أَمْ يَقُولُونَ ٱفْتَرَىٰهُ بَلْ هُوَ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوْمًا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٍ مِّن قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо алар (Мекке мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.[1] Кана эми, туура жолго түшүп калышса.