caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Ma'aarij сүрөсү المعارج

44 аят · Мекке · түшүү тартиби 79

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ سَأَلَ سَآئِلٌۢ بِعَذَابٍ وَاقِعٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктерден) бир суроочу[1] собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّلْكَٰفِرِينَ لَيْسَ لَهُۥ دَافِعٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مِّنَ ٱللَّهِ ذِى ٱلْمَعَارِجِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин[1] ээси Аллах тарабынан (келет).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَعْرُجُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُۥ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovПериштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُۥ بَعِيدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَرَىٰهُ قَرِيبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз болсо, жакын (анык) деп билебиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلْمُهْلِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө асман эритилген жез сыяктуу,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَكُونُ ٱلْجِبَالُ كَٱلْعِهْنِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا يَسْـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُبَصَّرُونَهُمْ يَوَدُّ ٱلْمُجْرِمُ لَوْ يَفْتَدِى مِنْ عَذَابِ يَوْمِئِذٍۭ بِبَنِيهِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovаялын жана ага-инилерин,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِى تُـْٔوِيهِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovөзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًا ثُمَّ يُنجِيهِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّآ إِنَّهَا لَظَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Ал (тозок) – алоолонгон от,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَزَّاعَةً لِّلشَّوَىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovтерилерди шылып алуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَدْعُوا۟ مَنْ أَدْبَرَ وَتَوَلَّىٰ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَمَعَ فَأَوْعَىٰٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلْإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында инсан чыдамсыз жаратылган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا مَسَّهُ ٱلْخَيْرُ مَنُوعًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا ٱلْمُصَلِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovНамаз окуучулар гана андай эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ دَآئِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар намаздарын дайым окушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ فِىٓ أَمْوَٰلِهِمْ حَقٌّ مَّعْلُومٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّلسَّآئِلِ وَٱلْمَحْرُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovмуктаждар жана сурагандар үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ هُم مِّنْ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشْفِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Раббисинин азабынан коркушат…

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمْ غَيْرُ مَأْمُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَٰفِظُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزْوَٰجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَنِ ٱبْتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْعَادُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِأَمَٰنَٰتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَٰعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمْ قَآئِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар намаздарын(ын убактысын) сакташат…

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ فِى جَنَّٰتٍ مُّكْرَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар – бейиштерде сыйлануучулар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ قِبَلَكَ مُهْطِعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَنِ ٱلْيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОң каптал жана сол капталдан топурап?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَيَطْمَعُ كُلُّ ٱمْرِئٍ مِّنْهُمْ أَن يُدْخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّآ إِنَّا خَلَقْنَٰهُم مِّمَّا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَآ أُقْسِمُ بِرَبِّ ٱلْمَشَٰرِقِ وَٱلْمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيْرًا مِّنْهُمْ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovаларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَذَرْهُمْ يَخُوضُوا۟ وَيَلْعَبُوا۟ حَتَّىٰ يُلَٰقُوا۟ يَوْمَهُمُ ٱلَّذِى يُوعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يَخْرُجُونَ مِنَ ٱلْأَجْدَاثِ سِرَاعًا كَأَنَّهُمْ إِلَىٰ نُصُبٍ يُوفِضُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَٰشِعَةً أَبْصَٰرُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ذَٰلِكَ ٱلْيَوْمُ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يُوعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70