Башкы бет › Сүрөлөр › Nooh сүрөсү
Nooh сүрөсү نوح
28 аят · Мекке · түшүү тартиби 71
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ إِنَّآ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦٓ أَنْ أَنذِرْ قَوْمَكَ مِن قَبْلِ أَن يَأْتِيَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин»[1] - (деп вахий кылдык).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ يَٰقَوْمِ إِنِّى لَكُمْ نَذِيرٌ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал айтты: «Оо, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُ وَأَطِيعُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллахка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَغْفِرْ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمْ وَيُؤَخِّرْكُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍ مُّسَمًّى إِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ إِذَا جَآءَ لَا يُؤَخَّرُ لَوْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллахтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер».[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ رَبِّ إِنِّى دَعَوْتُ قَوْمِى لَيْلًا وَنَهَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Нух) айтты : «Оо, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَلَمْ يَزِدْهُمْ دُعَآءِىٓ إِلَّا فِرَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنِّى كُلَّمَا دَعَوْتُهُمْ لِتَغْفِرَ لَهُمْ جَعَلُوٓا۟ أَصَٰبِعَهُمْ فِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَٱسْتَغْشَوْا۟ ثِيَابَهُمْ وَأَصَرُّوا۟ وَٱسْتَكْبَرُوا۟ ٱسْتِكْبَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ إِنِّى دَعَوْتُهُمْ جِهَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ إِنِّىٓ أَعْلَنتُ لَهُمْ وَأَسْرَرْتُ لَهُمْ إِسْرَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقُلْتُ ٱسْتَغْفِرُوا۟ رَبَّكُمْ إِنَّهُۥ كَانَ غَفَّارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يُرْسِلِ ٱلسَّمَآءَ عَلَيْكُم مِّدْرَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Cилерге асмандан себелеген жамгыр жиберет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيُمْدِدْكُم بِأَمْوَٰلٍ وَبَنِينَ وَيَجْعَل لَّكُمْ جَنَّٰتٍ وَيَجْعَل لَّكُمْ أَنْهَٰرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَّا لَكُمْ لَا تَرْجُونَ لِلَّهِ وَقَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силерге эмне болгон, Аллахка улуулукту каалабайсыңар?[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَدْ خَلَقَكُمْ أَطْوَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал силерди доор - доор менен жаратты го![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَلَمْ تَرَوْا۟ كَيْفَ خَلَقَ ٱللَّهُ سَبْعَ سَمَٰوَٰتٍ طِبَاقًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллах (таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы?!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَجَعَلَ ٱلْقَمَرَ فِيهِنَّ نُورًا وَجَعَلَ ٱلشَّمْسَ سِرَاجًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱللَّهُ أَنۢبَتَكُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ نَبَاتًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ يُعِيدُكُمْ فِيهَا وَيُخْرِجُكُمْ إِخْرَاجًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ بِسَاطًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аллах силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لِّتَسْلُكُوا۟ مِنْهَا سُبُلًا فِجَاجًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَالَ نُوحٌ رَّبِّ إِنَّهُمْ عَصَوْنِى وَٱتَّبَعُوا۟ مَن لَّمْ يَزِدْهُ مَالُهُۥ وَوَلَدُهُۥٓ إِلَّا خَسَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَكَرُوا۟ مَكْرًا كُبَّارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَالُوا۟ لَا تَذَرُنَّ ءَالِهَتَكُمْ وَلَا تَذَرُنَّ وَدًّا وَلَا سُوَاعًا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسْرًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Суваны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَدْ أَضَلُّوا۟ كَثِيرًا وَلَا تَزِدِ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا ضَلَٰلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (оо, Аллахым!) залымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مِّمَّا خَطِيٓـَٰٔتِهِمْ أُغْرِقُوا۟ فَأُدْخِلُوا۟ نَارًا فَلَمْ يَجِدُوا۟ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَنصَارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллахтан башка жардамчы таппай калышты![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَالَ نُوحٌ رَّبِّ لَا تَذَرْ عَلَى ٱلْأَرْضِ مِنَ ٱلْكَٰفِرِينَ دَيَّارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Нух айтты: “Оо, Раббим! Жер бетинде каапырлардын эч бирин калтырбагын!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّكَ إِن تَذَرْهُمْ يُضِلُّوا۟ عِبَادَكَ وَلَا يَلِدُوٓا۟ إِلَّا فَاجِرًا كَفَّارًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
رَّبِّ ٱغْفِرْ لِى وَلِوَٰلِدَىَّ وَلِمَن دَخَلَ بَيْتِىَ مُؤْمِنًا وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَٰتِ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا تَبَارًۢا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Оо, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Залымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Al-Ma'aarij сүрөсү
Al-Jinn сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.