Башкы бет › Сүрөлөр › Ash-Shams сүрөсү
Ash-Shams сүрөсү الشمس
15 аят · Мекке · түшүү тартиби 26
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلشَّمْسِ وَضُحَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Күн жана анын жарыгына ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْقَمَرِ إِذَا تَلَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلنَّهَارِ إِذَا جَلَّىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلَّيْلِ إِذَا يَغْشَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аны ороп кала турган түнгө ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلسَّمَآءِ وَمَا بَنَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Асманга жана аны (бекем) курганга[1] ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْأَرْضِ وَمَا طَحَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жерге жана аны жайганга ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَفْسٍ وَمَا سَوَّىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَلْهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقْوَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَدْ أَفْلَحَ مَن زَكَّىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَقَدْ خَابَ مَن دَسَّىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِطَغْوَىٰهَآ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِذِ ٱنۢبَعَثَ أَشْقَىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ ٱللَّهِ نَاقَةَ ٱللَّهِ وَسُقْيَٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمْدَمَ عَلَيْهِمْ رَبُّهُم بِذَنۢبِهِمْ فَسَوَّىٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَا يَخَافُ عُقْبَٰهَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Al-Balad сүрөсү
Al-Lail сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.