Башкы бет › Сүрөлөр › Ad-Dukhaan сүрөсү
Ad-Dukhaan сүрөсү الدخان
59 аят · Мекке · түшүү тартиби 64
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ حمٓ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Хаа, Миим.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْكِتَٰبِ ٱلْمُبِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ачык баяндоочу Китепке ант!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّآ أَنزَلْنَٰهُ فِى لَيْلَةٍ مُّبَٰرَكَةٍ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فِيهَا يُفْرَقُ كُلُّ أَمْرٍ حَكِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَمْرًا مِّنْ عِندِنَآ إِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
رَحْمَةً مِّن رَّبِّكَ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحْىِۦ وَيُمِيتُ رَبُّكُمْ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلْ هُمْ فِى شَكٍّ يَلْعَبُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱرْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِى ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٍ مُّبِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَغْشَى ٱلنَّاسَ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
رَّبَّنَا ٱكْشِفْ عَنَّا ٱلْعَذَابَ إِنَّا مُؤْمِنُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكْرَىٰ وَقَدْ جَآءَهُمْ رَسُولٌ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ تَوَلَّوْا۟ عَنْهُ وَقَالُوا۟ مُعَلَّمٌ مَّجْنُونٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّا كَاشِفُوا۟ ٱلْعَذَابِ قَلِيلًا إِنَّكُمْ عَآئِدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَوْمَ نَبْطِشُ ٱلْبَطْشَةَ ٱلْكُبْرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Анан) чоң азап менен азапталган күнү[1] Биз силерден өч алдык.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ فَتَنَّا قَبْلَهُمْ قَوْمَ فِرْعَوْنَ وَجَآءَهُمْ رَسُولٌ كَرِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَنْ أَدُّوٓا۟ إِلَىَّ عِبَادَ ٱللَّهِ إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла![1] Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَأَن لَّا تَعْلُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ إِنِّىٓ ءَاتِيكُم بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Өзүңөрдү Аллахтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِنِّى عُذْتُ بِرَبِّى وَرَبِّكُمْ أَن تَرْجُمُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَإِن لَّمْ تُؤْمِنُوا۟ لِى فَٱعْتَزِلُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوْمٌ مُّجْرِمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)» – деп дуба кылды.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأَسْرِ بِعِبَادِى لَيْلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Аллах анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат» - деп, (вахий кылды). (Фараон аларга жетейин деп калганда Аллах таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деңизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн таягын саздап калганда, Аллах таала, алардын артынан келген Фараоун аскерлерин деңиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага:)
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱتْرُكِ ٱلْبَحْرَ رَهْوًا إِنَّهُمْ جُندٌ مُّغْرَقُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» – деди.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَمْ تَرَكُوا۟ مِن جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар нечендеген бактарды, булактарды,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَزُرُوعٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنَعْمَةٍ كَانُوا۟ فِيهَا فَٰكِهِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَٰلِكَ وَأَوْرَثْنَٰهَا قَوْمًا ءَاخَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исраил урпактарына) мурастап бердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَمَا بَكَتْ عَلَيْهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلْأَرْضُ وَمَا كَانُوا۟ مُنظَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок![1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدْ نَجَّيْنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلْعَذَابِ ٱلْمُهِينِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз Исраил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан –
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مِن فِرْعَوْنَ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيًا مِّنَ ٱلْمُسْرِفِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Фараондон куткардык. Ал өзүн (Аллахтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَلَقَدِ ٱخْتَرْنَٰهُمْ عَلَىٰ عِلْمٍ عَلَى ٱلْعَٰلَمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз билген абалда аларды (Исраил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَءَاتَيْنَٰهُم مِّنَ ٱلْـَٔايَٰتِ مَا فِيهِ بَلَٰٓؤٌا۟ مُّبِينٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана аларга анык сыноолорду[1] ичине камтыган моожизаларды бердик.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар (Курайш каапырлары) айтышты:
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنْ هِىَ إِلَّا مَوْتَتُنَا ٱلْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُنشَرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَأْتُوا۟ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эгер силер (оо, момундар) чынчыл болсоңор,[1] биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
أَهُمْ خَيْرٌ أَمْ قَوْمُ تُبَّعٍ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ أَهْلَكْنَٰهُمْ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ مُجْرِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ушулар (Мекке мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба[1] коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَٰعِبِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
مَا خَلَقْنَٰهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ يَوْمَ ٱلْفَصْلِ مِيقَٰتُهُمْ أَجْمَعِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَوْمَ لَا يُغْنِى مَوْلًى عَن مَّوْلًى شَيْـًٔا وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бир гана Аллах ырайым кылган кишилерге (Аллах тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Тозоктогу) «Заккум» дарагы –
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
طَعَامُ ٱلْأَثِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Күнөөкөр адамдардын тамагы.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَٱلْمُهْلِ يَغْلِى فِى ٱلْبُطُونِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَغَلْىِ ٱلْحَمِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
خُذُوهُ فَٱعْتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ صُبُّوا۟ فَوْقَ رَأْسِهِۦ مِنْ عَذَابِ ٱلْحَمِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ذُقْ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْكَرِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمْتَرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бул – силер ишенбеген азаптар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى مَقَامٍ أَمِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эми, такыба кишилер тынч-бейпил жерлерде,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бейиштерде, булактарда,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَلْبَسُونَ مِن سُندُسٍ وَإِسْتَبْرَقٍ مُّتَقَٰبِلِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov «Истабрак» жана «Сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
كَذَٰلِكَ وَزَوَّجْنَٰهُم بِحُورٍ عِينٍ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ошондой эле, Биз аларды жал-жал көз сулууларга үйлөнтүп койобуз.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
يَدْعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلْمَوْتَ إِلَّا ٱلْمَوْتَةَ ٱلْأُولَىٰ وَوَقَىٰهُمْ عَذَابَ ٱلْجَحِيمِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллах) аларды тозок азабынан сактаган.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَضْلًا مِّن رَّبِّكَ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Бул) – Раббиңден болгон пазилет! Бул – чоң жеңиш!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَإِنَّمَا يَسَّرْنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад!) Биз аны (Куранды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَٱرْتَقِبْ إِنَّهُم مُّرْتَقِبُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми сен (Аллах алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← Az-Zukhruf сүрөсү
Al-Jaathiya сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.