caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Muzzammil сүрөсү المزمل

20 аят · Мекке · түшүү тартиби 3

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمُزَّمِّلُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, оронуп жаткан киши!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُمِ ٱلَّيْلَ إِلَّا قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүндөсү (тахажжуд намазы үчүн) тур. Түндүн бир аз гана бөлүгүндө уктасаң жетишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نِّصْفَهُۥٓ أَوِ ٱنقُصْ مِنْهُ قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүн жарымда (тур) же андан да бир азга кемит(ип, үчтөн бир бөлүгүндө тур).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ زِدْ عَلَيْهِ وَرَتِّلِ ٱلْقُرْءَانَ تَرْتِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا سَنُلْقِى عَلَيْكَ قَوْلًا ثَقِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жакында сага салмактуу Сөздү (Куранды) түшүрөбүз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ نَاشِئَةَ ٱلَّيْلِ هِىَ أَشَدُّ وَطْـًٔا وَأَقْوَمُ قِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Куран окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ لَكَ فِى ٱلنَّهَارِ سَبْحًا طَوِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرِ ٱسْمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلْ إِلَيْهِ تَبْتِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Куран окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахим” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَّبُّ ٱلْمَشْرِقِ وَٱلْمَغْرِبِ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱتَّخِذْهُ وَكِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (Оо, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱهْجُرْهُمْ هَجْرًا جَمِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَذَرْنِى وَٱلْمُكَذِّبِينَ أُو۟لِى ٱلنَّعْمَةِ وَمَهِّلْهُمْ قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ لَدَيْنَآ أَنكَالًا وَجَحِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَطَعَامًا ذَا غُصَّةٍ وَعَذَابًا أَلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تَرْجُفُ ٱلْأَرْضُ وَٱلْجِبَالُ وَكَانَتِ ٱلْجِبَالُ كَثِيبًا مَّهِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّآ أَرْسَلْنَآ إِلَيْكُمْ رَسُولًا شَٰهِدًا عَلَيْكُمْ كَمَآ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ رَسُولًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мекке каапырлары!) Биз Фараонго (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَعَصَىٰ فِرْعَوْنُ ٱلرَّسُولَ فَأَخَذْنَٰهُ أَخْذًا وَبِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараон пайгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَيْفَ تَتَّقُونَ إِن كَفَرْتُمْ يَوْمًا يَجْعَلُ ٱلْوِلْدَٰنَ شِيبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلسَّمَآءُ مُنفَطِرٌۢ بِهِۦ كَانَ وَعْدُهُۥ مَفْعُولًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллахтын) убадасы аткарылат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذْكِرَةٌ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ رَبَّكَ يَعْلَمُ أَنَّكَ تَقُومُ أَدْنَىٰ مِن ثُلُثَىِ ٱلَّيْلِ وَنِصْفَهُۥ وَثُلُثَهُۥ وَطَآئِفَةٌ مِّنَ ٱلَّذِينَ مَعَكَ وَٱللَّهُ يُقَدِّرُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ عَلِمَ أَن لَّن تُحْصُوهُ فَتَابَ عَلَيْكُمْ فَٱقْرَءُوا۟ مَا تَيَسَّرَ مِنَ ٱلْقُرْءَانِ عَلِمَ أَن سَيَكُونُ مِنكُم مَّرْضَىٰ وَءَاخَرُونَ يَضْرِبُونَ فِى ٱلْأَرْضِ يَبْتَغُونَ مِن فَضْلِ ٱللَّهِ وَءَاخَرُونَ يُقَٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَٱقْرَءُوا۟ مَا تَيَسَّرَ مِنْهُ وَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَقْرِضُوا۟ ٱللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا وَمَا تُقَدِّمُوا۟ لِأَنفُسِكُم مِّنْ خَيْرٍ تَجِدُوهُ عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيْرًا وَأَعْظَمَ أَجْرًا وَٱسْتَغْفِرُوا۟ ٱللَّهَ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌۢ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллах түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Курандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллах) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллахтын ырыскы – пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллах жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Куран окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллахка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллахтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллахтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70