caseriqКуранда маани боюнча издөө

Maryam сүрөсү مريم

98 аят · Мекке · түшүү тартиби 44

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ كٓهيعٓصٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаф, Хаа, Яаа, Айн, Саад.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذِكْرُ رَحْمَتِ رَبِّكَ عَبْدَهُۥ زَكَرِيَّآ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул – ) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген ырайымынын кабары.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ إِنِّى وَهَنَ ٱلْعَظْمُ مِنِّى وَٱشْتَعَلَ ٱلرَّأْسُ شَيْبًا وَلَمْ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(мындай) деди: «Оо, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм алсырап, карылыктан чачымды ак баса баштады! Оо, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنِّى خِفْتُ ٱلْمَوَٰلِىَ مِن وَرَآءِى وَكَانَتِ ٱمْرَأَتِى عَاقِرًا فَهَبْ لِى مِن لَّدُنكَ وَلِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым төрөбөс болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَرِثُنِى وَيَرِثُ مِنْ ءَالِ يَعْقُوبَ وَٱجْعَلْهُ رَبِّ رَضِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл мага жана Якубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! Оо, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ ٱسْمُهُۥ يَحْيَىٰ لَمْ نَجْعَل لَّهُۥ مِن قَبْلُ سَمِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Закария! Биз сени Яхьа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِى غُلَٰمٌ وَكَانَتِ ٱمْرَأَتِى عَاقِرًا وَقَدْ بَلَغْتُ مِنَ ٱلْكِبَرِ عِتِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым төрөбөс болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَىَّ هَيِّنٌ وَقَدْ خَلَقْتُكَ مِن قَبْلُ وَلَمْ تَكُ شَيْـًٔا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ошондой» – деди (Аллах) – Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ ٱجْعَل لِّىٓ ءَايَةً قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَ لَيَالٍ سَوِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!» - деди (Закария). «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың» - деди (Аллах).[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوْمِهِۦ مِنَ ٱلْمِحْرَابِ فَأَوْحَىٰٓ إِلَيْهِمْ أَن سَبِّحُوا۟ بُكْرَةً وَعَشِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (ибадатканадагы) михрабдан[1] элине чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхья туулду, ал атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллах таала айтты:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰيَحْيَىٰ خُذِ ٱلْكِتَٰبَ بِقُوَّةٍ وَءَاتَيْنَٰهُ ٱلْحُكْمَ صَبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Яхья! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде эле берген элек.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحَنَانًا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَوٰةً وَكَانَ تَقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал - такыба болгон эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَبَرًّۢا بِوَٰلِدَيْهِ وَلَمْ يَكُن جَبَّارًا عَصِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАта-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَسَلَٰمٌ عَلَيْهِ يَوْمَ وُلِدَ وَيَوْمَ يَمُوتُ وَيَوْمَ يُبْعَثُ حَيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллахтын) салам(ы) болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَٰبِ مَرْيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتْ مِنْ أَهْلِهَا مَكَانًا شَرْقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад,) сен Китепте (Куранда) Мариямды(н окуясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱتَّخَذَتْ مِن دُونِهِمْ حِجَابًا فَأَرْسَلْنَآ إِلَيْهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرًا سَوِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovалардан чүмбөттөнүп алды.[1] Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Мариямга кадимки инсан кейпинде көрүндү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ إِنِّىٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحْمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда, Мариям) айтты: «Мени сенден Чексиз ырайымдуу (Аллах) сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمًا زَكِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Коркпо). Мен Раббиңдин элчиси(периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)», – деди ал.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ أَنَّىٰ يَكُونُ لِى غُلَٰمٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِى بَشَرٌ وَلَمْ أَكُ بَغِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мариям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, менде кайдан бала болсун?!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَىَّ هَيِّنٌ وَلِنَجْعَلَهُۥٓ ءَايَةً لِّلنَّاسِ وَرَحْمَةً مِّنَّا وَكَانَ أَمْرًا مَّقْضِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бул иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Мариямдын көйнөгүнүн жакасына үйлөдү. Ушундан улам…)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَحَمَلَتْهُ فَٱنتَبَذَتْ بِهِۦ مَكَانًا قَصِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَجَآءَهَا ٱلْمَخَاضُ إِلَىٰ جِذْعِ ٱلنَّخْلَةِ قَالَتْ يَٰلَيْتَنِى مِتُّ قَبْلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسْيًا مَّنسِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын өзөгүнө алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «Кана эми, ушуга чейин эле өлүп, таптакыр унутулуп калган болсом!» