Башкы бет › Сүрөлөр › Al-Muddaththir сүрөсү
Al-Muddaththir сүрөсү المدثر
56 аят · Мекке · түшүү тартиби 4
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمُدَّثِّرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قُمْ فَأَنذِرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана кийимиңди тазала![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلرُّجْزَ فَٱهْجُرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана ыпластыктан ыраак бол![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَا تَمْنُن تَسْتَكْثِرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلِرَبِّكَ فَٱصْبِرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِذَا نُقِرَ فِى ٱلنَّاقُورِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَذَٰلِكَ يَوْمَئِذٍ يَوْمٌ عَسِيرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мына ушул күн – өтө оор күн!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Каапырларга жеңил болбогон (күн)!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ذَرْنِى وَمَنْ خَلَقْتُ وَحِيدًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَجَعَلْتُ لَهُۥ مَالًا مَّمْدُودًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَبَنِينَ شُهُودًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمْهِيدًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана ага өтө кененчилик бердим.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ يَطْمَعُ أَنْ أَزِيدَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَلَّآ إِنَّهُۥ كَانَ لِـَٔايَٰتِنَا عَنِيدًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَأُرْهِقُهُۥ صَعُودًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ قُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ نَظَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ أَدْبَرَ وَٱسْتَكْبَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقَالَ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ يُؤْثَرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنْ هَٰذَآ إِلَّا قَوْلُ ٱلْبَشَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бул - адамдын гана сөзү».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَأُصْلِيهِ سَقَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا سَقَرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَا تُبْقِى وَلَا تَذَرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَوَّاحَةٌ لِّلْبَشَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Терини карартып,) өзгөртүп койот!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَلَيْهَا تِسْعَةَ عَشَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا جَعَلْنَآ أَصْحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةً وَمَا جَعَلْنَا عِدَّتَهُمْ إِلَّا فِتْنَةً لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِيَسْتَيْقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ وَيَزْدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِيمَٰنًا وَلَا يَرْتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ وَٱلْمُؤْمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ وَٱلْكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلًا كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ وَمَا هِىَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْبَشَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَلَّا وَٱلْقَمَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок, Мен айга ант (ичип),
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلَّيْلِ إِذْ أَدْبَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov кайтып кеткен түнгө ант (ичип),
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلصُّبْحِ إِذَآ أَسْفَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (агарып) келе жаткан таңга ант (ичип),
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهَا لَإِحْدَى ٱلْكُبَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
نَذِيرًا لِّلْبَشَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لِمَن شَآءَ مِنكُمْ أَن يَتَقَدَّمَ أَوْ يَتَأَخَّرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كُلُّ نَفْسٍۭ بِمَا كَسَبَتْ رَهِينَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّآ أَصْحَٰبَ ٱلْيَمِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فِى جَنَّٰتٍ يَتَسَآءَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар бейиштерде туруп сурашат -
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَنِ ٱلْمُجْرِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (тозоктогу) кылмышкерлерден:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا سَلَكَكُمْ فِى سَقَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالُوا۟ لَمْ نَكُ مِنَ ٱلْمُصَلِّينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَمْ نَكُ نُطْعِمُ ٱلْمِسْكِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана бей-бечараларды тамактандырбадык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلْخَآئِضِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Акырет күндү жалган дедик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلْيَقِينُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Башыбызга өлүм келгенге чейин»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا تَنفَعُهُمْ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا لَهُمْ عَنِ ٱلتَّذْكِرَةِ مُعْرِضِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَأَنَّهُمْ حُمُرٌ مُّسْتَنفِرَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жапайы эшектерге окшоп,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَرَّتْ مِن قَسْوَرَةٍۭ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov арстандан үркүп качкан?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلْ يُرِيدُ كُلُّ ٱمْرِئٍ مِّنْهُمْ أَن يُؤْتَىٰ صُحُفًا مُّنَشَّرَةً
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَلَّا بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلْـَٔاخِرَةَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذْكِرَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ким кааласа андан сабак алат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا يَذْكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ هُوَ أَهْلُ ٱلتَّقْوَىٰ وَأَهْلُ ٱلْمَغْفِرَةِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Al-Muzzammil сүрөсү
Al-Qiyaama сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.