caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Ahzaab сүрөсү الأحزاب

73 аят · Медина · түшүү тартиби 90

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلْكَٰفِرِينَ وَٱلْمُنَٰفِقِينَ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Аллахтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Чынында, Аллах Билүүчү, Даанышман.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱتَّبِعْ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллах (ар дайым) Кабардар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Аллахтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٍ مِّن قَلْبَيْنِ فِى جَوْفِهِۦ وَمَا جَعَلَ أَزْوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔى تُظَٰهِرُونَ مِنْهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمْ وَمَا جَعَلَ أَدْعِيَآءَكُمْ أَبْنَآءَكُمْ ذَٰلِكُمْ قَوْلُكُم بِأَفْوَٰهِكُمْ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلْحَقَّ وَهُوَ يَهْدِى ٱلسَّبِيلَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»[1] кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллах акыйкатты гана сүйлөйт. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт.[2]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱدْعُوهُمْ لِـَٔابَآئِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِندَ ٱللَّهِ فَإِن لَّمْ تَعْلَمُوٓا۟ ءَابَآءَهُمْ فَإِخْوَٰنُكُمْ فِى ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمْ وَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ فِيمَآ أَخْطَأْتُم بِهِۦ وَلَٰكِن مَّا تَعَمَّدَتْ قُلُوبُكُمْ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًا رَّحِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллахтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда алар диндеш бир туугандарыңар жана кызматчыңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөрдө атайлап кылган нерседе (күнөө бар).[1] Аллах Кечирүүчү, Боорукер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلنَّبِىُّ أَوْلَىٰ بِٱلْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنفُسِهِمْ وَأَزْوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمْ وَأُو۟لُوا۟ ٱلْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَىٰ بِبَعْضٍ فِى كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفْعَلُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَوْلِيَآئِكُم مَّعْرُوفًا كَانَ ذَٰلِكَ فِى ٱلْكِتَٰبِ مَسْطُورًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovПайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери.[1] Тууган туушкан адамдар Аллахтын (тагдыр) китебинде бири-бирине ыймандуулардан жана мухажирлерден (Меккеден Мединага көчкөндөрдөн) жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (ыймандуу, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар дурус, бул (тагдыр) китебинде жазылган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ أَخَذْنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَٰقَهُمْ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٍ وَإِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبْنِ مَرْيَمَ وَأَخَذْنَا مِنْهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّيَسْـَٔلَ ٱلصَّٰدِقِينَ عَن صِدْقِهِمْ وَأَعَدَّ لِلْكَٰفِرِينَ عَذَابًا أَلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн ушинтти. Аллах каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَةَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَآءَتْكُمْ جُنُودٌ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا وَجُنُودًا لَّمْ تَرَوْهَا وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ جَآءُوكُم مِّن فَوْقِكُمْ وَمِنْ أَسْفَلَ مِنكُمْ وَإِذْ زَاغَتِ ٱلْأَبْصَٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلْقُلُوبُ ٱلْحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُنَالِكَ ٱبْتُلِىَ ٱلْمُؤْمِنُونَ وَزُلْزِلُوا۟ زِلْزَالًا شَدِيدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ يَقُولُ ٱلْمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ مَّا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ إِلَّا غُرُورًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллах менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَت طَّآئِفَةٌ مِّنْهُمْ يَٰٓأَهْلَ يَثْرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمْ فَٱرْجِعُوا۟ وَيَسْتَـْٔذِنُ فَرِيقٌ مِّنْهُمُ ٱلنَّبِىَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوْرَةٌ وَمَا هِىَ بِعَوْرَةٍ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, алардан бир тайпа кишилер: «Эй, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!» – деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык, коргоосуз калган болчу» – деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну каалашкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ دُخِلَتْ عَلَيْهِم مِّنْ أَقْطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُوا۟ ٱلْفِتْنَةَ لَـَٔاتَوْهَا وَمَا تَلَبَّثُوا۟ بِهَآ إِلَّا يَسِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (ошондо) аларга Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, алардан динден кайтууларын талап кылынганда, аз сандагылар калып, калганы көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарына жооп беришмек.