caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Mutaffifin сүрөсү المطففين

36 аят · Мекке · түшүү тартиби 86

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَيْلٌ لِّلْمُطَفِّفِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТаразадан алдагандарга чоң азап болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكْتَالُوا۟ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسْتَوْفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا كَالُوهُمْ أَو وَّزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَا يَظُنُّ أُو۟لَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبْعُوثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَوْمٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУлуу Күн – Кыяматта!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلْفُجَّارِ لَفِى سِجِّينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا سِجِّينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كِتَٰبٌ مَّرْقُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – жазылган китеп.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сурак күндү жалган дегендер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovА(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّا بَلْ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّآ إِنَّهُمْ عَن رَّبِّهِمْ يَوْمَئِذٍ لَّمَحْجُوبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ إِنَّهُمْ لَصَالُوا۟ ٱلْجَحِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң, алар тозокко ташталышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلْأَبْرَارِ لَفِى عِلِّيِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, жакшы пенделердин китептери[1] «Иллийюнда».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كِتَٰبٌ مَّرْقُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – жазылган китеп.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَشْهَدُهُ ٱلْمُقَرَّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ لَفِى نَعِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَعْرِفُ فِى وُجُوهِهِمْ نَضْرَةَ ٱلنَّعِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُسْقَوْنَ مِن رَّحِيقٍ مَّخْتُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خِتَٰمُهُۥ مِسْكٌ وَفِى ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ ٱلْمُتَنَٰفِسُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл шараптын сактагычы - «миск».[1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسْنِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا ٱلْمُقَرَّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ كَانُوا۟ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يَضْحَكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا مَرُّوا۟ بِهِمْ يَتَغَامَزُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَهْلِهِمُ ٱنقَلَبُوا۟ فَكِهِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovҮй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا رَأَوْهُمْ قَالُوٓا۟ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أُرْسِلُوا۟ عَلَيْهِمْ حَٰفِظِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱلْيَوْمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مِنَ ٱلْكُفَّارِ يَضْحَكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَلْ ثُوِّبَ ٱلْكُفَّارُ مَا كَانُوا۟ يَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70