Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардагы, Жердеги нерселердин бардыгы жана Жер астындагы нерселердин баары жалгыз Ага гана таандык мүлк болуп саналат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде ал (алыстан) от(тун жалынын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде(н эч кайда жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» – деди.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен – Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир жан өз кылмышына жараша жаза (же сооп) алышы үчүн Кыямат сөзсүз келет. (Бирок) Мен аны(н болоор убактысын) сыр кылып койдум.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Муса) Сени Кыяматтан (диний-акыреттик иш кылуудан) ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, (анда) бактысыз болуп каласың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Бул – менин таягым» – деди Муса – мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аны сандыкка салып, (Нил) дарыяга таштагын, дарыя аны жээкке чыгарат. (Кийин) аны өзүнүн жана Менин душманым (Фараон) таап алат». Жана Биздин көз алдыбызда, (коргообузда жана камкордугубузда) тарбияланышың үчүн, сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда сенин эжең барып: «Аны кепилге ала турган (эмизе турган) аялга баштап барайынбы?» деди.[1] Ошентип, кайгырбай, сүйүнүп калышы үчүн Биз сени апаңа кайтардык. Жана бир жанды өлтүрүп койдуң. Биз сени (ошол) кайгыдан да куткардык. Кийин сенин башыңа көп сыноолорду салдык. Анан Мадиян элинде бир нече жылдар туруп калдың. Кийин (Биз белгилеген) тагдыр боюнча (бул жерге) келдиң, оо, Муса!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эми,) сен жана бир тууганың (Харун) экөөң Мен берген (тогуз) кереметтерди алып баргыла. Мени эстөөдө (жана эскертүүдө) алсыздык кылбагыла!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Экөө) айтты: «Оо, биздин Рабби! Биз (үгүтүбүздү баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБаргыла дагы: «Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Исраил урпактарын биз менен (өз ата журттарына) жибер. Аларды азапка салба. Биз сага Раббиңден керемет алып келдик. Хидаятка (Аллахтын туура жолуна) ээрчигендерге салам болсун!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, бизге: «(Менин аяттарымды) «жалган» деп, жүз бурган адамдарга азап бар» деп вахий кылынган» – деп айткыла. (Ошондо Фараон…)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз силерди ошол жерден жаратканбыз жана ошого кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы ошондон чыгарып алабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага (Фараонго арналган) бардык кереметтерибизди көрсөтсөк, «жалган» деп, (акыйкатты кабыл алуудан) баш тартты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКолуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фараон аябай ачууланды:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллахка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен да. Эми мен силердин кол бутуңарды каршы-терши (оң кол-сол бут) кесип, өзүңөрдү курма дарагына асып байлап коёмун. Анан кимибиздин (Аллахтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-белгилерден жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Себеби, сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Раббибизге, каталарыбызды жана сен бизди мажбурлаган сыйкыр(ыбыз)ды кечиришин үмүт кылып, ыйман келтирдик. Аллах эң жакшы жана Түбөлүк!».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүбүнөн дарыялар аккан, бейиштер бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (күнөөлөрдөн жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фараондун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк жакшылыктарды камтыган Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктерди, (кармоого жеңил болгон) куштарды түшүрдүк (жана мындай дедик:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор), үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү – ошол!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды да: «Оо, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз.[1] Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Самирий дагы таштады (жана)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovаларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Самирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул – силердин да Мусанын да кудайы. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар көрбөй жатышабы (музоо – «кудайы») сөзүнө жооп кайтарбаганын жана аларга не пайда, не зыян жеткире албаганын?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшого чейин аларга Харун: «Оо, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер – Чексиз Ырайымдуу! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде...
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «Оо, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда, Самирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам.[1] Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген» - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин (чыныгы) кудайыңар – Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллах! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар азап периштелери тарабынан кордолуп адамдар чогултула турган тарапка сүрүп алып барыла жатканда…)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардын эмне дегендерин эң жакшы билебиз. Ошондо алардын билермандары: «Жок, силер бир эле күн турдуңар» дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) Сенден тоолор (жана алардын Кыяматтагы абалы) жөнүндө сурашат. (Аларга): «Раббим аларды (чаң сыяктуу) чачып жиберет» – деп айт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен ал (Кыяматта элдер чогулчу) жерден эч кандай ийри-буйру же эч кандай өйдө-ылдый чуңкур жерлерди көрбөйсүң.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (адамдар чогултула турган майданга) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Шуулдаган) дабыштар Чексиз Ырайымдуу (Аллахтын) урматына акырын болуп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитилип калуусунан коркпойт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) мына ушинтип, Биз Куранды араб тилинде түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттардын түрлөрүн баяндадык. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкыйкат Падыша болгон Аллах эң Жогору! (Оо, Мухаммад,) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Куранды окуганга шашылба жана: «Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» – деп айткын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (Бейиштеги бир даракка жакындабоо жөнүндө) Адам менен убадалашкан элек. Ал аны унутуп койду. Биз анда сабырдуулукту көрбөдүк.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз айттык: «Оо, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovШайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «Оо, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллахтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, бейиш жалбырактары менен өздөрүн (уяттуу жерлерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббиcине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тообо кыла баштады)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чынында, Акыреттин азабы катуу жана түгөнгүс!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз аларга ачык-айкын болбодубу?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды сынаш үчүн жуп-кошмок түрдө берген дүйнө жашоосунун жыргал-кооздуктарына назарыңды салба! Раббиңдин (Акыретте берчү) ырыскылары жакшы жана түбөлүктүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар: «Эгер Мухаммад бизге Раббисинен бир (көзгө көрүнгөн) керемет алып келсе кана» – дешти. Аларга байыркы барактардагы (Тоорат менен Инжилдеги) нерселердин баяны (Куран) келбеди беле?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз аларды ага (Мухаммадга дин келгенге) чейин бир азап менен өлтүргөн болсок, албетте: «Оо, Рабби! Эгер бизге бир пайгамбар жиберсең, мындай шерменде жана кор болбой туруп, сенин аяттарыңа ээрчимекпиз» – дешет болчу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз.[1] Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар.