Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллах асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул – Аллахтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз.[1] Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл өзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллахтан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга улук азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Ыйман келтирген адамдарга айт, Аллахтын (Акыреттеги) күндөрүн(өн эч нерсени) үмүт кылбагандарды кечиришсин. (Аллах Таала ал) коомду өз иштерине жараша (Акыретте) жазалашы үчүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана аларга анык иш (Дин-Шарият) бердик. Алар өздөрүнө келген илимден кийин гана (Дин ишинде) талашып калышты, өз-ара көралбастыктан улам. Албетте, Раббиң Кыямат күнү алардын арасында талашкан нерселерине өкүм (ажырым) чыгарат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз сени Динден болгон жолдун – Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эгер аларды ээрчисең) Аллахтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, залымдар бири – бирине дос болушат. Аллах болсо такыба кишилердин досу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, күнөө иш кылган адамдар, Биз аларды ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар сыяктуу (абзел кылышыбызды жана) өздөрүнүн жашоолору менен өлүмдөрү да (алардыкы менен) бир (даражада) болушун ойлоштубу? Кандай жаман өкүм чыгарышат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллах аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллахтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) айтышат: «Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Өлөбүз, жашайбыз. Бизди заман(дын өтүшү) гана өлтүрөт (Аллах өлтүрбөйт)». Бул жөнүндө аларда илим жок. Алар болгону күмөнгө таянышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан аларга биздин анык-далилдүү аяттарыбыз окуп берилсе «Эгер (кайра тирилүү бар» деген) сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, бизге (өлүп кеткен) ата-бабаларыбызды (тирилтип) алып келгилечи?!» деген сөздөн башка «далилдери» болбойт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Силерге Аллах өмүр берет, кийин Өзү өлтүрөт. Андан соң күмөнсүз Кыямат күн үчүн баарыңарды чогултат. Бирок, (муну) көп адамдар билбейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң. Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovА бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге: «Аллахтын убадасы – акыйкат! Кыяматтын болушунда шек жок!» – деп, айтылганда, «Кыямат эмне экенин билбейм. («Болбой калышы да мүмкүн» деп) ойлоймун. Анык билбейбиз» - дегенсиңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын жасаган (күнөө) иштери анык билинди жана алардын башына өздөрү (дүйнөдө) мазактаган нерсе (тозок азабы) түштү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан аларга айтылды: «(Дүйнө жашоосунда) ушул күнүңөрдү «унутуп койгонуңар» сыяктуу, бүгүн Биз дагы силерди «унутуп койобуз». Силердин жайыңар – тозок! Силерге эч кандай жардамчылар болбойт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, силер Аллахтын аяттарын мазактагансыңар жана силерди дүйнө жашоосу азгырып койгон. Эми бүгүн андан чыгарылбайсыңар. Жана артыңарга (дүйнөгө) да кайтарылбайсыңар!».[1]