوْ لَتَعُودُنَّ فِى مِلَّتِنَا فَأَوْحَىٰٓ إِلَيْهِمْ رَبُّهُمْ لَنُهْلِكَنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр болгондор пайгамбарларына: «Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасыңар! (Экөөнүн бирин тандагыла)» – дешти. Андан соң, Раббиси пайгамбарларга: «Биз сөзсүз залымдарды (каапырларды) жок кылабыз

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَنُسْكِنَنَّكُمُ ٱلْأَرْضَ مِنۢ بَعْدِهِمْ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَافَ مَقَامِى وَخَافَ وَعِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн» деп вахий (кабар) кылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱسْتَفْتَحُوا۟ وَخَابَ كُلُّ جَبَّارٍ عَنِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Момундар) жеңиш сурашты. Ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга жолукту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مِّن وَرَآئِهِۦ جَهَنَّمُ وَيُسْقَىٰ مِن مَّآءٍ صَدِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мунун себеби,) анын артында тозок. (Тозокто) ага кайнак ириң ичирилгенде,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَتَجَرَّعُهُۥ وَلَا يَكَادُ يُسِيغُهُۥ وَيَأْتِيهِ ٱلْمَوْتُ مِن كُلِّ مَكَانٍ وَمَا هُوَ بِمَيِّتٍ وَمِن وَرَآئِهِۦ عَذَابٌ غَلِيظٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(суусагандан улам) ичкенге аракет кылат, бирок иче албайт. Ар тараптан өлүм(гө тете азаптар) келет бирок, өлө албайт. Анын артынан (андан да) катуу азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّثَلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِرَبِّهِمْ أَعْمَٰلُهُمْ كَرَمَادٍ ٱشْتَدَّتْ بِهِ ٱلرِّيحُ فِى يَوْمٍ عَاصِفٍ لَّا يَقْدِرُونَ مِمَّا كَسَبُوا۟ عَلَىٰ شَىْءٍ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلضَّلَٰلُ ٱلْبَعِيدُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин[1] мисалы - бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир (пайдалуу) нерсеге жетише албайт. Бул - абдан алыс адашуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍ جَدِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, инсан!) Сен, чынында Аллах асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиңби?! Эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы калкты алып келет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул Аллахка оор эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَبَرَزُوا۟ لِلَّهِ جَمِيعًا فَقَالَ ٱلضُّعَفَٰٓؤُا۟ لِلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوٓا۟ إِنَّا كُنَّا لَكُمْ تَبَعًا فَهَلْ أَنتُم مُّغْنُونَ عَنَّا مِنْ عَذَابِ ٱللَّهِ مِن شَىْءٍ قَالُوا۟ لَوْ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ لَهَدَيْنَٰكُمْ سَوَآءٌ عَلَيْنَآ أَجَزِعْنَآ أَمْ صَبَرْنَا مَا لَنَا مِن مَّحِيصٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кыяматта Сур кернейи тартылганда) бардык адамдар (мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгып) Аллахтын алдында тизилип калышат. Ошондо, (бул дүйнөдө) алсыз (моюн сунуучу) болгондору, текебер (каапыр) башчыларына: «Чынында, биз силерге ээрчиген элек, бүгүн Аллахтын азабынан бизди бир аз болсо да куткара аласыңарбы?» - дешкенде, алар айтышат: «Эгер бизди Аллах туура жолго баштаганда, биз да силерди туура жолго баштайт элек. Эми, (болор иш болду) биз чыдамсыздык кылабызбы же сабырдуу болобузбу, (баары бир) бизге эч бир кутулуу жок!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلشَّيْطَٰنُ لَمَّا قُضِىَ ٱلْأَمْرُ إِنَّ ٱللَّهَ وَعَدَكُمْ وَعْدَ ٱلْحَقِّ وَوَعَدتُّكُمْ فَأَخْلَفْتُكُمْ وَمَا كَانَ لِىَ عَلَيْكُم مِّن سُلْطَٰنٍ إِلَّآ أَن دَعَوْتُكُمْ فَٱسْتَجَبْتُمْ لِى فَلَا تَلُومُونِى وَلُومُوٓا۟ أَنفُسَكُم مَّآ أَنَا۠ بِمُصْرِخِكُمْ وَمَآ أَنتُم بِمُصْرِخِىَّ إِنِّى كَفَرْتُ بِمَآ أَشْرَكْتُمُونِ مِن قَبْلُ إِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИш чечилип, (тозокулар - тозокко, бейишилер - бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллах силерге чын убада берген болчу.[1] Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.[2] Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллахка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин). Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) залымдарга кыйноочу азап бар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأُدْخِلَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جَنَّٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ تَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَٰمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرَةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِى ٱلسَّمَآءِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, инсан), Аллах таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تُؤْتِىٓ أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍۭ بِإِذْنِ رَبِّهَا وَيَضْرِبُ ٱللَّهُ ٱلْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллах адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ ٱجْتُثَّتْ مِن فَوْقِ ٱلْأَرْضِ مَا لَهَا مِن قَرَارٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُثَبِّتُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱلْقَوْلِ ٱلثَّابِتِ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَفِى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَيُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلظَّٰلِمِينَ وَيَفْعَلُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.[1] Залымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ بَدَّلُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ كُفْرًا وَأَحَلُّوا۟ قَوْمَهُمْ دَارَ ٱلْبَوَارِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, инсан!) Аллах берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا وَبِئْسَ ٱلْقَرَارُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovөздөрү ташталчу тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ أَندَادًا لِّيُضِلُّوا۟ عَن سَبِيلِهِۦ قُلْ تَمَتَّعُوا۟ فَإِنَّ مَصِيرَكُمْ إِلَى ٱلنَّارِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн Аллахка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер - тозок!