caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nahl сүрөсү النحل

128 аят · Мекке · түшүү тартиби 70

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ أَتَىٰٓ أَمْرُ ٱللَّهِ فَلَا تَسْتَعْجِلُوهُ سُبْحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, мушриктер!) Аллахтын буйругу (азабы) келип калды. Силер аны шаштырбай эле койгула! Алардын ширктеринен Аллах Бийик жана Аруу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُنَزِّلُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ بِٱلرُّوحِ مِنْ أَمْرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦٓ أَنْ أَنذِرُوٓا۟ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱتَّقُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аллах пенделеринин арасынан каалагандарына Өз амири менен: “(Адамдарга) эскерткиле: Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Мен гана бармын! Менден гана корккула!” – деген вахий менен периштелерди түшүрөт».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ تَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен жерди Акыйкат менен жараткан (Аллах) алардын ширктеринен Жогору - Бийик!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَلَقَ ٱلْإِنسَٰنَ مِن نُّطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл инсанды бир тамчы «суудан» жаратты эле, капысынан (Өзүнө) анык душман болуп чыга келди!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْأَنْعَٰمَ خَلَقَهَا لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَٰفِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар.[1] Силер алардын этинен да жейсиңер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَىٰ بَلَدٍ لَّمْ تَكُونُوا۟ بَٰلِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ ٱلْأَنفُسِ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар(лар)га ташып берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْخَيْلَ وَٱلْبِغَالَ وَٱلْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты).[1] Жана силер билбеген нерселерди да жаратат.[2]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَلَى ٱللَّهِ قَصْدُ ٱلسَّبِيلِ وَمِنْهَا جَآئِرٌ وَلَوْ شَآءَ لَهَدَىٰكُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТуура жолго баштоо - Аллахтын вазыйпасы. Жолдордун арасында ийри жолдор да бар.[1] Эгер кааласа бардыгыңарды туура жолго баштамак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً لَّكُم مِّنْهُ شَرَابٌ وَمِنْهُ شَجَرٌ فِيهِ تُسِيمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерге асмандан суу түшүрдү. Ичер сууңар да ошондон, жаныбарларды бага турган чөп-дарак да ошондон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُنۢبِتُ لَكُم بِهِ ٱلزَّرْعَ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلنَّخِيلَ وَٱلْأَعْنَٰبَ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Албетте, буларда, пикир кылган элдер үчүн (Аллахтын кудурет- даанышмандыгын билдирген) далилдер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ وَٱلنُّجُومُ مُسَخَّرَٰتٌۢ بِأَمْرِهِۦٓ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы (Аллах) силерге Айды, Күндү жана Түн менен Күндүздү моюн сундуруп койду. Анын амири менен жылдыздар да силерге моюн сундурулган. Албетте, мында акылын иштеткен адамдар үчүн далилдер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا ذَرَأَ لَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ مُخْتَلِفًا أَلْوَٰنُهُۥٓ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силер үчүн жер бетинде ар түркүн (пайдалуу) нерселерди жаратты. Албетте, бул нерседе эстеген адамдар үчүн (Аллахтын кудурет-даанышмандыгын билдирген) далил бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى سَخَّرَ ٱلْبَحْرَ لِتَأْكُلُوا۟ مِنْهُ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُوا۟ مِنْهُ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا وَتَرَى ٱلْفُلْكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер андан (балыктардын) бузулбаган, эт(ин) жешиңер үчүн Аллах силерге деңизди моюн сундурду. Анын (түбүнөн) өзүңөр такчу тагынчактарды чыгарып аласыңар. Сен анда (толкундарды) жарып сүзгөн кемени көрөсүң. (Аллах) Өзүнүн пазилетин үмүт кылып, (нээматтарына) шүгүр келтиришиңер үчүн (ушуларды жаратты).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَأَنْهَٰرًا وَسُبُلًا لَّعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду, Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, адашпай жүрүшүңөр үчүн жолдорду жана

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَلَٰمَٰتٍ وَبِٱلنَّجْمِ هُمْ يَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(ар түрдүү) белгилерди (жаратты. Ошол белгилердин бири болгон) жылдыздар менен алар жол табышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَمَن يَخْلُقُ كَمَن لَّا يَخْلُقُ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖараткан (Аллах) менен жарата албаган (“кудайлар”) теңби?! Эсиңерге келбейсиңерби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن تَعُدُّوا۟ نِعْمَةَ ٱللَّهِ لَا تُحْصُوهَآ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллахтын нээматтарын санасаңар, бүтүрө албайсыңар. Албетте, Аллах Кечирүүчү, Боорукер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силердин купуя жана ашкере жасаган (бардык) ишиңерди билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَخْلُقُونَ شَيْـًٔا وَهُمْ يُخْلَقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллахтан башка “кудайлары” эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْوَٰتٌ غَيْرُ أَحْيَآءٍ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да билбейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ فَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ قُلُوبُهُم مُّنكِرَةٌ وَهُم مُّسْتَكْبِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин кудайыңар - жалгыз Кудай (Аллах). Ал эми, Акыретке ишенбеген адамдардын жүрөктөрү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллахка баш ийүүдөн) текеберленишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا جَرَمَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْتَكْبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч шексиз, Аллах алардын ичине сактаган сырларын да ачык-ашкере иштерин да билип турат. Чынында, Ал текебер адамдарды сүйбөйт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا قِيلَ لَهُم مَّاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمْ قَالُوٓا۟ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга: «(Мухаммадга) Раббиңер эмне түшүрдү эле» - деп айтылса, «Байыркылардын жомогу» - дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَحْمِلُوٓا۟ أَوْزَارَهُمْ كَامِلَةً يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ وَمِنْ أَوْزَارِ ٱلَّذِينَ يُضِلُّونَهُم بِغَيْرِ عِلْمٍ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Кыямат күнү күнөөлөрүн толугу менен, ал эми илимсиздиги себептүү (аларды) адаштырган адамдарынын күнөөлөрүн(үн бир бөлүгүн желкесине) көтөрүш үчүн (ошентишти). Уккула, алар көтөргөн «жүк» кандай жаман!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَأَتَى ٱللَّهُ بُنْيَٰنَهُم مِّنَ ٱلْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ ٱلسَّقْفُ مِن فَوْقِهِمْ وَأَتَىٰهُمُ ٱلْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан мурдагы (каапыр) коомдор дагы айлакерлик («сарайларын») жасашкан. Кийин Аллах алардын “сарайларына” келип, түбү менен омкоруп таштаганда, чатыр(ы) как чокуларына кулап түштү. Жана аларга байкабаган тараптан азап келди!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ يُخْزِيهِمْ وَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَآءِىَ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تُشَٰٓقُّونَ فِيهِمْ قَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ إِنَّ ٱلْخِزْىَ ٱلْيَوْمَ وَٱلسُّوٓءَ عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин, Кыямат күндө (Аллах) аларды кордоп: “Алар үчүн жан үрөп талашып, Мага шерик кылган «кудайларыңар» кайда калды!?» - дейт. Илимдүүлөр (ошондо): “Бүгүн каапырларга кордук жана кайгы!”- дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ ظَالِمِىٓ أَنفُسِهِمْ فَأَلْقَوُا۟ ٱلسَّلَمَ مَا كُنَّا نَعْمَلُ مِن سُوٓءٍۭ بَلَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнө зулумдук кылган адамдардын жандарын периштелер сууруп алып жатканда, айласыз калышып, (бирок, күнөөсүн мойнуна албай): «Биз эч бир жаман иш жасабаган элек» - дешет. Жок, жасагансыңар! Аллах эмне кылганыңарды Билүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱدْخُلُوٓا۟ أَبْوَٰبَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَا فَلَبِئْسَ مَثْوَى ٱلْمُتَكَبِّرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, анда түбөлүк кала турган тозок дарбазаларынан киргиле. Текебер адамдардын орду кандай жаман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقِيلَ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ مَاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمْ قَالُوا۟ خَيْرًا لِّلَّذِينَ أَحْسَنُوا۟ فِى هَٰذِهِ ٱلدُّنْيَا حَسَنَةٌ وَلَدَارُ ٱلْـَٔاخِرَةِ خَيْرٌ وَلَنِعْمَ دَارُ ٱلْمُتَّقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан корккон (такыба) адамдарга: “Раббиңер силерге эмнени түшүрдү эле, деп айтылганда “жакшылыкты” дешет. Жакшылык кылган адамдарга бул дүйнөдө да жакшылык бар. Бирок Акырет Үйү (дүйнөдөн) жакшы. Такыба кишилердин үйү (бейиш) кандай сонун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

جَنَّٰتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَآءُونَ كَذَٰلِكَ يَجْزِى ٱللَّهُ ٱلْمُتَّقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Адн» бейиштери! Алар түбүнөн дарыялар аккан ошол бактарга киришет. Анын ичинде көңүл күсөгөн бардык нерселер бар. Аллах такыба кишилерди мына ушинтип сыйлайт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ طَيِّبِينَ يَقُولُونَ سَلَٰمٌ عَلَيْكُمُ ٱدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТакыба адамдардын (каапырчылыктан) таза жандарын периштелер алып жатканда: «Силерге салам (тынчтык) болсун! (жакшы) амалыңарга жараша, эми, бейишке киргиле!» - дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأْتِيَهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ أَوْ يَأْتِىَ أَمْرُ رَبِّكَ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал эми, каапырлар) өздөрүнө (жан алгыч) периштелер же болбосо Раббиңдин буйругу (азабы) келишинен башка нерсени күтпөйт. Алардан мурдагы(каапыр)лар дагы ошондой (ширк) амалдарды жасаган(да баштарына азан түшкөн). Аларга Аллах зулумдук кылбады, бирок, өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَصَابَهُمْ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُوا۟ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (жаман) иштеринин жаман акыбети жетти. Баштарына (ишенбеген жана) мыскылдаган нерселери (азап) түштү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَا عَبَدْنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍ نَّحْنُ وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَهَلْ عَلَى ٱلرُّسُلِ إِلَّا ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМушриктер: «Эгер Аллах кааласа, биз Өзүнөн башка эч нерсеге ибадат кылбайт элек. Биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы Анын (Аллахтын өкүмү) болмоюнча эч нерсени (өзүбүзгө) арам кылган эмеспиз” - дешет. Алардан мурдагы (каапыр)лар деле ушундай иш жасашкан. Пайгамбарлардын анык-таза жеткирүүдөн башка вазыйпасы жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِى كُلِّ أُمَّةٍ رَّسُولًا أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱجْتَنِبُوا۟ ٱلطَّٰغُوتَ فَمِنْهُم مَّنْ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنْهُم مَّنْ حَقَّتْ عَلَيْهِ ٱلضَّلَٰلَةُ فَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллах туура жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн[1] башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) “жалган” дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن تَحْرِصْ عَلَىٰ هُدَىٰهُمْ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى مَن يُضِلُّ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эгер сен аларды туура жолго баштоого (ар канча) аракет кылсаң деле, Аллах адаштыра турган пендени (эч качан) туура жолго баштабайт. (Натыйжада аларга азап түшөт. Ошондо) аларга эч жардамчы болбойт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَٰنِهِمْ لَا يَبْعَثُ ٱللَّهُ مَن يَمُوتُ بَلَىٰ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахтын атына бекем ант ичип: “Аллах өлгөндөрдү тирилтпейт” - дешет. Жок, тирилтет! Өзүнүн акыйкат убадасы боюнча! Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) биле бербейт. (Акыретте бардык адамдар тирилчү болсо, мунун себеби...)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِى يَخْتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعْلَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَٰذِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга талашкан нерселерин(ин аныгын) көргөзүп коюу үчүн жана каапыр адамдар өздөрүнүн жалганчы экендиктерин билип алышы үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَىْءٍ إِذَآ أَرَدْنَٰهُ أَن نَّقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз бир нерсени кааласак, ага: «Бол!» дешибиз менен ал болуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ فِى ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا۟ لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةً وَلَأَجْرُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَكْبَرُ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мекке мушриктери тарабынан) зулумга дуушар кылынган соң, Аллахтын жолунда хижрат кылган адамдарга (ушул эле) дүйнөдө жакшылык даярдап койобуз.[1] Бирок, эгер билишсе, Акырет сыйлыгы чоңураак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сабыр кылган жана Раббисине тобокел кылган адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًا نُّوحِىٓ إِلَيْهِمْ فَسْـَٔلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Биз сенден мурда жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз (жана) аларга (Дин-Шарият) вахий кылганбыз. (Эй, мушриктер), эгер билбесеңер илимдүүлөрдөн (Ыйык Китептерди билгендерден) сурагыла.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بِٱلْبَيِّنَٰتِ وَٱلزُّبُرِ وَأَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Биз пайгамбарларды) анык кабарлар, (жана башка ыйык) китептер менен (жибергенбиз). Биз сага (эң абзел) илим - Куранды түшүрдүк, адамдарга (Раббиси тарабынан) эмнелер келгенин баяндап берүүң үчүн. Кана эми, (ушулар жөнүндө) пикир кылышса!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَأَمِنَ ٱلَّذِينَ مَكَرُوا۟ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَخْسِفَ ٱللَّهُ بِهِمُ ٱلْأَرْضَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ ٱلْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ислам менен пайгамбарга каршы) жаман айлакерликтерди жасаган адамдар, өздөрү сезбеген тараптан азап келип калышынан же болбосо, аларды жер жутуп жиберишинен (тынч бекен)?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ يَأْخُذَهُمْ فِى تَقَلُّبِهِمْ فَمَا هُم بِمُعْجِزِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, (бейкапар) саякат кылып жүргөн мезгилинде аларды (капыстан,) кутулбай турган таризде (азап) кармап калышынан,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ يَأْخُذَهُمْ عَلَىٰ تَخَوُّفٍ فَإِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе жүрөгү (бир жамандыкты сезип) коркуп турган убакытта (азап) кармашынан (тынч бекен)?! Чынында, силердин Раббиңер Ырайымдуу, Боорукер.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَىٰ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَىْءٍ يَتَفَيَّؤُا۟ ظِلَٰلُهُۥ عَنِ ٱلْيَمِينِ وَٱلشَّمَآئِلِ سُجَّدًا لِّلَّهِ وَهُمْ دَٰخِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (шектенгендер) Аллах жараткан нерселерге карашпайбы? Алардын көлөкөсү, (Аллахтын кудуретине) моюн сунуп, сажда кылган абалда оңго-солго ийилип жатканын көрбөй жатышабы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ مِن دَآبَّةٍ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка асмандар жана жердеги жаныбарлардын бардыгы жана (улуу) периштелер дагы эч текеберленбей сажда кылышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَخَافُونَ رَبَّهُم مِّن فَوْقِهِمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Себеби) Алар үстүлөрүндөгү Раббисинен коркушат жана өздөрүнө буюрулган нерсени (дароо) аткарышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱللَّهُ لَا تَتَّخِذُوٓا۟ إِلَٰهَيْنِ ٱثْنَيْنِ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ فَإِيَّٰىَ فَٱرْهَبُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах айтты: “(Мага дагы бирөөнү шерик кылып) эки кудай тутуп албагыла! Чынында Ал - Жалгыз Кудай! (Демек, жалгыз) Өзүмдөн гана корккула!