Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы нерселерди акыйкат менен жана белгилүү мөөнөткө гана жараттык. Каапырлар эскертилген нерседен жүз үйрүп кетишти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллахка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Курандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан башка, Кыяматка чейин дуба-суранычына жооп бербей турган «кудайларга» дуба кылган адамдан көбүрөөк адашкан ким бар?! Булардын дубаларын алар (кудайлары) тап-такыр укпайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, качан (Кыямат болуп) адамдар (сот-сурак үчүн) чогулганда (сыйынган «кудайлары») өздөрүнө душман чыгып, алардын (өздөрүнө) сыйынганын танып кетишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (мушриктерге) Биздин анык аяттарыбыз окуп берилсе, Акыйкатка каапыр болушкан. (Ошол) каапырлар өздөрүнө Акыйкат (Куран) келгенде «Бул анык сыйкыр» дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе «Аны (Куранды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Эгер ойлоп чыгарган болсом (Аллах мени жазаламак) анан силер мага Аллахтан (келген) эч нерсени (пайда жана зыянды) тосууга алыңар жетмек эмес. Силер ал (Куран) жөнүндө аша чаап (жалган) сүйлөгөнүңөрдү Ал (Аллах) жакшы билет. Силер менен ортобузда күбө болуу үчүн Анын Өзү жетиштүү! Ал Кечиримдүү, Боорукер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мен пайгамбарлардын жаңысы (биринчиси) эмесмин. Жана не өзүмө, не силерге (келечекте) эмне иш болоорун билбеймин. Мен өзүмө (Аллах тарабынан) вахий кылынган нерселерге гана ээрчиймин. Мен болгону (силерге) анык эскертүүчүмүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мага айткылачы, эгерде (Куран) Аллахтан болсо жана силер ага каапыр болсоңор... жана Исраил урпактарынан болгон бир күбө[1] дагы анын чындыгына[2] (мен ал жөнүндө Тоораттан окугам» деп) күбөлүк берип, ыйман келтирсе, а силер дагы эле текеберленсеңер... Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр болгон (бай) адамдар ыймандуулар жөнүндө «Эгер (Ислам) жакшы болсо, алар ага бизден озуп кирбейт болчу» – дешет жана (жүрөгүндө болгон кежирликтен улам) андан (Курандан) туура жол таппай калганда: «Бул байыркы жомок» – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан мурун Мусага жолбашчы, ырайым болуп китеп (Тоорат) түшкөн. Бул китеп (Куран) болсо, залымдарды (тозок азабынан) эскертүү, жакшыларга куш кабар болуп, араб тилинде жана (өзүнөн мурунку ыйык китептерди) тастыктап (түшкөн).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз инсанга, өз ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай.[1] Эми, ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда айтты: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматыңа шүгүр кылуум үчүн жана Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды кылуум үчүн мага илхам бер! Жана менин урпактарымды да салих (кишилерден) кылгайсың! Мен сага тообо кылдым. Жана мен мусулмандарданмын!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ушул адамдардан, жасаган эң жакшы амалдарын кабыл алып, бейиш элдеринин катарында күнөөлөрүн кечиребиз. (Бул) аларга (Раббиси тарабынан) берилген акыйкат убада!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ушундай перзент(тер дагы) бар: Ата-энесине айтат: «Силерден тажадым! Экөөң мени (Кыяматта кайра тирилип) чыгарылуума ишендирип жатасыңбы?! Мага чейин деле (бир нече) муундар өткөн. (Алардан бирөө тирилдиби)?! Экөө (ата-эне) Аллахтан жардам сурап, (айтышат): «Эй, куруп кеткир! Ыйманга кел! Аллахтын убадасы – акыйкат!» Бирок, (перзент) «Бул байыркылардын жомогу» – дейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндай адамдарга, жиндерден жана инсандардан турган мурунку (каапыр) элдердин катарында (азап) жетиши – акыйкат! Алар чынында зыян тарткан адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кыяматта) бардык (момун-каапыр) адамдарга жасаган иштерине жараша (жакшы-жаман) даражалар бар. Аларга жасаган иштери, (эч кандай) зулум көргөзүлбөгөн абалда толуктап берилет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдар тозокко бет маңдай алып келингенде (аларга айтылат): «Силер (бардык) жыргалыңарды дүйнө жашооңордо кетирип алдыңар жана ал (жыргалдар) менен (ошол жакта) пайдаланып бүттүңөр! Эми бүгүн, жер бетинде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөнүңөргө жараша жана бузуку болгонуңарга жараша кордук азабы менен жазаланасыңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) сен Аад (коомунун) бурадарын[1] эстегин. Бир кезде ал кум бархандарын(ын арасын)дагы коомун (тозок азабынан) эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчү-пайгамбарлар өткөн. (Ошентип, ал коомуна): «Аллахтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» (деди).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Худ) айтты: «(Азап качан келээри жөнүндөгү) илим Аллахтын гана алдында. А мен болсо өзүмө жүктөлгөн нерсени (динди) силерге жеткиремин. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүүдөмүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, качан алар өздөрүнүн өрөөндөрүнө келе жаткан «булутту»[1] көргөндө (сүйүнүп): «Бул бизге жамгыр жаадыруучу булут» дешти. Жок! Ал силер аны шаштырып сураган нерсе. (Ал) – бороон! Анда (силер үчүн) жан ооруткан азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (бороон) Раббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди! Анан... алардын (теп-тегиз болуп калган) короолорунан башка эч нерсе көрүнбөй калды! Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мекке мушриктери!) Биз аларга (Аад каапырларына) силерге бербеген мүмкүнчүлүктөрдү (күч-кудурет) берген элек . Жана аларга көздөрдү, кулактарды жана жүрөктөрдү берген элек. Бирок, Аллахтын аяттарын четке каккан себептүү аларга көз, кулак жана жүрөктөрү пайда бербеди.[1] (Кийин) аларды өздөрү мыскылдаган нерсе (тозок азабы) ороп алды.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз, аныгында, силердин айланаңардагы (каапыр болгон) айыл-шаарларды да кыйратканбыз. (Ошого чейин) Биз аларга, (ширк иштеринен) кайтып калышаар деп Өзүбүздүн аяттарыбызды кеңири баяндап берген болчубуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми (Аллахка) жакындаштырат деп эсептеген, Аллахтан башка «кудайлары» аларга жардам бере алса кана! Тескерисинче алардан жок болуп (көрүнбөй) кетишти. Жана бул (ишенимдери) алардын өздөрү чыгарган жалгандары жана (Аллах жөнүндөгү) доомат сөздөрү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде, (оо, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Куран угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Куран(ды уккан)га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула» - деп айтышты. Куран окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (коомуна барып мындай) дешти: «Оо, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана туура жолго баштай турган Китепти уктук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, кимде-ким Аллахтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллахтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллахтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар – анык адашууда болушат!»[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллах, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал - бардык нерсеге кудуреттүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар тозокко алып келинген күндө (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба. Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллах айтат: «Эми каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба.[1] Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле?!