Башкы бет › Сүрөлөр › Al-Insaan сүрөсү
Al-Insaan сүрөсү الانسان
31 аят · Медина · түшүү тартиби 98
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ هَلْ أَتَىٰ عَلَى ٱلْإِنسَٰنِ حِينٌ مِّنَ ٱلدَّهْرِ لَمْ يَكُن شَيْـًٔا مَّذْكُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن نُّطْفَةٍ أَمْشَاجٍ نَّبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَٰهُ سَمِيعًۢا بَصِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا هَدَيْنَٰهُ ٱلسَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّآ أَعْتَدْنَا لِلْكَٰفِرِينَ سَلَٰسِلَا۟ وَأَغْلَٰلًا وَسَعِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ يَشْرَبُونَ مِن كَأْسٍ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур»[1] аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا عِبَادُ ٱللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفْجِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (“Каафуур”) булагы...Аны Аллахтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يُوفُونَ بِٱلنَّذْرِ وَيَخَافُونَ يَوْمًا كَانَ شَرُّهُۥ مُسْتَطِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин[1] аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيُطْعِمُونَ ٱلطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ مِسْكِينًا وَيَتِيمًا وَأَسِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип[1] (мындай дешкен):
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّمَا نُطْعِمُكُمْ لِوَجْهِ ٱللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمْ جَزَآءً وَلَا شُكُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوْمًا عَبُوسًا قَمْطَرِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз».
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَوَقَىٰهُمُ ٱللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ ٱلْيَوْمِ وَلَقَّىٰهُمْ نَضْرَةً وَسُرُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан Аллах аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَجَزَىٰهُم بِمَا صَبَرُوا۟ جَنَّةً وَحَرِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ لَا يَرَوْنَ فِيهَا شَمْسًا وَلَا زَمْهَرِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَدَانِيَةً عَلَيْهِمْ ظِلَٰلُهَا وَذُلِّلَتْ قُطُوفُهَا تَذْلِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга бейиш (бактарынын) көлөкөcү тийип, мөмөлөрү ийилип турат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيُطَافُ عَلَيْهِم بِـَٔانِيَةٍ مِّن فِضَّةٍ وَأَكْوَابٍ كَانَتْ قَوَارِيرَا۠
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَوَارِيرَا۟ مِن فِضَّةٍ قَدَّرُوهَا تَقْدِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Күмүш чөйчөктөр… Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيُسْقَوْنَ فِيهَا كَأْسًا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал жерде (ыймандууларга) занжабил[1] аралаштырылган шарап,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَيْنًا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلْسَبِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَٰنٌ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيْتَهُمْ حَسِبْتَهُمْ لُؤْلُؤًا مَّنثُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِذَا رَأَيْتَ ثَمَّ رَأَيْتَ نَعِيمًا وَمُلْكًا كَبِيرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
عَٰلِيَهُمْ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضْرٌ وَإِسْتَبْرَقٌ وَحُلُّوٓا۟ أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٍ وَسَقَىٰهُمْ رَبُّهُمْ شَرَابًا طَهُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمْ جَزَآءً وَكَانَ سَعْيُكُم مَّشْكُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер[1] ченемсиз нээматтар менен төлөндү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ ٱلْقُرْءَانَ تَنزِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында Биз (оо, Мухаммад) сага Куранды[1] бөлүп-бөлүп түшүрдүк.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعْ مِنْهُمْ ءَاثِمًا أَوْ كَفُورًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын[1] жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱذْكُرِ ٱسْمَ رَبِّكَ بُكْرَةً وَأَصِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَٱسْجُدْ لَهُۥ وَسَبِّحْهُ لَيْلًا طَوِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ يُحِبُّونَ ٱلْعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَآءَهُمْ يَوْمًا ثَقِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
نَّحْنُ خَلَقْنَٰهُمْ وَشَدَدْنَآ أَسْرَهُمْ وَإِذَا شِئْنَا بَدَّلْنَآ أَمْثَٰلَهُمْ تَبْدِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон[1] (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз![2]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذْكِرَةٌ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يُدْخِلُ مَن يَشَآءُ فِى رَحْمَتِهِۦ وَٱلظَّٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۢا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Al-Qiyaama сүрөсү
Al-Mursalaat сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.