Башкы бет › Сүрөлөр › Al-A'laa сүрөсү
Al-A'laa сүрөсү الأعلى
19 аят · Мекке · түшүү тартиби 8
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ سَبِّحِ ٱسْمَ رَبِّكَ ٱلْأَعْلَى
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ٱلَّذِى خَلَقَ فَسَوَّىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلَّذِى قَدَّرَ فَهَدَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلَّذِىٓ أَخْرَجَ ٱلْمَرْعَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحْوَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ إِنَّهُۥ يَعْلَمُ ٱلْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.[1]
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
فَذَكِّرْ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكْرَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
سَيَذَّكَّرُ مَن يَخْشَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov (Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلْأَشْقَى
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Шордуу адам болсо андан качат.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ٱلَّذِى يَصْلَى ٱلنَّارَ ٱلْكُبْرَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
قَدْ أَفْلَحَ مَن تَزَكَّىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَذَكَرَ ٱسْمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
بَلْ تُؤْثِرُونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
وَٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰٓ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
إِنَّ هَٰذَا لَفِى ٱلصُّحُفِ ٱلْأُولَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
صُحُفِ إِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.
Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →
← At-Taariq сүрөсү
Al-Ghaashiya сүрөсү →
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
→
Араб тексти жана котормолор Tanzil жана QuranEnc аркылуу — так, өзгөртүлбөгөн · Котормолор котормочуларына таандык жана Курандын өзү эмес
Бул изилдөө жардамчысы, фатва булагы эмес.