caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Jinn сүрөсү الجن

28 аят · Мекке · түшүү тартиби 40

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ قُلْ أُوحِىَ إِلَىَّ أَنَّهُ ٱسْتَمَعَ نَفَرٌ مِّنَ ٱلْجِنِّ فَقَالُوٓا۟ إِنَّا سَمِعْنَا قُرْءَانًا عَجَبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран[1] уктук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَهْدِىٓ إِلَى ٱلرُّشْدِ فَـَٔامَنَّا بِهِۦ وَلَن نُّشْرِكَ بِرَبِّنَآ أَحَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ تَعَٰلَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا ٱتَّخَذَ صَٰحِبَةً وَلَا وَلَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن تَقُولَ ٱلْإِنسُ وَٱلْجِنُّ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ كَانَ رِجَالٌ مِّنَ ٱلْإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِّنَ ٱلْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُمْ ظَنُّوا۟ كَمَا ظَنَنتُمْ أَن لَّن يَبْعَثَ ٱللَّهُ أَحَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллах эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا لَمَسْنَا ٱلسَّمَآءَ فَوَجَدْنَٰهَا مُلِئَتْ حَرَسًا شَدِيدًا وَشُهُبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا كُنَّا نَقْعُدُ مِنْهَا مَقَٰعِدَ لِلسَّمْعِ فَمَن يَسْتَمِعِ ٱلْـَٔانَ يَجِدْ لَهُۥ شِهَابًا رَّصَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا لَا نَدْرِىٓ أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَن فِى ٱلْأَرْضِ أَمْ أَرَادَ بِهِمْ رَبُّهُمْ رَشَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا مِنَّا ٱلصَّٰلِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَ كُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن نُّعْجِزَ ٱللَّهَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَن نُّعْجِزَهُۥ هَرَبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллахты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا لَمَّا سَمِعْنَا ٱلْهُدَىٰٓ ءَامَنَّا بِهِۦ فَمَن يُؤْمِنۢ بِرَبِّهِۦ فَلَا يَخَافُ بَخْسًا وَلَا رَهَقًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (Курандагы) туура жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّا مِنَّا ٱلْمُسْلِمُونَ وَمِنَّا ٱلْقَٰسِطُونَ فَمَنْ أَسْلَمَ فَأُو۟لَٰٓئِكَ تَحَرَّوْا۟ رَشَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمَّا ٱلْقَٰسِطُونَ فَكَانُوا۟ لِجَهَنَّمَ حَطَبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَلَّوِ ٱسْتَقَٰمُوا۟ عَلَى ٱلطَّرِيقَةِ لَأَسْقَيْنَٰهُم مَّآءً غَدَقًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّنَفْتِنَهُمْ فِيهِ وَمَن يُعْرِضْ عَن ذِكْرِ رَبِّهِۦ يَسْلُكْهُ عَذَابًا صَعَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovаларды сынаш үчүн.[1] Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Курандан) жүз бурса, (Аллах) аны оор азапка жолуктурат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّ ٱلْمَسَٰجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدْعُوا۟ مَعَ ٱللَّهِ أَحَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُۥ لَمَّا قَامَ عَبْدُ ٱللَّهِ يَدْعُوهُ كَادُوا۟ يَكُونُونَ عَلَيْهِ لِبَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын пендеси (Мухаммад Куран окуу менен) Аллахка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّمَآ أَدْعُوا۟ رَبِّى وَلَآ أُشْرِكُ بِهِۦٓ أَحَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (оо, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنِّى لَآ أَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا رَشَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنِّى لَن يُجِيرَنِى مِنَ ٱللَّهِ أَحَدٌ وَلَنْ أَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلْتَحَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا بَلَٰغًا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِسَٰلَٰتِهِۦ وَمَن يَعْصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ لَهُۥ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Менин колумда) Аллах тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар). Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوْا۟ مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ أَضْعَفُ نَاصِرًا وَأَقَلُّ عَدَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنْ أَدْرِىٓ أَقَرِيبٌ مَّا تُوعَدُونَ أَمْ يَجْعَلُ لَهُۥ رَبِّىٓ أَمَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَٰلِمُ ٱلْغَيْبِ فَلَا يُظْهِرُ عَلَىٰ غَيْبِهِۦٓ أَحَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКайыпты билүүчү (бир гана Аллах!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا مَنِ ٱرْتَضَىٰ مِن رَّسُولٍ فَإِنَّهُۥ يَسْلُكُ مِنۢ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِۦ رَصَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّيَعْلَمَ أَن قَدْ أَبْلَغُوا۟ رِسَٰلَٰتِ رَبِّهِمْ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيْهِمْ وَأَحْصَىٰ كُلَّ شَىْءٍ عَدَدًۢا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70