Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovПендесин түн ичинде Аль-Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Аль-Акса мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал - Угуучу, Көрүүчү.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Мусага Китепти (Тооратты) берип, аны Исраил урпактары үчүн туура жол кылдык. (Жана аларга): «Өзүңөргө Менден башканы өкүл-башкаруучу кылып албагыла» (дедик).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Нух менен бирге (кемеде) көтөргөн (жана чөктүрбөй, сактап калган) адамдардын урпактары, (уккула:) чынында, ал (Нух) абдан шүгүр кылуучу пенде болгон.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Китепте (Тооратта) Исраил урпактарына: «Жер бетинде эки ирет бузукулук кылып, аябай, чектен чыгып, текеберленесиңер» деп вахий (кабар) кылдык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, ошол эки убаданын биринчисинин убактысы келгенде, силердин үстүңөргө абдан күчтүү пенделерибизди жибердик эле, үй-жайыңарды аралап (талкалап) киришти. Жана ал (убада) аткарылган убада болду.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. Акыркы (экинчи) убаданын убактысы келгенде, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксага) кирүү (жана аны ойрон кылуу) үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу душманыңар кайтып келди).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эгер тообо кылсаңар) Раббиңер силерге дагы эле ырайым кылса ажеп эмес. Эгер (күнөөгө) кайтсаңар, Биз да (силерди жазалоого) кайтабыз. Биз каапырларга тозокту (түбөлүк) түрмө кылганбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Чынында, бул Куран (инсаниятты) эң туура жолго баштайт[1] жана салих (жакшы) амал кылган ыймандуу адамдар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө сүйүнүч кабар берет».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз түн менен күндүздү (Өз кудуретибизге далил катары) эки аян-белги кылдык. Анан (элдер тынч эс алсын деп) түн-белгини өчүрдүк (караңгы кылдык). Ал эми, Раббиңердин пазилетин издеп,(тиричилик кылып) жүрүшүңөр үчүн жана эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн күн-белгини жарык кылдык. Биз ар бир нерсени анык-айкын баяндадык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана):
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим туура жолго түшсө - өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген (бай) адамдарына буюрабыз.[1] Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, үстүлөрүнө сөз (азап) түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Нухтан кийин дагы нечендеген муундарды кыйраттык. Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар (жана) Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, кимде-ким акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бирок, бул дүйнөдө) тигилерге деле, буларга деле жакшылыктарыбызды жеткире беребиз. Раббиңдин жакшылыгы (бул дүйнөдө эч кимден) тосулган эмес.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКарачы, Биз (дүйнөдө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен (акыреттик) даражалар чоңураак.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделеринин (абалынан) Кабардар, Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭрезеге жеткенге чейин жетимдердин мал-мүлкүнө жакындабагыла, бир гана жакшы ниет менен болсо, мейли. Жана убаданы аткаргыла. Албетте убада (Акыретте) суралчу нерсе.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (кыяматта) суралуучу нерселер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?![1] Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бул Куранда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (о, Мухаммад,) “Эгер алар айткандай Аллах менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында, Аллах Кеңпейил, Кечирүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алардын жүрөктөрүнө Куранды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Куранда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сени(н Куран окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда залымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!”- дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе жүрөгүңөрдө (ойлогон) мындан да олуттуураак нерсе болсоңор да, (Аллах сөзсүз тирилтип алат!) «Ким кайра тирилтет?» деп сурашат. Айткын: «Силерди биринчи ирет жараткан Кудай». Кийин алар сага (ишенбей) баш чайкашып: «Ал качан?» дешет. Айткын: «Жакын калган болсо ажеп эмес».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Исрафил периште «сур» кернейин тартып, Аллах) силерди чакырганда, Аны даңктап, жооп бересиңер. (Мүрзөңөрдөн тирилип чыгасыңар.) Жана (бул дүйнөдө) бир аз эле убакыт турдук деп ойлоп каласыңар».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад), Менин пенделериме айт, эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн.[1] Шайтан алардын арасын бузуп жүрөт. Чынында, шайтан - инсандын анык душманы.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин Раббиң асмандардагы жана жердеги нерселерди (силерден) жакшыраак Билүүчү. Биз кээ бир пайгамбарларды кээ бирөөлөрүнөн абзел-жогору кылдык жана Даудга Забур (китебин) бердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «(О, мушриктер) Аллахтан башка (өзүңөр кудай деп) ойлогонуңарга дуба кыла бергиле, баары бир алар силерден эч бир зыянды арылта албайт жана (ишиңерди жакшы же жаман жагына) өзөгөртө албайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизди (мушриктерге) моожиза берүүдөн тоскон нерсе - абалкы (каапыр) коомдордун (моожизаны) «жалган» дегендери. Биз Самуд коомуна анык көрүнгөн төө бердик эле, ага зулум кылып (ишенбей) коюшту. Биз моожизаларды (элдерди жалгыз Аллахтан) коркутуу үчүн гана жиберебиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана бир кезде Биз сага: «Раббиң (Өзүнүн илими менен) адамдарды ороп алат» дегенбиз. Биз сага (Исра түнүндө) көргөзгөн нерсе жана Курандагы каргыш тийген (Заккум дарагы) адамдар үчүн сыноо. Биз аларды коркутабыз. Бирок, бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (дагы мындай) деди: « Айтчы, мага (оо, Раббим), менден улук кылганың (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин (жанымды албай) кечиктирсең, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары (Сага ыклас менен сыйынгандары) гана калат».