Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Куранды) багыттабай коймок белек.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллах) жараткан» дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал бардык жуптарды жаратты.[1] Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын үстүнө минип, андан кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллах (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллахтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллах жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алардан бирине Чексиз Ырайымдуу үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана): «Силер эмне, кооздуктардын ичинде (назик абалда) өстүрүлө турган жана талаш учурунда (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзенттерди (Аллахка таңуулап жатасыңарбы?!»).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Чексиз Ырайымдуунун пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар: «Эгер Чексиз Ырайымдуу каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллахтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин-ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз» – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун изине гана ээрчийбиз» – дешкен.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», – дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан... Биз алардан өч алдык. (Аллахтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен аларды (Мекке мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз-ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (башка) жасалга-зыйнаттарын (бүт бойдон күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим Рахмандын зикири – Курандан жүз бурса, ага Шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын[1] арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» дейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (шериктигиңер) эч пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды туура жолго баштай аласыңбы?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Мусаны аят-кереметтерибиз менен, Фараон жана анын элине жибердик. Ал (барып) «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген элчимин» – деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга көргөзгөн ар бир (азап-)моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар (Мусага) айтышты: «Оо, сыйкырчы! (Аллах) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз туура жолго жүрөбүз».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана Фараон өз элине ) бийик добуш менен ( мындай деди: «Оо, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Иса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Иса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) жакшылык кылып берген кул(убуз). Биз аны Исраил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ал (Иса) – Кыяматтын белгиси.[1] Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура жол – ушул!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Иса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллах таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллахтан коркуп, мага моюн сунгула!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «Оо, Малик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллах Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон[1] адамдар(га гана шапаат насип кылат).