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلَهُ ٱلدِّينُ وَاصِبًا أَفَغَيْرَ ٱللَّهِ تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анткени,) жер-асмандардагылардын бардыгы Анын мүлкү. Дин (ибадат-сыйынуу) дагы бүт бойдон Өзүнө гана таандык. Эмне, силер Аллахтан башкадан коркосуңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا بِكُم مِّن نِّعْمَةٍ فَمِنَ ٱللَّهِ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فَإِلَيْهِ تَجْـَٔرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерде болгон (көрүнгөн жана көрүнбөгөн) нээматтардын бардыгы Аллахтан. Кийин (силер, эй, мушриктер) өзүңөргө бир апаат-зыян жеткенде (гана) Аллахка жалбаруудасыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ إِذَا كَشَفَ ٱلضُّرَّ عَنكُمْ إِذَا فَرِيقٌ مِّنكُم بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, Өзү силерден балээни арылткан соң, бир тобуңар Раббисине (башкаларды) шерик кыла баштады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَٰهُمْ فَتَمَتَّعُوا۟ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз берген нээматтарга шүгүр кылбай коюу үчүн. (Жыргал жашооңордон) пайдалана бергиле. Жакында (адашканыңарды) билип аласыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَجْعَلُونَ لِمَا لَا يَعْلَمُونَ نَصِيبًا مِّمَّا رَزَقْنَٰهُمْ تَٱللَّهِ لَتُسْـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمْ تَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (мушриктер) эч нерсени билбеген «кудайларына» Биз ырыскы кылып берген нерселерден үлүш ажыратышат.[1] Аллахка ант, өзүңөр ойлоп тапкан (бул) жалгандар жөнүндө (Кыяматта) суракка тартыласыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ ٱلْبَنَٰتِ سُبْحَٰنَهُۥ وَلَهُم مَّا يَشْتَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (“Периштелер Аллахтын кыздары” деп) Аллахка кыздарды таңуулашат. Аллах (перзенти болуудан) Таза! Өздөрүнө болсо жакканын (уул перзенттерди) арнашат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِٱلْأُنثَىٰ ظَلَّ وَجْهُهُۥ مُسْوَدًّا وَهُوَ كَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер бирөө-жарымы кыз перзент (көргөнү) жөнүндө «куш кабар» алчу болсо, ачуусун ичине жута берип жүзү карарып чыгат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَتَوَٰرَىٰ مِنَ ٱلْقَوْمِ مِن سُوٓءِ مَا بُشِّرَ بِهِۦٓ أَيُمْسِكُهُۥ عَلَىٰ هُونٍ أَمْ يَدُسُّهُۥ فِى ٱلتُّرَابِ أَلَا سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан)“сүйүнчүнүн” жамандыгынан (арданып) эл көзүнөн жашынып жүрүшөт (жана) “кыз перзентти кордолгон абалда (болсо да) алып калуу керекпи, же болбосо топурак түбүнө (тирүүлөй) көмүп салуу керекпи?” (деп ойлонушат). Алардын өкүмдөрү кандай жаман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ مَثَلُ ٱلسَّوْءِ وَلِلَّهِ ٱلْمَثَلُ ٱلْأَعْلَىٰ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкыретке ыйман келтирбеген адамдарга эң төмөн сыпаттар таандык. Аллахка болсо, эң жогорку сыпаттар таандык. Ал - Кудуретгүү, Даанышман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلْمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيْهَا مِن دَآبَّةٍ وَلَٰكِن يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍ مُّسَمًّى فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَـْٔخِرُونَ سَاعَةً وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах (бул дүйнөдө) адамдарга каапырчылыгына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак эмес!* Бирок, Аллах аларды(н азапталуусун) белгилүү убакытка (Кыяматка) чейин кечиктирет. Эми, алардын белгилүү убакыттары (ажалы) жеткенде, аны бир аз мөөнөткө да кечиктире алышпайт жана тездете да алышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَجْعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكْرَهُونَ وَتَصِفُ أَلْسِنَتُهُمُ ٱلْكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ ٱلْحُسْنَىٰ لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ ٱلنَّارَ وَأَنَّهُم مُّفْرَطُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрү жактырбаганды (кыз перзентти) Аллахка таңуулашат. Тилдери болсо, аларга жакшылык (бул дүйнөдө бакыт, Акыретте бейиш) болушу жөнүндө жалганды сүйлөйт. (Бирок,) эч шексиз, аларга тозок бар жана ага эң абалкылардан болуп киришет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَٱللَّهِ لَقَدْ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٍ مِّن قَبْلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَٰنُ أَعْمَٰلَهُمْ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ ٱلْيَوْمَ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка ант, (о, Мухаммад), Биз сенден мурунку эл-үммөттөргө да пайгамбар жибергенбиз.