Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүнүн пендесине (Мухаммадга) Китеп (Куран) түшүргөнгө (Аллахка) мактоолор болсун! Ал анда (Куранда) акыйкаттан кылча да кыйшаюуга жол бербеди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Тескерисинче) аны эң туура (китеп) сүрөтүндө (түшүрдү.) (Каапырларды) Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эң мыкты сооптор (бейиш) бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) жөнүндө алар (мушриктер) да, ата-бабалары да анык эч нерсе билишпейт. Ооздорунан чыккан (бул) сөз өтө опурталдуу! Алар жалганды гана сүйлөп жатышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Эгер бул (ыйык) Сөзгө ыйман келтиришпесе, алардын артынан бушайман болуп өзүңдү өлтүрүп да алаарсың?![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо сен (оо, Мухаммад,) үңкүр ээлери жана жазуу Биздин моожизаларыбыздан (эң) таң калыштуусу деп ойлоорсуң?[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде (каапыр коомдон качып) баш паанек издеп (тоодогу) үңкүргө барган жигиттер: «Оо, Рабби! Бизге Өзүңдөн ырайым (коргоо) жибер! Жана ишибизди оңунан келтирип, жеңил кыла көр!» - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Арадан үч жүз жыл өткөндөн) кийин Биз аларды, талашкан эки жамааттын кимиси канча убакыт (уктап) турганын туура эсептегенин инсаниятка билдирүү үчүн ойготтук.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага (оо, Мухаммад), алардын кабарларын акыйкат менен кабар кылуудабыз: Алар Раббилерине ыйман келтирген жигиттер эле. Биз алардын ыйман жолун (жана чындыкта бекем болууларын дагы) күчөттүк.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана жүрөктөрүн (ыйман менен) бекем кылдык. Бир кезде алар (мамлекеттин каапыр падышасы «диниерден кайткыла!» - дегенде) алар мындай деп жооп беришти: «Биздин Раббибиз – асмандар менен жердин Раббиси! Биз Андан башканы кудай деп ибадат кылбайбыз, эгер (мындан башка сөз) айтсак, анда акыйкаттан алыстап кеткен болобуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына бул элибиз Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышты. (Ошого жараша) Эгер өз жолдоруна анык далил алып келишсе кана! Аллахка жалган токуган адамдардан залымыраак ким бар!» (Ушундан соң алар өз ара кеңешип, дини бөлөк бул элден чыгып кетпесек, бизге жана ыйманыбызга зыяндарын тийгизбегей эле деп, төмөнкүчө масилет курушту:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Силер азыр алардан жана Аллахтан башка алар сыйынган «кудайлардан» үзүлдүңөр. Эми үңкүрдөн башпаанек тапкыла. Раббиңер силер үчүн Өз ырайымынан коргоо жиберээр жана ишиңерди оңунан келтирип койоор!»[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен, күндү чыкканда алардын үңкүрүнүн оң капталынан, ал эми батып баратканда сол капталынан (айланып) өткөнүн көрөсүң. Алардын өздөрү болсо, үңкүрдүн кенен жеринде. Бул – Аллахтын моожизаларынан. Аллах кимди туура жолго баштаса ал туура жолдо. Жана кимди адаштырса, сен ага туура жол көргөзүүчү жолбашчы таба албайсың.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, аларга караган адам!) Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң. Чынында, алар уйкуда. Жана Биз аларды оң-сол жамбаштарына оодарып турабыз.[1] Алардын ити болсо, (тирүү сыяктуу) бутун астана тарапка сунган бойдон жатат. Эгер аларга карасаң, жүрөгүң кооптонуп, артыңа качасын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, (арадан үч жүз жыл өткөндө) Биз аларды өз-ара бири-биринен сурамжылаш үчүн ойготтук. Алардын бирөөсү: «Канча убакыт (уйкуда) болдуңар?» - деди эле, (башка бирөөлөрү): «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчө» дешти. (Ошентип, талашып, эки тарап тең өздөрүнүн пикирин анык далилдей албай, акырында мындайча) сүйлөшүштү: «Канча (уйкуда) болгонуңарды (бир гана) Раббиңер билет. Эми, бирөөңөрдү мына бул акчаңар менен шаарга жибергиле. Ал эң асыл-чүйгүн тамактарды карап (тандап) ырыскы алып келсин. Жана ал өтө кылдат болсун. Дагы силерди бирөөгө сездирип койбосун.