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لِّعِبَادِىَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يُقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُنفِقُوا۟ مِمَّا رَزَقْنَٰهُمْ سِرًّا وَعَلَانِيَةً مِّن قَبْلِ أَن يَأْتِىَ يَوْمٌ لَّا بَيْعٌ فِيهِ وَلَا خِلَٰلٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМенин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَخْرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزْقًا لَّكُمْ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلْفُلْكَ لِتَجْرِىَ فِى ٱلْبَحْرِ بِأَمْرِهِۦ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلْأَنْهَٰرَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ دَآئِبَيْنِ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَءَاتَىٰكُم مِّن كُلِّ مَا سَأَلْتُمُوهُ وَإِن تَعُدُّوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ لَا تُحْصُوهَآ إِنَّ ٱلْإِنسَٰنَ لَظَلُومٌ كَفَّارٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллахтын жакшылыктарын санасаңар бүтүрө атбайсыңар. Чынында, инсан өтө залым, өтө шүгүрсүз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ إِبْرَٰهِيمُ رَبِّ ٱجْعَلْ هَٰذَا ٱلْبَلَدَ ءَامِنًا وَٱجْنُبْنِى وَبَنِىَّ أَن نَّعْبُدَ ٱلْأَصْنَامَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبِّ إِنَّهُنَّ أَضْلَلْنَ كَثِيرًا مِّنَ ٱلنَّاسِ فَمَن تَبِعَنِى فَإِنَّهُۥ مِنِّى وَمَنْ عَصَانِى فَإِنَّكَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллахка ибадат кылса) - ал менден. Ким мага каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَّبَّنَآ إِنِّىٓ أَسْكَنتُ مِن ذُرِّيَّتِى بِوَادٍ غَيْرِ ذِى زَرْعٍ عِندَ بَيْتِكَ ٱلْمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱجْعَلْ أَفْـِٔدَةً مِّنَ ٱلنَّاسِ تَهْوِىٓ إِلَيْهِمْ وَٱرْزُقْهُم مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمْ يَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبَّنَآ إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا نُخْفِى وَمَا نُعْلِنُ وَمَا يَخْفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِن شَىْءٍ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Раббим! Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиң! Аллахтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى وَهَبَ لِى عَلَى ٱلْكِبَرِ إِسْمَٰعِيلَ وَإِسْحَٰقَ إِنَّ رَبِّى لَسَمِيعُ ٱلدُّعَآءِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллахка (чексиз) мактоолор болсун! Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبِّ ٱجْعَلْنِى مُقِيمَ ٱلصَّلَوٰةِ وَمِن ذُرِّيَّتِى رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَآءِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبَّنَا ٱغْفِرْ لِى وَلِوَٰلِدَىَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ ٱلْحِسَابُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَحْسَبَنَّ ٱللَّهَ غَٰفِلًا عَمَّا يَعْمَلُ ٱلظَّٰلِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ ٱلْأَبْصَٰرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад), сен Аллахты залымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مُهْطِعِينَ مُقْنِعِى رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ وَأَفْـِٔدَتُهُمْ هَوَآءٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошол күндө) алар баштары ойдо көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنذِرِ ٱلنَّاسَ يَوْمَ يَأْتِيهِمُ ٱلْعَذَابُ فَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ رَبَّنَآ أَخِّرْنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٍ قَرِيبٍ نُّجِبْ دَعْوَتَكَ وَنَتَّبِعِ ٱلرُّسُلَ أَوَلَمْ تَكُونُوٓا۟ أَقْسَمْتُم مِّن قَبْلُ مَا لَكُم مِّن زَوَالٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَسَكَنتُمْ فِى مَسَٰكِنِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَتَبَيَّنَ لَكُمْ كَيْفَ فَعَلْنَا بِهِمْ وَضَرَبْنَا لَكُمُ ٱلْأَمْثَالَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Худдун, Салихтин коому сыяктуу) өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге (Куранда алардын) мисалдарын келтирген элек?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَدْ مَكَرُوا۟ مَكْرَهُمْ وَعِندَ ٱللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ ٱلْجِبَالُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллахтын алдында (белгилүү)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا تَحْسَبَنَّ ٱللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِۦ رُسُلَهُۥٓ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ ذُو ٱنتِقَامٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен Аллах Өзүнүн пайгамбарларына («залымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллах Кудуреттүү жана өч алуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تُبَدَّلُ ٱلْأَرْضُ غَيْرَ ٱلْأَرْضِ وَٱلسَّمَٰوَٰتُ وَبَرَزُوا۟ لِلَّهِ ٱلْوَٰحِدِ ٱلْقَهَّارِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллахка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَرَى ٱلْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ مُّقَرَّنِينَ فِى ٱلْأَصْفَادِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

سَرَابِيلُهُم مِّن قَطِرَانٍ وَتَغْشَىٰ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. (Бул азаптар Аллах тарабынан зулум эмес, тескерисинче:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَجْزِىَ ٱللَّهُ كُلَّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллах тез эсептешүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا بَلَٰغٌ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُوا۟ بِهِۦ وَلِيَعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ وَلِيَذَّكَّرَ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَٰبِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул (Куран) адамдарга арналган кемчиликсиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70