Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.[1] Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах адамдарга ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка каапыр болгондор үчүн катуу азап, ал эми, ыйман келтирип жакшы амалдарды кылгандар үчүн кечирим жана улуу сооп бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Айткылачы, күнөө) ишинин жамандыгы өзүнө кооз көргөзүлгөн соң, аны жакшы иш деп эсептеген киши (Аллах туура жолго баштаган киши сыяктуу) боло алабы? Аллах каалаган адамын (ушинтип) адаштырат, каалаганын туура жолго баштайт. (Оо, Мухаммад!) Жаның алар (мушриктер) үчүн кайгы чекпей эле койсун! Аллах алар эмне кылып жатканын жакшы Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах шамалды жиберди. Шамалдар булуттарды козгогондо, Биз аларды өлүк (кургак) шаарга айдап барып (жамгыр-жаадырып) аны менен өлүк жерди тирилтебиз. Кайра тирилүү да ушундай.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллахка таандык.[1] Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, инсандар) Аллах силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскарары (Аллахтан алдындагы) китепте бар,[1] албетте бул Аллах үчүн жеңил.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДарыя менен деңиз тең эмес. Мунусу ширин-таттуу, аны ичүү жагымдуу. Тигиниси ачуу-туздуу. Экөөсүнөн тең силер таза-жаңы эт жейсиңер. Жана (деңизден) өзүңөр тагына турган зыйнат(таш)тарды чыгарып аласыңар. Жана силер анда (толкундарды) жарып (сүзүп) бара жаткан кемени көрөсүңөр. (Бул) Аллахтын пазилетин (ырыскысын) издешиңер үчүн (бир себеп). Кана эми шүгүр кылсаңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллах – Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (Оо, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллахка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллах) сыяктуу кабар бере албайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч бир көтөрүүчү (кыяматта) бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Эгер бир оор күнөөсү бар адам аны көтөрүшүүгө (жардамга) чакырса да, андан эч нерсе жеңилдетилбейт, эгер (чакырылгандар) анын (жакын) тууганы болсо да! Сен өздөрүнүн кайыптагы Раббисинен корккон жана намаздарын толук окуган кишилерди гана эскерте аласың. Ким тазарса өзүнүн гана пайдасына тазарганы. Кайтуу - Аллахка!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТирүүлөр менен өлүктөр дагы тең эмес![1] Аллах (сенин эскертүүлөрүңдү) каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга угуза албайсың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллах тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык).[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. (Ушуларды таанып-билүү үчүн аракеттенип, илим издеш керек. Анткени:) Аллахтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында Аллах - Кудереттүү, Кечиримдүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага вахий кылган Китеп (Куран) өзүнөн мурунку (асмандан түшкөн) китептерди тастыктаган[1] Акыйкат. Албетте Аллах өз пенделеринин абалынан Кабардар, Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз Китепти (Куранды) тандап алган пенделерибизге (Мухаммаддын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалаң важыпты аткарып, арамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Жана алардын арасында Аллахтын уруксаты менен сооп иштерди (бири-бирине) атаандашып жасагандары да бар. Бул - (аларга Аллах берген) эң чоң пазилет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар, өздөрү кире турган түбөлүк бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл бизди Өзүнүн пазилети менен түбөлүк (жыргал) орундарга түшүрдү. Анда бизге машакат-кыйынчылык да жетпейт, чарчоо да кыйнабайт» – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, каапыр адамдар үчүн тозок оту(нда күйүү) бар. Аларга өлүм да берилбейт, өлүп (кутулуп) калгыдай. Алардан тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз ар бир каапырга мына ушундай жаза беребиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар анда өкүрүп-кыйкырып: «Оо, Раббибиз! Бизди (бул азабыңан) чыгара көр! Эми, мурда жасабаган (сооп) амалдарды жасайбыз!» дешет. (Анан аларга мындай добуш угулат:) «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, (азапты) тарта бергиле! Залым (каапыр) адамдарга жардамчы жок!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, момундар!) Ал силерди жер бетинде Өзүнүн халифа-орун басарлары кылды! Кимде-ким каапыр болсо, каапырчылыгы өзүнө зыян! Раббилеринин алдында алардын каапырчылыгы (Аллах тарабынан болгон) жек көрүүнү гана көбөйтөт. Каапырларга өздөрүнүн каапырлыгы зыянды гана көбөйтөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «(Оо, мушриктер) өзүңөр дуба (ибадат) кылган, Аллахтан башка «кудайыңарга» карагылачы! Алар жерден эмнени жаратканын мага көргөзгүлөчү! Же алар үчүн асмандарда(гы кээ бир нерселерди жаратууда Аллахка) шерикчилик барбы?! Же Биз аларга, анын далилдерине таяна турган Китеп бериптирбизби?! Жок! Залымдар бири-бирине (далил-чындыктарды эмес) жалганды гана убада беришкен».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, асмандар менен жерди жок болуп кетүүдөн Аллах гана кармап турат. Эгер ал экөөсү жок болуп кетчү болсо, Аллахтан башка эч ким аларды (жок болуудан) тосо албайт! Ал пейили Жумшак, Кечиримдүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) эгер өздөрүнө бир эскертүүчү-пайгамбар келсе, туура жолго ар кандай элдерден көбүрөөк эргешүүчү болуу жөнүндө катуу ант ичишкен. Ал эми, качан аларга эскертүүчү - пайгамбар (Мухаммад) келгенде (бул) алардын ( туура жолдон ) качууларын гана көбөйттү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алар) жер бетинде текеберленген жана (пайгамбарга каршы) ыплас айла-амалдарды жасаган абалда (туура жолго ээрчибей коюшту). Ыплас айлакерликтер өз ээсине гана зыян жеткирет! Эми алар абалкылардын жолун[1] гана күтүп калышты. Сен Аллахтын жолун (башкага) алмаштыра албайсың! Сен Аллахтын жолун өзгөртө албайсың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жер бетин кезип, мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшпөйбү![1] Алар булардан да күчтүүрөөк болушкан. Бирок, Аллахты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт! Ал Билүүчү, Кудуреттүү.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах адамдарды кылмыштарына жараша (ушул эле дүйнөдө) жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган (адам) калтырмак эмес. Бирок, Аллах аларды белгилүү күнгө (Кыяматка) кечиктирүүдө. Ал эми, качан белгиленген күндөрү келгенде (Аллах Өзү эсептешип алат. Анткени,) Аллах пенделерин Көрүүчү.