caseriqКуранда маани боюнча издөө

Ash-Shura сүрөсү الشورى

53 аят · Мекке · түшүү тартиби 62

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ حمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovХаа, Мийм.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عٓسٓقٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйн, Сийн, Кааф.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ يُوحِىٓ إِلَيْكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكَ ٱللَّهُ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКудуреттүү, Даанышман Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَهُوَ ٱلْعَلِىُّ ٱلْعَظِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرْنَ مِن فَوْقِهِنَّ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةُ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَيَسْتَغْفِرُونَ لِمَن فِى ٱلْأَرْضِ أَلَآ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovҮстүндөгү асмандар жарылып кетчүдөй болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллах(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ ٱللَّهُ حَفِيظٌ عَلَيْهِمْ وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِوَكِيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллах сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (Оо, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ قُرْءَانًا عَرَبِيًّا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَتُنذِرَ يَوْمَ ٱلْجَمْعِ لَا رَيْبَ فِيهِ فَرِيقٌ فِى ٱلْجَنَّةِ وَفَرِيقٌ فِى ٱلسَّعِيرِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага Уммул Курааны(н элин)[1] жана анын айланасындагы элдерди, шексиз келе турган Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Куранды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَهُمْ أُمَّةً وَٰحِدَةً وَلَٰكِن يُدْخِلُ مَن يَشَآءُ فِى رَحْمَتِهِۦ وَٱلظَّٰلِمُونَ مَا لَهُم مِّن وَلِىٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Залымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمِ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ فَٱللَّهُ هُوَ ٱلْوَلِىُّ وَهُوَ يُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе алар Аллахтан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы бул Аллах! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا ٱخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِن شَىْءٍ فَحُكْمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبِّى عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү – Аллахка! Ушул Аллах менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَاطِرُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ جَعَلَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًا وَمِنَ ٱلْأَنْعَٰمِ أَزْوَٰجًا يَذْرَؤُكُمْ فِيهِ لَيْسَ كَمِثْلِهِۦ شَىْءٌ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْبَصِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуптарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَهُۥ مَقَالِيدُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардын жана жер (казынасынын) ачкычтары бир Өзүнүн колунда. Каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал бардык нерсени Билүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

شَرَعَ لَكُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا وَصَّىٰ بِهِۦ نُوحًا وَٱلَّذِىٓ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ وَمَا وَصَّيْنَا بِهِۦٓ إِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَىٰٓ أَنْ أَقِيمُوا۟ ٱلدِّينَ وَلَا تَتَفَرَّقُوا۟ فِيهِ كَبُرَ عَلَى ٱلْمُشْرِكِينَ مَا تَدْعُوهُمْ إِلَيْهِ ٱللَّهُ يَجْتَبِىٓ إِلَيْهِ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِىٓ إِلَيْهِ مَن يُنِيبُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Исага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле» – деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллах ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдойт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا تَفَرَّقُوٓا۟ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلْعِلْمُ بَغْيًۢا بَيْنَهُمْ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰٓ أَجَلٍ مُّسَمًّى لَّقُضِىَ بَيْنَهُمْ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُورِثُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ مِنۢ بَعْدِهِمْ لَفِى شَكٍّ مِّنْهُ مُرِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрүнө (Аллах тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти.