caseriqКуранда маани боюнча издөө

Ash-Shu'araa сүрөсү الشعراء

227 аят · Мекке · түшүү тартиби 47

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ طسٓمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТа. Сиим. Миим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْكِتَٰبِ ٱلْمُبِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБулар анык китептин (Курандын) аяттары.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَعَلَّكَ بَٰخِعٌ نَّفْسَكَ أَلَّا يَكُونُوا۟ مُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن نَّشَأْ نُنَزِّلْ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةً فَظَلَّتْ أَعْنَٰقُهُمْ لَهَا خَٰضِعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يَأْتِيهِم مِّن ذِكْرٍ مِّنَ ٱلرَّحْمَٰنِ مُحْدَثٍ إِلَّا كَانُوا۟ عَنْهُ مُعْرِضِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَقَدْ كَذَّبُوا۟ فَسَيَأْتِيهِمْ أَنۢبَٰٓؤُا۟ مَا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ إِلَى ٱلْأَرْضِ كَمْ أَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ نَادَىٰ رَبُّكَ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱئْتِ ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَوْمَ فِرْعَوْنَ أَلَا يَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَضِيقُ صَدْرِى وَلَا يَنطَلِقُ لِسَانِى فَأَرْسِلْ إِلَىٰ هَٰرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн.[1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَهُمْ عَلَىَّ ذَنۢبٌ فَأَخَافُ أَن يَقْتُلُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ كَلَّا فَٱذْهَبَا بِـَٔايَٰتِنَآ إِنَّا مَعَكُم مُّسْتَمِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأْتِيَا فِرْعَوْنَ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولُ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБаргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَنْ أَرْسِلْ مَعَنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИсраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَلَمْ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدًا وَلَبِثْتَ فِينَا مِنْ عُمُرِكَ سِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَفَعَلْتَ فَعْلَتَكَ ٱلَّتِى فَعَلْتَ وَأَنتَ مِنَ ٱلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ فَعَلْتُهَآ إِذًا وَأَنَا۠ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَفَرَرْتُ مِنكُمْ لَمَّا خِفْتُكُمْ فَوَهَبَ لِى رَبِّى حُكْمًا وَجَعَلَنِى مِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллах мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتِلْكَ نِعْمَةٌ تَمُنُّهَا عَلَىَّ أَنْ عَبَّدتَّ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ فِرْعَوْنُ وَمَا رَبُّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараон айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ал - асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لِمَنْ حَوْلَهُۥٓ أَلَا تَسْتَمِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Фараон) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?» - деди (Мусаны шылдыңдап).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبُّكُمْ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса): «Аллах силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ ٱلَّذِىٓ أُرْسِلَ إِلَيْكُمْ لَمَجْنُونٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда Фараон адамдарга) айтты: «Силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبُّ ٱلْمَشْرِقِ وَٱلْمَغْرِبِ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لَئِنِ ٱتَّخَذْتَ إِلَٰهًا غَيْرِى لَأَجْعَلَنَّكَ مِنَ ٱلْمَسْجُونِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Оо, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَوَلَوْ جِئْتُكَ بِشَىْءٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?» - деди (Муса).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ فَأْتِ بِهِۦٓ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَلْقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ ثُعْبَانٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан (Муса) таягын (жерге) таштады эле…, ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِىَ بَيْضَآءُ لِلنَّٰظِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле..., ошол замат көрүүчүлөргө аппак (нурдуу) болуп калды!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لِلْمَلَإِ حَوْلَهُۥٓ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٌ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Оо,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!» - деди (Фараон) тегерегиндеги төбөлдөргө.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُرِيدُ أَن يُخْرِجَكُم مِّنْ أَرْضِكُم بِسِحْرِهِۦ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَٱبْعَثْ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Сарай эли) айтышты: «Аны менен бир тууганын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجُمِعَ ٱلسَّحَرَةُ لِمِيقَٰتِ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБелгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلْ أَنتُم مُّجْتَمِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ ٱلسَّحَرَةَ إِن كَانُوا۟ هُمُ ٱلْغَٰلِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالُوا۟ لِفِرْعَوْنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِن كُنَّا نَحْنُ ٱلْغَٰلِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ إِذًا لَّمِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلْقُوا۟ مَآ أَنتُم مُّلْقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَلْقَوْا۟ حِبَالَهُمْ وَعِصِيَّهُمْ وَقَالُوا۟ بِعِزَّةِ فِرْعَوْنَ إِنَّا لَنَحْنُ ٱلْغَٰلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَلْقَىٰ مُوسَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأُلْقِىَ ٱلسَّحَرَةُ سَٰجِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovдешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبِّ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ ءَامَنتُمْ لَهُۥ قَبْلَ أَنْ ءَاذَنَ لَكُمْ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِى عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحْرَ فَلَسَوْفَ تَعْلَمُونَ لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُم مِّنْ خِلَٰفٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ لَا ضَيْرَ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا نَطْمَعُ أَن يَغْفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَٰيَٰنَآ أَن كُنَّآ أَوَّلَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِىٓ إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَرْسَلَ فِرْعَوْنُ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَشِرْذِمَةٌ قَلِيلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّهُمْ لَنَا لَغَآئِظُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар биздин ачуубузду чыгарды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَٰذِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَخْرَجْنَٰهُم مِّن جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكُنُوزٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ وَأَوْرَثْنَٰهَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَتْبَعُوهُم مُّشْرِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدْرَكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ كَلَّآ إِنَّ مَعِىَ رَبِّى سَيَهْدِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضْرِب بِّعَصَاكَ ٱلْبَحْرَ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍ كَٱلطَّوْدِ ٱلْعَظِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَزْلَفْنَا ثَمَّ ٱلْـَٔاخَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنجَيْنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин башкаларды чөктүрүп жибердик!