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал! (Кааласаң) алардын үстүнө атчан жана жөө аскериңди жибер! Жана (кааласаң) алардын мал-мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыңды бер! (О, пенделер!) Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллахтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О, Аллах! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут- кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы силер (Аллах) силерди кайрадан деңизге кайтарып, үстүңөрдөн добул жиберип, каапырлыгыңарга жараша чөктүрүп жиберишинен коопсузсуңарбы?! Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-адал нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары[1] менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (бейиш) жолунан адашкан болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад, Биз сага аян-кабар кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага аян-кабар кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз).[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Куран оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «О, Раббим! Мени бир орунга киргизсең жакшылык-чындык менен киргиз жана бир (жамандык болуп жаткан) жерден чыгарсаң да чындык менен чыгар! Өзүң тараптан мага дем болуучу кубат-далилдерди бер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз инсанга нээмат- жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллахтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллахтан биротоло) үмүтсүз болуп калат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Куранды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Куранды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, бир гана Раббиң тарабынан келген ырайым (себептүү гана Кураан сенден кетпей турат). Чынында, Раббиңдин сага берген пазилети өтө чоң.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Эгер (бардык) инсандар жана жиндер ушул Куран сыяктуу (бир китепти майданга) келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун (эч качан) келтире алышпайт».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (акыл-эсине келсин деп) бул Куранда инсандарга ар түрдүү (үлгүлүү) мисалдарды тизмектеп келтирдик. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырчылыктан башкасынан баш тарта берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе өзүң айткандай үстүбүзгө асмандын (азаптын) бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө, же (өзүңдүн ак-туура экениңе күбө тартуу үчүн) биздин алдыбызга Аллах менен периштелерди алып келмейинче,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе сен үчүн асыл таштардан (салынган) сарай болуп калмайынча, же өзүң биздин көз алдыбызда асманга учмайынча (сага эч качан ыйман келтирбейбиз) жана эгер асмандан бизге, окуй турган (кадимкидей) китеп алып түшпөсөң, учканыңа да ишенбейбиз» Айт: «Аллах (силер ойлогон сыпаттардан) Таза! Мен болгону, пайгамбар кылып, жиберилген кишимин».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга Хидаят (туура жол) келгенде, адамдардын ыйман келтиришине «Аллах адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!» деген сөздөрү гана тоскоол болду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Эгер периштелер жер элине көнүп, жер бетинде беймарал жашай алышса, Биз аларга асмандан периштелерди пайгамбар кылып жибермекпиз».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах кимди туура жолго баштаса - ал туура жолдо. Ал эми, кимди адаштырса, ага (Анын) Өзүнөн башка жардамчыны таба албайсың. Жана Биз аларды Кыямат Күнү жүзүн жер караткан абалда сокур, дүлөй, дудук кылып тирилтебиз. Алардын орду - тозок! Ар качан анын оту азайган сайын алар (көбүрөөк күйсүн) үчүн отту көбөйтүп турабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул алардын: «Эгер биз(шагыраган) сөөк жана чириген топурак болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилет белек?!» деген сөздөрү жана Биздин аяттарыбызга каапырлык кылгандары себептүү (туш болгон) жазалары!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен жерди жарата алган Аллах, аларды өзүндөй кылып (кайрадан) жаратууга кудуреттүү экенин алар билишпейби?! Аллах алар(дын кайра тирилүүсү) үчүн эч бир шек-күмөн жок болгон белгилүү мөөнөттү (дайын) кылган. Залымдар болсо, каапырлыктан башка бардык нерседен баш тартты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда Муса) айтты: «Сен мына бу(моожиза)ларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллах) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип элс турасың. Демек, мен сени, эй, Фараон, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин (Фараон) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан (Фараондон) соң Биз Исраил урпактарына: (Мисир) жер(ин)де жашап тургула, эми качан гана Акырет убадасы келгенде, баарыңарды (амалыңарга жараша сооп же жаза бериш үчүн Акыретке) алып келебиз» дедик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аны (Куранды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (бейиштин) куш кабарчысы жана (тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Куранды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Куранга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер да (Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Куран окулганда бети менен саждага жыгылышып:
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллах» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар.[1] (Оо, Мухаммад) намазыңдын (кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде![2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана айткын: «Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун!» Жана Аны (Улук Сыпаттары менен ар дайым) даңктап жүр!