[1] Бирок, кийин шайтан аларга (ширк) иштерин кооз көргөзүп, ошол күндөгү (дүйнөдөгү) башчылары болуп алган. Аларга кыйноочу азап бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِى ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага, алар талашып калган маселелерди анык баяндап беришиң үчүн жана ыймандуу адамдарга Туура Жол, Ырайым болуш үчүн Китепти (Куранды) түшүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّقَوْمٍ يَسْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди - өлгөнүнөн соң - тирилтти. Албетте, мында уга билген адамдар үчүн үлгү-сабак бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ لَكُمْ فِى ٱلْأَنْعَٰمِ لَعِبْرَةً نُّسْقِيكُم مِّمَّا فِى بُطُونِهِۦ مِنۢ بَيْنِ فَرْثٍ وَدَمٍ لَّبَنًا خَالِصًا سَآئِغًا لِّلشَّٰرِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, силер үчүн айбандарда (алардын жаратылышында) үлгү-сабак бар: Биз алардын ичиндеги акылет менен кандын арасынан, ичкендер үчүн жагымдуу болгон таза сүттү (чыгарып,) силерге ичиребиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِن ثَمَرَٰتِ ٱلنَّخِيلِ وَٱلْأَعْنَٰبِ تَتَّخِذُونَ مِنْهُ سَكَرًا وَرِزْقًا حَسَنًا إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап[1] жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحْلِ أَنِ ٱتَّخِذِى مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) вахий-илхам кылды: “Уяларыңды тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган үйлөргө кургун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ كُلِى مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسْلُكِى سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًا يَخْرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٌ مُّخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٌ لِّلنَّاسِ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учун) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمْ ثُمَّ يَتَوَفَّىٰكُمْ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرْذَلِ ٱلْعُمُرِ لِكَىْ لَا يَعْلَمَ بَعْدَ عِلْمٍ شَيْـًٔا إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, инсандар), силерди Аллах жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллах - Билүүчү, Кудуреттүү.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ فِى ٱلرِّزْقِ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُوا۟ بِرَآدِّى رِزْقِهِمْ عَلَىٰ مَا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُهُمْ فَهُمْ فِيهِ سَوَآءٌ أَفَبِنِعْمَةِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менөн) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллахтын нээматын четке кагып жатышабы?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًا وَجَعَلَ لَكُم مِّنْ أَزْوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ أَفَبِٱلْبَٰطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَتِ ٱللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллахтын жеке өзүнө сыйынуунун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллахтын жакшылыгына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَمْلِكُ لَهُمْ رِزْقًا مِّنَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ شَيْـًٔا وَلَا يَسْتَطِيعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар, Аллахтан башка, өздөрүнө асмандар менен жерден эч кандай ырыскы өндүрүп бере албай турган, колунан эч нерсе келбей турган нерселерге ибадат кылышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا تَضْرِبُوا۟ لِلَّهِ ٱلْأَمْثَالَ إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка эч нерсени окшотпогула! Албетте, Аллах билет, силер билбейсиңер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا عَبْدًا مَّمْلُوكًا لَّا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَىْءٍ وَمَن رَّزَقْنَٰهُ مِنَّا رِزْقًا حَسَنًا فَهُوَ يُنفِقُ مِنْهُ سِرًّا وَجَهْرًا هَلْ يَسْتَوُۥنَ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (“Аллахка эч нерсени окшотпогула!” деген сөзүнө) мисал келтирет: Эч нерсеге эгедер болбогон бир кул жана Биз көп ырыскы берген (бай) адам. Ал байлыгынан ашкересин-ашкере, көмүскөсүн-көмүскө садака кылат. Эми, ушул экөө окшош болобу?[1] Аллахка мактоолор! Бирок, муну көпчүлүгү билишпейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا رَّجُلَيْنِ أَحَدُهُمَآ أَبْكَمُ لَا يَقْدِرُ عَلَىٰ شَىْءٍ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوْلَىٰهُ أَيْنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأْتِ بِخَيْرٍ هَلْ يَسْتَوِى هُوَ وَمَن يَأْمُرُ بِٱلْعَدْلِ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (дагы) эки адамды мисал келтирет: бирөөсү тап-такыр дүлөй: эч нерсеге ээ эмес. (Жадагалса, өзүнө-өзү да ээ эмес) бүт бойдон кожоюндуку. Кайда жиберсе да жакшылык келтирбейт. (Ушундай жаман кул). Эми, ушул киши менен туура жолдо жүрүп, адилетке буюрган (демек, көзү, кулагы бар, акылы бүтүн жана бай) адам тең болобу?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلِلَّهِ غَيْبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَآ أَمْرُ ٱلسَّاعَةِ إِلَّا كَلَمْحِ ٱلْبَصَرِ أَوْ هُوَ أَقْرَبُ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар жана жердин кайып нерселери(нин билими) Аллахтын гана алдында.[1] Ал эми, Кыяматтын болушу көз ачып-жумгуча же андан да тезирээк. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ أَخْرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْـًٔا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَى ٱلطَّيْرِ مُسَخَّرَٰتٍ فِى جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсман койнунда туткун болгон куштарга карашпайбы? Аларды (абада) Аллахтан башка ким кармап турат?! Албетте, мында ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине ишаарат кылган) белгилер бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمْ سَكَنًا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلْأَنْعَٰمِ بُيُوتًا تَسْتَخِفُّونَهَا يَوْمَ ظَعْنِكُمْ وَيَوْمَ إِقَامَتِكُمْ وَمِنْ أَصْوَافِهَا وَأَوْبَارِهَا وَأَشْعَارِهَآ أَثَٰثًا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силер үчүн үйүңөрдү тынч мекен кылды жана айбандардын терилеринен көчүп-конуп жүргөнүңөрдө жеңил болгон үйлөрдү жасап берди. Жана алардын жүндөрүнөн, тыбыттарынан, кылдарынан бир мезгилге (Кыяматка) чейин (керектелүүчү) буюмдарды жана матааларды (жаратты).