caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Qasas сүрөсү القصص

88 аят · Мекке · түшүү тартиби 49

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ طسٓمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТа. Син. Мим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْكِتَٰبِ ٱلْمُبِينِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБулар анык Китеп аяттары.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَتْلُوا۟ عَلَيْكَ مِن نَّبَإِ مُوسَىٰ وَفِرْعَوْنَ بِٱلْحَقِّ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз сага (сен аркылуу ыймандуу адамдарга) Муса менен Фараондун окуясын акыйкат менен окуп беребиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِرْعَوْنَ عَلَا فِى ٱلْأَرْضِ وَجَعَلَ أَهْلَهَا شِيَعًا يَسْتَضْعِفُ طَآئِفَةً مِّنْهُمْ يُذَبِّحُ أَبْنَآءَهُمْ وَيَسْتَحْىِۦ نِسَآءَهُمْ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلْمُفْسِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Фараон жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) текеберленип чектен чыкты. Жана (байыркы Египет) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исраил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты.[1] Чынында ал бузуку адамдардан болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱسْتُضْعِفُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ ٱلْوَٰرِثِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан биз жерде (Мисирде) зулумдук көргөн адамдарга (Исраил урпактарына) жакшылык кылып, аларды жол башчылар жана (жерде) мураскорлор кылууну кааладык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ وَنُرِىَ فِرْعَوْنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَحْذَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фараон, Хаман[1] жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰٓ أُمِّ مُوسَىٰٓ أَنْ أَرْضِعِيهِ فَإِذَا خِفْتِ عَلَيْهِ فَأَلْقِيهِ فِى ٱلْيَمِّ وَلَا تَخَافِى وَلَا تَحْزَنِىٓ إِنَّا رَآدُّوهُ إِلَيْكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана кайгырбагын. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱلْتَقَطَهُۥٓ ءَالُ فِرْعَوْنَ لِيَكُونَ لَهُمْ عَدُوًّا وَحَزَنًا إِنَّ فِرْعَوْنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا كَانُوا۟ خَٰطِـِٔينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дарыяга агызылганда) аны Фараондун үй-бүлөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн таап алды. Чынында, Фараон, Хаман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган (жазага ылайык) адамдар эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَتِ ٱمْرَأَتُ فِرْعَوْنَ قُرَّتُ عَيْنٍ لِّى وَلَكَ لَا تَقْتُلُوهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوْ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدًا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Фараондун аялы[1] айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийэр, же болбосо бала кылып аларбыз». Алар (келечекте эмне болоорун) сезишкен жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَصْبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَىٰ فَٰرِغًا إِن كَادَتْ لَتُبْدِى بِهِۦ لَوْلَآ أَن رَّبَطْنَا عَلَىٰ قَلْبِهَا لِتَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَتْ لِأُخْتِهِۦ قُصِّيهِ فَبَصُرَتْ بِهِۦ عَن جُنُبٍ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фараондун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок…)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحَرَّمْنَا عَلَيْهِ ٱلْمَرَاضِعَ مِن قَبْلُ فَقَالَتْ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰٓ أَهْلِ بَيْتٍ يَكْفُلُونَهُۥ لَكُمْ وَهُمْ لَهُۥ نَٰصِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَرَدَدْنَٰهُ إِلَىٰٓ أُمِّهِۦ كَىْ تَقَرَّ عَيْنُهَا وَلَا تَحْزَنَ وَلِتَعْلَمَ أَنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, Биз аны менен сүйүнсүн, кайгырбасын жана Аллахтын («кайгыга түшпө. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасы акыйкат экенин билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллахтын даанышмандыгын) билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَٱسْتَوَىٰٓ ءَاتَيْنَٰهُ حُكْمًا وَعِلْمًا وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми Муса эр жетип, (акыл-эси) жеткилең болгондо, Биз ага өкүм жана илим (пайгамбарчылык) бердик. Биз жакшы иш жасоочуларды ушинтип сыйлайбыз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَدَخَلَ ٱلْمَدِينَةَ عَلَىٰ حِينِ غَفْلَةٍ مِّنْ أَهْلِهَا فَوَجَدَ فِيهَا رَجُلَيْنِ يَقْتَتِلَانِ هَٰذَا مِن شِيعَتِهِۦ وَهَٰذَا مِنْ عَدُوِّهِۦ فَٱسْتَغَٰثَهُ ٱلَّذِى مِن شِيعَتِهِۦ عَلَى ٱلَّذِى مِنْ عَدُوِّهِۦ فَوَكَزَهُۥ مُوسَىٰ فَقَضَىٰ عَلَيْهِ قَالَ هَٰذَا مِنْ عَمَلِ ٱلشَّيْطَٰنِ إِنَّهُۥ عَدُوٌّ مُّضِلٌّ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса пайгамбар боло электе) элдери бейпил-бейкапар убакытта шаарга кирди. Анда эки адамдын мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү өз жамаатынан, экинчиси душмандарынан. Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле, аны бир муштап өлтүрүп койду. (Анан бушайман болуп): «Бул шайтандын ишинен. Ал (инсанга) түбөлүк душман жана азгыруучу!» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ إِنِّى ظَلَمْتُ نَفْسِى فَٱغْفِرْ لِى فَغَفَرَ لَهُۥٓ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллах аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَنْعَمْتَ عَلَىَّ فَلَنْ أَكُونَ ظَهِيرًا لِّلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Эми, мага жакшылык кылып берген нерселериң (күч-кубат, илим, даанышмандык) менен, эч качан күнөөкөр адамдарга жардамчы болбоймун!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَصْبَحَ فِى ٱلْمَدِينَةِ خَآئِفًا يَتَرَقَّبُ فَإِذَا ٱلَّذِى ٱسْتَنصَرَهُۥ بِٱلْأَمْسِ يَسْتَصْرِخُهُۥ قَالَ لَهُۥ مُوسَىٰٓ إِنَّكَ لَغَوِىٌّ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭртеси (эртең менен) шаарда, алаңдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши (дагы) жардамга чакырып калды. Муса ага: «Сен анык азгырылган (шайтан жолдон урган) адам экенсиң» деди. (Бирок, өз уруусундагы кишини жардамсыз калтырууну каалабады. Жок дегенде ажыратып коеюн деп…)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّآ أَنْ أَرَادَ أَن يَبْطِشَ بِٱلَّذِى هُوَ عَدُوٌّ لَّهُمَا قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ أَتُرِيدُ أَن تَقْتُلَنِى كَمَا قَتَلْتَ نَفْسًۢا بِٱلْأَمْسِ إِن تُرِيدُ إِلَّآ أَن تَكُونَ جَبَّارًا فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا تُرِيدُ أَن تَكُونَ مِنَ ٱلْمُصْلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭкөөсүнө тең душман болгон адамды (Египеттик кишини) күч менен кармоону каалады эле, ал (мени кармайт экен деп ойлоп): «Оо, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүң сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиңби?! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансың го! Сен (абалды) оңдоочулардан болууну каалабайсың!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَآءَ رَجُلٌ مِّنْ أَقْصَا ٱلْمَدِينَةِ يَسْعَىٰ قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّ ٱلْمَلَأَ يَأْتَمِرُونَ بِكَ لِيَقْتُلُوكَ فَٱخْرُجْ إِنِّى لَكَ مِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, Муса! (Фараон коомунун) төбөлдөрү сени өлтүрүү жөнүндө кеңешип жатышат. (Шаардан тез) чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын!» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَخَرَجَ مِنْهَا خَآئِفًا يَتَرَقَّبُ قَالَ رَبِّ نَجِّنِى مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса, тараптарын баамдап, коркуп: «Оо, Раббим! Мени залым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан) дароо чыгып кетти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلْقَآءَ مَدْيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّىٓ أَن يَهْدِيَنِى سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени туура жолго баштайт чыгаар» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَّا وَرَدَ مَآءَ مَدْيَنَ وَجَدَ عَلَيْهِ أُمَّةً مِّنَ ٱلنَّاسِ يَسْقُونَ وَوَجَدَ مِن دُونِهِمُ ٱمْرَأَتَيْنِ تَذُودَانِ قَالَ مَا خَطْبُكُمَا قَالَتَا لَا نَسْقِى حَتَّىٰ يُصْدِرَ ٱلرِّعَآءُ وَأَبُونَا شَيْخٌ كَبِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) сугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз). Ал эми, атабыз болсо, картайган чал.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰٓ إِلَى ٱلظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّى لِمَآ أَنزَلْتَ إِلَىَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди.