caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Qiyaama сүрөсү القيامة

40 аят · Мекке · түшүү тартиби 31

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ لَآ أُقْسِمُ بِيَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен Кыямат күнүнө ант ичип,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَآ أُقْسِمُ بِٱلنَّفْسِ ٱللَّوَّامَةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖемелөөчү напси[1] менен ант ичип, (айтамын:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَيَحْسَبُ ٱلْإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجْمَعَ عِظَامَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّىَ بَنَانَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ يُرِيدُ ٱلْإِنسَٰنُ لِيَفْجُرَ أَمَامَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБалким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَسْـَٔلُ أَيَّانَ يَوْمُ ٱلْقِيَٰمَةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِذَا بَرِقَ ٱلْبَصَرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَخَسَفَ ٱلْقَمَرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйдын нуру өчөт

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجُمِعَ ٱلشَّمْسُ وَٱلْقَمَرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана Күн менен Ай бириктирилет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَقُولُ ٱلْإِنسَٰنُ يَوْمَئِذٍ أَيْنَ ٱلْمَفَرُّ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّا لَا وَزَرَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Качып бара турган орун жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ ٱلْمُسْتَقَرُّ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُنَبَّؤُا۟ ٱلْإِنسَٰنُ يَوْمَئِذٍۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلِ ٱلْإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفْسِهِۦ بَصِيرَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ أَلْقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا تُحَرِّكْ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِۦٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُۥ وَقُرْءَانَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِذَا قَرَأْنَٰهُ فَٱتَّبِعْ قُرْءَانَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا بَيَانَهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّا بَلْ تُحِبُّونَ ٱلْعَاجِلَةَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَذَرُونَ ٱلْـَٔاخِرَةَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ نَّاضِرَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисине (үмүт менен) карап турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍۭ بَاسِرَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَظُنُّ أَن يُفْعَلَ بِهَا فَاقِرَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovөздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِىَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقِيلَ مَنْ رَاقٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلْفِرَاقُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ ٱلْمَسَاقُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, «жалган» деп далысын салып койду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨлүм болсун сага өлүм!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَيَحْسَبُ ٱلْإِنسَٰنُ أَن يُتْرَكَ سُدًى

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ يَكُ نُطْفَةً مِّن مَّنِىٍّ يُمْنَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ كَانَ عَلَقَةً فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجَعَلَ مِنْهُ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَيْسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحْـِۧىَ ٱلْمَوْتَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70