caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Waaqia сүрөсү الواقعة

96 аят · Мекке · түшүү тартиби 46

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ إِذَا وَقَعَتِ ٱلْوَاقِعَةُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кыяматтык) окуя болгондо...

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَيْسَ لِوَقْعَتِهَا كَاذِبَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَافِضَةٌ رَّافِعَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذَا رُجَّتِ ٱلْأَرْضُ رَجًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖер катуу силкинип, титирегенде...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَبُسَّتِ ٱلْجِبَالُ بَسًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТоолор дагы талкаланып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَانَتْ هَبَآءً مُّنۢبَثًّا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovчаң-тозонго айланганда...,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكُنتُمْ أَزْوَٰجًا ثَلَٰثَةً

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَصْحَٰبُ ٱلْمَيْمَنَةِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلْمَيْمَنَةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَصْحَٰبُ ٱلْمَشْـَٔمَةِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلْمَشْـَٔمَةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлдыңкылар – алдыңкылар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلْمُقَرَّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшолор (Аллахка) жакын болгондор![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُلَّةٌ مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَلِيلٌ مِّنَ ٱلْـَٔاخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَىٰ سُرُرٍ مَّوْضُونَةٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيْهَا مُتَقَٰبِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَٰنٌ مُّخَلَّدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بِأَكْوَابٍ وَأَبَارِيقَ وَكَأْسٍ مِّن مَّعِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТаттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يُصَدَّعُونَ عَنْهَا وَلَا يُنزِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَفَٰكِهَةٍ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَحْمِ طَيْرٍ مِّمَّا يَشْتَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovтабити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحُورٌ عِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَأَمْثَٰلِ ٱللُّؤْلُؤِ ٱلْمَكْنُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Седепте) жашынган бермет сыяктуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

جَزَآءًۢ بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا تَأْثِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَّا قِيلًا سَلَٰمًا سَلَٰمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَصْحَٰبُ ٱلْيَمِينِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلْيَمِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى سِدْرٍ مَّخْضُودٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَطَلْحٍ مَّنضُودٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМөмөлүү банан бактарында,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَظِلٍّ مَّمْدُودٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖайылган (кенен) көлөкөлөрдө,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآءٍ مَّسْكُوبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Шар) аккан суулар(дын боюн)да,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَفَٰكِهَةٍ كَثِيرَةٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөп мөмө-жемиштердин ичинде

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا مَقْطُوعَةٍ وَلَا مَمْنُوعَةٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَفُرُشٍ مَّرْفُوعَةٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّآ أَنشَأْنَٰهُنَّ إِنشَآءً

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجَعَلْنَٰهُنَّ أَبْكَارًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды бикир[1] кылып жаратып,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عُرُبًا أَتْرَابًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّأَصْحَٰبِ ٱلْيَمِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОң тарап ээлери үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُلَّةٌ مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَثُلَّةٌ مِّنَ ٱلْـَٔاخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкыркылардан болгон жамааттар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَصْحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلشِّمَالِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى سَمُومٍ وَحَمِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَظِلٍّ مِّن يَحْمُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا بَارِدٍ وَلَا كَرِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын салкыны да жок, көркү да жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَبْلَ ذَٰلِكَ مُتْرَفِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَانُوا۟ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلْحِنثِ ٱلْعَظِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَانُوا۟ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلْأَوَّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАта-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّ ٱلْأَوَّلِينَ وَٱلْـَٔاخِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَمَجْمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБелгиленген күндүн убадасына чогултулат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ إِنَّكُمْ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلْمُكَذِّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَـَٔاكِلُونَ مِن شَجَرٍ مِّن زَقُّومٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَالِـُٔونَ مِنْهَا ٱلْبُطُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны менен курсагыңарды толтуруп,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَشَٰرِبُونَ عَلَيْهِ مِنَ ٱلْحَمِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovҮстүнөн кайнак суу ичесиңер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَشَٰرِبُونَ شُرْبَ ٱلْهِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСуусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَٰذَا نُزُلُهُمْ يَوْمَ ٱلدِّينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَحْنُ خَلَقْنَٰكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتُم مَّا تُمْنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ءَأَنتُمْ تَخْلُقُونَهُۥٓ أَمْ نَحْنُ ٱلْخَٰلِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَحْنُ قَدَّرْنَا بَيْنَكُمُ ٱلْمَوْتَ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمْثَٰلَكُمْ وَنُنشِئَكُمْ فِى مَا لَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْأُولَىٰ فَلَوْلَا تَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБилесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتُم مَّا تَحْرُثُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ءَأَنتُمْ تَزْرَعُونَهُۥٓ أَمْ نَحْنُ ٱلزَّٰرِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ نَشَآءُ لَجَعَلْنَٰهُ حُطَٰمًا فَظَلْتُمْ تَفَكَّهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا لَمُغْرَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Чынында биз зыянга баттык!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتُمُ ٱلْمَآءَ ٱلَّذِى تَشْرَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИчип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ءَأَنتُمْ أَنزَلْتُمُوهُ مِنَ ٱلْمُزْنِ أَمْ نَحْنُ ٱلْمُنزِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ نَشَآءُ جَعَلْنَٰهُ أُجَاجًا فَلَوْلَا تَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَرَءَيْتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِى تُورُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ءَأَنتُمْ أَنشَأْتُمْ شَجَرَتَهَآ أَمْ نَحْنُ ٱلْمُنشِـُٔونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَحْنُ جَعَلْنَٰهَا تَذْكِرَةً وَمَتَٰعًا لِّلْمُقْوِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَبِّحْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلْعَظِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَآ أُقْسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٌ لَّوْ تَعْلَمُونَ عَظِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул өтө улук ант, эгер билсеңер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ لَقُرْءَانٌ كَرِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – Улук Куран!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى كِتَٰبٍ مَّكْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСакталган-жашыруун Китепте![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلْمُطَهَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَبِهَٰذَا ٱلْحَدِيثِ أَنتُم مُّدْهِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَجْعَلُونَ رِزْقَكُمْ أَنَّكُمْ تُكَذِّبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَوْلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلْحُلْقُومَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنتُمْ حِينَئِذٍ تَنظُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنكُمْ وَلَٰكِن لَّا تُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَوْلَآ إِن كُنتُمْ غَيْرَ مَدِينِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَرْجِعُونَهَآ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَرَوْحٌ وَرَيْحَانٌ وَجَنَّتُ نَعِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنْ أَصْحَٰبِ ٱلْيَمِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَلَٰمٌ لَّكَ مِنْ أَصْحَٰبِ ٱلْيَمِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلْمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَنُزُلٌ مِّنْ حَمِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга кайнак суудан «сыйтамак» берилип,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَصْلِيَةُ جَحِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТозокко ташталат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلْيَقِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَبِّحْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلْعَظِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДемек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70