[1] Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلِذَٰلِكَ فَٱدْعُ وَٱسْتَقِمْ كَمَآ أُمِرْتَ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَآءَهُمْ وَقُلْ ءَامَنتُ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِن كِتَٰبٍ وَأُمِرْتُ لِأَعْدِلَ بَيْنَكُمُ ٱللَّهُ رَبُّنَا وَرَبُّكُمْ لَنَآ أَعْمَٰلُنَا وَلَكُمْ أَعْمَٰلُكُمْ لَا حُجَّةَ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمُ ٱللَّهُ يَجْمَعُ بَيْنَنَا وَإِلَيْهِ ٱلْمَصِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондуктан эми сен (үммөтүңө бекем) даават кыл, өзүңө буюрулгандай түз бол жана алар (каапырлар, мунафыктыр) каалаган жолдорду ээрчибе! Сен: «Аллах түшүргөн (ар бир) китепке ыйман келтирдим жана силердин араңарда адилет кылууга буюрулдум. Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Бизге өз амал-ибадаттарыбыз, силерге да өз амал-ибадатыңар. Биз менен силердин араңарда (айтылбаган) далил калбады. Аллах биздин арабызды (Кыяматта) чогултат. Кайтуу Анын Өзүнө» – дегин.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ يُحَآجُّونَ فِى ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مَا ٱسْتُجِيبَ لَهُۥ حُجَّتُهُمْ دَاحِضَةٌ عِندَ رَبِّهِمْ وَعَلَيْهِمْ غَضَبٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллах жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)[1] жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллах тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ ٱلْكِتَٰبَ بِٱلْحَقِّ وَٱلْمِيزَانَ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ قَرِيبٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Китепти жана Адилеттикти акыйкаттык менен түшүргөн. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болсо ажеп эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَسْتَعْجِلُ بِهَا ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِهَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مُشْفِقُونَ مِنْهَا وَيَعْلَمُونَ أَنَّهَا ٱلْحَقُّ أَلَآ إِنَّ ٱلَّذِينَ يُمَارُونَ فِى ٱلسَّاعَةِ لَفِى ضَلَٰلٍۭ بَعِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ لَطِيفٌۢ بِعِبَادِهِۦ يَرْزُقُ مَن يَشَآءُ وَهُوَ ٱلْقَوِىُّ ٱلْعَزِيزُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах пенделерине Боорукер. Каалаган пендесине ырыскы берет. Ал Кубаттуу, Кудуреттүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن كَانَ يُرِيدُ حَرْثَ ٱلْـَٔاخِرَةِ نَزِدْ لَهُۥ فِى حَرْثِهِۦ وَمَن كَانَ يُرِيدُ حَرْثَ ٱلدُّنْيَا نُؤْتِهِۦ مِنْهَا وَمَا لَهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ مِن نَّصِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим Акырет сыйлыгын кааласа анын сооп-сыйлыгын көбөйтөбүз. Ал эми, ким дүйнө сыйлыгын кааласа, андан (каалашынча) беребиз, бирок ага Акыретте (акыреттик сыйлыктан) насип болбойт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَهُمْ شُرَكَٰٓؤُا۟ شَرَعُوا۟ لَهُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا لَمْ يَأْذَنۢ بِهِ ٱللَّهُ وَلَوْلَا كَلِمَةُ ٱلْفَصْلِ لَقُضِىَ بَيْنَهُمْ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?![1] Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَرَى ٱلظَّٰلِمِينَ مُشْفِقِينَ مِمَّا كَسَبُوا۟ وَهُوَ وَاقِعٌۢ بِهِمْ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِى رَوْضَاتِ ٱلْجَنَّاتِ لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمْ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَضْلُ ٱلْكَبِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен залым (каапыр) адамдарды жасаган (күнөө) иштеринен (келчү азаптан) коркуп, жалдыраган абалда көрөсүң. Ал (азап) аларга түшүүчү! Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылган адамдар, бейиш бактарында болушат. Аларга Раббилеринин алдында каалаган нерселери даяр. Бул улук пазилет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ ٱلَّذِى يُبَشِّرُ ٱللَّهُ عِبَادَهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ قُل لَّآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا إِلَّا ٱلْمَوَدَّةَ فِى ٱلْقُرْبَىٰ وَمَن يَقْتَرِفْ حَسَنَةً نَّزِدْ لَهُۥ فِيهَا حُسْنًا إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ شَكُورٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБулар Өзүнүн ыймандуу жана салих амал кылган пенделерине Аллах сүйүнчүлөгөн куш кабар. (Оо, Мухаммад!) Айткын: «Мен ал (Куран үйрөткөнүм) үчүн силерден акы сурабаймын. (Тууган-урукчулуктун негизиндеги) жылуу мамилени гана