caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Mursalaat сүрөсү المرسلات

50 аят · Мекке · түшүү тартиби 33

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلْمُرْسَلَٰتِ عُرْفًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнт ичемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен;

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱلْعَٰصِفَٰتِ عَصْفًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨтө катуу жүргөн шамалдар менен;

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلنَّٰشِرَٰتِ نَشْرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Булуттарды Аллах каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен;

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱلْفَٰرِقَٰتِ فَرْقًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Куран аяттары) менен;

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱلْمُلْقِيَٰتِ ذِكْرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Пайгамбарларга Аллах тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен;

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عُذْرًا أَوْ نُذْرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, адамдар!) силерге убада кылынган Күн[1] албетте болуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتْ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتْ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсман (аңырайып) ачылып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا ٱلْجِبَالُ نُسِفَتْ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда…

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتْ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде… (ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِأَىِّ يَوْمٍ أُجِّلَتْ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَوْمِ ٱلْفَصْلِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАжыратуу күнүнө![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ نُهْلِكِ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ نُتْبِعُهُمُ ٱلْـَٔاخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ نَخْلُقكُّم مِّن مَّآءٍ مَّهِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди алсыз (бечел, бел) суудан жаратпадык беле?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجَعَلْنَٰهُ فِى قَرَارٍ مَّكِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштурдук,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَىٰ قَدَرٍ مَّعْلُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБелгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَقَدَرْنَا فَنِعْمَ ٱلْقَٰدِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ نَجْعَلِ ٱلْأَرْضَ كِفَاتًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жерди кучактоочу кылбадык беле,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَحْيَآءً وَأَمْوَٰتًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovөлүктөр менен тирүүлөрдү?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ شَٰمِخَٰتٍ وَأَسْقَيْنَٰكُم مَّآءً فُرَاتًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱنطَلِقُوٓا۟ إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген тозокко жөнөгүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱنطَلِقُوٓا۟ إِلَىٰ ظِلٍّ ذِى ثَلَٰثِ شُعَبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovҮч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»[1] жөнөгүлө!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا ظَلِيلٍ وَلَا يُغْنِى مِنَ ٱللَّهَبِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهَا تَرْمِى بِشَرَرٍ كَٱلْقَصْرِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَأَنَّهُۥ جِمَٰلَتٌ صُفْرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا يَوْمُ لَا يَنطِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا يُؤْذَنُ لَهُمْ فَيَعْتَذِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үчүн актанууга да уруксат жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ جَمَعْنَٰكُمْ وَٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул – ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِن كَانَ لَكُمْ كَيْدٌ فَكِيدُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (оо, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى ظِلَٰلٍ وَعُيُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَفَوَٰكِهَ مِمَّا يَشْتَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде…

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كُلُوا۟ وَٱشْرَبُوا۟ هَنِيٓـًٔۢا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كُلُوا۟ وَتَمَتَّعُوا۟ قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجْرِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱرْكَعُوا۟ لَا يَرْكَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга (Аллахка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَبِأَىِّ حَدِيثٍۭ بَعْدَهُۥ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан (Курандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70