caseriqКуранда маани боюнча издөө

As-Sajda сүрөсү السجدة

30 аят · Мекке · түшүү тартиби 75

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ الٓمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлиф, Лаам, Миим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَنزِيلُ ٱلْكِتَٰبِ لَا رَيْبَ فِيهِ مِن رَّبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул) китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ يَقُولُونَ ٱفْتَرَىٰهُ بَلْ هُوَ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوْمًا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٍ مِّن قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо алар (Мекке мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.[1] Кана эми, туура жолго түшүп калышса.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِى سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰ عَلَى ٱلْعَرْشِ مَا لَكُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِىٍّ وَلَا شَفِيعٍ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду.[1] Силер үчүн Аллахтан башка колдоочу да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсиңерби?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُدَبِّرُ ٱلْأَمْرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ يَعْرُجُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُۥٓ أَلْفَ سَنَةٍ مِّمَّا تَعُدُّونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллах Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы, пенделердин иштери) Өзүнө көтөрүлөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ عَٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул (Аллах) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِىٓ أَحْسَنَ كُلَّ شَىْءٍ خَلَقَهُۥ وَبَدَأَ خَلْقَ ٱلْإِنسَٰنِ مِن طِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл ар бир нерсени эң мыкты жараткан жана инсандын алгачкы жаралышын ылайдан жасаган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ جَعَلَ نَسْلَهُۥ مِن سُلَٰلَةٍ مِّن مَّآءٍ مَّهِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин анын урпактарын (бүткүл денеден суурулуп чыккан) бел суудан жаратты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ سَوَّىٰهُ وَنَفَخَ فِيهِ مِن رُّوحِهِۦ وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ قَلِيلًا مَّا تَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин аны (кадыресе адам кейипинде) келишкен келбетте кылды жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөп[1] жан салды. Жана (Аллах) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوٓا۟ أَءِذَا ضَلَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ أَءِنَّا لَفِى خَلْقٍ جَدِيدٍۭ بَلْ هُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمْ كَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ يَتَوَفَّىٰكُم مَّلَكُ ٱلْمَوْتِ ٱلَّذِى وُكِّلَ بِكُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси[1] жаныңарды алат. Кийин (кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلْمُجْرِمُونَ نَاكِسُوا۟ رُءُوسِهِمْ عِندَ رَبِّهِمْ رَبَّنَآ أَبْصَرْنَا وَسَمِعْنَا فَٱرْجِعْنَا نَعْمَلْ صَٰلِحًا إِنَّا مُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «Оо, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда жакшы амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ شِئْنَا لَـَٔاتَيْنَا كُلَّ نَفْسٍ هُدَىٰهَا وَلَٰكِنْ حَقَّ ٱلْقَوْلُ مِنِّى لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ ٱلْجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (туура жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!» - деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَذُوقُوا۟ بِمَا نَسِيتُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَآ إِنَّا نَسِينَٰكُمْ وَذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلْخُلْدِ بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унутканыңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!» – (деп айтылат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا يُؤْمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا۟ بِهَا خَرُّوا۟ سُجَّدًا وَسَبَّحُوا۟ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисин аруулап мактоолорду айткан адамдар ыйман келтиришет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمْ عَنِ ٱلْمَضَاجِعِ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ خَوْفًا وَطَمَعًا وَمِمَّا رَزَقْنَٰهُمْ يُنفِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا تَعْلَمُ نَفْسٌ مَّآ أُخْفِىَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعْيُنٍ جَزَآءًۢ بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَمَن كَانَ مُؤْمِنًا كَمَن كَانَ فَاسِقًا لَّا يَسْتَوُۥنَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуу (таза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَلَهُمْ جَنَّٰتُ ٱلْمَأْوَىٰ نُزُلًۢا بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип, жакшы амал кылган адамдар үчүн бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша сыйлык иретинде!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ فَسَقُوا۟ فَمَأْوَىٰهُمُ ٱلنَّارُ كُلَّمَآ أَرَادُوٓا۟ أَن يَخْرُجُوا۟ مِنْهَآ أُعِيدُوا۟ فِيهَا وَقِيلَ لَهُمْ ذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلنَّارِ ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылып турушат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!» – деп айтылат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنَ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَدْنَىٰ دُونَ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَكْبَرِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (бул дүйнөдө) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِۦ ثُمَّ أَعْرَضَ عَنْهَآ إِنَّا مِنَ ٱلْمُجْرِمِينَ مُنتَقِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн залым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَٰبَ فَلَا تَكُن فِى مِرْيَةٍ مِّن لِّقَآئِهِۦ وَجَعَلْنَٰهُ هُدًى لِّبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз чынында Мусага китепти (Тооратты) бердик. (Оо, Мухаммад!) сен аны менен жолукканың жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исраил урпактарына туура жол кылганбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَا مِنْهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا لَمَّا صَبَرُوا۟ وَكَانُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا يُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُوا۟ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Сенин Раббиң, кыямат күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында бир Өзү өкүмдарлык кылат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّنَ ٱلْقُرُونِ يَمْشُونَ فِى مَسَٰكِنِهِمْ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ أَفَلَا يَسْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды туура жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллахтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллахтын аяттарына) кулак салышпайбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا نَسُوقُ ٱلْمَآءَ إِلَى ٱلْأَرْضِ ٱلْجُرُزِ فَنُخْرِجُ بِهِۦ زَرْعًا تَأْكُلُ مِنْهُ أَنْعَٰمُهُمْ وَأَنفُسُهُمْ أَفَلَا يُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар ойлонушпайбы, Биз какыраган жерге (булуттарда) суу айдап (жамгыр жаадырып), аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Ушул кудуретибизди) көрүшпөйбү?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلْفَتْحُ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (ыймандууларга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш (кыямат) качан болот?» – дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ يَوْمَ ٱلْفَتْحِ لَا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِيمَٰنُهُمْ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тообо кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَٱنتَظِرْ إِنَّهُم مُّنتَظِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүшөт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70