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَنَادَىٰهَا مِن تَحْتِهَآ أَلَّا تَحْزَنِى قَدْ جَعَلَ رَبُّكِ تَحْتَكِ سَرِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, андан ылдыйраак жерден (үн катты): «Кайгырба, Раббиң астыңдан суу (дарыя) агызып койду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُزِّىٓ إِلَيْكِ بِجِذْعِ ٱلنَّخْلَةِ تُسَٰقِطْ عَلَيْكِ رُطَبًا جَنِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана өзүңө курма өзөгүн силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكُلِى وَٱشْرَبِى وَقَرِّى عَيْنًا فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ ٱلْبَشَرِ أَحَدًا فَقُولِىٓ إِنِّى نَذَرْتُ لِلرَّحْمَٰنِ صَوْمًا فَلَنْ أُكَلِّمَ ٱلْيَوْمَ إِنسِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ишаарат менен): «Мен Чексиз Ырайымдуу (Аллах) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч бир адамга сүйлөбөймүн» – дегин.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَتَتْ بِهِۦ قَوْمَهَا تَحْمِلُهُۥ قَالُوا۟ يَٰمَرْيَمُ لَقَدْ جِئْتِ شَيْـًٔا فَرِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мариям) баласын көтөрүп элине келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «Оо, Мариям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأُخْتَ هَٰرُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ ٱمْرَأَ سَوْءٍ وَمَا كَانَتْ أُمُّكِ بَغِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, Харундун карындашы! Сенин атаң бузуку, апаң сойку эмес эле го?!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَشَارَتْ إِلَيْهِ قَالُوا۟ كَيْفَ نُكَلِّمُ مَن كَانَ فِى ٱلْمَهْدِ صَبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМариям («наристемден сурагыла» дегендей), ага ишарат кылды. «Бешиктеги ымыркай менен кантип сүйлөшөбүз?!» – дешти. (Ошондо, Аллах Өзүнүн Кудурети менен наристе – Исаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип,)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنِّى عَبْدُ ٱللَّهِ ءَاتَىٰنِىَ ٱلْكِتَٰبَ وَجَعَلَنِى نَبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйтты: «Мен – Аллахтын пендесимин.[1] Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلَنِى مُبَارَكًا أَيْنَ مَا كُنتُ وَأَوْصَٰنِى بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ مَا دُمْتُ حَيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл мени кайда барсам да берекеттүү кылып, мага – денемде жаным болсо эле – намаз окуп, зекет берүүнү буйруду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَبَرًّۢا بِوَٰلِدَتِى وَلَمْ يَجْعَلْنِى جَبَّارًا شَقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАпама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلسَّلَٰمُ عَلَىَّ يَوْمَ وُلِدتُّ وَيَوْمَ أَمُوتُ وَيَوْمَ أُبْعَثُ حَيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана мен туулган, өлгөн жана кайра тириле турган күндөрүмдө мага (Аллах тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ قَوْلَ ٱلْحَقِّ ٱلَّذِى فِيهِ يَمْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Яхудилер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Мариямдын уулу Иса (жөнүндөгү) Акыйкат Зат (Аллах)тын Сөзү – ушул.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا كَانَ لِلَّهِ أَن يَتَّخِذَ مِن وَلَدٍ سُبْحَٰنَهُۥٓ إِذَا قَضَىٰٓ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллахка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّ ٱللَّهَ رَبِّى وَرَبُّكُمْ فَٱعْبُدُوهُ هَٰذَا صِرَٰطٌ مُّسْتَقِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Чынында, менин жана силердин Раббиңер – Аллах! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң туура жол!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱخْتَلَفَ ٱلْأَحْزَابُ مِنۢ بَيْنِهِمْ فَوَيْلٌ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن مَّشْهَدِ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин жамааттар (Иса жөнүндө) талашып-тартыша баштады. Каапыр адамдарга Улуу Күбөлүк күнүндө (Кыяматта) азап болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَسْمِعْ بِهِمْ وَأَبْصِرْ يَوْمَ يَأْتُونَنَا لَٰكِنِ ٱلظَّٰلِمُونَ ٱلْيَوْمَ فِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.[1] Бирок, залимдер ал Күнү терең адашууда.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنذِرْهُمْ يَوْمَ ٱلْحَسْرَةِ إِذْ قُضِىَ ٱلْأَمْرُ وَهُمْ فِى غَفْلَةٍ وَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا نَحْنُ نَرِثُ ٱلْأَرْضَ وَمَنْ عَلَيْهَا وَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَٰبِ إِبْرَٰهِيمَ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقًا نَّبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл пайгамбар эле.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِى عَنكَ شَيْـًٔا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде ал атасына: «Оо, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَبَتِ إِنِّى قَدْ جَآءَنِى مِنَ ٱلْعِلْمِ مَا لَمْ يَأْتِكَ فَٱتَّبِعْنِىٓ أَهْدِكَ صِرَٰطًا سَوِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мени ээрчиңиз, сизди туура жолго (Жалгыз Аллахка сыйынууга) баштаймын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَبَتِ لَا تَعْبُدِ ٱلشَّيْطَٰنَ إِنَّ ٱلشَّيْطَٰنَ كَانَ لِلرَّحْمَٰنِ عَصِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАтакебай, шайтанга сыйынбаңыз! Чынында, шайтан Ыраймдууга (Аллах таалага) каршы чыгуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَبَتِ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يَمَسَّكَ عَذَابٌ مِّنَ ٱلرَّحْمَٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيْطَٰنِ وَلِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАтаке, мен сизди Чексиз Ырайымдуунун азабы кармабаса экен деп корком. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَرَاغِبٌ أَنتَ عَنْ ءَالِهَتِى يَٰٓإِبْرَٰهِيمُ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ لَأَرْجُمَنَّكَ وَٱهْجُرْنِى مَلِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ سَلَٰمٌ عَلَيْكَ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّىٓ إِنَّهُۥ كَانَ بِى حَفِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَعْتَزِلُكُمْ وَمَا تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَأَدْعُوا۟ رَبِّى عَسَىٰٓ أَلَّآ أَكُونَ بِدُعَآءِ رَبِّى شَقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллахтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме гана дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا ٱعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَٰقَ وَيَعْقُوبَ وَكُلًّا جَعَلْنَا نَبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды жана Аллахтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Якубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَهَبْنَا لَهُم مِّن رَّحْمَتِنَا وَجَعَلْنَا لَهُمْ لِسَانَ صِدْقٍ عَلِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана аларга (Ибрахим, Исхак, Якубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَٰبِ مُوسَىٰٓ إِنَّهُۥ كَانَ مُخْلَصًا وَكَانَ رَسُولًا نَّبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَٰدَيْنَٰهُ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ ٱلْأَيْمَنِ وَقَرَّبْنَٰهُ نَجِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَهَبْنَا لَهُۥ مِن رَّحْمَتِنَآ أَخَاهُ هَٰرُونَ نَبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Өз ырайымыбыздан бир тууганы Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَٰبِ إِسْمَٰعِيلَ إِنَّهُۥ كَانَ صَادِقَ ٱلْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًا نَّبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитепте Ысмайылды да эсте. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُۥ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ وَكَانَ عِندَ رَبِّهِۦ مَرْضِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَٰبِ إِدْرِيسَ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقًا نَّبِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَرَفَعْنَٰهُ مَكَانًا عَلِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аны жогорку мартабага көтөрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِن ذُرِّيَّةِ ءَادَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ وَمِن ذُرِّيَّةِ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْرَٰٓءِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَٱجْتَبَيْنَآ إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَٰتُ ٱلرَّحْمَٰنِ خَرُّوا۟ سُجَّدًا وَبُكِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшулар Аллах көп жакшылыктарды берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-саламдын) балдарынан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исраилдин (Якубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып,туура жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулса, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَخَلَفَ مِنۢ بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّبَعُوا۟ ٱلشَّهَوَٰتِ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намаз окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка кабылышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحًا فَأُو۟لَٰٓئِكَ يَدْخُلُونَ ٱلْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْـًٔا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, тообо кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар бейишке кирет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

جَنَّٰتِ عَدْنٍ ٱلَّتِى وَعَدَ ٱلرَّحْمَٰنُ عِبَادَهُۥ بِٱلْغَيْبِ إِنَّهُۥ كَانَ وَعْدُهُۥ مَأْتِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүбөлүк (түгөнгүс) бейиштерди пенделерине Чексиз Ырайымдуу (Аллах) кайыптан убада берген. Чындыгында, Анын убадасы сөзсүз болуучу![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا إِلَّا سَلَٰمًا وَلَهُمْ رِزْقُهُمْ فِيهَا بُكْرَةً وَعَشِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда (бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تِلْكَ ٱلْجَنَّةُ ٱلَّتِى نُورِثُ مِنْ عِبَادِنَا مَن كَانَ تَقِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү бейиш(тин баяны) ушул.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمْرِ رَبِّكَ لَهُۥ مَا بَيْنَ أَيْدِينَا وَمَا خَلْفَنَا وَمَا بَيْنَ ذَٰلِكَ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз.[1] Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллахтын колунда. Раббиң унутчаак эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَٱعْبُدْهُ وَٱصْطَبِرْ لِعِبَٰدَتِهِۦ هَلْ تَعْلَمُ لَهُۥ سَمِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَقُولُ ٱلْإِنسَٰنُ أَءِذَا مَا مِتُّ لَسَوْفَ أُخْرَجُ حَيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!» – дейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَا يَذْكُرُ ٱلْإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقْنَٰهُ مِن قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْـًٔا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَوَرَبِّكَ لَنَحْشُرَنَّهُمْ وَٱلشَّيَٰطِينَ ثُمَّ لَنُحْضِرَنَّهُمْ حَوْلَ جَهَنَّمَ جِثِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ لَنَنزِعَنَّ مِن كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمْ أَشَدُّ عَلَى ٱلرَّحْمَٰنِ عِتِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Чексиз Ырайымдууга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана тозокко биринчи ошолорду таштайбыз).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ لَنَحْنُ أَعْلَمُ بِٱلَّذِينَ هُمْ أَوْلَىٰ بِهَا صِلِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن مِّنكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتْمًا مَّقْضِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин (Акыретке чогулган адамдардын) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр.(Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ نُنَجِّى ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوا۟ وَّنَذَرُ ٱلظَّٰلِمِينَ فِيهَا جِثِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң Аллахтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, залимдерди чөгөлөгөн абалда тозокто калтырабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٍ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَىُّ ٱلْفَرِيقَيْنِ خَيْرٌ مَّقَامًا وَأَحْسَنُ نَدِيًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана чогулушу жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» – деп айтышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هُمْ أَحْسَنُ أَثَٰثًا وَرِءْيًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ مَن كَانَ فِى ٱلضَّلَٰلَةِ فَلْيَمْدُدْ لَهُ ٱلرَّحْمَٰنُ مَدًّا حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوْا۟ مَا يُوعَدُونَ إِمَّا ٱلْعَذَابَ وَإِمَّا ٱلسَّاعَةَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ هُوَ شَرٌّ مَّكَانًا وَأَضْعَفُ جُندًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (оо, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Чексиз Ырайымдуу аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!»[1] Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражысы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَزِيدُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱهْتَدَوْا۟ هُدًى وَٱلْبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيْرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ مَّرَدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах хидаят (туура жол) тапкан адамдардын хидаятын көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتَ ٱلَّذِى كَفَرَ بِـَٔايَٰتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالًا وَوَلَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَطَّلَعَ ٱلْغَيْبَ أَمِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحْمَٰنِ عَهْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Чексиз Ырайымдуу менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّا سَنَكْتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُۥ مِنَ ٱلْعَذَابِ مَدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَرِثُهُۥ مَا يَقُولُ وَيَأْتِينَا فَرْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү гана келишет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ ءَالِهَةً لِّيَكُونُوا۟ لَهُمْ عِزًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَلَّا سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ أَنَّآ أَرْسَلْنَا ٱلشَّيَٰطِينَ عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөйсүңбү, чындыгында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен аларга (азапты) шаштырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ نَحْشُرُ ٱلْمُتَّقِينَ إِلَى ٱلرَّحْمَٰنِ وَفْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол (Кыямат) күнү Биз такыба кишилерди мээримдүү Аллахтын алдына өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَسُوقُ ٱلْمُجْرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يَمْلِكُونَ ٱلشَّفَٰعَةَ إِلَّا مَنِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحْمَٰنِ عَهْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал жерде) Чексиз Ырайымдуу (Аллах) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحْمَٰنُ وَلَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер): «Аллахтын баласы бар» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّقَدْ جِئْتُمْ شَيْـًٔا إِدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, мушриктер) силер өтө коркунучтуу сөз айттыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرْنَ مِنْهُ وَتَنشَقُّ ٱلْأَرْضُ وَتَخِرُّ ٱلْجِبَالُ هَدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор майдаланып кетиши ыктымал!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَن دَعَوْا۟ لِلرَّحْمَٰنِ وَلَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يَنۢبَغِى لِلرَّحْمَٰنِ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧексиз Ырайымдууга бала тутууга муктаждыгы жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن كُلُّ مَن فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ إِلَّآ ءَاتِى ٱلرَّحْمَٰنِ عَبْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардагынын жана Жердегинин баары Чексиз Ырайымдууга кул-пенде болуп, келишти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّقَدْ أَحْصَىٰهُمْ وَعَدَّهُمْ عَدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах бардыгынын анык эсебин алып койгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكُلُّهُمْ ءَاتِيهِ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ فَرْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда (байлык, бала, шерик, аскерлерин бул дүйнөгө таштап) келет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَيَجْعَلُ لَهُمُ ٱلرَّحْمَٰنُ وُدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Чексиз Ырайымдуу Аллах сүйүүнү жаратат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنَّمَا يَسَّرْنَٰهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ ٱلْمُتَّقِينَ وَتُنذِرَ بِهِۦ قَوْمًا لُّدًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз Куранды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) эскертүүң үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هَلْ تُحِسُّ مِنْهُم مِّنْ أَحَدٍ أَوْ تَسْمَعُ لَهُمْ رِكْزًۢا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бул (Меккедеги) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардын бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70