caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Naml сүрөсү النمل

93 аят · Мекке · түшүү тартиби 48

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ طسٓ تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْقُرْءَانِ وَكِتَابٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТа, син. Булар – Курандын жана ачык-айкын (катасы жок) китептин аяттары.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТуура жол жана ыймандууларга сүйүнчү кабар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (ыймандуулар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана акыретке бекем ишенишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ زَيَّنَّا لَهُمْ أَعْمَٰلَهُمْ فَهُمْ يَعْمَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَهُمْ سُوٓءُ ٱلْعَذَابِ وَهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ هُمُ ٱلْأَخْسَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үчүн азаптын эң жаманы болот жана алар акыретте эң көп зыян тартуучулар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّكَ لَتُلَقَّى ٱلْقُرْءَانَ مِن لَّدُنْ حَكِيمٍ عَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Жана чынында (сага түшүрүлгөн) Куран – Билүүчү, Даанышман (Аллах) тарабынан берилген».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِأَهْلِهِۦٓ إِنِّىٓ ءَانَسْتُ نَارًا سَـَٔاتِيكُم مِّنْهَا بِخَبَرٍ أَوْ ءَاتِيكُم بِشِهَابٍ قَبَسٍ لَّعَلَّكُمْ تَصْطَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин, (аны менен) жылынып алаарсыңар» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَهَا نُودِىَ أَنۢ بُورِكَ مَن فِى ٱلنَّارِ وَمَنْ حَوْلَهَا وَسُبْحَٰنَ ٱللَّهِ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун![1] Ааламдардын Раббиси – Аллах аруу!» - деген добуш угулду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّهُۥٓ أَنَا ٱللَّهُ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Муса бул Мен – Кудуреттүү, Даанышман Аллахмын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَلْقِ عَصَاكَ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهْتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنٌّ وَلَّىٰ مُدْبِرًا وَلَمْ يُعَقِّبْ يَٰمُوسَىٰ لَا تَخَفْ إِنِّى لَا يَخَافُ لَدَىَّ ٱلْمُرْسَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТаягыңды ташта!» (таягын жерге таштады эле) Анын чоң жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! – (деди кайрадан жанагы добуш) – коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا مَن ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسْنًۢا بَعْدَ سُوٓءٍ فَإِنِّى غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат)ظ (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَدْخِلْ يَدَكَ فِى جَيْبِكَ تَخْرُجْ بَيْضَآءَ مِنْ غَيْرِ سُوٓءٍ فِى تِسْعِ ءَايَٰتٍ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَقَوْمِهِۦٓ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًا فَٰسِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок[1] аппак болуп чыгат. (آТаяк менен ак кол) Фараон жана анын коомуна арналган тогуз кереметтин[2] (экөөсү). Чынында алар бузулган коомдор.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَتْهُمْ ءَايَٰتُنَا مُبْصِرَةً قَالُوا۟ هَٰذَا سِحْرٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, качан аларга Биздин кереметтер келгенде! «Бул анык сыйкыр» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَحَدُوا۟ بِهَا وَٱسْتَيْقَنَتْهَآ أَنفُسُهُمْ ظُلْمًا وَعُلُوًّا فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُفْسِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا دَاوُۥدَ وَسُلَيْمَٰنَ عِلْمًا وَقَالَا ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى فَضَّلَنَا عَلَىٰ كَثِيرٍ مِّنْ عِبَادِهِ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди артыкчылыктуу кылды!» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَرِثَ سُلَيْمَٰنُ دَاوُۥدَ وَقَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ عُلِّمْنَا مَنطِقَ ٱلطَّيْرِ وَأُوتِينَا مِن كُلِّ شَىْءٍ إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلْفَضْلُ ٱلْمُبِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «Оо, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Акыйкатта бул (Аллах тарабынан берилген) анык артыкчылык!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحُشِرَ لِسُلَيْمَٰنَ جُنُودُهُۥ مِنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ وَٱلطَّيْرِ فَهُمْ يُوزَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَوْا۟ عَلَىٰ وَادِ ٱلنَّمْلِ قَالَتْ نَمْلَةٌ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّمْلُ ٱدْخُلُوا۟ مَسَٰكِنَكُمْ لَا يَحْطِمَنَّكُمْ سُلَيْمَٰنُ وَجُنُودُهُۥ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери байкабастан силерди тебелеп-жанчып кетишпесин!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَتَبَسَّمَ ضَاحِكًا مِّن قَوْلِهَا وَقَالَ رَبِّ أَوْزِعْنِىٓ أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ ٱلَّتِىٓ أَنْعَمْتَ عَلَىَّ وَعَلَىٰ وَٰلِدَىَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَٰلِحًا تَرْضَىٰهُ وَأَدْخِلْنِى بِرَحْمَتِكَ فِى عِبَادِكَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын сөзүнө Сулайман жылмайып күлдү да, (дуба кылып, мындай) деди: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَفَقَّدَ ٱلطَّيْرَ فَقَالَ مَا لِىَ لَآ أَرَى ٱلْهُدْهُدَ أَمْ كَانَ مِنَ ٱلْغَآئِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) көрүнбөй кеттиби?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَأُعَذِّبَنَّهُۥ عَذَابًا شَدِيدًا أَوْ لَأَا۟ذْبَحَنَّهُۥٓ أَوْ لَيَأْتِيَنِّى بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келсин!» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَكَثَ غَيْرَ بَعِيدٍ فَقَالَ أَحَطتُ بِمَا لَمْ تُحِطْ بِهِۦ وَجِئْتُكَ مِن سَبَإٍۭ بِنَبَإٍ يَقِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба[1] элинен анык кабар алып келдим.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى وَجَدتُّ ٱمْرَأَةً تَمْلِكُهُمْ وَأُوتِيَتْ مِن كُلِّ شَىْءٍ وَلَهَا عَرْشٌ عَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага бүткүл (керектүү кубаттуулуктун, бийликтин) себептери берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَدتُّهَا وَقَوْمَهَا يَسْجُدُونَ لِلشَّمْسِ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَٰنُ أَعْمَٰلَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ ٱلسَّبِيلِ فَهُمْ لَا يَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен ал аял менен анын коомун, Аллахты коюп, күнгө сажда (табынып) жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп туура жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан, туура жолго) түшүшкөн жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَّا يَسْجُدُوا۟ لِلَّهِ ٱلَّذِى يُخْرِجُ ٱلْخَبْءَ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَيَعْلَمُ مَا تُخْفُونَ وَمَا تُعْلِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلْعَرْشِ ٱلْعَظِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах(тын) бир Өзүнөн башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок! (Ал) улук Арштын Раббиси! (Үпүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң...,)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ سَنَنظُرُ أَصَدَقْتَ أَمْ كُنتَ مِنَ ٱلْكَٰذِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱذْهَب بِّكِتَٰبِى هَٰذَا فَأَلْقِهْ إِلَيْهِمْ ثُمَّ تَوَلَّ عَنْهُمْ فَٱنظُرْ مَاذَا يَرْجِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМенин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, карап тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүп куш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Саба канышасы катты ачып, мындай)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَؤُا۟ إِنِّىٓ أُلْقِىَ إِلَىَّ كِتَٰبٌ كَرِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovдеди: «Оо, кадырмандар, мага бир урматтуу кат келиптир.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ مِن سُلَيْمَٰنَ وَإِنَّهُۥ بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен (баштаймын).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَّا تَعْلُوا۟ عَلَىَّ وَأْتُونِى مُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Сабалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَؤُا۟ أَفْتُونِى فِىٓ أَمْرِى مَا كُنتُ قَاطِعَةً أَمْرًا حَتَّىٰ تَشْهَدُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы) айтты: «Кана, (акылман) улуктар, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ نَحْنُ أُو۟لُوا۟ قُوَّةٍ وَأُو۟لُوا۟ بَأْسٍ شَدِيدٍ وَٱلْأَمْرُ إِلَيْكِ فَٱنظُرِى مَاذَا تَأْمُرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Улуктар) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.