Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКоом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен Зикирге (Куран акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Чексиз Ырайымдуудан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллах тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте[1] (алдын ала) эсептеп койгонбуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилер болобуз» - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллах) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (кудуретибизден дагы бир) белги – өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллах – Аруу,Таза!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы бир белги –) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул – Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.[1] Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт.)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга: «Аллах ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла» – деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!» – дешет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (эч нерседен бейкапар) өз-ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббилерине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана) айтышат: «Оо, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! Пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Куран![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллах эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(«Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес.[1] (Бирок ошого карабай…) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Чирип кеткен сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?» – деп, Бизге (каршы) мисал келтирет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллах (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!