Башкы бет › Сүрөлөр › Al-Haaqqa сүрөсү
Al-Haaqqa сүрөсү الحاقة
52 аят · Мекке · түшүү тартиби 78
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ ٱلْحَآقَّةُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал – Хаакка!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا ٱلْحَآقَّةُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Ал – Хаакка» дегени эмне?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْحَآقَّةُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبَتْ ثَمُودُ وَعَادٌۢ بِٱلْقَارِعَةِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهْلِكُوا۟ بِٱلطَّاغِيَةِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَمَّا عَادٌ فَأُهْلِكُوا۟ بِرِيحٍ صَرْصَرٍ عَاتِيَةٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَخَّرَهَا عَلَيْهِمْ سَبْعَ لَيَالٍ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومًا فَتَرَى ٱلْقَوْمَ فِيهَا صَرْعَىٰ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ خَاوِيَةٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَهَلْ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَجَآءَ فِرْعَوْنُ وَمَن قَبْلَهُۥ وَٱلْمُؤْتَفِكَٰتُ بِٱلْخَاطِئَةِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَعَصَوْا۟ رَسُولَ رَبِّهِمْ فَأَخَذَهُمْ أَخْذَةً رَّابِيَةً
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلْمَآءُ حَمَلْنَٰكُمْ فِى ٱلْجَارِيَةِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لِنَجْعَلَهَا لَكُمْ تَذْكِرَةً وَتَعِيَهَآ أُذُنٌ وَٰعِيَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِذَا نُفِخَ فِى ٱلصُّورِ نَفْخَةٌ وَٰحِدَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда,[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَحُمِلَتِ ٱلْأَرْضُ وَٱلْجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةً وَٰحِدَةً
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَيَوْمَئِذٍ وَقَعَتِ ٱلْوَاقِعَةُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِىَ يَوْمَئِذٍ وَاهِيَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرْجَآئِهَا وَيَحْمِلُ عَرْشَ رَبِّكَ فَوْقَهُمْ يَوْمَئِذٍ ثَمَٰنِيَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө,[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَوْمَئِذٍ تُعْرَضُونَ لَا تَخْفَىٰ مِنكُمْ خَافِيَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَمَّا مَنْ أُوتِىَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقْرَءُوا۟ كِتَٰبِيَهْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنِّى ظَنَنتُ أَنِّى مُلَٰقٍ حِسَابِيَهْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَهُوَ فِى عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فِى جَنَّةٍ عَالِيَةٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov – эң жогорку бейиште болот.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قُطُوفُهَا دَانِيَةٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كُلُوا۟ وَٱشْرَبُوا۟ هَنِيٓـًٔۢا بِمَآ أَسْلَفْتُمْ فِى ٱلْأَيَّامِ ٱلْخَالِيَةِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَمَّا مَنْ أُوتِىَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيْتَنِى لَمْ أُوتَ كِتَٰبِيَهْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَمْ أَدْرِ مَا حِسَابِيَهْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَٰلَيْتَهَا كَانَتِ ٱلْقَاضِيَةَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَآ أَغْنَىٰ عَنِّى مَالِيَهْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
هَلَكَ عَنِّى سُلْطَٰنِيَهْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
خُذُوهُ فَغُلُّوهُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ ٱلْجَحِيمَ صَلُّوهُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин тозокко таштагыла!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ فِى سِلْسِلَةٍ ذَرْعُهَا سَبْعُونَ ذِرَاعًا فَٱسْلُكُوهُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤْمِنُ بِٱللَّهِ ٱلْعَظِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلْمِسْكِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَلَيْسَ لَهُ ٱلْيَوْمَ هَٰهُنَا حَمِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنْ غِسْلِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)[1] болот.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَّا يَأْكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلْخَٰطِـُٔونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аны күнөөлүү адамдар гана жейт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَلَآ أُقْسِمُ بِمَا تُبْصِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип...,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا لَا تُبْصِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын):
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُۥ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَاعِرٍ قَلِيلًا مَّا تُؤْمِنُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَا بِقَوْلِ كَاهِنٍ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес![1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَوْ تَقَوَّلَ عَلَيْنَا بَعْضَ ٱلْأَقَاوِيلِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَأَخَذْنَا مِنْهُ بِٱلْيَمِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ لَقَطَعْنَا مِنْهُ ٱلْوَتِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا مِنكُم مِّنْ أَحَدٍ عَنْهُ حَٰجِزِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّهُۥ لَتَذْكِرَةٌ لِّلْمُتَّقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّا لَنَعْلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّهُۥ لَحَسْرَةٌ عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал каапырларга кайгы![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلْيَقِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал – анык Чындык!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَسَبِّحْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلْعَظِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Al-Qalam сүрөсү
Al-Ma'aarij сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.