[1] Кийин көлөкөгө кайтып барып: «Оо, Раббим! Өзүң мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын!» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجَآءَتْهُ إِحْدَىٰهُمَا تَمْشِى عَلَى ٱسْتِحْيَآءٍ قَالَتْ إِنَّ أَبِى يَدْعُوكَ لِيَجْزِيَكَ أَجْرَ مَا سَقَيْتَ لَنَا فَلَمَّا جَآءَهُۥ وَقَصَّ عَلَيْهِ ٱلْقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفْ نَجَوْتَ مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, бизге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн» – деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллах кааласа) залым адамдардан кутулдуң» - деди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَتْ إِحْدَىٰهُمَا يَٰٓأَبَتِ ٱسْتَـْٔجِرْهُ إِنَّ خَيْرَ مَنِ ٱسْتَـْٔجَرْتَ ٱلْقَوِىُّ ٱلْأَمِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭки кыздын бири: «Атаке, аны (кой кайтарганга) жалдап алып кал. Чындыгында жалдангандардын эң жакшысы күчтүүсү жана аманаткөйү» – деди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنِّىٓ أُرِيدُ أَنْ أُنكِحَكَ إِحْدَى ٱبْنَتَىَّ هَٰتَيْنِ عَلَىٰٓ أَن تَأْجُرَنِى ثَمَٰنِىَ حِجَجٍ فَإِنْ أَتْمَمْتَ عَشْرًا فَمِنْ عِندِكَ وَمَآ أُرِيدُ أَنْ أَشُقَّ عَلَيْكَ سَتَجِدُنِىٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын - деди (абышка)[1] - анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (кошумча жакшылык) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллах кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ ذَٰلِكَ بَيْنِى وَبَيْنَكَ أَيَّمَا ٱلْأَجَلَيْنِ قَضَيْتُ فَلَا عُدْوَٰنَ عَلَىَّ وَٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттүн кай бирин аткарсам да, мага андан да кошумча тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллах Өзү күбө!» - деди (Муса).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى ٱلْأَجَلَ وَسَارَ بِأَهْلِهِۦٓ ءَانَسَ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ نَارًا قَالَ لِأَهْلِهِ ٱمْكُثُوٓا۟ إِنِّىٓ ءَانَسْتُ نَارًا لَّعَلِّىٓ ءَاتِيكُم مِّنْهَا بِخَبَرٍ أَوْ جَذْوَةٍ مِّنَ ٱلنَّارِ لَعَلَّكُمْ تَصْطَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِىَ مِن شَٰطِئِ ٱلْوَادِ ٱلْأَيْمَنِ فِى ٱلْبُقْعَةِ ٱلْمُبَٰرَكَةِ مِنَ ٱلشَّجَرَةِ أَن يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّىٓ أَنَا ٱللَّهُ رَبُّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОтко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنْ أَلْقِ عَصَاكَ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهْتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنٌّ وَلَّىٰ مُدْبِرًا وَلَمْ يُعَقِّبْ يَٰمُوسَىٰٓ أَقْبِلْ وَلَا تَخَفْ إِنَّكَ مِنَ ٱلْـَٔامِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТаягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱسْلُكْ يَدَكَ فِى جَيْبِكَ تَخْرُجْ بَيْضَآءَ مِنْ غَيْرِ سُوٓءٍ وَٱضْمُمْ إِلَيْكَ جَنَاحَكَ مِنَ ٱلرَّهْبِ فَذَٰنِكَ بُرْهَٰنَانِ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَإِي۟هِۦٓ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًا فَٰسِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКолуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ إِنِّى قَتَلْتُ مِنْهُمْ نَفْسًا فَأَخَافُ أَن يَقْتُلُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَخِى هَٰرُونُ هُوَ أَفْصَحُ مِنِّى لِسَانًا فَأَرْسِلْهُ مَعِىَ رِدْءًا يُصَدِّقُنِىٓ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМенин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجْعَلُ لَكُمَا سُلْطَٰنًا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيْكُمَا بِـَٔايَٰتِنَآ أَنتُمَا وَمَنِ ٱتَّبَعَكُمَا ٱلْغَٰلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا بَيِّنَٰتٍ قَالُوا۟ مَا هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ مُّفْتَرًى وَمَا سَمِعْنَا بِهَٰذَا فِىٓ ءَابَآئِنَا ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّىٓ أَعْلَمُ بِمَن جَآءَ بِٱلْهُدَىٰ مِنْ عِندِهِۦ وَمَن تَكُونُ لَهُۥ عَٰقِبَةُ ٱلدَّارِ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким туура жол алып келгенин жана акыбет (бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) залимдер эч качан (тозок азабынан) кутулушпайт!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَأُ مَا عَلِمْتُ لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرِى فَأَوْقِدْ لِى يَٰهَٰمَٰنُ عَلَى ٱلطِّينِ فَٱجْعَل لِّى صَرْحًا لَّعَلِّىٓ أَطَّلِعُ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّى لَأَظُنُّهُۥ مِنَ ٱلْكَٰذِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараон айтты: «Эй, төбөлдөр! