Башкы бет › Сүрөлөр › As-Saaffaat сүрөсү
As-Saaffaat сүрөсү الصافات
182 аят · Мекке · түшүү тартиби 56
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفًّا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сап тартып турган периштелерге ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجْرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكْرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ إِلَٰهَكُمْ لَوَٰحِدٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَرَبُّ ٱلْمَشَٰرِقِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنْيَا بِزِينَةٍ ٱلْكَوَاكِبِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَحِفْظًا مِّن كُلِّ شَيْطَٰنٍ مَّارِدٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلْمَلَإِ ٱلْأَعْلَىٰ وَيُقْذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
دُحُورًا وَلَهُمْ عَذَابٌ وَاصِبٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا مَنْ خَطِفَ ٱلْخَطْفَةَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌ ثَاقِبٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱسْتَفْتِهِمْ أَهُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَم مَّنْ خَلَقْنَآ إِنَّا خَلَقْنَٰهُم مِّن طِينٍ لَّازِبٍۭ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلْ عَجِبْتَ وَيَسْخَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِذَا ذُكِّرُوا۟ لَا يَذْكُرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِذَا رَأَوْا۟ ءَايَةً يَسْتَسْخِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَالُوٓا۟ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلْأَوَّلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قُلْ نَعَمْ وَأَنتُمْ دَٰخِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِنَّمَا هِىَ زَجْرَةٌ وَٰحِدَةٌ فَإِذَا هُمْ يَنظُرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَالُوا۟ يَٰوَيْلَنَا هَٰذَا يَوْمُ ٱلدِّينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
هَٰذَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ٱحْشُرُوا۟ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ وَأَزْوَٰجَهُمْ وَمَا كَانُوا۟ يَعْبُدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهْدُوهُمْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقِفُوهُمْ إِنَّهُم مَّسْـُٔولُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا لَكُمْ لَا تَنَاصَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!».[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلْ هُمُ ٱلْيَوْمَ مُسْتَسْلِمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَآءَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالُوٓا۟ إِنَّكُمْ كُنتُمْ تَأْتُونَنَا عَنِ ٱلْيَمِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالُوا۟ بَل لَّمْ تَكُونُوا۟ مُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيْكُم مِّن سُلْطَٰنٍۭ بَلْ كُنتُمْ قَوْمًا طَٰغِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَحَقَّ عَلَيْنَا قَوْلُ رَبِّنَآ إِنَّا لَذَآئِقُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَغْوَيْنَٰكُمْ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِنَّهُمْ يَوْمَئِذٍ فِى ٱلْعَذَابِ مُشْتَرِكُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِٱلْمُجْرِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُمْ كَانُوٓا۟ إِذَا قِيلَ لَهُمْ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسْتَكْبِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓا۟ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٍ مَّجْنُونٍۭ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلْ جَآءَ بِٱلْحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلْمُرْسَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّكُمْ لَذَآئِقُوا۟ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَلِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أُو۟لَٰٓئِكَ لَهُمْ رِزْقٌ مَّعْلُومٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга белгиленген ырыскылар бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكْرَمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فِى جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَلَىٰ سُرُرٍ مُّتَقَٰبِلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يُطَافُ عَلَيْهِم بِكَأْسٍ مِّن مَّعِينٍۭ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَيْضَآءَ لَذَّةٍ لِّلشَّٰرِبِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَا فِيهَا غَوْلٌ وَلَا هُمْ عَنْهَا يُنزَفُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَعِندَهُمْ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرْفِ عِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَأَنَّهُنَّ بَيْضٌ مَّكْنُونٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَآءَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ قَآئِلٌ مِّنْهُمْ إِنِّى كَانَ لِى قَرِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلْمُصَدِّقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ هَلْ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِى سَوَآءِ ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرْدِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَوْلَا نِعْمَةُ رَبِّى لَكُنتُ مِنَ ٱلْمُحْضَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَفَمَا نَحْنُ بِمَيِّتِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз өлбөптүрбүзбү?[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا مَوْتَتَنَا ٱلْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Албетте, бул чоң жеңиш.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لِمِثْلِ هَٰذَا فَلْيَعْمَلِ ٱلْعَٰمِلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَذَٰلِكَ خَيْرٌ نُّزُلًا أَمْ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا جَعَلْنَٰهَا فِتْنَةً لِّلظَّٰلِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны залымдарга сыноо[1] болушу үчүн жараттык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهَا شَجَرَةٌ تَخْرُجُ فِىٓ أَصْلِ ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
طَلْعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِنَّهُمْ لَـَٔاكِلُونَ مِنْهَا فَمَالِـُٔونَ مِنْهَا ٱلْبُطُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ إِنَّ لَهُمْ عَلَيْهَا لَشَوْبًا مِّنْ حَمِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ إِنَّ مَرْجِعَهُمْ لَإِلَى ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُمْ أَلْفَوْا۟ ءَابَآءَهُمْ ضَآلِّينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَهُمْ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمْ يُهْرَعُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ошолордун изинен чуркап кетишти.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ ضَلَّ قَبْلَهُمْ أَكْثَرُ ٱلْأَوَّلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُنذَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ نَادَىٰنَا نُوحٌ فَلَنِعْمَ ٱلْمُجِيبُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥ مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын)[1] чоң балээден куткардык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَجَعَلْنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلْبَاقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٍ فِى ٱلْعَٰلَمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبْرَٰهِيمَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذْ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَاذَا تَعْبُدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَئِفْكًا ءَالِهَةً دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَنَظَرَ نَظْرَةً فِى ٱلنُّجُومِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жылдыздарга бир карап алып:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقَالَ إِنِّى سَقِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Мен ооруп турам» – деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَتَوَلَّوْا۟ عَنْهُ مُدْبِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمْ فَقَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا لَكُمْ لَا تَنطِقُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَرَاغَ عَلَيْهِمْ ضَرْبًۢا بِٱلْيَمِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَقْبَلُوٓا۟ إِلَيْهِ يَزِفُّونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ أَتَعْبُدُونَ مَا تَنْحِتُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱللَّهُ خَلَقَكُمْ وَمَا تَعْمَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالُوا۟ ٱبْنُوا۟ لَهُۥ بُنْيَٰنًا فَأَلْقُوهُ فِى ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَرَادُوا۟ بِهِۦ كَيْدًا فَجَعَلْنَٰهُمُ ٱلْأَسْفَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَالَ إِنِّى ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّى سَيَهْدِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