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ إِبْرَٰهِيمَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَا تَعْبُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ نَعْبُدُ أَصْنَامًا فَنَظَلُّ لَهَا عَٰكِفِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ هَلْ يَسْمَعُونَكُمْ إِذْ تَدْعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ يَنفَعُونَكُمْ أَوْ يَضُرُّونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ بَلْ وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا كَذَٰلِكَ يَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَفَرَءَيْتُم مَّا كُنتُمْ تَعْبُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُمُ ٱلْأَقْدَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovсилер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنَّهُمْ عَدُوٌّ لِّىٓ إِلَّا رَبَّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِى خَلَقَنِى فَهُوَ يَهْدِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл мени жаратты, анан туура жолго баштайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِى هُوَ يُطْعِمُنِى وَيَسْقِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал мени жедирет жана ичирет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОорусам, Өзү мага шыпаа берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِى يُمِيتُنِى ثُمَّ يُحْيِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِىٓ أَطْمَعُ أَن يَغْفِرَ لِى خَطِيٓـَٔتِى يَوْمَ ٱلدِّينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبِّ هَبْ لِى حُكْمًا وَأَلْحِقْنِى بِٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱجْعَل لِّى لِسَانَ صِدْقٍ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱجْعَلْنِى مِن وَرَثَةِ جَنَّةِ ٱلنَّعِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱغْفِرْ لِأَبِىٓ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تُخْزِنِى يَوْمَ يُبْعَثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ لَا يَنفَعُ مَالٌ وَلَا بَنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا مَنْ أَتَى ٱللَّهَ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأُزْلِفَتِ ٱلْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТакыбалуу кишилерге бейиш жакын келтирилди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَبُرِّزَتِ ٱلْجَحِيمُ لِلْغَاوِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقِيلَ لَهُمْ أَيْنَ مَا كُنتُمْ تَعْبُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مِن دُونِ ٱللَّهِ هَلْ يَنصُرُونَكُمْ أَوْ يَنتَصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكُبْكِبُوا۟ فِيهَا هُمْ وَٱلْغَاوُۥنَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан ага (тозокко биринин үстүнө бири) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجُنُودُ إِبْلِيسَ أَجْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ وَهُمْ فِيهَا يَخْتَصِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَٱللَّهِ إِن كُنَّا لَفِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аллахка ант, биз анык адашууда болуптурбуз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (эй, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине теңештириптирбиз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَضَلَّنَآ إِلَّا ٱلْمُجْرِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизди күнөөкөрлөр гана адаштырды!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَا لَنَا مِن شَٰفِعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана бизге (пайда берчү эч бир) кадырман дос да жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана ыймандуулардан болуп калсак!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте бул аяттарда үлгү-сабак бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧындыгында сенин Раббиң (оо, Мухаммад!) бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَّبَتْ قَوْمُ نُوحٍ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovНухтун коому дагы пайгамбарларды[1] жалганчыга чыгарды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде аларга өздөрүнөн болгон Нух (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен ыйманга чакырганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан корккула жана мага моюн сунгула![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ أَنُؤْمِنُ لَكَ وَٱتَّبَعَكَ ٱلْأَرْذَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Сага ыйман келтиребизби?! Сага төмөнкү катмардагы адамдар гана ээрчиген го!» - дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар).[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ وَمَا عِلْمِى بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنْ حِسَابُهُمْ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّى لَوْ تَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنْ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен болгону бир анык эскертүүчүмүн».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ يَٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمَرْجُومِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوْمِى كَذَّبُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱفْتَحْ بَيْنِى وَبَيْنَهُمْ فَتْحًا وَنَجِّنِى وَمَن مَّعِىَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَنجَيْنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ أَغْرَقْنَا بَعْدُ ٱلْبَاقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَّبَتْ عَادٌ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَتَبْنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ ءَايَةً تَعْبَثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمْ تَخْلُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا بَطَشْتُم بَطَشْتُمْ جَبَّارِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱتَّقُوا۟ ٱلَّذِىٓ أَمَدَّكُم بِمَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَدَّكُم بِأَنْعَٰمٍ وَبَنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерге чарба малдарын жана балдарды берди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБактарды жана булактарды берди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ سَوَآءٌ عَلَيْنَآ أَوَعَظْتَ أَمْ لَمْ تَكُن مِّنَ ٱلْوَٰعِظِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنْ هَٰذَآ إِلَّا خُلُقُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَذَّبُوهُ فَأَهْلَكْنَٰهُمْ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَّبَتْ ثَمُودُ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСамуд эли дагы пайгамбарларды[1] жалганчы кылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ صَٰلِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَتُتْرَكُونَ فِى مَا هَٰهُنَآ ءَامِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovбактардын, булактардын ичинде?