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ كَانُوا۟ عَٰهَدُوا۟ ٱللَّهَ مِن قَبْلُ لَا يُوَلُّونَ ٱلْأَدْبَٰرَ وَكَانَ عَهْدُ ٱللَّهِ مَسْـُٔولًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар буга чейин артка качпайбыз деп Аллахка ант берген эле го! Аллахка берилген ант жөнүндө (кыяматта) суралат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لَّن يَنفَعَكُمُ ٱلْفِرَارُ إِن فَرَرْتُم مِّنَ ٱلْمَوْتِ أَوِ ٱلْقَتْلِ وَإِذًا لَّا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ مَن ذَا ٱلَّذِى يَعْصِمُكُم مِّنَ ٱللَّهِ إِنْ أَرَادَ بِكُمْ سُوٓءًا أَوْ أَرَادَ بِكُمْ رَحْمَةً وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ يَعْلَمُ ٱللَّهُ ٱلْمُعَوِّقِينَ مِنكُمْ وَٱلْقَآئِلِينَ لِإِخْوَٰنِهِمْ هَلُمَّ إِلَيْنَا وَلَا يَأْتُونَ ٱلْبَأْسَ إِلَّا قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз ага-инилерине (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө» – дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَشِحَّةً عَلَيْكُمْ فَإِذَا جَآءَ ٱلْخَوْفُ رَأَيْتَهُمْ يَنظُرُونَ إِلَيْكَ تَدُورُ أَعْيُنُهُمْ كَٱلَّذِى يُغْشَىٰ عَلَيْهِ مِنَ ٱلْمَوْتِ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلْخَوْفُ سَلَقُوكُم بِأَلْسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلْخَيْرِ أُو۟لَٰٓئِكَ لَمْ يُؤْمِنُوا۟ فَأَحْبَطَ ٱللَّهُ أَعْمَٰلَهُمْ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар силерге сараңдык кылышат. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүм курчап калгандай сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага заар тилдери менен зыян беришет.[1] Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллах алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллахка жеңил.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَحْسَبُونَ ٱلْأَحْزَابَ لَمْ يَذْهَبُوا۟ وَإِن يَأْتِ ٱلْأَحْزَابُ يَوَدُّوا۟ لَوْ أَنَّهُم بَادُونَ فِى ٱلْأَعْرَابِ يَسْـَٔلُونَ عَنْ أَنۢبَآئِكُمْ وَلَوْ كَانُوا۟ فِيكُم مَّا قَٰتَلُوٓا۟ إِلَّا قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошту. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат.[1] Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِى رَسُولِ ٱللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِّمَن كَانَ يَرْجُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلْيَوْمَ ٱلْـَٔاخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар.[1] (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَّا رَءَا ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلْأَحْزَابَ قَالُوا۟ هَٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَمَا زَادَهُمْ إِلَّآ إِيمَٰنًا وَتَسْلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (өз пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) ыймандуулар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллах жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллах менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا۟ مَا عَٰهَدُوا۟ ٱللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُۥ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا۟ تَبْدِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуулардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллахка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّيَجْزِىَ ٱللَّهُ ٱلصَّٰدِقِينَ بِصِدْقِهِمْ وَيُعَذِّبَ ٱلْمُنَٰفِقِينَ إِن شَآءَ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَّحِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) кааласа азапташ же болбосо тооболорун кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَرَدَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِغَيْظِهِمْ لَمْ يَنَالُوا۟ خَيْرًا وَكَفَى ٱللَّهُ ٱلْمُؤْمِنِينَ ٱلْقِتَالَ وَكَانَ ٱللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллах өз ачуулары менен кайтарды.[1] Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллах ыймандууларга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنزَلَ ٱلَّذِينَ ظَٰهَرُوهُم مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ مِن صَيَاصِيهِمْ وَقَذَفَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعْبَ فَرِيقًا تَقْتُلُونَ وَتَأْسِرُونَ فَرِيقًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Аллах душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза жөөттөрүн) чептеринен чыгарды. Жүрөктөрүнө катуу коркуу салды. Силер (оо, ыймандуулар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَوْرَثَكُمْ أَرْضَهُمْ وَدِيَٰرَهُمْ وَأَمْوَٰلَهُمْ وَأَرْضًا لَّمْ تَطَـُٔوهَا وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ قُل لِّأَزْوَٰجِكَ إِن كُنتُنَّ تُرِدْنَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا وَزِينَتَهَا فَتَعَالَيْنَ أُمَتِّعْكُنَّ وَأُسَرِّحْكُنَّ سَرَاحًا جَمِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшынакай мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن كُنتُنَّ تُرِدْنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱلدَّارَ ٱلْـَٔاخِرَةَ فَإِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلْمُحْسِنَٰتِ مِنكُنَّ أَجْرًا عَظِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Аллахты(н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана акырет жайын кааласаңар, Аллах силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (бейишти) даярдап койгон».