caseriqКуранда маани боюнча издөө

Qaaf сүрөсү ق

45 аят · Мекке · түшүү тартиби 34

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ قٓ وَٱلْقُرْءَانِ ٱلْمَجِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаф.[1] Улук Куранга ант!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ عَجِبُوٓا۟ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٌ مِّنْهُمْ فَقَالَ ٱلْكَٰفِرُونَ هَٰذَا شَىْءٌ عَجِيبٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Курайштык) каапырлар (Курандын улуктугун баалоонун ордуна) тескерисинче, аларга өздөрүнүн эле арасында жүргөн (адам) эскертүүчү-пайгамбар (болуп) келгенине таң калып (мындай) дешти: «Бул кызык нерсе го?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا ذَٰلِكَ رَجْعٌۢ بَعِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, биз өлүп (чирип) топурак болуп калсак (деле кайра тирилебизби?) Бул – өтө алыс (мүмкүн эмес) кайтуу!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ عَلِمْنَا مَا تَنقُصُ ٱلْأَرْضُ مِنْهُمْ وَعِندَنَا كِتَٰبٌ حَفِيظٌۢ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз, жер алардан (алардын денелеринен «жеп») кемиткен нерсени билдик. Жана Биздин алдыбызда (бардык нерсенин илимин Өзүндө) сактоочу Китеп (Лавхул Махфуз) бар.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ كَذَّبُوا۟ بِٱلْحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمْ فَهُمْ فِىٓ أَمْرٍ مَّرِيجٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Аларга Акыйкат (Куран) келген учурда «жалган» деп айтышкан. Алар (Куран жөнүндө) туруксуз пикирде болушту.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَلَمْ يَنظُرُوٓا۟ إِلَى ٱلسَّمَآءِ فَوْقَهُمْ كَيْفَ بَنَيْنَٰهَا وَزَيَّنَّٰهَا وَمَا لَهَا مِن فُرُوجٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үстүндөгү асманга (акыл көзү менен) карашпайбы?! Биз аны (түркүгү жок) куруп, (жылдыздар менен) кооздоп койдук. Анын жарака-тешиги да жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْأَرْضَ مَدَدْنَٰهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍۭ بَهِيجٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жерди да кең-кенен кылып (жаратып), ага тоолорду таштап, анын үстүндө ар түрдүү сонун жуптарды өндүрүп-өстүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَبْصِرَةً وَذِكْرَىٰ لِكُلِّ عَبْدٍ مُّنِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллахка) кайтуучу ар бир пенде үчүн эскерме жана сабак болсун деп

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَزَّلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً مُّبَٰرَكًا فَأَنۢبَتْنَا بِهِۦ جَنَّٰتٍ وَحَبَّ ٱلْحَصِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп, аны менен бак-дарактарды, жыйнап алынуучу дандарды өстүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلنَّخْلَ بَاسِقَٰتٍ لَّهَا طَلْعٌ نَّضِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБутактары мөмөлөгөн бийик курмаларды дагы (өстүрдүк),

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رِّزْقًا لِّلْعِبَادِ وَأَحْيَيْنَا بِهِۦ بَلْدَةً مَّيْتًا كَذَٰلِكَ ٱلْخُرُوجُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovпенделерге ырыскы болсун деп. Жана ал (суу-жамгыр) менен өлүк шаарларды тирилттик. (Кайра тирилип, мүрзөлөрдөн) чыгуу ушул сыяктуу болот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَأَصْحَٰبُ ٱلرَّسِّ وَثَمُودُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан (Мекке мушриктеринен) мурун Нухтун коому, кудук элдери жана Самуд коому (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَادٌ وَفِرْعَوْنُ وَإِخْوَٰنُ لُوطٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАад коому, Фараон, Луттун (каапыр) бир туугандары дагы.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَصْحَٰبُ ٱلْأَيْكَةِ وَقَوْمُ تُبَّعٍ كُلٌّ كَذَّبَ ٱلرُّسُلَ فَحَقَّ وَعِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТокой элдери жана Тубба коому дагы «жалганчы» дешкенде...(алардын үстүнө) Менин (азап жөнүндөгү) убадам чындап келди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَعَيِينَا بِٱلْخَلْقِ ٱلْأَوَّلِ بَلْ هُمْ فِى لَبْسٍ مِّنْ خَلْقٍ جَدِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, Биз абалкы жаратууда алсыздык кылган белек? Тескерисинче, алар (Мекке мушриктери) жаңыдан (экинчи ирет) жаратуудан күмөндө болушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ وَنَعْلَمُ مَا تُوَسْوِسُ بِهِۦ نَفْسُهُۥ وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنْ حَبْلِ ٱلْوَرِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИнсанды Биз жаратканбыз жана анын напсиси азгыра турган нерселерди да Өзүбүз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ يَتَلَقَّى ٱلْمُتَلَقِّيَانِ عَنِ ٱلْيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ قَعِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнткени, (инсандын) оң жана сол тарабында (Биз жиберген) эки кабыл алуучу (периште) олтурат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا يَلْفِظُ مِن قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү (периште) турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَآءَتْ سَكْرَةُ ٱلْمَوْتِ بِٱلْحَقِّ ذَٰلِكَ مَا كُنتَ مِنْهُ تَحِيدُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, күнөөкөр адам!) Өлүм масчылыгы Акыйкатта (мына башыңа) келди! Сен качып жүргөн нерсе – ушул!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنُفِخَ فِى ٱلصُّورِ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلْوَعِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (мынакей), Сур (кернейи) да тартылды. Бул - убада кылынган Күн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَآءَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَّعَهَا سَآئِقٌ وَشَهِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ар бир жан (ээси) бир айдоочу жана бир күбө болуучу (периштенин) коштоосунда (сурак майданына) келди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّقَدْ كُنتَ فِى غَفْلَةٍ مِّنْ هَٰذَا فَكَشَفْنَا عَنكَ غِطَآءَكَ فَبَصَرُكَ ٱلْيَوْمَ حَدِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Акыретти жалган деген пенде!) Сен мындан капылетте (кайдыгер) болчусуң. Анан Биз сенин (кайдыгерлик) пардаңды ачып салдык. Мына эми, бүгүн сенин көздөрүң (аябай) өткүр![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ قَرِينُهُۥ هَٰذَا مَا لَدَىَّ عَتِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана анын (бул дүйнөдөгү) коштоочу периштеси айтты: «Бул (каапырдын жасаган иштеринин тизме китеби) менин алдымда даяр». (Анан коштогон эки периштеге айтылды):