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Балким, ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрөрмүн! Мен Мусаны анык эле жалганчылардан деп эсептеймин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱسْتَكْبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُۥ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَظَنُّوٓا۟ أَنَّهُمْ إِلَيْنَا لَا يُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараон менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَخَذْنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذْنَٰهُمْ فِى ٱلْيَمِّ فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Залымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَٰهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى ٱلنَّارِ وَيَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ لَا يُنصَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды (каапырларды) тозокко чакыра турган жол башчылар кылдык.[1] Жана алар кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَتْبَعْنَٰهُمْ فِى هَٰذِهِ ٱلدُّنْيَا لَعْنَةً وَيَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ هُم مِّنَ ٱلْمَقْبُوحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَٰبَ مِنۢ بَعْدِ مَآ أَهْلَكْنَا ٱلْقُرُونَ ٱلْأُولَىٰ بَصَآئِرَ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَّعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн ырайым, туура жол жана (акыйкатты көрсөтүүчү) нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.[1] Кана эми, (адамдар) сабак алышса!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلْغَرْبِىِّ إِذْ قَضَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَى ٱلْأَمْرَ وَمَا كُنتَ مِنَ ٱلشَّٰهِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَٰكِنَّآ أَنشَأْنَا قُرُونًا فَتَطَاوَلَ عَلَيْهِمُ ٱلْعُمُرُ وَمَا كُنتَ ثَاوِيًا فِىٓ أَهْلِ مَدْيَنَ تَتْلُوا۟ عَلَيْهِمْ ءَايَٰتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп-көп өмүр сүрүштү. Сен (оо, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلطُّورِ إِذْ نَادَيْنَا وَلَٰكِن رَّحْمَةً مِّن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوْمًا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٍ مِّن قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү - пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْلَآ أَن تُصِيبَهُم مُّصِيبَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَيَقُولُوا۟ رَبَّنَا لَوْلَآ أَرْسَلْتَ إِلَيْنَا رَسُولًا فَنَتَّبِعَ ءَايَٰتِكَ وَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «Оо, Рабби! Эгерде бизге бир элчи-пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» деп айтышмак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلْحَقُّ مِنْ عِندِنَا قَالُوا۟ لَوْلَآ أُوتِىَ مِثْلَ مَآ أُوتِىَ مُوسَىٰٓ أَوَلَمْ يَكْفُرُوا۟ بِمَآ أُوتِىَ مُوسَىٰ مِن قَبْلُ قَالُوا۟ سِحْرَانِ تَظَٰهَرَا وَقَالُوٓا۟ إِنَّا بِكُلٍّ كَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми качан аларга (сен аркылуу) Биздин акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе»[1] дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Куран менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр» – дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ فَأْتُوا۟ بِكِتَٰبٍ مِّنْ عِندِ ٱللَّهِ هُوَ أَهْدَىٰ مِنْهُمَآ أَتَّبِعْهُ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллахтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِن لَّمْ يَسْتَجِيبُوا۟ لَكَ فَٱعْلَمْ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهْوَآءَهُمْ وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنِ ٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ بِغَيْرِ هُدًى مِّنَ ٱللَّهِ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллах тарабынан келген туура жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллах, албетте залим коомдорду туура жолго баштабайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ وَصَّلْنَا لَهُمُ ٱلْقَوْلَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Сөздү (Куранды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, чечмелеп) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَٰهُمُ ٱلْكِتَٰبَ مِن قَبْلِهِۦ هُم