caseriqКуранда маани боюнча издөө

At-Taariq сүрөсү الطارق

17 аят · Мекке · түшүү тартиби 36

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلنَّجْمُ ٱلثَّاقِبُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن كُلُّ نَفْسٍ لَّمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلْيَنظُرِ ٱلْإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خُلِقَ مِن مَّآءٍ دَافِقٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАтырылган (бел) суудан жаратылган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَخْرُجُ مِنۢ بَيْنِ ٱلصُّلْبِ وَٱلتَّرَآئِبِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجْعِهِۦ لَقَادِرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ تُبْلَى ٱلسَّرَآئِرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجْعِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلْأَرْضِ ذَاتِ ٱلصَّدْعِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ لَقَوْلٌ فَصْلٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا هُوَ بِٱلْهَزْلِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАзил-тамаша (сөз) эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَكِيدُ كَيْدًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен дагы амалкерлик кыламын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَهِّلِ ٱلْكَٰفِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًۢا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70