Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер болсо) Андан (Аллах тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар (Куран жөнүндө): «Бул – жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Куранды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллах) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Мээримдүү».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovже ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган (мөмөлүү) бак болсо..., (бул башка кеп). Залым (каапыр) болгондор (дагы): «(Эй, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКарачы (оо, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) хансарайларды жасап бере ала турган Аллах Улук-Берекеттүү![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондо, оо, Мухаммад,) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар айтышат: «Сен (Оо, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы башкаруучу-коргоочу кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы?[1] Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.[1] Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovПериштелерди көргөн ошол (кыямат) күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн бейиш) тап-такыр арам!» – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол Күнү (Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган) бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик чексиз Ырайымдууга (Аллахка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Периштелер тарабынан) жүздөрү менен (сүйрөлүп) тозокко чогултула турган адамдар..., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге чакыргыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фараон жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovНухтун коомун дагы пайгамбарларды[1] «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)» – дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким туура жолдон адашуучурак экенин билип алышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу?![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аны (Куран аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мушриктер) Аллахтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (шайтанга) жардамчы болду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду. Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.[1] Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар (Ырайымдуунун пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.[1]