сураймын». Ким жакшылык жасаса, Биз анысына дагы көп жакшылыктарды кошумча кылабыз. Чынында, Аллах (күнөөлөрдү) Кечирүүчү (пенделеринин жакшы иштерине андан жакшыраак) сыйлык берүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ يَقُولُونَ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا فَإِن يَشَإِ ٱللَّهُ يَخْتِمْ عَلَىٰ قَلْبِكَ وَيَمْحُ ٱللَّهُ ٱلْبَٰطِلَ وَيُحِقُّ ٱلْحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦٓ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллахка доомат кылды» - дешеби?! Эгер Аллах кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллах (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى يَقْبَلُ ٱلتَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِۦ وَيَعْفُوا۟ عَنِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ وَيَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өз пенделеринен тообону кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَسْتَجِيبُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضْلِهِۦ وَٱلْكَٰفِرُونَ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ بَسَطَ ٱللَّهُ ٱلرِّزْقَ لِعِبَادِهِۦ لَبَغَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَٰكِن يُنَزِّلُ بِقَدَرٍ مَّا يَشَآءُ إِنَّهُۥ بِعِبَادِهِۦ خَبِيرٌۢ بَصِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى يُنَزِّلُ ٱلْغَيْثَ مِنۢ بَعْدِ مَا قَنَطُوا۟ وَيَنشُرُ رَحْمَتَهُۥ وَهُوَ ٱلْوَلِىُّ ٱلْحَمِيدُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (пенделерине) үмүтсүз болуп калгандарынан кийин жамгыр жаадырып, Өз ырайымын таратат. Ал Башкаруучу, Макталган!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ خَلْقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَثَّ فِيهِمَا مِن دَآبَّةٍ وَهُوَ عَلَىٰ جَمْعِهِمْ إِذَا يَشَآءُ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен жерди жаратканы жана ал экөөнө жаныбарларды таратканы Анын (кудуретинин) белгилеринен. Өзү каалаган убакытта аларды чогултуп алууга Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَصَٰبَكُم مِّن مُّصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُوا۟ عَن كَثِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көп (күнөөлөрдү) кечирет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنتُم بِمُعْجِزِينَ فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِىٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана силер жер бетинде (Аллахты) алсыз калтыра албайсыңар. (Ошондуктан) силерге Аллахтан башка башкаруучу да жардамчы да жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِ ٱلْجَوَارِ فِى ٱلْبَحْرِ كَٱلْأَعْلَٰمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын (кудуретинин) белгилеринен (бири) деңиздеги тоо сыяктуу кемелер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن يَشَأْ يُسْكِنِ ٱلرِّيحَ فَيَظْلَلْنَ رَوَاكِدَ عَلَىٰ ظَهْرِهِۦٓ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (Аллах) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ يُوبِقْهُنَّ بِمَا كَسَبُوا۟ وَيَعْفُ عَن كَثِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَعْلَمَ ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِىٓ ءَايَٰتِنَا مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин аяттарыбыз жөнүндө талашкан адамдар билип алышсын: аларга (Аллахтын кудуретинен) кутула турган жер жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَىْءٍ فَمَتَٰعُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллахтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلْإِثْمِ وَٱلْفَوَٰحِشَ وَإِذَا مَا غَضِبُوا۟ هُمْ يَغْفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар чоң күнөөлөрдөн жана бузук иштерден сактанып жүрүшөт. Эгер ачуусу келсе, (ичине жутуп, ачуусун келтиргендерди) кечирет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ ٱسْتَجَابُوا۟ لِرَبِّهِمْ وَأَقَامُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَمْرُهُمْ شُورَىٰ بَيْنَهُمْ وَمِمَّا رَزَقْنَٰهُمْ يُنفِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Раббисине (ар дайым) жооп беришет[1] жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ إِذَآ أَصَابَهُمُ ٱلْبَغْىُ هُمْ يَنتَصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар өздөрүнө зулум жетсе (залымга каршы баш көтөрүп) жеңишке жете турган кишилер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَزَٰٓؤُا۟ سَيِّئَةٍ سَيِّئَةٌ مِّثْلُهَا فَمَنْ عَفَا وَأَصْلَحَ فَأَجْرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет. Чынында, Аллах залымдарды сүйбөйт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَنِ ٱنتَصَرَ بَعْدَ ظُلْمِهِۦ فَأُو۟لَٰٓئِكَ مَا عَلَيْهِم مِّن سَبِيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим өзүнө зулум көргөзүлгөндөн кийин (залымды) жеңип койсо, аларды күнөөлөгөнгө жол жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا ٱلسَّبِيلُ عَلَى ٱلَّذِينَ يَظْلِمُونَ ٱلنَّاسَ وَيَبْغُونَ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ أُو۟لَٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَن صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (залымды) кечирсе – бул өтө улук иштерден!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن وَلِىٍّ مِّنۢ بَعْدِهِۦ وَتَرَى ٱلظَّٰلِمِينَ لَمَّا رَأَوُا۟ ٱلْعَذَابَ يَقُولُونَ هَلْ إِلَىٰ مَرَدٍّ مِّن سَبِيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Аллах кимди адаштырып койсо, Андан (Аллахтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен залымдарды, (кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَرَىٰهُمْ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا خَٰشِعِينَ مِنَ ٱلذُّلِّ يَنظُرُونَ مِن طَرْفٍ خَفِىٍّ وَقَالَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّ ٱلْخَٰسِرِينَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ أَلَآ إِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ فِى عَذَابٍ مُّقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар – алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, залымдар үзгүлтүксүз азапта!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كَانَ لَهُم مِّنْ أَوْلِيَآءَ يَنصُرُونَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن سَبِيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга Аллахтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллах кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱسْتَجِيبُوا۟ لِرَبِّكُم مِّن قَبْلِ أَن يَأْتِىَ يَوْمٌ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَكُم مِّن مَّلْجَإٍ يَوْمَئِذٍ وَمَا لَكُم مِّن نَّكِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллах (таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллахтын азабынан) коргонор жер да, (күнөөлөрдү) четке кагуу (мүмкүнчүлүгү да) болбойт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنْ أَعْرَضُوا۟ فَمَآ أَرْسَلْنَٰكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا إِنْ عَلَيْكَ إِلَّا ٱلْبَلَٰغُ وَإِنَّآ إِذَآ أَذَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِنَّا رَحْمَةً فَرِحَ بِهَا وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَإِنَّ ٱلْإِنسَٰنَ كَفُورٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّلَّهِ مُلْكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ يَهَبُ لِمَن يَشَآءُ إِنَٰثًا وَيَهَبُ لِمَن يَشَآءُ ٱلذُّكُورَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллахка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине кыз-перзент берет, каалаган пендесине уул-перзент берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ يُزَوِّجُهُمْ ذُكْرَانًا وَإِنَٰثًا وَيَجْعَلُ مَن يَشَآءُ عَقِيمًا إِنَّهُۥ عَلِيمٌ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Ал Билүүчү, Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُكَلِّمَهُ ٱللَّهُ إِلَّا وَحْيًا أَوْ مِن وَرَآئِ حِجَابٍ أَوْ يُرْسِلَ رَسُولًا فَيُوحِىَ بِإِذْنِهِۦ مَا يَشَآءُ إِنَّهُۥ عَلِىٌّ حَكِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамзатка Аллах сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллах каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ رُوحًا مِّنْ أَمْرِنَا مَا كُنتَ تَدْرِى مَا ٱلْكِتَٰبُ وَلَا ٱلْإِيمَٰنُ وَلَٰكِن جَعَلْنَٰهُ نُورًا نَّهْدِى بِهِۦ مَن نَّشَآءُ مِنْ عِبَادِنَا وَإِنَّكَ لَتَهْدِىٓ إِلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Куранды) аян-кабар кылдык. Сен (мындан мурун) китептин да, ыймандын да эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди туура жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Куран Нуру менен) туура жолго баштайсың.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

صِرَٰطِ ٱللَّهِ ٱلَّذِى لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ أَلَآ إِلَى ٱللَّهِ تَصِيرُ ٱلْأُمُورُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын жолуна. Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аныкы! Көңүл бургула! Бардык иштер Аллахка кайтат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70