caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Najm сүрөсү النجم

62 аят · Мекке · түшүү тартиби 23

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلنَّجْمِ إِذَا هَوَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБатып бара жаткан жылдызга ант![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمْ وَمَا غَوَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلْهَوَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْىٌ يُوحَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلْقُوَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذُو مِرَّةٍ فَٱسْتَوَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ بِٱلْأُفُقِ ٱلْأَعْلَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَانَ قَابَ قَوْسَيْنِ أَوْ أَدْنَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭки жаа бою же андан да жакыныраак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَوْحَىٰٓ إِلَىٰ عَبْدِهِۦ مَآ أَوْحَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا كَذَبَ ٱلْفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ رَءَاهُ نَزْلَةً أُخْرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عِندَ سِدْرَةِ ٱلْمُنتَهَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Сидратул мунтахаанын»[1] алдында.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عِندَهَا جَنَّةُ ٱلْمَأْوَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ يَغْشَى ٱلسِّدْرَةَ مَا يَغْشَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКапыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا زَاغَ ٱلْبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَقَدْ رَأَىٰ مِنْ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلْكُبْرَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلْعُزَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلْأُخْرَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلْأُنثَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تِلْكَ إِذًا قِسْمَةٌ ضِيزَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنْ هِىَ إِلَّآ أَسْمَآءٌ سَمَّيْتُمُوهَآ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَٰنٍ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهْوَى ٱلْأَنفُسُ وَلَقَدْ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلْهُدَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لِلْإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе инсан каалаганын жасай береби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلِلَّهِ ٱلْـَٔاخِرَةُ وَٱلْأُولَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَم مِّن مَّلَكٍ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغْنِى شَفَٰعَتُهُمْ شَيْـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعْدِ أَن يَأْذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرْضَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ تَسْمِيَةَ ٱلْأُنثَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنْ عِلْمٍ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغْنِى مِنَ ٱلْحَقِّ شَيْـًٔا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَعْرِضْ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكْرِنَا وَلَمْ يُرِدْ إِلَّا ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ مَبْلَغُهُم مِّنَ ٱلْعِلْمِ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ ٱهْتَدَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ لِيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔوا۟ بِمَا عَمِلُوا۟ وَيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ أَحْسَنُوا۟ بِٱلْحُسْنَى

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلْإِثْمِ وَٱلْفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلْمَغْفِرَةِ هُوَ أَعْلَمُ بِكُمْ إِذْ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ وَإِذْ أَنتُمْ أَجِنَّةٌ فِى بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمْ فَلَا تُزَكُّوٓا۟ أَنفُسَكُمْ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМайда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.[1] Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتَ ٱلَّذِى تَوَلَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَعْطَىٰ قَلِيلًا وَأَكْدَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَعِندَهُۥ عِلْمُ ٱلْغَيْبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَمْ يُنَبَّأْ بِمَا فِى صُحُفِ مُوسَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِبْرَٰهِيمَ ٱلَّذِى وَفَّىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَن لَّيْسَ لِلْإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّ سَعْيَهُۥ سَوْفَ يُرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ يُجْزَىٰهُ ٱلْجَزَآءَ ٱلْأَوْفَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلْمُنتَهَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضْحَكَ وَأَبْكَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحْيَا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مِن نُّطْفَةٍ إِذَا تُمْنَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жатындарга) атырылган бел суудан!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّ عَلَيْهِ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْأُخْرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭкинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغْنَىٰ وَأَقْنَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعْرَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер сыйынган) Шиъранын[1] Раббиси да Анын Өзү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥٓ أَهْلَكَ عَادًا ٱلْأُولَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАбалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَثَمُودَا۟ فَمَآ أَبْقَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСамудду дагы (эч кимисин) калтырбай.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَوْمَ نُوحٍ مِّن قَبْلُ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ هُمْ أَظْلَمَ وَأَطْغَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБуга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْمُؤْتَفِكَةَ أَهْوَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَبِأَىِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا نَذِيرٌ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلْأُولَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَزِفَتِ ٱلْـَٔازِفَةُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакындашуучу (Кыямат) жакын калды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَيْسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَمِنْ هَٰذَا ٱلْحَدِيثِ تَعْجَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَضْحَكُونَ وَلَا تَبْكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنتُمْ سَٰمِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (ага) көңүл бурбадыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱسْجُدُوا۟ لِلَّهِ وَٱعْبُدُوا۟

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70