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّمَّا خَلَقَ ظِلَٰلًا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلْجِبَالِ أَكْنَٰنًا وَجَعَلَ لَكُمْ سَرَٰبِيلَ تَقِيكُمُ ٱلْحَرَّ وَسَرَٰبِيلَ تَقِيكُم بَأْسَكُمْ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعْمَتَهُۥ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзү жараткан нерселерден көлөкө-башпаанектерди, тоолордон үңкүр-үйлөрдү жасап берди. Дагы силер үчүн ысыктан сактаган кийимдерди жана (өз-ара) соккуңардан сактай турган,(зоот) кийимдерди жаратты. (Аллах) силерге мына ушинтип Өз нээматын толук берет. Кана эми (силер да толук) мусулман болсоңор?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эгер (наасааттан) жүз бурушса, (артынан түшүп алба) сенин милдетиң анык жеткирүүдөн гана турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَعْرِفُونَ نِعْمَتَ ٱللَّهِ ثُمَّ يُنكِرُونَهَا وَأَكْثَرُهُمُ ٱلْكَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахтын нээматын таанып-билип эле турушат. Бирок, кийин моюнга албай коюшат. Алардын көпчүлүгү каапырлар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ نَبْعَثُ مِن كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا ثُمَّ لَا يُؤْذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды кайра тирилткен (Кыямат) Күндө ар бир үммөттөн (бирден) күбөнү алып келебиз.[1] Кийин каапырлар үчүн (кечирим суроого) уруксат берилбейт жана (кайрадан жашап келүүгө да) кайтарылышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ ٱلْعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЗулумдук кылган (каапыр) адамдар азапты көрүшкөн убакта алардан(азап) жеңилдетилбейт. Жана мөөнөт да берилбейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ شُرَكَآءَهُمْ قَالُوا۟ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ شُرَكَآؤُنَا ٱلَّذِينَ كُنَّا نَدْعُوا۟ مِن دُونِكَ فَأَلْقَوْا۟ إِلَيْهِمُ ٱلْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллахка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз - (Аллах!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”- дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер - анык жалганчысыңар!” - деп сөз ыргытат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَلْقَوْا۟ إِلَى ٱللَّهِ يَوْمَئِذٍ ٱلسَّلَمَ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол күндө алар Аллахка моюн сунуп, кор болуп калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ زِدْنَٰهُمْ عَذَابًا فَوْقَ ٱلْعَذَابِ بِمَا كَانُوا۟ يُفْسِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِى كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا عَلَيْهِم مِّنْ أَنفُسِهِمْ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ تِبْيَٰنًا لِّكُلِّ شَىْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз (силерди) кайрадан тирилткен күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад,) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ يَأْمُرُ بِٱلْعَدْلِ وَٱلْإِحْسَٰنِ وَإِيتَآئِ ذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَيَنْهَىٰ عَنِ ٱلْفَحْشَآءِ وَٱلْمُنكَرِ وَٱلْبَغْىِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдерден жана зулум- душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَوْفُوا۟ بِعَهْدِ ٱللَّهِ إِذَا عَٰهَدتُّمْ وَلَا تَنقُضُوا۟ ٱلْأَيْمَٰنَ بَعْدَ تَوْكِيدِهَا وَقَدْ جَعَلْتُمُ ٱللَّهَ عَلَيْكُمْ كَفِيلًا إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУбада бергениңерде Аллахтын убадасын аткаргыла! Бекемдегениңерден кийин антыңарды бузбагыла! (Анткени,) Силер (Аллахты ортого коюп ант ичкениңерде) Аллахты кепил кылгансыңар. Албетте, Аллах эмне кылганыңарды билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّتِى نَقَضَتْ غَزْلَهَا مِنۢ بَعْدِ قُوَّةٍ أَنكَٰثًا تَتَّخِذُونَ أَيْمَٰنَكُمْ دَخَلًۢا بَيْنَكُمْ أَن تَكُونَ أُمَّةٌ هِىَ أَرْبَىٰ مِنْ أُمَّةٍ إِنَّمَا يَبْلُوكُمُ ٱللَّهُ بِهِۦ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ مَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып (жибин чубап) салган аялга окшобогула: бир эл башка бир (силер убадалашкан) элден пайдалуураак болсо эле, өз ара антташкан убадаңарды алдоо куралы кылып аласыңар! Аллах бул (убада) менен силерди сынап жатат жана Кыямат күнү силерге, келише албай калган нерсеңердин анык баянын билдирет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمْ أُمَّةً وَٰحِدَةً وَلَٰكِن يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ وَلَتُسْـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах кааласа, силердин бардыгыңарды бир үммөт (бир динде) кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго салат. Силер (Кыяматта) эмне иш кылганыңар жөнүндө сураласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَتَّخِذُوٓا۟ أَيْمَٰنَكُمْ دَخَلًۢا بَيْنَكُمْ فَتَزِلَّ قَدَمٌۢ بَعْدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُوا۟ ٱلسُّوٓءَ بِمَا صَدَدتُّمْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَكُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнтыңарды алдоо куралы кылып албагыла! (Эгер ошентчү болсоңор) бутуңар (түз жолдо) бекем болгондон соң тайып кетет жана Аллахтын жолунан адаштырганыңар себептүү азап чегип каласыңар! Кыяматта да чоң азапка кабыласыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَشْتَرُوا۟ بِعَهْدِ ٱللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا إِنَّمَا عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, силер үчүн (дүйнө пайдасынан) Аллахтын алдындагы сооп жакшы.