Башкы бет › Сүрөлөр › Adh-Dhaariyat сүрөсү
Adh-Dhaariyat сүрөсү الذاريات
60 аят · Мекке · түшүү тартиби 67
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلذَّٰرِيَٰتِ ذَرْوًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱلْحَٰمِلَٰتِ وِقْرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱلْجَٰرِيَٰتِ يُسْرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱلْمُقَسِّمَٰتِ أَمْرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе[1] – бул чындык!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّ ٱلدِّينَ لَوَٰقِعٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Кыямат сөзсүз болуучу!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلْحُبُكِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кооз-көркөм асманга ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّكُمْ لَفِى قَوْلٍ مُّخْتَلِفٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يُؤْفَكُ عَنْهُ مَنْ أُفِكَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قُتِلَ ٱلْخَرَّٰصُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жалганчыларга өлүм!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ٱلَّذِينَ هُمْ فِى غَمْرَةٍ سَاهُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар наадандык толкундарында адашкандар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَسْـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوْمُ ٱلدِّينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَوْمَ هُمْ عَلَى ٱلنَّارِ يُفْتَنُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал Күнү тозокто азап тартышат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ذُوقُوا۟ فِتْنَتَكُمْ هَٰذَا ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تَسْتَعْجِلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمْ رَبُّهُمْ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَبْلَ ذَٰلِكَ مُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَانُوا۟ قَلِيلًا مِّنَ ٱلَّيْلِ مَا يَهْجَعُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар түндөсү бир аз эле укташкан.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَبِٱلْأَسْحَارِ هُمْ يَسْتَغْفِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِىٓ أَمْوَٰلِهِمْ حَقٌّ لِّلسَّآئِلِ وَٱلْمَحْرُومِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын[1] акысы болгон.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِى ٱلْأَرْضِ ءَايَٰتٌ لِّلْمُوقِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِىٓ أَنفُسِكُمْ أَفَلَا تُبْصِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِى ٱلسَّمَآءِ رِزْقُكُمْ وَمَا تُوعَدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Асманда силердин ырыскыңар[1] жана силерге убада кылынган нерселер бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ إِنَّهُۥ لَحَقٌّ مِّثْلَ مَآ أَنَّكُمْ تَنطِقُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ ٱلْمُكْرَمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذْ دَخَلُوا۟ عَلَيْهِ فَقَالُوا۟ سَلَٰمًا قَالَ سَلَٰمٌ قَوْمٌ مُّنكَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجْلٍ سَمِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيْهِمْ قَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَوْجَسَ مِنْهُمْ خِيفَةً قَالُوا۟ لَا تَخَفْ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَقْبَلَتِ ٱمْرَأَتُهُۥ فِى صَرَّةٍ فَصَكَّتْ وَجْهَهَا وَقَالَتْ عَجُوزٌ عَقِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالُوا۟ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْعَلِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالُوٓا۟ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍ مُّجْرِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لِنُرْسِلَ عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِّن طِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلْمُسْرِفِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَخْرَجْنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا وَجَدْنَا فِيهَا غَيْرَ بَيْتٍ مِّنَ ٱلْمُسْلِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн[1] башка мусулмандарды таппадык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَتَرَكْنَا فِيهَآ ءَايَةً لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَلِيمَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِى مُوسَىٰٓ إِذْ أَرْسَلْنَٰهُ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَتَوَلَّىٰ بِرُكْنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَخَذْنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذْنَٰهُمْ فِى ٱلْيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِى عَادٍ إِذْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلْعَقِيمَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр[1] шамалды жибердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا تَذَرُ مِن شَىْءٍ أَتَتْ عَلَيْهِ إِلَّا جَعَلَتْهُ كَٱلرَّمِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفِى ثَمُودَ إِذْ قِيلَ لَهُمْ تَمَتَّعُوا۟ حَتَّىٰ حِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَعَتَوْا۟ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمْ يَنظُرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا ٱسْتَطَٰعُوا۟ مِن قِيَامٍ وَمَا كَانُوا۟ مُنتَصِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَوْمَ نُوحٍ مِّن قَبْلُ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًا فَٰسِقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلسَّمَآءَ بَنَيْنَٰهَا بِأَيْي۟دٍ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْأَرْضَ فَرَشْنَٰهَا فَنِعْمَ ٱلْمَٰهِدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمِن كُلِّ شَىْءٍ خَلَقْنَا زَوْجَيْنِ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَفِرُّوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ إِنِّى لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَا تَجْعَلُوا۟ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ إِنِّى لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُوا۟ سَاحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَتَوَاصَوْا۟ بِهِۦ بَلْ هُمْ قَوْمٌ طَاغُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَذَكِّرْ فَإِنَّ ٱلذِّكْرَىٰ تَنفَعُ ٱلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا خَلَقْتُ ٱلْجِنَّ وَٱلْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَآ أُرِيدُ مِنْهُم مِّن رِّزْقٍ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطْعِمُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلْقُوَّةِ ٱلْمَتِينُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ ذَنُوبًا مِّثْلَ ذَنُوبِ أَصْحَٰبِهِمْ فَلَا يَسْتَعْجِلُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَوَيْلٌ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن يَوْمِهِمُ ٱلَّذِى يُوعَدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Qaaf сүрөсү
At-Tur сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.