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِىِّ مَن يَأْتِ مِنكُنَّ بِفَٰحِشَةٍ مُّبَيِّنَةٍ يُضَٰعَفْ لَهَا ٱلْعَذَابُ ضِعْفَيْنِ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن يَقْنُتْ مِنكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتَعْمَلْ صَٰلِحًا نُّؤْتِهَآ أَجْرَهَا مَرَّتَيْنِ وَأَعْتَدْنَا لَهَا رِزْقًا كَرِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин араңардан кимде-ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунуп жакшылык иштерди кылса, ага сооп-сыйлыгын эки эсе беребиз жана ага улуу ырыскы (бейиш) даярдап койобуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِىِّ لَسْتُنَّ كَأَحَدٍ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِنِ ٱتَّقَيْتُنَّ فَلَا تَخْضَعْنَ بِٱلْقَوْلِ فَيَطْمَعَ ٱلَّذِى فِى قَلْبِهِۦ مَرَضٌ وَقُلْنَ قَوْلًا مَّعْرُوفًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө оорусу бар адам (бузукулукту) эңсеп калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَرْنَ فِى بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجْنَ تَبَرُّجَ ٱلْجَٰهِلِيَّةِ ٱلْأُولَىٰ وَأَقِمْنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعْنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذْهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجْسَ أَهْلَ ٱلْبَيْتِ وَيُطَهِّرَكُمْ تَطْهِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! (Исламдан) алдыңкы доордогудай ачык жүрбөгүлө![1] Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, оо, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллах силерден зыян, жамандыктарды кетирүүнү жана тап-таза сактоону каалайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرْنَ مَا يُتْلَىٰ فِى بُيُوتِكُنَّ مِنْ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱلْحِكْمَةِ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨз үйүңөрдө окулган Аллахтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн эскергиле (кадырын билип, иш жүзүндө аткаргыла). Аллах бардыгын Билүүчү, Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلْمُسْلِمِينَ وَٱلْمُسْلِمَٰتِ وَٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَٰتِ وَٱلْقَٰنِتِينَ وَٱلْقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلْخَٰشِعِينَ وَٱلْخَٰشِعَٰتِ وَٱلْمُتَصَدِّقِينَ وَٱلْمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلْحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَٱلْحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرًا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, Аллахтан корккон, кичипейил эркектер менен аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَمْرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ ٱلْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَن يَعْصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَٰلًا مُّبِينًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ تَقُولُ لِلَّذِىٓ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِ وَأَنْعَمْتَ عَلَيْهِ أَمْسِكْ عَلَيْكَ زَوْجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخْفِى فِى نَفْسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبْدِيهِ وَتَخْشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخْشَىٰهُ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيْدٌ مِّنْهَا وَطَرًا زَوَّجْنَٰكَهَا لِكَىْ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ حَرَجٌ فِىٓ أَزْوَٰجِ أَدْعِيَآئِهِمْ إِذَا قَضَوْا۟ مِنْهُنَّ وَطَرًا وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ مَفْعُولًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллах (Ислам) жакшылыгын берген, анан сен дагы (кулчулуктан куткаруу) жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллахтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллах ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Чындыгында, коркууга Аллах акылуу.[1] Качандыр Зейд андан иши бүткөн соң, ал аялды сага никелештирдик. Анткени момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.[2]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا كَانَ عَلَى ٱلنَّبِىِّ مِنْ حَرَجٍ فِيمَا فَرَضَ ٱللَّهُ لَهُۥ سُنَّةَ ٱللَّهِ فِى ٱلَّذِينَ خَلَوْا۟ مِن قَبْلُ وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ قَدَرًا مَّقْدُورًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөндөргө (пайгамбарларга да) Аллахтын жолу ушундай болгон. Аллахтын буйругу (сөзсүз болоору) тагдырда белгиленген.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَٰلَٰتِ ٱللَّهِ وَيَخْشَوْنَهُۥ وَلَا يَخْشَوْنَ أَحَدًا إِلَّا ٱللَّهَ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мурунку пайгамбарлар) Аллахтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллахтан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллах – жетиштүү эсептешүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٍ مِّن رِّجَالِكُمْ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.[1] Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱذْكُرُوا۟ ٱللَّهَ ذِكْرًا كَثِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген адамдар! Аллахты көп зикир кылгыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَسَبِّحُوهُ بُكْرَةً وَأَصِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭртели-кеч Ага тасбих (аруулагыла) айткыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱلَّذِى يُصَلِّى عَلَيْكُمْ وَمَلَٰٓئِكَتُهُۥ لِيُخْرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ وَكَانَ بِٱلْمُؤْمِنِينَ رَحِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал ыймандууларга Ырайымдуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَحِيَّتُهُمْ يَوْمَ يَلْقَوْنَهُۥ سَلَٰمٌ وَأَعَدَّ لَهُمْ أَجْرًا كَرِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга жолуккан (акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллах аларга улук сооп (бейиш) даярдап койгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ إِنَّآ أَرْسَلْنَٰكَ شَٰهِدًا وَمُبَشِّرًا وَنَذِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَدَاعِيًا إِلَى ٱللَّهِ بِإِذْنِهِۦ وَسِرَاجًا مُّنِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллахка чакыруучу жана нурлуу чырак (кылып жибердик).