Башкы бет › Сүрөлөр › Al-Qamar сүрөсү
Al-Qamar сүрөсү القمر
55 аят · Мекке · түшүү тартиби 37
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ ٱقْتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلْقَمَرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِن يَرَوْا۟ ءَايَةً يُعْرِضُوا۟ وَيَقُولُوا۟ سِحْرٌ مُّسْتَمِرٌّ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَكَذَّبُوا۟ وَٱتَّبَعُوٓا۟ أَهْوَآءَهُمْ وَكُلُّ أَمْرٍ مُّسْتَقِرٌّ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ جَآءَهُم مِّنَ ٱلْأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
حِكْمَةٌۢ بَٰلِغَةٌ فَمَا تُغْنِ ٱلنُّذُرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ يَوْمَ يَدْعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَىْءٍ نُّكُرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
خُشَّعًا أَبْصَٰرُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ ٱلْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌ مُّنتَشِرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مُّهْطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِ يَقُولُ ٱلْكَٰفِرُونَ هَٰذَا يَوْمٌ عَسِرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ فَكَذَّبُوا۟ عَبْدَنَا وَقَالُوا۟ مَجْنُونٌ وَٱزْدُجِرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَغْلُوبٌ فَٱنتَصِرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَفَتَحْنَآ أَبْوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٍ مُّنْهَمِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفَجَّرْنَا ٱلْأَرْضَ عُيُونًا فَٱلْتَقَى ٱلْمَآءُ عَلَىٰٓ أَمْرٍ قَدْ قُدِرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَحَمَلْنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلْوَٰحٍ وَدُسُرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
تَجْرِى بِأَعْيُنِنَا جَزَآءً لِّمَن كَانَ كُفِرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَد تَّرَكْنَٰهَآ ءَايَةً فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Куранды эскергенге[1] жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبَتْ عَادٌ فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِى يَوْمِ نَحْسٍ مُّسْتَمِرٍّ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ مُّنقَعِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقَالُوٓا۟ أَبَشَرًا مِّنَّا وَٰحِدًا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذًا لَّفِى ضَلَٰلٍ وَسُعُرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَءُلْقِىَ ٱلذِّكْرُ عَلَيْهِ مِنۢ بَيْنِنَا بَلْ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَيَعْلَمُونَ غَدًا مَّنِ ٱلْكَذَّابُ ٱلْأَشِرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا مُرْسِلُوا۟ ٱلنَّاقَةِ فِتْنَةً لَّهُمْ فَٱرْتَقِبْهُمْ وَٱصْطَبِرْ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَبِّئْهُمْ أَنَّ ٱلْمَآءَ قِسْمَةٌۢ بَيْنَهُمْ كُلُّ شِرْبٍ مُّحْتَضَرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَنَادَوْا۟ صَاحِبَهُمْ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ صَيْحَةً وَٰحِدَةً فَكَانُوا۟ كَهَشِيمِ ٱلْمُحْتَظِرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аларга бир чаңырык[1] жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍۭ بِٱلنُّذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ نَّجَّيْنَٰهُم بِسَحَرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
نِّعْمَةً مِّنْ عِندِنَا كَذَٰلِكَ نَجْزِى مَن شَكَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ أَنذَرَهُم بَطْشَتَنَا فَتَمَارَوْا۟ بِٱلنُّذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيْفِهِۦ فَطَمَسْنَآ أَعْيُنَهُمْ فَذُوقُوا۟ عَذَابِى وَنُذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана анын мейманын[1] (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын![2]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ صَبَّحَهُم بُكْرَةً عَذَابٌ مُّسْتَقِرٌّ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَذُوقُوا۟ عَذَابِى وَنُذُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ جَآءَ ءَالَ فِرْعَوْنَ ٱلنُّذُرُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذْنَٰهُمْ أَخْذَ عَزِيزٍ مُّقْتَدِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَكُفَّارُكُمْ خَيْرٌ مِّنْ أُو۟لَٰٓئِكُمْ أَمْ لَكُم بَرَآءَةٌ فِى ٱلزُّبُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَمْ يَقُولُونَ نَحْنُ جَمِيعٌ مُّنتَصِرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَيُهْزَمُ ٱلْجَمْعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوْعِدُهُمْ وَٱلسَّاعَةُ أَدْهَىٰ وَأَمَرُّ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ ٱلْمُجْرِمِينَ فِى ضَلَٰلٍ وَسُعُرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَوْمَ يُسْحَبُونَ فِى ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ ذُوقُوا۟ مَسَّ سَقَرَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا كُلَّ شَىْءٍ خَلَقْنَٰهُ بِقَدَرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَآ أَمْرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٌ كَلَمْحٍۭ بِٱلْبَصَرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ أَهْلَكْنَآ أَشْيَاعَكُمْ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَكُلُّ شَىْءٍ فَعَلُوهُ فِى ٱلزُّبُرِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَكُلُّ صَغِيرٍ وَكَبِيرٍ مُّسْتَطَرٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَنَهَرٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فِى مَقْعَدِ صِدْقٍ عِندَ مَلِيكٍ مُّقْتَدِرٍۭ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← An-Najm сүрөсү
Ar-Rahmaan сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.