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар (шаар эли) силерди билип калчу болсо, ташбараңга алат же өздөрүнүн (көп кудайлык) динине кайра киргизет. Анда эч качан кутулбай каласыңар».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, Аллахтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик.[1] (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет” - (дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алардан бир жамаат): «Үчөө болгон, төртүнчүсү - ити» десе, башкалары: «бешөө болгон, алтынчысы - ити» деп кайыпка таш атышат. (Дагы бир топтору): «Жетөө болгон, сегизинчиси - ити» дешет. Айткын, (Оо, Мухаммад): «Алардын санагын Раббим эң жакшы билет жана аларды(н санын) аз гана кишилер билет». Сен алар(дын саны) жөнүндө талашпа, эгер талашчу болсоң, анык далилдер (вахий) менен гана талаш. Жана алар жөнүндө алардын (яхудилердин) эч биринен сураба.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аллах кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да туура жолго баштаса ажеп эмес!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Канча турганын Аллах эң жакшы билет. (Себеби) асмандар менен жердеги кайып илимдери Анын Өзүнүкү. Ал – эң мыкты Көрүүчү жана эң мыкты Угуучу! Алар (үңкүр ээлери) үчүн Аллахтан башка дос-башчы болбоду жана Ал Өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен өзүңө вахий кылынган Раббиңдин китебин оку(п, ошону гана ээрчигин!) Анын сөздөрүн эч ким өзгөртө албайт! Сен Андан башкага арызданып бара албайсың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен эртели-кеч Раббисине Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап, дуба кылып жаткан адамдар менен бирге өзүңдү сабырдуу карма! Эки көзүң аларды көрбөй калып, дүйнө жашоосунун зыйнаттарына берилбе! Жана Биз жүрөгүн Өзүбүздү эскерүүдөн бейкапар кылып койгон жана өз каалоосуна гана ээрчиген адамга моюн сунба! Анын бардык иш(тер)и текке кетүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «(Мен алып келген Дин) Раббиңер тарабынан келген Акыйкат. Эми, ким кааласа – момун болсун, ким кааласа – каапыр болсун! Биз залымдарга жалын-дубалдары аларды курчап ала турган тозокту даярдап койдук! Эгер суусап, суу сурашса, эриген коргошун сыяктуу, (табы) жүздөрдү куйкалап жиберчү суу ичирилет! Кандай жаман «суусундук», кандай жаман орун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга түбүнөн дарыялар аккан түбөлүк бейиштер бар. Ал жерде алтын билериктер менен жасанышат жана жибек кымкаптан жашыл кийимдерди кийишип, сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат. (Бул) не деген улук сооп жана эң мыкты орун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад), аларга (бири Аллахтын нээматына шүгүр кылуучу, экинчиси каапыр болгон) эки кишинин мисалын айтып бер: «Биз экөөсүнүн бирине (каапырына) тегереги курмалар менен курчалган эки жүзүмзар бак бергенбиз. Эки багынын ортосуна эгин-тигиндерди өстүргөнбүз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл үчүн (жыл сайын) мол түшүм (байлык) болуп турган. Анан, берки шеригине – аны менен сүйлөшүп олтуруп – айтты: «Менин мал-дүйнөм жана сан-санагым (балдарым, кулдарым жана жардамчыларым) сеникинен көп жана кубаттуу».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана өзүнө залым (каапыр) болгон абалда (кооз-көркөм) багына кирип: «Бул (байлыгым) менден эч качан жоголбойт го…