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلْقِيَا فِى جَهَنَّمَ كُلَّ كَفَّارٍ عَنِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Тозокко таштагыла, (чындыкты) четке каккан ар бир каапырды,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّنَّاعٍ لِّلْخَيْرِ مُعْتَدٍ مُّرِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovчектен ашып, (Акыреттен) шектенген жана жакшы (сооп) иштерге бут тоскондорду!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِى جَعَلَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَأَلْقِيَاهُ فِى ٱلْعَذَابِ ٱلشَّدِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахка кошуп, башка кудай жасап алган адамдар! Аларды катуу азапка таштагыла!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ قَرِينُهُۥ رَبَّنَا مَآ أَطْغَيْتُهُۥ وَلَٰكِن كَانَ فِى ضَلَٰلٍۭ بَعِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын коштоочу шайтаны[1] айтты: «Оо, Рабби! Муну мен (Сага) каршы жолго баштабадым. Бирок, өзү алыс адашууда болгон».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لَا تَخْتَصِمُوا۟ لَدَىَّ وَقَدْ قَدَّمْتُ إِلَيْكُم بِٱلْوَعِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мен силерге Өзүмдүн (тозок жөнүндөгү) кабарымды мурда айтканмын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا يُبَدَّلُ ٱلْقَوْلُ لَدَىَّ وَمَآ أَنَا۠ بِظَلَّٰمٍ لِّلْعَبِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМенин Сөзүм өзгөрбөйт жана Мен пенделерге зулумдук кылуучу эмесмин!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ نَقُولُ لِجَهَنَّمَ هَلِ ٱمْتَلَأْتِ وَتَقُولُ هَلْ مِن مَّزِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол күнү Биз тозокко: «(Каапырларга) толдуңбу?» - дейбиз. Ал: «Дагы барбы?» - дейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأُزْلِفَتِ ٱلْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ غَيْرَ بَعِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِكُلِّ أَوَّابٍ حَفِيظٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ушул силерге – ар бир (Аллахка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّنْ خَشِىَ ٱلرَّحْمَٰنَ بِٱلْغَيْبِ وَجَآءَ بِقَلْبٍ مُّنِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Раббисине) тообо кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱدْخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلْخُلُودِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы аларга) «Бейишке сак-саламат киргиле! Бул түбөлүктүүлүктүн күнү» - деп айтылат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَهُم مَّا يَشَآءُونَ فِيهَا وَلَدَيْنَا مَزِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга анда каалаган нерселери бар. Жана Биздин алдыбызда кошумча (сооп-сыйлыктар да) бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هُمْ أَشَدُّ مِنْهُم بَطْشًا فَنَقَّبُوا۟ فِى ٱلْبِلَٰدِ هَلْ مِن مَّحِيصٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардан (Мекке мушриктеринен) мурун нечен-нечен (каапыр) муундарды кыйратканбыз. Алар булардан кубаттуураак болчу. (Балээ келгенде) шаарларда тыркырап, (качканы жай таппай калышты). (Аллахтын азабынан) кача турган жер бар бекен?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى ٱلسَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, бул нерседе (соо) жүрөктүү же болбосо сергек абалда кулак салган адамдар үчүн сабактар бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِى سِتَّةِ أَيَّامٍ وَمَا مَسَّنَا مِن لُّغُوبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ ٱلشَّمْسِ وَقَبْلَ ٱلْغُرُوبِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын сөздөрүнө сабырдуу бол! Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَسَبِّحْهُ وَأَدْبَٰرَ ٱلسُّجُودِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан Ага тасбих айт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱسْتَمِعْ يَوْمَ يُنَادِ ٱلْمُنَادِ مِن مَّكَانٍ قَرِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакын жерден бир жарчы (Исрафил периште Сур кернейи менен ) жар чакырган Күнү ага кулак сал!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يَسْمَعُونَ ٱلصَّيْحَةَ بِٱلْحَقِّ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلْخُرُوجِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Күнү (бардык калайык-калк) акыйкат айкырыкты угат. Бул – (мүрзөдөн тирилип) чыгуу Күнү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا نَحْنُ نُحْىِۦ وَنُمِيتُ وَإِلَيْنَا ٱلْمَصِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында (инсаниятка) Биз жашоо бергенбиз жана Өзүбүз жанын алабыз. Жана кайтуу - Өзүбүзгө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تَشَقَّقُ ٱلْأَرْضُ عَنْهُمْ سِرَاعًا ذَٰلِكَ حَشْرٌ عَلَيْنَا يَسِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَّحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَقُولُونَ وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِجَبَّارٍ فَذَكِّرْ بِٱلْقُرْءَانِ مَن يَخَافُ وَعِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын эмне деп жатканын Биз эң жакшы билебиз. Сен аларды мажбурлоочу эмессиң.[1] Эми сен Менин коркунучтуу убадаларымдан корккон адамдарды Куран менен эскерт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70