بِهِۦ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКурандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Куранга) ыйман келтиришет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِهِۦٓ إِنَّهُ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّنَآ إِنَّا كُنَّا مِن قَبْلِهِۦ مُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген акыйкат. Биз мындан мурун да Аллахка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ يُؤْتَوْنَ أَجْرَهُم مَّرَّتَيْنِ بِمَا صَبَرُوا۟ وَيَدْرَءُونَ بِٱلْحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ وَمِمَّا رَزَقْنَٰهُمْ يُنفِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар эки эсе сооп ала турган адамдар.[1] Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا سَمِعُوا۟ ٱللَّغْوَ أَعْرَضُوا۟ عَنْهُ وَقَالُوا۟ لَنَآ أَعْمَٰلُنَا وَلَكُمْ أَعْمَٰلُكُمْ سَلَٰمٌ عَلَيْكُمْ لَا نَبْتَغِى ٱلْجَٰهِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّكَ لَا تَهْدِى مَنْ أَحْبَبْتَ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَهْدِى مَن يَشَآءُ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды туура жолго баштай албайсың. Бирок, Аллах гана Өзү каалаган адамын туура жолго баштайт. Туура жолго ким түшөөрүн Анын Өзү жакшы билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوٓا۟ إِن نَّتَّبِعِ ٱلْهُدَىٰ مَعَكَ نُتَخَطَّفْ مِنْ أَرْضِنَآ أَوَلَمْ نُمَكِّن لَّهُمْ حَرَمًا ءَامِنًا يُجْبَىٰٓ إِلَيْهِ ثَمَرَٰتُ كُلِّ شَىْءٍ رِّزْقًا مِّن لَّدُنَّا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге туура жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз» – дешти.[1] Биз аларды (Ибрахим негиздеген) ыйык жерге жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍۭ بَطِرَتْ مَعِيشَتَهَا فَتِلْكَ مَسَٰكِنُهُمْ لَمْ تُسْكَن مِّنۢ بَعْدِهِمْ إِلَّا قَلِيلًا وَكُنَّا نَحْنُ ٱلْوَٰرِثِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жашоосунда кесирлик кылып,чектен чыккан нечендеген шаарларды кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كَانَ رَبُّكَ مُهْلِكَ ٱلْقُرَىٰ حَتَّىٰ يَبْعَثَ فِىٓ أُمِّهَا رَسُولًا يَتْلُوا۟ عَلَيْهِمْ ءَايَٰتِنَا وَمَا كُنَّا مُهْلِكِى ٱلْقُرَىٰٓ إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин Раббиң эч бир негизги шаарларды(н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) залим болгон шаарларды гана кыйратуучубуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَىْءٍ فَمَتَٰعُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَزِينَتُهَا وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰٓ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе (бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَمَن وَعَدْنَٰهُ وَعْدًا حَسَنًا فَهُوَ لَٰقِيهِ كَمَن مَّتَّعْنَٰهُ مَتَٰعَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ثُمَّ هُوَ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ مِنَ ٱلْمُحْضَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага сонун жашоону (бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин кыямат күндө (тозок алдына) алып келинген кишиге окшойбу?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَآءِىَ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تَزْعُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө (Аллах) аларга айтат: «Силер (Мага шерик деп) ойлогон «кудайларыңар кана?!».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ ٱلَّذِينَ حَقَّ عَلَيْهِمُ ٱلْقَوْلُ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَغْوَيْنَآ أَغْوَيْنَٰهُمْ كَمَا غَوَيْنَا تَبَرَّأْنَآ إِلَيْكَ مَا كَانُوٓا۟ إِيَّانَا يَعْبُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан) Алардын үстүнө Сөз (азап) түшүүсү анык болуп калгандар:[1] «Оо, Рабби! Мына бул биз азгырган кишилер, биз аларды Өзүбүз азгырылган сыяктуу азгырганбыз. Биз Сага Өзүбүздү (алардан) актайбыз. Алар Бизге ибадат кылышкан эмес» – дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقِيلَ ٱدْعُوا۟ شُرَكَآءَكُمْ فَدَعَوْهُمْ فَلَمْ يَسْتَجِيبُوا۟ لَهُمْ وَرَأَوُا۟ ٱلْعَذَابَ لَوْ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ يَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан мушрик элдерге) айтылат: «Мага шерик кылган «кудайыңарды» (жардамга) чакыргыла!» Чакырышат. Бирок, аларга («кудайлары») жооп бербейт. Кийин алар азапты көрүшөт. Кана эми, алар (бул дүйнөдө) туура жолдо болушканда. (Азапты көрбөй, бейишке түшмөк эмес беле!)