[1] Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз». (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ إِنَّ ٱلْمُلُوكَ إِذَا دَخَلُوا۟ قَرْيَةً أَفْسَدُوهَا وَجَعَلُوٓا۟ أَعِزَّةَ أَهْلِهَآ أَذِلَّةً وَكَذَٰلِكَ يَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйтты: «Чынында падышалар бир айылга (айыл, шаарларга) басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنِّى مُرْسِلَةٌ إِلَيْهِم بِهَدِيَّةٍ فَنَاظِرَةٌۢ بِمَ يَرْجِعُ ٱلْمُرْسَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovА, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَ سُلَيْمَٰنَ قَالَ أَتُمِدُّونَنِ بِمَالٍ فَمَآ ءَاتَىٰنِۦَ ٱللَّهُ خَيْرٌ مِّمَّآ ءَاتَىٰكُم بَلْ أَنتُم بِهَدِيَّتِكُمْ تَفْرَحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллах берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарлык) силер алып келгендерден артык. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱرْجِعْ إِلَيْهِمْ فَلَنَأْتِيَنَّهُم بِجُنُودٍ لَّا قِبَلَ لَهُم بِهَا وَلَنُخْرِجَنَّهُم مِّنْهَآ أَذِلَّةً وَهُمْ صَٰغِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَؤُا۟ أَيُّكُمْ يَأْتِينِى بِعَرْشِهَا قَبْلَ أَن يَأْتُونِى مُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан) айтты: «Оо, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ عِفْرِيتٌ مِّنَ ٱلْجِنِّ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبْلَ أَن تَقُومَ مِن مَّقَامِكَ وَإِنِّى عَلَيْهِ لَقَوِىٌّ أَمِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖиндерден «Ифрит» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул ордуңдан турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ ٱلَّذِى عِندَهُۥ عِلْمٌ مِّنَ ٱلْكِتَٰبِ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبْلَ أَن يَرْتَدَّ إِلَيْكَ طَرْفُكَ فَلَمَّا رَءَاهُ مُسْتَقِرًّا عِندَهُۥ قَالَ هَٰذَا مِن فَضْلِ رَبِّى لِيَبْلُوَنِىٓ ءَأَشْكُرُ أَمْ أَكْفُرُ وَمَن شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِۦ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّى غَنِىٌّ كَرِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, китептен илими болгон анын (Сулаймандын) алдындагы бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген өзгөчөлүгү, артыкчылыгы. Ким шүгүр кылса, өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ نَكِّرُوا۟ لَهَا عَرْشَهَا نَنظُرْ أَتَهْتَدِىٓ أَمْ تَكُونُ مِنَ ٱلَّذِينَ لَا يَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَتْ قِيلَ أَهَٰكَذَا عَرْشُكِ قَالَتْ كَأَنَّهُۥ هُوَ وَأُوتِينَا ٱلْعِلْمَ مِن قَبْلِهَا وَكُنَّا مُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. (Анда Сулайман айтты): «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَصَدَّهَا مَا كَانَت تَّعْبُدُ مِن دُونِ ٱللَّهِ إِنَّهَا كَانَتْ مِن قَوْمٍ كَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллахтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллахка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قِيلَ لَهَا ٱدْخُلِى ٱلصَّرْحَ فَلَمَّا رَأَتْهُ حَسِبَتْهُ لُجَّةً وَكَشَفَتْ عَن سَاقَيْهَا قَالَ إِنَّهُۥ صَرْحٌ مُّمَرَّدٌ مِّن قَوَارِيرَ قَالَتْ رَبِّ إِنِّى ظَلَمْتُ نَفْسِى وَأَسْلَمْتُ مَعَ سُلَيْمَٰنَ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө..., аны суу деп ойлоп, (бутун чечип, кийимин) балтырына чейин көтөргөндө,[1] (Сулайман): «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди. (Сулаймандын Аллахтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Саба канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «Оо, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَٰلِحًا أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ فَإِذَا هُمْ فَرِيقَانِ يَخْتَصِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти «Аллахка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ يَٰقَوْمِ لِمَ تَسْتَعْجِلُونَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبْلَ ٱلْحَسَنَةِ لَوْلَا تَسْتَغْفِرُونَ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Салих) айтты: «Оо, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун (азапка алып баруучу) күнөөлүү иштерге шашыласыңар?! (Андан көрө) Аллахтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ ٱطَّيَّرْنَا بِكَ وَبِمَن مَّعَكَ قَالَ طَٰٓئِرُكُمْ عِندَ ٱللَّهِ بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌ تُفْتَنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) жаман жышаан кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Жаман жышааныңар Аллахтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَانَ فِى ٱلْمَدِينَةِ تِسْعَةُ رَهْطٍ يُفْسِدُونَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovШаарда, жер бетинде жакшылык эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ تَقَاسَمُوا۟ بِٱللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُۥ وَأَهْلَهُۥ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِۦ مَا شَهِدْنَا مَهْلِكَ أَهْلِهِۦ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَكَرُوا۟ مَكْرًا وَمَكَرْنَا مَكْرًا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ مَكْرِهِمْ أَنَّا دَمَّرْنَٰهُمْ وَقَوْمَهُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКарачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَتِلْكَ بُيُوتُهُمْ خَاوِيَةًۢ بِمَا ظَلَمُوٓا۟ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنجَيْنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَكَانُوا۟ يَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ أَتَأْتُونَ ٱلْفَٰحِشَةَ وَأَنتُمْ تُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (оо, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهْوَةً مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِ بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌ تَجْهَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓا۟ أَخْرِجُوٓا۟ ءَالَ لُوطٍ مِّن قَرْيَتِكُمْ إِنَّهُمْ أُنَاسٌ يَتَطَهَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКоому ага (шылдыңдаган абалда): “Луттун үй-бүлөсүн (жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен!” – деген сөз менен гана жооп берди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَنجَيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ قَدَّرْنَٰهَا مِنَ ٱلْغَٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Биз ага кыйрагандардын (бири) болууну тагдыр кылган элек.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِم مَّطَرًا فَسَآءَ مَطَرُ ٱلْمُنذَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алардын үстүнө (таш) жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин[1] «жамгыры» аябай жаман болду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ وَسَلَٰمٌ عَلَىٰ عِبَادِهِ ٱلَّذِينَ ٱصْطَفَىٰٓ ءَآللَّهُ خَيْرٌ أَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (оо, Мухаммад): «Аллахка мактоолор, тандап алган пенделерине (пайгамбарларга) салам болсун! Аллах жакшыбы, же силер (Аллахка) шерик кылып жаткан «кудайларбы»?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَنۢبَتْنَا بِهِۦ حَدَآئِقَ ذَاتَ بَهْجَةٍ مَّا كَانَ لَكُمْ أَن تُنۢبِتُوا۟ شَجَرَهَآ أَءِلَٰهٌ مَّعَ ٱللَّهِ بَلْ هُمْ قَوْمٌ يَعْدِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен жерди жаратып, силерге асмандан суу түшүргөн ким?» Биз ал суу менен кооз-көркөм бактарды өндүрдүк. Силер ал бактардын дарактарын өндүрүп-өстүрө албайт элеңер. (Эми, айткылачы, ушуларды) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайлар» жасадыбы?! Жок! Алар (Аллахка башка «кудайды») тең кылган адамдар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَّن جَعَلَ ٱلْأَرْضَ قَرَارًا وَجَعَلَ خِلَٰلَهَآ أَنْهَٰرًا وَجَعَلَ لَهَا رَوَٰسِىَ وَجَعَلَ بَيْنَ ٱلْبَحْرَيْنِ حَاجِزًا أَءِلَٰهٌ مَّعَ ٱللَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, жерди ким (инсаниятка) башпаанек кылды? Анын араларына (ким) дарыяларды агызып, үстүнө тоолорду орнотуп, эки деңиздин (дарыя менен деңиздин) арасына (ким) тосмо койду? (Аллахбы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) «кудайбы»?! Жок! Алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَّن يُجِيبُ ٱلْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكْشِفُ ٱلسُّوٓءَ وَيَجْعَلُكُمْ خُلَفَآءَ ٱلْأَرْضِ أَءِلَٰهٌ مَّعَ ٱللَّهِ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, жамандыкты ким кетирет? Жана силерди жер бетине бириңердин артынан бириңерди калуучу орун басар кылган (ким)? (Аллахбы) же, Аллах менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَّن يَهْدِيكُمْ فِى ظُلُمَٰتِ ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ وَمَن يُرْسِلُ ٱلرِّيَٰحَ بُشْرًۢا بَيْنَ يَدَىْ رَحْمَتِهِۦٓ أَءِلَٰهٌ مَّعَ ٱللَّهِ تَعَٰلَى ٱللَّهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, силерге кургактык менен деңиздердин караңгылыктарында жол көргөзгөн ким? Жана Өз ырайымы астынан, сүйүнүчтүн элчиси катары шамалдарды жиберген ким? (Аллахбы) же, (силердин оюңардагы) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайбы»?! Аллах алардын ширк амалдарынан (Аруу Таза жана) Бийик!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَّن يَبْدَؤُا۟ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَمَن يَرْزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ أَءِلَٰهٌ مَّعَ ٱللَّهِ قُلْ هَاتُوا۟ بُرْهَٰنَكُمْ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллахбы) же Аллах менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллахтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لَّا يَعْلَمُ مَن فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ٱلْغَيْبَ إِلَّا ٱللَّهُ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты[1] билбейт. Бир гана Аллах билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلِ ٱدَّٰرَكَ عِلْمُهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ بَلْ هُمْ فِى شَكٍّ مِّنْهَا بَلْ هُم مِّنْهَا عَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, (сезбейт гана эмес) алардын акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар акыреттен таптакыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبًا وَءَابَآؤُنَآ أَئِنَّا لَمُخْرَجُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَقَدْ وُعِدْنَا هَٰذَا نَحْنُ وَءَابَآؤُنَا مِن قَبْلُ إِنْ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُن فِى ضَيْقٍ مِّمَّا يَمْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен аларга кайгырба жана айлакерликтеринен сыгылба.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلْوَعْدُ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ رَدِفَ لَكُم بَعْضُ ٱلَّذِى تَسْتَعْجِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири мүмкүн силерге жакындап калды.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга ырайымдуу. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا مِنْ غَآئِبَةٍ فِى ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ إِلَّا فِى كِتَٰبٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ هَٰذَا ٱلْقُرْءَانَ يَقُصُّ عَلَىٰ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ أَكْثَرَ ٱلَّذِى هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Чынында, бул Куран Исраил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) баяндап берет».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّهُۥ لَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِّلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл ыймандуулар үчүн ырайым жана туура жол.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ رَبَّكَ يَقْضِى بَيْنَهُم بِحُكْمِهِۦ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, сенин Раббиң Өзүнүн (Курандагы) өкүмү менен алардын арасында өкүм жүргүзөт. Жана Ал Кудуреттүү, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ إِنَّكَ عَلَى ٱلْحَقِّ ٱلْمُبِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми сен (ушундай Кудуреттүү, Билүүчү) Аллахка өзүңдү тапшыр (тобокел кыл). Чынында, сен анык акыйкаттын үстүндөсүң. (Бирок, сенин жолуң, колуңдагы Куран канчалык акыйкат болсо да, аны руху өлгөн адамдар укпайт. Ошондуктан...)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّكَ لَا تُسْمِعُ ٱلْمَوْتَىٰ وَلَا تُسْمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوْا۟ مُدْبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен «өлүктөргө» угуза албайсың. Үгүт-чакырыкты тескери басып бараткан «дүлөйлөргө» да угуза албайсың.