رَبِّ هَبْ لِى مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَبَشَّرْنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعْىَ قَالَ يَٰبُنَىَّ إِنِّىٓ أَرَىٰ فِى ٱلْمَنَامِ أَنِّىٓ أَذْبَحُكَ فَٱنظُرْ مَاذَا تَرَىٰ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفْعَلْ مَا تُؤْمَرُ سَتَجِدُنِىٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَلَمَّآ أَسْلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلْجَبِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَٰدَيْنَٰهُ أَن يَٰٓإِبْرَٰهِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَدْ صَدَّقْتَ ٱلرُّءْيَآ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلْبَلَٰٓؤُا۟ ٱلْمُبِينُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, бул анык сыноо болгон.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَفَدَيْنَٰهُ بِذِبْحٍ عَظِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَبَشَّرْنَٰهُ بِإِسْحَٰقَ نَبِيًّا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَبَٰرَكْنَا عَلَيْهِ وَعَلَىٰٓ إِسْحَٰقَ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحْسِنٌ وَظَالِمٌ لِّنَفْسِهِۦ مُبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَجَّيْنَٰهُمَا وَقَوْمَهُمَا مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَصَرْنَٰهُمْ فَكَانُوا۟ هُمُ ٱلْغَٰلِبِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَءَاتَيْنَٰهُمَا ٱلْكِتَٰبَ ٱلْمُسْتَبِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَهَدَيْنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلْمُسْتَقِيمَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Туура жолго баштадык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِمَا فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Муса менен Харунга салам болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُمَا مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّ إِلْيَاسَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Иляс дагы пайгамбарлардан эле.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَتَدْعُونَ بَعْلًا وَتَذَرُونَ أَحْسَنَ ٱلْخَٰلِقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ٱللَّهَ رَبَّكُمْ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلْ يَاسِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Иляска (Аллахтан) салам болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّ لُوطًا لَّمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذْ نَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ أَجْمَعِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا عَجُوزًا فِى ٱلْغَٰبِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ دَمَّرْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан Биз башкаларды кыйраттык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّكُمْ لَتَمُرُّونَ عَلَيْهِم مُّصْبِحِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَبِٱلَّيْلِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذْ أَبَقَ إِلَى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلْمُدْحَضِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱلْتَقَمَهُ ٱلْحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَلَوْلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلْمُسَبِّحِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَلَبِثَ فِى بَطْنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَنَبَذْنَٰهُ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَنۢبَتْنَا عَلَيْهِ شَجَرَةً مِّن يَقْطِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَرْسَلْنَٰهُ إِلَىٰ مِا۟ئَةِ أَلْفٍ أَوْ يَزِيدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَـَٔامَنُوا۟ فَمَتَّعْنَٰهُمْ إِلَىٰ حِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱسْتَفْتِهِمْ أَلِرَبِّكَ ٱلْبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلْبَنُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَمْ خَلَقْنَا ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثًا وَهُمْ شَٰهِدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَلَآ إِنَّهُم مِّنْ إِفْكِهِمْ لَيَقُولُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمْ لَكَٰذِبُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَصْطَفَى ٱلْبَنَاتِ عَلَى ٱلْبَنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَمْ لَكُمْ سُلْطَٰنٌ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأْتُوا۟ بِكِتَٰبِكُمْ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَجَعَلُوا۟ بَيْنَهُۥ وَبَيْنَ ٱلْجِنَّةِ نَسَبًا وَلَقَدْ عَلِمَتِ ٱلْجِنَّةُ إِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سُبْحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَآ أَنتُمْ عَلَيْهِ بِفَٰتِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov эч кимди адаштыра албайсыңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا مَنْ هُوَ صَالِ ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٌ مَّعْلُومٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّا لَنَحْنُ ٱلصَّآفُّونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّا لَنَحْنُ ٱلْمُسَبِّحُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِن كَانُوا۟ لَيَقُولُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар айтышат:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَوْ أَنَّ عِندَنَا ذِكْرًا مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَكَفَرُوا۟ بِهِۦ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ سَبَقَتْ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلْمُرْسَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّهُمْ لَهُمُ ٱلْمَنصُورُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Чынында алар гана жардам берилген адамдар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلْغَٰلِبُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّىٰ حِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَبْصِرْهُمْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمْ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلْمُنذَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّىٰ حِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَبْصِرْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سُبْحَٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلْعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَسَلَٰمٌ عَلَى ٱلْمُرْسَلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Пайгамбарларга салам болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Yaseen сүрөсү
Saad сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.