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКыямат деле болбосо керек. Эгер (болуп калып) мен Раббиме кайтарылган күндө да, азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун» - дечү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен багыңа киргенде: «Аллахтын каалаганы (болот). Аллахтан башка күч-кубат жок» десең (жакшы болмок). Эгер сен мени мал-дүйнө, бала-чака жаатынан өзүңдөн аз деп кемсинтсең,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Чын эле) анын байлыгы (багы асмандан түшкөн от балээсинин) арасында калды. Өзү, багына сарптаган нерселерине (бушайман болуп) алакандарын оодарып кала берди. Бак болсо, дарактардын (дөңкөйгөн) денелери сороюп, сып-сыйда болуп калды! Жана ал: «Эх, кана эми Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом!» - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда(й шартта) чыныгы достук, жакындык (ишенип-жөлөнүү) Аллахка (гана болушу зарыл) Анын сооп-сыйлыгы да, акыбет-натыйжасы да эң мыкты!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад,) аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур: Ал суу менен жер өсүмдүктөрү ширелишип, (жер бети гүл болуп) калды. (Арадан эч канча убакыт өтпөй эле, баары кургап) шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМал-дүйнө, бала-чака (булар өткөөл) дүйнөнүн зыйнаттары. Ал эми, Раббиңдин назарында, түбөлүк калчу сооп иштер, сыйлык жаатынан да, арзуу жаатынан да жакшыраак.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз тоолорду (тытылган жүн сыяктуу) учурган Күндө (Кыяматта) жерди жайдак-жалаң абалда көрөсүң. Анан Биз аларды (адамдарды) чогултабыз! Эч бирин калтырбайбыз![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сап-сап болуп Раббиңе жолуктурулат: «Мына Өзүмө келдиңер го биринчи ирет жаратканым сыяктуу![1] (Көпчүлүгүңөр) Бизди (бул) убада кылынган жолугушууну болтура албайт деп ойлогонсуңар!» (дейт, ошондо Аллах).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан китеп (амал дептерлери) таратылат. Сен анан, кылмышкерлерди, андагы (жазылган) иштеринен кооптонуп: «Эх, өлдүк! Бул эмне деген китеп?! Чоң-майда күнөөлөрүбүздүн бирин да калтырбай тизмектеп коюптур!» дешет жана жасаган жоруктарын (ошол китептин ичинде) даяр абалда табышат. Сенин Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос-башчы кылып жатасыңарбы?! Алар силердин душманыңар го! Залымдардын (Дос-Раббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен асмандар менен жерди жаратканда да, алардын өзүн жараткан кезде да эч кимисин күбө (шерик) кылган эмесмин! Мен азгыруучуларды жардамчы кылган эмесмин!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол (Кыямат) Күнү (Аллах) айтат: «(Өзүңөр кудай деп) ойлогон Менин «шериктериме» жалбаргылачы?!» Жалбарышат, бирок алар жооп беришпейт.[1] Биз алардын арасына өлүм чуңкурун салып койгонбуз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүнөөкөр адамдар тозокту көргөндө, өздөрүнүн ага ташталаарын билишет. Жана өздөрүн андан буруп (кутултуп) кетүүчүнү таппай калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бул Куранда адамдарга (эсине келип, жолун таап алсын деп) ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Инсан көп нерселер жөнүндө талаша берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнө Хидаят (Ислам чындыгы) келгенден кийин, адамдарды ыйманга келүүдөн, жана Раббисине тообо кылуудан тоскон нерсе – аларга абалкылардын жолунун (кайталанып) келиши(н) же утурлап азап келиши(н талап кылгандары) гана болду.