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ مَاذَآ أَجَبْتُمُ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол күнү (Аллах) аларга: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеңер?!» – дейт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَعَمِيَتْ عَلَيْهِمُ ٱلْأَنۢبَآءُ يَوْمَئِذٍ فَهُمْ لَا يَتَسَآءَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн дүйнөдөгү айтып жүрүшкөн далилдердин) кабары аларга берилбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَمَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحًا فَعَسَىٰٓ أَن يَكُونَ مِنَ ٱلْمُفْلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми тообо кылып, жакшы иштерди жасаган ыймандуулар (тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ وَيَخْتَارُ مَا كَانَ لَهُمُ ٱلْخِيَرَةُ سُبْحَٰنَ ٱللَّهِ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат. Аларга (Аллахка каршы чыгууга) ыктыяр жок.[1] Аллах алардын ширктеринен аруу-таза!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَرَبُّكَ يَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ لَهُ ٱلْحَمْدُ فِى ٱلْأُولَىٰ وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَلَهُ ٱلْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – Аллах! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيْكُمُ ٱلَّيْلَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ يَأْتِيكُم بِضِيَآءٍ أَفَلَا تَسْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллах силердин үстүңөрдө түндү кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» силерге жарыкты алып келе алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِن جَعَلَ ٱللَّهُ عَلَيْكُمُ ٱلنَّهَارَ سَرْمَدًا إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ مَنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ يَأْتِيكُم بِلَيْلٍ تَسْكُنُونَ فِيهِ أَفَلَا تُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллах үстүңөрдөгү күндүздү тээ кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! (Бул кереметтерди) көрбөй жатасыңарбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِن رَّحْمَتِهِۦ جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ لِتَسْكُنُوا۟ فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн жакшылыгынан издешиңер үчүн түн менен күндүздү жаратып койгону Аллахтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَآءِىَ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تَزْعُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ошол күнү (Аллах) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?» – дейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَزَعْنَا مِن كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا فَقُلْنَا هَاتُوا۟ بُرْهَٰنَكُمْ فَعَلِمُوٓا۟ أَنَّ ٱلْحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.[1] Анан алар акыйкат (кудайлык) Аллахка гана таандык экенин анык билишет. Өздөрү ойлоп тапкан (кудайлары) жок болуп кетет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ قَٰرُونَ كَانَ مِن قَوْمِ مُوسَىٰ فَبَغَىٰ عَلَيْهِمْ وَءَاتَيْنَٰهُ مِنَ ٱلْكُنُوزِ مَآ إِنَّ مَفَاتِحَهُۥ لَتَنُوٓأُ بِٱلْعُصْبَةِ أُو۟لِى ٱلْقُوَّةِ إِذْ قَالَ لَهُۥ قَوْمُهُۥ لَا تَفْرَحْ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْفَرِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Карун[1] Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллах (текеберленип), оолуккандарды сүйбөйт!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱبْتَغِ فِيمَآ ءَاتَىٰكَ ٱللَّهُ ٱلدَّارَ ٱلْـَٔاخِرَةَ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ ٱلدُّنْيَا وَأَحْسِن كَمَآ أَحْسَنَ ٱللَّهُ إِلَيْكَ وَلَا تَبْغِ ٱلْفَسَادَ فِى ٱلْأَرْضِ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْمُفْسِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аллах сага берген байлык менен акырет конушун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага жакшылык кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) жакшылык кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنَّمَآ أُوتِيتُهُۥ عَلَىٰ عِلْمٍ عِندِىٓ أَوَلَمْ يَعْلَمْ أَنَّ ٱللَّهَ قَدْ أَهْلَكَ مِن قَبْلِهِۦ مِنَ ٱلْقُرُونِ مَنْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُ قُوَّةً وَأَكْثَرُ جَمْعًا وَلَا يُسْـَٔلُ عَن ذُنُوبِهِمُ ٱلْمُجْرِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Карун) айтты: «Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген». Ал билбейт беле, Аллах андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын?! (Булар сыяктуу) күнөөкөр адамдар күнөө-кылмыштарынан суралып отурбайт![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوْمِهِۦ فِى زِينَتِهِۦ قَالَ ٱلَّذِينَ يُرِيدُونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا يَٰلَيْتَ لَنَا مِثْلَ مَآ أُوتِىَ قَٰرُونُ إِنَّهُۥ لَذُو حَظٍّ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Карун) зыйнат-кооздуктары менен элине чыкканда, дүйнө жашоосун(ун ырахат-жыргалын) каалагандар: Кана эми, бизге да Карунга берилгендей нерселер берилсе! Ал улук кут-насиптин ээси!» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ وَيْلَكُمْ ثَوَابُ ٱللَّهِ خَيْرٌ لِّمَنْ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحًا وَلَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلصَّٰبِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, илимдүү адамдар болсо: «Азап болсун силерге, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Аллахтын (акыреттик) сообу жакшы го! Аллахтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет!» (дешти).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَخَسَفْنَا بِهِۦ وَبِدَارِهِ ٱلْأَرْضَ فَمَا كَانَ لَهُۥ مِن فِئَةٍ يَنصُرُونَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُنتَصِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз аны (Карунду) үй-жайы менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллахтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَصْبَحَ ٱلَّذِينَ تَمَنَّوْا۟ مَكَانَهُۥ بِٱلْأَمْسِ يَقُولُونَ وَيْكَأَنَّ ٱللَّهَ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ وَيَقْدِرُ لَوْلَآ أَن مَّنَّ ٱللَّهُ عَلَيْنَا لَخَسَفَ بِنَا وَيْكَأَنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلْكَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКечээ гана анын (коомдогу) ордуна тамшанган адамдар: «Таң каласың! (Аллахтын кудуретине) пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскыны кенен жана тар кылып коёт турбайбы?! Эгер Аллах бизге жакшылык кылбаганда (кечээки сөзүбүз үчүн) бизди деле жерге жуткуруп жибермек! Билбепбиз көрсө, каапырлар (Аллахтын азабынан) кутулбайт турбайбы?!» — деп калышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تِلْكَ ٱلدَّارُ ٱلْـَٔاخِرَةُ نَجْعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّا فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فَسَادًا وَٱلْعَٰقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз тиги жактагы акырет конушун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (ыймандуу) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن جَآءَ بِٱلْحَسَنَةِ فَلَهُۥ خَيْرٌ مِّنْهَا وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَى ٱلَّذِينَ عَمِلُوا۟ ٱلسَّيِّـَٔاتِ إِلَّا مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим (акыретке) сооп-жакшылык алып келсе, ага (өзү алып келген) жакшылыгынан жакшыраак сыйлыктар берилет. Ал эми, кимде-ким жамандык (күнөө) алып келсе, жамандык жасагандар өз кылмыштарына гана жараша жаза алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِى فَرَضَ عَلَيْكَ ٱلْقُرْءَانَ لَرَآدُّكَ إِلَىٰ مَعَادٍ قُل رَّبِّىٓ أَعْلَمُ مَن جَآءَ بِٱلْهُدَىٰ وَمَنْ هُوَ فِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كُنتَ تَرْجُوٓا۟ أَن يُلْقَىٰٓ إِلَيْكَ ٱلْكِتَٰبُ إِلَّا رَحْمَةً مِّن رَّبِّكَ فَلَا تَكُونَنَّ ظَهِيرًا لِّلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен (оо, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا يَصُدُّنَّكَ عَنْ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بَعْدَ إِذْ أُنزِلَتْ إِلَيْكَ وَٱدْعُ إِلَىٰ رَبِّكَ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллахтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун![1] Жана Раббиңе (Ага ыйман келтирүүгө) чакыр. Эч качан мушриктерден болбогун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَدْعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ كُلُّ شَىْءٍ هَالِكٌ إِلَّا وَجْهَهُۥ لَهُ ٱلْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Андан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок. (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70