caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Qalam сүрөсү القلم

52 аят · Мекке · түшүү тартиби 2

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ نٓ وَٱلْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovНун.[1] (Оо, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын):

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَآ أَنتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Пайгамбарлык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен улук ахлактын үстүндөсүң.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат -

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بِأَييِّكُمُ ٱلْمَفْتُونُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКимиңер азгырылган экениңерди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын эң жакшы билет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا تُطِعِ ٱلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Динди) жалган дегендерге моюн сунба!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَدُّوا۟ لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَّهِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَمَّازٍ مَّشَّآءٍۭ بِنَمِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّنَّاعٍ لِّلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovчектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عُتُلٍّۭ بَعْدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovорой жана андан соң..., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَن كَانَ ذَا مَالٍ وَبَنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл бай жана перзенти көп болгондуктан,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

سَنَسِمُهُۥ عَلَى ٱلْخُرْطُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا بَلَوْنَٰهُمْ كَمَا بَلَوْنَآ أَصْحَٰبَ ٱلْجَنَّةِ إِذْ أَقْسَمُوا۟ لَيَصْرِمُنَّهَا مُصْبِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык.[1] Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا يَسْتَثْنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (ниеттеринде “Аллах кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَطَافَ عَلَيْهَا طَآئِفٌ مِّن رَّبِّكَ وَهُمْ نَآئِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы...)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَصْبَحَتْ كَٱلصَّرِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَتَنَادَوْا۟ مُصْبِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан таң азанда бири-бирин чакырышты:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَنِ ٱغْدُوا۟ عَلَىٰ حَرْثِكُمْ إِن كُنتُمْ صَٰرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱنطَلَقُوا۟ وَهُمْ يَتَخَٰفَتُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَن لَّا يَدْخُلَنَّهَا ٱلْيَوْمَ عَلَيْكُم مِّسْكِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Бүгүн силердин үстүңөргө – бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَغَدَوْا۟ عَلَىٰ حَرْدٍ قَٰدِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا رَأَوْهَا قَالُوٓا۟ إِنَّا لَضَآلُّونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан..., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov“Жок! Биз (бактан) кол жууп калыптырбыз!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَوْسَطُهُمْ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ لَوْلَا تُسَبِّحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллахты даңазалагыла» (“Аллах кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ سُبْحَٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَلَٰوَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ يَٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَٰغِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبْدِلَنَا خَيْرًا مِّنْهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубуз го!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ ٱلْعَذَابُ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَكْبَرُ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَنَجْعَلُ ٱلْمُسْلِمِينَ كَٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мекке мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَكُمْ كِتَٰبٌ فِيهِ تَدْرُسُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ لَكُمْ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَكُمْ أَيْمَٰنٌ عَلَيْنَا بَٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ إِنَّ لَكُمْ لَمَا تَحْكُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

سَلْهُمْ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَهُمْ شُرَكَآءُ فَلْيَأْتُوا۟ بِشُرَكَآئِهِمْ إِن كَانُوا۟ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллахтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудайларын алып келишсин!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يُكْشَفُ عَن سَاقٍ وَيُدْعَوْنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَٰشِعَةً أَبْصَٰرُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ وَقَدْ كَانُوا۟ يُدْعَوْنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ وَهُمْ سَٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат). Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَذَرْنِى وَمَن يُكَذِّبُ بِهَٰذَا ٱلْحَدِيثِ سَنَسْتَدْرِجُهُم مِّنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Куранды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأُمْلِى لَهُمْ إِنَّ كَيْدِى مَتِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ تَسْـَٔلُهُمْ أَجْرًا فَهُم مِّن مَّغْرَمٍ مُّثْقَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо (оо, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ عِندَهُمُ ٱلْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ ٱلْحُوتِ إِذْ نَادَىٰ وَهُوَ مَكْظُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми (оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (капкараңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّوْلَآ أَن تَدَٰرَكَهُۥ نِعْمَةٌ مِّن رَّبِّهِۦ لَنُبِذَ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ مَذْمُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱجْتَبَٰهُ رَبُّهُۥ فَجَعَلَهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарлык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن يَكَادُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَيُزْلِقُونَكَ بِأَبْصَٰرِهِمْ لَمَّا سَمِعُوا۟ ٱلذِّكْرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُۥ لَمَجْنُونٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Куранды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!» – дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Куран) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70