caseriqКуранда маани боюнча издөө

Luqman сүрөсү لقمان

34 аят · Мекке · түшүү тартиби 57

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ الٓمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлиф, Лаам, Миим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْكِتَٰبِ ٱلْحَكِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул даанышман китептин аяттары.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُدًى وَرَحْمَةً لِّلْمُحْسِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакшылык кылуучулар үчүн ырайым жана туура жол!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана акыретке анык ишенишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدًى مِّن رَّبِّهِمْ وَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) туура жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشْتَرِى لَهْوَ ٱلْحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًا أُو۟لَٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُّهِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү[1] сатып алат жана аны (Куранды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَٰتُنَا وَلَّىٰ مُسْتَكْبِرًا كَأَن لَّمْ يَسْمَعْهَا كَأَنَّ فِىٓ أُذُنَيْهِ وَقْرًا فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачандыр ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمْ جَنَّٰتُ ٱلنَّعِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَٰلِدِينَ فِيهَا وَعْدَ ٱللَّهِ حَقًّا وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيْرِ عَمَدٍ تَرَوْنَهَا وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا خَلْقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِى مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦ بَلِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБулар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا لُقْمَٰنَ ٱلْحِكْمَةَ أَنِ ٱشْكُرْ لِلَّهِ وَمَن يَشْكُرْ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِۦ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِىٌّ حَمِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз акыйкатта Лукманга даанышмандык бердик (жана ага айттык): «Аллахка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, ким (жакшылыктарга) шүгүр кылбаса, Аллах муктаж эмес, мактоого татыктуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ لُقْمَٰنُ لِٱبْنِهِۦ وَهُوَ يَعِظُهُۥ يَٰبُنَىَّ لَا تُشْرِكْ بِٱللَّهِ إِنَّ ٱلشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде Лукман[1] баласына насаат кылып, (мындай) деди: «Оо, балам Аллахка шерик кошпогун! Чындыгында ширк деген – бул чоң зулум!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَصَّيْنَا ٱلْإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيْهِ حَمَلَتْهُ أُمُّهُۥ وَهْنًا عَلَىٰ وَهْنٍ وَفِصَٰلُهُۥ فِى عَامَيْنِ أَنِ ٱشْكُرْ لِى وَلِوَٰلِدَيْكَ إِلَىَّ ٱلْمَصِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (буйрук) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن جَٰهَدَاكَ عَلَىٰٓ أَن تُشْرِكَ بِى مَا لَيْسَ لَكَ بِهِۦ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَا وَصَاحِبْهُمَا فِى ٱلدُّنْيَا مَعْرُوفًا وَٱتَّبِعْ سَبِيلَ مَنْ أَنَابَ إِلَىَّ ثُمَّ إِلَىَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Оо, инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тообо кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰبُنَىَّ إِنَّهَآ إِن تَكُ مِثْقَالَ حَبَّةٍ مِّنْ خَرْدَلٍ فَتَكُن فِى صَخْرَةٍ أَوْ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَوْ فِى ٱلْأَرْضِ يَأْتِ بِهَا ٱللَّهُ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келе алат. Аллах (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰبُنَىَّ أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ وَأْمُرْ بِٱلْمَعْرُوفِ وَٱنْهَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ وَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَآ أَصَابَكَ إِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен кыйынчылыктарга сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) тырышып, умтулуп аткарылчу иштерден.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تُصَعِّرْ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمْشِ فِى ٱلْأَرْضِ مَرَحًا إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍ فَخُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардан жүзүңдү бурбагын! Ошондой эле, жер бетинде текеберленип, обочолонуп баспагын! Аллах текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱقْصِدْ فِى مَشْيِكَ وَٱغْضُضْ مِن صَوْتِكَ إِنَّ أَنكَرَ ٱلْأَصْوَٰتِ لَصَوْتُ ٱلْحَمِيرِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБасканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَأَسْبَغَ عَلَيْكُمْ نِعَمَهُۥ ظَٰهِرَةً وَبَاطِنَةً وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِى ٱللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَلَا هُدًى وَلَا كِتَٰبٍ مُّنِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн жакшылыктарга бөлөдү?