caseriqКуранда маани боюнча издөө

At-Tur сүрөсү الطور

49 аят · Мекке · түшүү тартиби 76

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلطُّورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТур тоосуна ант![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكِتَٰبٍ مَّسْطُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана жазылган Китепке[1] ант.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى رَقٍّ مَّنشُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْبَيْتِ ٱلْمَعْمُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Абад Үйгө[1] ант!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلسَّقْفِ ٱلْمَرْفُوعِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана бийик тамга (асманга) ант!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْبَحْرِ ٱلْمَسْجُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖаңы толуп-ташкан деңизге ант!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ لَوَٰقِعٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا لَهُۥ مِن دَافِعٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (эч бир) кайтаруучу жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تَمُورُ ٱلسَّمَآءُ مَوْرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَسِيرُ ٱلْجِبَالُ سَيْرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَوَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү жалганчыларга өлүм болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ هُمْ فِى خَوْضٍ يَلْعَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يُدَعُّونَ إِلَىٰ نَارِ جَهَنَّمَ دَعًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذِهِ ٱلنَّارُ ٱلَّتِى كُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Силер жалганга чыгарган тозок – ушул!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَسِحْرٌ هَٰذَآ أَمْ أَنتُمْ لَا تُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱصْلَوْهَا فَٱصْبِرُوٓا۟ أَوْ لَا تَصْبِرُوا۟ سَوَآءٌ عَلَيْكُمْ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَنَعِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (Раббисинен) корккон кишилер бейиштердин жана нээматтардын ичинде.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٰكِهِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمْ رَبُّهُمْ وَوَقَىٰهُمْ رَبُّهُمْ عَذَابَ ٱلْجَحِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كُلُوا۟ وَٱشْرَبُوا۟ هَنِيٓـًٔۢا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ سُرُرٍ مَّصْفُوفَةٍ وَزَوَّجْنَٰهُم بِحُورٍ عِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн[1] үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَٱتَّبَعَتْهُمْ ذُرِّيَّتُهُم بِإِيمَٰنٍ أَلْحَقْنَا بِهِمْ ذُرِّيَّتَهُمْ وَمَآ أَلَتْنَٰهُم مِّنْ عَمَلِهِم مِّن شَىْءٍ كُلُّ ٱمْرِئٍۭ بِمَا كَسَبَ رَهِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمْدَدْنَٰهُم بِفَٰكِهَةٍ وَلَحْمٍ مِّمَّا يَشْتَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَتَنَٰزَعُونَ فِيهَا كَأْسًا لَّا لَغْوٌ فِيهَا وَلَا تَأْثِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар анда (бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ غِلْمَانٌ لَّهُمْ كَأَنَّهُمْ لُؤْلُؤٌ مَّكْنُونٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَآءَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ إِنَّا كُنَّا قَبْلُ فِىٓ أَهْلِنَا مُشْفِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллах тааладан) коркуучулар элек.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْنَا وَوَقَىٰنَا عَذَابَ ٱلسَّمُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан бизге Аллах (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا كُنَّا مِن قَبْلُ نَدْعُوهُ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْبَرُّ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَذَكِّرْ فَمَآ أَنتَ بِنِعْمَتِ رَبِّكَ بِكَاهِنٍ وَلَا مَجْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ يَقُولُونَ شَاعِرٌ نَّتَرَبَّصُ بِهِۦ رَيْبَ ٱلْمَنُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы» - дешеби?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ تَرَبَّصُوا۟ فَإِنِّى مَعَكُم مِّنَ ٱلْمُتَرَبِّصِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллах силерге азап берүүсүн) күтөмүн».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ تَأْمُرُهُمْ أَحْلَٰمُهُم بِهَٰذَآ أَمْ هُمْ قَوْمٌ طَاغُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо алардын «акылдары» ушуга (Куранды жалганга чыгарууга) буюрабы?! Же алар чектен чыккан элби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ يَقُولُونَ تَقَوَّلَهُۥ بَل لَّا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, «(Мухаммад) аны (Куранды) оюнан чыгарып сүйлөгөн» - дешеби? Жок! Алар ыйман келтиришпейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلْيَأْتُوا۟ بِحَدِيثٍ مِّثْلِهِۦٓ إِن كَانُوا۟ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер («Куранды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ خُلِقُوا۟ مِنْ غَيْرِ شَىْءٍ أَمْ هُمُ ٱلْخَٰلِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ خَلَقُوا۟ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بَل لَّا يُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ عِندَهُمْ خَزَآئِنُ رَبِّكَ أَمْ هُمُ ٱلْمُصَۣيْطِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَهُمْ سُلَّمٌ يَسْتَمِعُونَ فِيهِ فَلْيَأْتِ مُسْتَمِعُهُم بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَهُ ٱلْبَنَٰتُ وَلَكُمُ ٱلْبَنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, Ага (Аллах таалага) кыз перзенттер, өздөрүнө уул перзенттерби?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ تَسْـَٔلُهُمْ أَجْرًا فَهُم مِّن مَّغْرَمٍ مُّثْقَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, Сен алардан (дин үйрөткөнүң үчүн) акы сурап жатасыңбы? (Анан) Алар (ошол акыны) төлөөдөн кыйналып калышканбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ عِندَهُمُ ٱلْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, алардын алдында кайып (илими) бар бекен жана алар аны жазып алышыптырбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ يُرِيدُونَ كَيْدًا فَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ هُمُ ٱلْمَكِيدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَهُمْ إِلَٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ سُبْحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, алардын Аллахтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллах алар кошкон ширктен Таза!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن يَرَوْا۟ كِسْفًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ سَاقِطًا يَقُولُوا۟ سَحَابٌ مَّرْكُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَذَرْهُمْ حَتَّىٰ يُلَٰقُوا۟ يَوْمَهُمُ ٱلَّذِى فِيهِ يُصْعَقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ لَا يُغْنِى عَنْهُمْ كَيْدُهُمْ شَيْـًٔا وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ عَذَابًا دُونَ ذَٰلِكَ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана заалым (каапыр) болгон адамдарга мындан (тозоктон) башка азаптар[1] да бар. Бирок алардын көпчүлүгү (муну) билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ فَإِنَّكَ بِأَعْيُنِنَا وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ حِينَ تَقُومُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Сен Биздин көз алдыбыздасың. Жана (беш убак намазга) турганда, Раббиңе мактоо жана тасбих айт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَسَبِّحْهُ وَإِدْبَٰرَ ٱلنُّجُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүндүн (бир бөлүгүндө) жана да жылдыздар кеткен (таң) мезгилинде дагы Ага тасбих айт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70