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бардык пайгамбарларды (бейиштен) куш кабар, (тозоктон) сестентүүчү кабар берүүлөрү үчүн жиберебиз. Каапыр адамдар (өз) жалган(дары) менен Акыйкатты жеңип алабыз деп талашышат. Менин аяттарымды жана коркутулган нерселерди (тозок кабарларын) азил-тамаша кылып алышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисинин аяттары эскертилгенде андан жүз буруп, жасаган күнөөлөрүн унуткандардан көбүрөөк залым (каапыр) болгон бирөө барбы?! Биз алардын жүрөктөрүнө – Куранды түшүнбөй калсын деп – чүмбөт жаап койдук, кулактарында дүлөйлүк бар! Эми аларды туура жолго ар канча чакырсаң да, эч качан оңолушпайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин Раббиң – Ырайымдуу, Кечирүүчү. Эгер күнөөлөрүнө жараша жазаласа, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн убада кылынган Күн (Кыямат) бар. Ал күнү алар Аллахтан башка Куткаруучуну таппай калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт – ырайымды билбей ашынып кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгилегенбиз.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде Муса (кызматчы) баласына: «(Белгиленген) эки деңиздин кошулуш жерине жеткенге чейин же болбосо алыс жол басканга (чарчаганга) чейин жүрүүдөн токтобоймун» деди.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭкөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп (жоготуп) коюшту. Балык болсо, деңизге бет алып, (себеттен) чыгып кеткен.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Белгиленген жерден) өтүп кеткенде Муса (кызматчы) жигитине: «Биздин тамакты алып келчи бери, бул сапарыбыздан абдан чарчадык го!» - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда жигит): «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап турганыбызда, мен балыкты унутуп калган экенмин. Муну (сизге айтууну) шайтан гана унуттурду! Ал (тирилип) деңизге жолун таап кеткен! (Бул) ажайып!» - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Белгиленген жерде) Биздин пенделерибизден бир пендени табышты. Биз ага Өзүбүз тараптан (өзгөчө) ырайым берген жана алдыбыздагы (кайып) илимден ага (керегинче) үйрөткөн элек.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга Муса айтты: «Өзүңүзгө (Аллах тарабынан) үйрөтүлгөн илимден түз-туура нерселерди мага да таалим беришиңиз үчүн сизге ээрчип жүрсөм болобу?»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, экөө жөнөп кетишти. Качан кемеге чыгышканда, ал (Кызыр) кемени тешип койду эле, (Муса убаданы унутуп): «Эмне сиз кемени, элдерин чөктүрүп жиберейин деп тештиңизби?! Сиз жаман иш жасадыңыз!» - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы жол жүрүштү. Качан бир наристе баланы жолуктурушканда (Кызыр) аны өлтүрүп койду. «Сиз бейкүнөө жанды жан(га-жан мыйзамы)сыз эле, өлтүрүп койдуңуз! Сиз жаман иш кылдыңыз!» - деди (чыдай албаган Муса).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса) айтты: «Мындан кийин эмне жөнүндө сурасам да мени шерик кылбайсыз. Мени жетиштүү эле кечирдиңиз (деп ойлоймун)».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы жолун улантышты. Бир шаар элине жеткиче басышты. Алардан тамак-аш сурашты эле, экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан ошол жерден урап калган бир дубалды тапканда (Кызыр) аны (кайра) тикелеп койду. (Муса болсо, өздөрүнө урмат-сый көргөзбөгөн элдин шаарындагы эски дубалды оңдоп, жакшылык кылган Кызырга түшүнбөй): «Эгер кааласаңыз бул ишиңизге (эмгек) акы алсаңыз болмок» деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кызыр) айтты: «Бул сен экөөбүздүн ортобуздагы ажырашуу! Эми, сага сен сабыр кыла албаган нерселерден кабарын берейин:
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКеме (тууралуу айтсам), ал деңизде тиричилик кылган мискин-кедейлердики болчу. Мен аны тешип коюуну чечтим. Себеби алардын кайткан жолунда бардык кемелерди басып алуучу (каракчы) падыша бар эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана(гы) наристе жөнүндө айтсак, анын ата-энеси ыймандуу пенделер эле. Биз (ал бала чоңойгондо каапыр болуп) ата-энесине (адам чыдагыс) каршылык жана каапырлык көргөзүүсүнөн корктук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми дубал шаардагы эки жетим баланыкы болуп, түбүндө экөөнө арналган (мурас) казына бар эле. Алардын атасы жакшы адам болгон. Анан Раббиң эки (жетим) бой жетип, өз казыналарын өздөрү чыгарып алуусун каалады. (Бул кайып илимдери) Раббиң тарабынан болгон Ырайым. Мен буларды өзүмчө аткарганым жок. Сен чыдап, сабыр кыла албаган окуялардын жандырмагы мына ушундай».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад! Яхудилер жана мушриктер) Сенден Зулкарнайн[1] жөнүндө сурашат. Айткын: «Азыр мен силерге ал жөнүндөгү (Аллах мага вахий кылган) кабарды окуп беремин:
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүн батыш тарапка жеткенде, күндүн кара баткактуу булак артына батып баратканын көрдү. Ал баткактын жанында бир элге жолукту. Биз: «Оо, Зулкарнайн, сен бул элди же азаптайсың же аларга жакшы мамиле жасайсың», – дедик.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип, салих-жакшы иш жасаган адамга болсо, жакшы сыйлык (бейиш) бар. Биз дагы ага өз амирибизден жакшы сөздөрдү айтабыз».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул бойдон Күн чыгышка жетти да, бир элдин үстүнөн күн нурун чачып турганын көрдү. Биз бул элге Күндөн бөлөк «чүмбөт» кылган эмес элек.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар айтышты: «Оо, Зулкарнайн! (Мына бул тоонун ары жагындагы) Яжуж-Мажуж (эли) жер бетинде бузукулук (зулумдук) кылууда. (Эмне дейсиң,) биз менен алардын ортосуна (бекем бир) тосмо-дубал жасап берүүң үчүн сага акы чогултуп берсек болобу?».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Зулкарнайн) айтты: «Раббим мага берген нерсе (бийлик, илим, өнөр силер берген нерседен) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оболу) эки тоо менен барабар болгонго чейин темир сыныктарын алып келгиле» (Зулкарнайн эки бийик тоонун арасына тосмо жасоо үчүн оболу алардын арасын темир сыныктары менен толтуртту. Бул иш бүткөндө, улуу от жактырып…) «(Үйлөгүч аспап менен) үйлөгүлө» - деди. Качан ал (темир тосмо кып-кызыл) от болуп калганда айтты: «Эритилген мис алып келгиле, үстүнө куямын».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бардык ишин бүтүргөндө): «Бул Раббимдин ырайымы. Эми, качан Раббимдин (Яжуж-Мажуж чыгат деген) убадасы келген күнү Өзү аны тегиздеп коёт (жана Яжуж-Мажужга жол ачат). Раббимдин убадасы – бул акыйкат» - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ошол (Яжуж-Мажуж чыккан) күнү аларды бири-бирине айкаш-уйкаш кылып таштайбыз жана «Сур» (кернейи) тартылганда баарын (Өзүбүзгө) чогултабыз.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр болгон адамдар Менден башка Өзүмдүн пенделеримди дос («кудай») тутунуп алууну (каалашабы жана «ошолор мени сактайт» деп) ойлошобу?! Биз каапырлар үчүн тозокту «конок үйү» кылып даярдап койдук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «өздөрүн эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт, (оо, Мухаммад): «Эгер Раббимдин Сөздөрү(н жазуу) үчүн деңиз сыя болсо жана эгер дагы ошол деңизче сыяны (кошумча) алып келсек да, Раббимдин сөздөрү түгөнөөрдөн мурун сыя түгөнүп калат”.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) аян-кабар жиберилет: «Силердин кудайыңар – Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!»[1]