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا عِندَكُمْ يَنفَدُ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ بَاقٍ وَلَنَجْزِيَنَّ ٱلَّذِينَ صَبَرُوٓا۟ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин алдыңардагы нерселер (канчалык көп болсо да) түгөнөт. Аллахтын алдындагы нерселер түбөлүктүү! Биз сабыр кылгандардын сооп-сыйлыгын жасаган ишинен жакшыраак (көбүрөөк) кылып беребиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَنْ عَمِلَ صَٰلِحًا مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةً طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِذَا قَرَأْتَ ٱلْقُرْءَانَ فَٱسْتَعِذْ بِٱللَّهِ مِنَ ٱلشَّيْطَٰنِ ٱلرَّجِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан сен Куран окусаң (Аллахтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп Аллахка сыйын![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ لَيْسَ لَهُۥ سُلْطَٰنٌ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, (Аллахка ыклас менен) ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кылган адамдарга шайтандын бийлиги өтпөйт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا سُلْطَٰنُهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُۥ وَٱلَّذِينَ هُم بِهِۦ مُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын бийлиги мушрик болуп, өздөрүнө аны (шайтанды) дос жетекчи кылып алгандарга өтөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا بَدَّلْنَآ ءَايَةً مَّكَانَ ءَايَةٍ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مُفْتَرٍۭ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак - Өзү түшүргөн нерсесин Аллах Өзү Билүүчү[1] - алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ نَزَّلَهُۥ رُوحُ ٱلْقُدُسِ مِن رَّبِّكَ بِٱلْحَقِّ لِيُثَبِّتَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, туура жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٌ لِّسَانُ ٱلَّذِى يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِىٌّ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِىٌّ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз билебиз, алар (мушриктер): “Чынында, Куранды Мухаммадга (бир) адам үйрөткөн» деп жатышат. Алар (пайгамбардын устаты деп) көргөзүп жаткан адамдын тили арабча эмес. Ал эми, бул (Куран) анык-таза араб тилинде!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَا يَهْدِيهِمُ ٱللَّهُ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетге, (ар нерсени шылтоолоп) Аллахтын аяттарына ыйман келтирбей жүргөн адамдарды Аллах туура жолто баштабайт жана аларга жан сыздаткан азап бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا يَفْتَرِى ٱلْكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْكَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллахтын аяттарына ыйман келтирбегендер гана (ушундай) жалгандарды ойлоп табышат. Алар - жалганчылар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ إِيمَٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنْ أُكْرِهَ وَقَلْبُهُۥ مُطْمَئِنٌّۢ بِٱلْإِيمَٰنِ وَلَٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلْكُفْرِ صَدْرًا فَعَلَيْهِمْ غَضَبٌ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапыр болуп, көкүрөгүн каапырчылыктарга кенен ачып койсо, аларга Аллахтын каары жана улук азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен (толуп) бейпил турган абалда (тили менен гана “Динден кайттым” деген сөздү айтууга) мажбур кылынган адамдар (га азап-күнөө жок).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱسْتَحَبُّوا۟ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا عَلَى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, алар (көкүрөгүн капырчылыкка ачкандар) Акыретке караганда (опосуз) дүйнө жашоосун көбүрөөк сүйүштү. Албетте, Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَسَمْعِهِمْ وَأَبْصَٰرِهِمْ وَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْغَٰفِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах алардын жүрөгүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басып (акыйкатты кабыл алалбай турган кылып) койгон. Эми, алар капилеттеги (аңкоо) адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا جَرَمَ أَنَّهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ هُمُ ٱلْخَٰسِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч шексиз, алар Акыретте зыян тартуучулардан болушат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ مِنۢ بَعْدِ مَا فُتِنُوا۟ ثُمَّ جَٰهَدُوا۟ وَصَبَرُوٓا۟ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң, албетте, сенин Раббиң, (көп) каршылыктарга учурагандан кийин (өз диндерин сактап калуу үчүп) хижрат кылган, жихадга чыккан жана (дин жолундагы кыйынчылыктарга) сабырдуулук көргөзгөн адамдарды - ушулардан кийин - албетте, Кечирүүчү жана Өз Ырайымына алуучу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تَأْتِى كُلُّ نَفْسٍ تُجَٰدِلُ عَن نَّفْسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَّا عَمِلَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол Күндө (Кыяматта) ар бир жан өз пайдасын талашып (башкаларды тап-такыр унутуп) калат. Жана ар бир жанга - зулумдук көргөзүлбөгөн абалда - жасаган иштери(не жараша сооп же азап) гана