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنتَ بِهَٰدِى ٱلْعُمْىِ عَن ضَلَٰلَتِهِمْ إِن تُسْمِعُ إِلَّا مَن يُؤْمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُم مُّسْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондой эле), сен сокурларды адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا وَقَعَ ٱلْقَوْلُ عَلَيْهِمْ أَخْرَجْنَا لَهُمْ دَآبَّةً مِّنَ ٱلْأَرْضِ تُكَلِّمُهُمْ أَنَّ ٱلنَّاسَ كَانُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا لَا يُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан адамдарга (убада кылынган) сөз (кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар чыгарабыз.[1] Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызга ишенишкен жок деп сүйлөйт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ نَحْشُرُ مِن كُلِّ أُمَّةٍ فَوْجًا مِّمَّن يُكَذِّبُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُمْ يُوزَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган күндү (кыяматты эстегин).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُو قَالَ أَكَذَّبْتُم بِـَٔايَٰتِى وَلَمْ تُحِيطُوا۟ بِهَا عِلْمًا أَمَّاذَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан алар келгенде (Аллах) айтты: «Менин аяттарымды толук билбей (түшүнбөй) туруп, аны жалганга чыгардыңарбы?! Же анда эмне кылгансыңар?!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَقَعَ ٱلْقَوْلُ عَلَيْهِم بِمَا ظَلَمُوا۟ فَهُمْ لَا يَنطِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا جَعَلْنَا ٱلَّيْلَ لِيَسْكُنُوا۟ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبْصِرًا إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКарашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн..., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга анык белгилер бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ يُنفَخُ فِى ٱلصُّورِ فَفَزِعَ مَن فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِى ٱلْأَرْضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُ وَكُلٌّ أَتَوْهُ دَٰخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСур (кернейи) тартылган күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллах каалагандардан башка бардык жандуулар катуу коркунучка түшөт. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллахка моюн сунган абалда келишет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَرَى ٱلْجِبَالَ تَحْسَبُهَا جَامِدَةً وَهِىَ تَمُرُّ مَرَّ ٱلسَّحَابِ صُنْعَ ٱللَّهِ ٱلَّذِىٓ أَتْقَنَ كُلَّ شَىْءٍ إِنَّهُۥ خَبِيرٌۢ بِمَا تَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен (кыямат күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (жок, андай болбойт). Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт.[1] Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллахтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن جَآءَ بِٱلْحَسَنَةِ فَلَهُۥ خَيْرٌ مِّنْهَا وَهُم مِّن فَزَعٍ يَوْمَئِذٍ ءَامِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим (тигил дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَكُبَّتْ وُجُوهُهُمْ فِى ٱلنَّارِ هَلْ تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар жүздөрү менен тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَآ أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ رَبَّ هَٰذِهِ ٱلْبَلْدَةِ ٱلَّذِى حَرَّمَهَا وَلَهُۥ كُلُّ شَىْءٍ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ ٱلْمُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Айткын): «Мен ушул шаардын (Меккенин) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллах ал шаарды ыйык кылган. Бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنْ أَتْلُوَا۟ ٱلْقُرْءَانَ فَمَنِ ٱهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِى لِنَفْسِهِۦ وَمَن ضَلَّ فَقُلْ إِنَّمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُنذِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Куранды окуп берүүгө (да буюрулганмын). Эми, ким туура жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдүн биримин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ سَيُرِيكُمْ ءَايَٰتِهِۦ فَتَعْرِفُونَهَا وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана айткын: «Аллахка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аят-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70