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَزُرُوعٍ وَنَخْلٍ طَلْعُهَا هَضِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَنْحِتُونَ مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًا فَٰرِهِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تُطِيعُوٓا۟ أَمْرَ ٱلْمُسْرِفِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يُفْسِدُونَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلْمُسَحَّرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُنَا فَأْتِ بِـَٔايَةٍ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ هَٰذِهِۦ نَاقَةٌ لَّهَا شِرْبٌ وَلَكُمْ شِرْبُ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَعَقَرُوهَا فَأَصْبَحُوا۟ نَٰدِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَخَذَهُمُ ٱلْعَذَابُ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovНатыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЛут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силерге аманаткөй пайгамбармын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَتَأْتُونَ ٱلذُّكْرَانَ مِنَ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمْ رَبُّكُم مِّنْ أَزْوَٰجِكُم بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌ عَادُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ يَٰلُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُخْرَجِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنِّى لِعَمَلِكُم مِّنَ ٱلْقَالِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبِّ نَجِّنِى وَأَهْلِى مِمَّا يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَنَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا عَجُوزًا فِى ٱلْغَٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ دَمَّرْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِم مَّطَرًا فَسَآءَ مَطَرُ ٱلْمُنذَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَّبَ أَصْحَٰبُ لْـَٔيْكَةِ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКалың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لَهُمْ شُعَيْبٌ أَلَا تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْفُوا۟ ٱلْكَيْلَ وَلَا تَكُونُوا۟ مِنَ ٱلْمُخْسِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَزِنُوا۟ بِٱلْقِسْطَاسِ ٱلْمُسْتَقِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТуура тараза менен тарткыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَبْخَسُوا۟ ٱلنَّاسَ أَشْيَآءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын нерселерин кемитпегиле![1] Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱتَّقُوا۟ ٱلَّذِى خَلَقَكُمْ وَٱلْجِبِلَّةَ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلْمُسَحَّرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُنَا وَإِن نَّظُنُّكَ لَمِنَ ٱلْكَٰذِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَسْقِطْ عَلَيْنَا كِسَفًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّىٓ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمْ عَذَابُ يَوْمِ ٱلظُّلَّةِ إِنَّهُۥ كَانَ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады![1] Бул улук күндүн азабы болчу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلْأَمِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَىٰ قَلْبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلْمُنذِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovсенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بِلِسَانٍ عَرَبِىٍّ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّهُۥ لَفِى زُبُرِ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَكُن لَّهُمْ ءَايَةً أَن يَعْلَمَهُۥ عُلَمَٰٓؤُا۟ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ نَزَّلْنَٰهُ عَلَىٰ بَعْضِ ٱلْأَعْجَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَقَرَأَهُۥ عَلَيْهِم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ مُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ سَلَكْنَٰهُ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ حَتَّىٰ يَرَوُا۟ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَلِيمَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَيَأْتِيَهُم بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАзап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَيَقُولُوا۟ هَلْ نَحْنُ مُنظَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин азапты шаштырып жатышабы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتَ إِن مَّتَّعْنَٰهُمْ سِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ جَآءَهُم مَّا كَانُوا۟ يُوعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يُمَتَّعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنذِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذِكْرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا تَنَزَّلَتْ بِهِ ٱلشَّيَٰطِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يَنۢبَغِى لَهُمْ وَمَا يَسْتَطِيعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт.[1] (Анткени:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُمْ عَنِ ٱلسَّمْعِ لَمَعْزُولُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар аны угуудан тосулуп коюлган.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا تَدْعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَكُونَ مِنَ ٱلْمُعَذَّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنذِرْ عَشِيرَتَكَ ٱلْأَقْرَبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱخْفِضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنْ عَصَوْكَ فَقُلْ إِنِّى بَرِىٓءٌ مِّمَّا تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱلْعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِى يَرَىٰكَ حِينَ تَقُومُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл сенин (намазда) турганыңды көрөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَقَلُّبَكَ فِى ٱلسَّٰجِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَلْ أُنَبِّئُكُمْ عَلَىٰ مَن تَنَزَّلُ ٱلشَّيَٰطِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَنَزَّلُ عَلَىٰ كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُلْقُونَ ٱلسَّمْعَ وَأَكْثَرُهُمْ كَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (аны) угушат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلشُّعَرَآءُ يَتَّبِعُهُمُ ٱلْغَاوُۥنَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ أَنَّهُمْ فِى كُلِّ وَادٍ يَهِيمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّهُمْ يَقُولُونَ مَا لَا يَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَذَكَرُوا۟ ٱللَّهَ كَثِيرًا وَٱنتَصَرُوا۟ مِنۢ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا۟ وَسَيَعْلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ أَىَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70