толугу менен берилет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا قَرْيَةً كَانَتْ ءَامِنَةً مُّطْمَئِنَّةً يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَدًا مِّن كُلِّ مَكَانٍ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلْجُوعِ وَٱلْخَوْفِ بِمَا كَانُوا۟ يَصْنَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах бир шаарды (Меккени) мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан “агып” келип турган шаар болчу. Кийин ал (анда жашаган мушриктер) Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык “кийими” менен “жасантып койду”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ جَآءَهُمْ رَسُولٌ مِّنْهُمْ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ ٱلْعَذَابُ وَهُمْ ظَٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (Мекке мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, залым болуп турган абалда азап кармады!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكُلُوا۟ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَٰلًا طَيِّبًا وَٱشْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге Аллах ырыскы кылып берген адал-таза нсрселерден гана жегиле жана эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ ٱلْمَيْتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحْمَ ٱلْخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيْرِ ٱللَّهِ بِهِۦ فَمَنِ ٱضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллах силерге тарпты, (мууздалганда аккан) канды, доңуздун этин жана Аллахтан башкага атап союлган(дар)ды арам кылды.[1] Ал эми, бирөө (ушулардан башка тамак таба албай) мажбур болгондо, чектен чыкпай сугунбай (өзөк жалгоо үчүн гана) жесе, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ ٱلْكَذِبَ هَٰذَا حَلَٰلٌ وَهَٰذَا حَرَامٌ لِّتَفْتَرُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Аллахка (оодарып) жалаа жабуу үчүн «Бул - адал, бул - арам» деп сүйлөй бербегиле. Албетте, Аллахка жалаа жапкандар[1] тозоктон кутулбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَتَٰعٌ قَلِيلٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дүйнө жыргалы) бир аз гана пайдалануу. Алар үчүн (Акыретте) жан сыздаткан азап бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ حَرَّمْنَا مَا قَصَصْنَا عَلَيْكَ مِن قَبْلُ وَمَا ظَلَمْنَٰهُمْ وَلَٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМурда Биз яхудилерге, сага (Куранда) айткан нерселерди арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُوا۟ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٍ ثُمَّ تَابُوا۟ مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ وَأَصْلَحُوٓا۟ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң (о, Мухаммад,) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тообо кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды - ушундан кийин - Кечирүүчү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ إِبْرَٰهِيمَ كَانَ أُمَّةً قَانِتًا لِّلَّهِ حَنِيفًا وَلَمْ يَكُ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Ибрахим Аллахка ыкыластуу, итааттуу. ханиф (Аллахка жүз бурган) жолбашчы болгон. Ал мушриктерден болгон эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

شَاكِرًا لِّأَنْعُمِهِ ٱجْتَبَىٰهُ وَهَدَىٰهُ إِلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы ал) Аллахтын нээматтарына шүгүр келтирүүчү болгон. (Ошондуктан, Раббиси аны көп элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштады (пайгамбар кылды).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَءَاتَيْنَٰهُ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةً وَإِنَّهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз ага дүйнөдө ихсан-жакшылыктарды бердик. Ал Акыретте да жакшылардан болот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ أَنِ ٱتَّبِعْ مِلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллахка сыйынуучу Ибрахимдин динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду” деп аян-кабар жибердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا جُعِلَ ٱلسَّبْتُ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИшемби күн(дү урматтоо) ал (Жума күн) жөнүндө талашып (натыйжада жолдон чыгып) кеткен адамдарга (яхудилерге парыз) кылынды. Албетте, сенин Раббиң Кыямат Күндө алар талашкан нерсе жөнүндө (адилет) өкүм чыгарат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱدْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلْحِكْمَةِ وَٱلْمَوْعِظَةِ ٱلْحَسَنَةِ وَجَٰدِلْهُم بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал туура жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا۟ بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُم بِهِۦ وَلَئِن صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِّلصَّٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Эгерде (силерге жаман сөз же жаман иш менен зыян жеткирген адамдардан) өч алчу болсоңор, өзүңөргө кандай зыян жеткен болсо, дал ошондой өч алгыла. Эгер (өч албай, кечирип) сабыр кылсаңар, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшы.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِٱللَّهِ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُ فِى ضَيْقٍ مِّمَّا يَمْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад,) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллахтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوا۟ وَّٱلَّذِينَ هُم مُّحْسِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Аллах такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70