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَبَشِّرِ ٱلْمُؤْمِنِينَ بِأَنَّ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَضْلًا كَبِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ыймандууларга, алар үчүн Аллах тарабынан улук сыйлык (артыкчылык) болушу жөнүндө куш кабар бер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تُطِعِ ٱلْكَٰفِرِينَ وَٱلْمُنَٰفِقِينَ وَدَعْ أَذَىٰهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды жөн койо тур. Жана Аллахка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا نَكَحْتُمُ ٱلْمُؤْمِنَٰتِ ثُمَّ طَلَّقْتُمُوهُنَّ مِن قَبْلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمْ عَلَيْهِنَّ مِنْ عِدَّةٍ تَعْتَدُّونَهَا فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحًا جَمِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген адамдар! Эгерде, ыймандуу аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ إِنَّآ أَحْلَلْنَا لَكَ أَزْوَٰجَكَ ٱلَّٰتِىٓ ءَاتَيْتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيْكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَٰلَٰتِكَ ٱلَّٰتِى هَاجَرْنَ مَعَكَ وَٱمْرَأَةً مُّؤْمِنَةً إِن وَهَبَتْ نَفْسَهَا لِلنَّبِىِّ إِنْ أَرَادَ ٱلنَّبِىُّ أَن يَسْتَنكِحَهَا خَالِصَةً لَّكَ مِن دُونِ ٱلْمُؤْمِنِينَ قَدْ عَلِمْنَا مَا فَرَضْنَا عَلَيْهِمْ فِىٓ أَزْوَٰجِهِمْ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُهُمْ لِكَيْلَا يَكُونَ عَلَيْكَ حَرَجٌ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًا رَّحِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Биз сага махрын берген жубайларыңды, Аллах (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге көчүп (Мединага) келгендерин адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды – эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа – адал кылдык. (Бул укук, оо, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Албетте, момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парз кылган нерселерибизди Өзүбүз жакшы билебиз.[1] (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллах - Кечирүүчү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تُرْجِى مَن تَشَآءُ مِنْهُنَّ وَتُـْٔوِىٓ إِلَيْكَ مَن تَشَآءُ وَمَنِ ٱبْتَغَيْتَ مِمَّنْ عَزَلْتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكَ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعْيُنُهُنَّ وَلَا يَحْزَنَّ وَيَرْضَيْنَ بِمَآ ءَاتَيْتَهُنَّ كُلُّهُنَّ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا فِى قُلُوبِكُمْ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы) Сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (түнөө күнүн) кечиктирип, каалаганың менен (ошол түнү) боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.[1] Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллах Билүүчү, Жумшак (жазалоого шашпайт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يَحِلُّ لَكَ ٱلنِّسَآءُ مِنۢ بَعْدُ وَلَآ أَن تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنْ أَزْوَٰجٍ وَلَوْ أَعْجَبَكَ حُسْنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ رَّقِيبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(га үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллах бардык нерселерди күзөтүп турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَدْخُلُوا۟ بُيُوتَ ٱلنَّبِىِّ إِلَّآ أَن يُؤْذَنَ لَكُمْ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيْرَ نَٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَٰكِنْ إِذَا دُعِيتُمْ فَٱدْخُلُوا۟ فَإِذَا طَعِمْتُمْ فَٱنتَشِرُوا۟ وَلَا مُسْتَـْٔنِسِينَ لِحَدِيثٍ إِنَّ ذَٰلِكُمْ كَانَ يُؤْذِى ٱلنَّبِىَّ فَيَسْتَحْىِۦ مِنكُمْ وَٱللَّهُ لَا يَسْتَحْىِۦ مِنَ ٱلْحَقِّ وَإِذَا سَأَلْتُمُوهُنَّ مَتَٰعًا فَسْـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٍ ذَٰلِكُمْ أَطْهَرُ لِقُلُوبِكُمْ وَقُلُوبِهِنَّ وَمَا كَانَ لَكُمْ أَن تُؤْذُوا۟ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓا۟ أَزْوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعْدِهِۦٓ أَبَدًا إِنَّ ذَٰلِكُمْ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллах болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллахтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллахтын назарында чоң күнөө болмок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن تُبْدُوا۟ شَيْـًٔا أَوْ تُخْفُوهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллах бардык нерсени билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا جُنَاحَ عَلَيْهِنَّ فِىٓ ءَابَآئِهِنَّ وَلَآ أَبْنَآئِهِنَّ وَلَآ إِخْوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبْنَآءِ إِخْوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبْنَآءِ أَخَوَٰتِهِنَّ وَلَا نِسَآئِهِنَّ وَلَا مَا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُهُنَّ وَٱتَّقِينَ ٱللَّهَ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ شَهِيدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уулдарынын алдында, эже сиңдилеринин уулдарынын алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кул-күңдөрүнүн алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (Оо, пайгамбардын аялдары!) Аллахтан корккула! Аллах чынында ар бир нерсени көрүп турат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ وَمَلَٰٓئِكَتَهُۥ يُصَلُّونَ عَلَى ٱلنَّبِىِّ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ صَلُّوا۟ عَلَيْهِ وَسَلِّمُوا۟ تَسْلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُؤْذُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا مُّهِينًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жана Анын элчисине зыян бергендерди, дүйнө-акыретте Аллах наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ يُؤْذُونَ ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَٰتِ بِغَيْرِ مَا ٱكْتَسَبُوا۟ فَقَدِ ٱحْتَمَلُوا۟ بُهْتَٰنًا وَإِثْمًا مُّبِينًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жасабаган иштери себептүү зыян берген адамдар (моюндарына) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ قُل لِّأَزْوَٰجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَآءِ ٱلْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِن جَلَٰبِيبِهِنَّ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰٓ أَن يُعْرَفْنَ فَلَا يُؤْذَيْنَ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًا رَّحِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّئِن لَّمْ يَنتَهِ ٱلْمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ وَٱلْمُرْجِفُونَ فِى ٱلْمَدِينَةِ لَنُغْرِيَنَّكَ بِهِمْ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَآ إِلَّا قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде мунафыктар (эки жүздүүлөр), жүрөктөрү оорулуу адамдар жана Мединада калп кабарларды таркатуучулар (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّلْعُونِينَ أَيْنَمَا ثُقِفُوٓا۟ أُخِذُوا۟ وَقُتِّلُوا۟ تَقْتِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан) каргышка учураган абалда (куугунтукталып) кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

سُنَّةَ ٱللَّهِ فِى ٱلَّذِينَ خَلَوْا۟ مِن قَبْلُ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبْدِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Аллахтын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَسْـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِندَ ٱللَّهِ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенден адамдар кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Анын илими Аллахтын гана алдында. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билер элең, мүмкүн кыяматтын болору жакын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ لَعَنَ ٱلْكَٰفِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمْ سَعِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا لَّا يَجِدُونَ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِى ٱلنَّارِ يَقُولُونَ يَٰلَيْتَنَآ أَطَعْنَا ٱللَّهَ وَأَطَعْنَا ٱلرَّسُولَا۠

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын беттери тозокто (ары-бери) оодарылган күндө: «О! Кана эми, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!» – деп (өкүнүчтө) калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ رَبَّنَآ إِنَّآ أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَآءَنَا فَأَضَلُّونَا ٱلسَّبِيلَا۠

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор туура жолдон адаштырган!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَبَّنَآ ءَاتِهِمْ ضِعْفَيْنِ مِنَ ٱلْعَذَابِ وَٱلْعَنْهُمْ لَعْنًا كَبِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!» – дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ ءَاذَوْا۟ مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ ٱللَّهُ مِمَّا قَالُوا۟ وَكَانَ عِندَ ٱللَّهِ وَجِيهًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадка мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллах аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.[1] (Себеби) Ал Аллахтын алдында урматтуу (пайгамбар).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَقُولُوا۟ قَوْلًا سَدِيدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чындык-акыйкат гана сөздөрдү сүйлөгүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُصْلِحْ لَكُمْ أَعْمَٰلَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондо) Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (бейишке) жетиптир!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا عَرَضْنَا ٱلْأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱلْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَن يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا ٱلْإِنسَٰنُ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومًا جَهُولًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз мойнуна алды. Ал – зулумкер, наадан.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّيُعَذِّبَ ٱللَّهُ ٱلْمُنَٰفِقِينَ وَٱلْمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلْمُشْرِكِينَ وَٱلْمُشْرِكَٰتِ وَيَتُوبَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمُؤْمِنَٰتِ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًا رَّحِيمًۢا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тообосун кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70