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллахтан келген) нурдуу китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) туура жолу болбосо да Аллах жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُوا۟ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُوا۟ بَلْ نَتَّبِعُ مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ ءَابَآءَنَآ أَوَلَوْ كَانَ ٱلشَّيْطَٰنُ يَدْعُوهُمْ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан (мушриктерге): “Аллах түшүргөн нерсеге (Куран өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз” дешет. Шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагыбы ( ошого да ээрчий беришеби)?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن يُسْلِمْ وَجْهَهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ فَقَدِ ٱسْتَمْسَكَ بِٱلْعُرْوَةِ ٱلْوُثْقَىٰ وَإِلَى ٱللَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلْأُمُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovА кимде-ким (Аллахка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундура алса анда ал бекем тутканы кармаптыр![1] Иштердин акыбети Аллахка таандык!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن كَفَرَ فَلَا يَحْزُنكَ كُفْرُهُۥٓ إِلَيْنَا مَرْجِعُهُمْ فَنُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓا۟ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга эмне кылгандыгы тууралуу кабар беребиз. Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نُمَتِّعُهُمْ قَلِيلًا ثُمَّ نَضْطَرُّهُمْ إِلَىٰ عَذَابٍ غَلِيظٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ قُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» дешет. Сен «Аллахка мактоо болсун» дегин.[1] Жок! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْغَنِىُّ ٱلْحَمِيدُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар жана жерде болгон нерсенин бардыгы Аллахтын мүлкү. Чынында, Аллахтын бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ أَنَّمَا فِى ٱلْأَرْضِ مِن شَجَرَةٍ أَقْلَٰمٌ وَٱلْبَحْرُ يَمُدُّهُۥ مِنۢ بَعْدِهِۦ سَبْعَةُ أَبْحُرٍ مَّا نَفِدَتْ كَلِمَٰتُ ٱللَّهِ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер жер бетиндеги бардык дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллах Кудуреттүү, Даанышман![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا خَلْقُكُمْ وَلَا بَعْثُكُمْ إِلَّا كَنَفْسٍ وَٰحِدَةٍ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌۢ بَصِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир жанды тирилткен сыяктуу эле. Аллах Угуучу, Көрүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيْلَ فِى ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِى ٱلَّيْلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِىٓ إِلَىٰٓ أَجَلٍ مُّسَمًّى وَأَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөй жатасыңбы, Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (кыяматка) чейин айланат. Аллах силердин эмне жасаганыңардан Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدْعُونَ مِن دُونِهِ ٱلْبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْعَلِىُّ ٱلْكَبِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнткени, Аллах акыйкат. Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып сыйынып жаткандары жалган (кудайлар). Жана Аллахтын бир Өзү гана эң Жогору, Улук!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱلْفُلْكَ تَجْرِى فِى ٱلْبَحْرِ بِنِعْمَتِ ٱللَّهِ لِيُرِيَكُم مِّنْ ءَايَٰتِهِۦٓ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДеңиздеги кемелер Аллахтын жакшылыктары себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңарбы?! Бул силерге Аллахтын белгилерин көргөзүш үчүн. Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا غَشِيَهُم مَّوْجٌ كَٱلظُّلَلِ دَعَوُا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمْ إِلَى ٱلْبَرِّ فَمِنْهُم مُّقْتَصِدٌ وَمَا يَجْحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا كُلُّ خَتَّارٍ كَفُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калган кезде Аллахтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардын (көпчүлүк) бөлүгү Аллахга карабай калышат. Биздин керемет-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُوا۟ رَبَّكُمْ وَٱخْشَوْا۟ يَوْمًا لَّا يَجْزِى وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوْلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيْـًٔا إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلْغَرُورُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы өз атасына эч бир жардам бере албай турган күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллах убада берген). Аллахтын убадасы – акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучулар Аллах(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلْمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلْغَيْثَ وَيَعْلَمُ مَا فِى ٱلْأَرْحَامِ وَمَا تَدْرِى نَفْسٌ مَّاذَا تَكْسِبُ غَدًا وَمَا تَدْرِى نَفْسٌۢ بِأَىِّ أَرْضٍ تَمُوتُ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌۢ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКыямат качан болушун бир Аллах гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, бир Аллах гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70