caseriqКуранда маани боюнча издөө

Fussilat сүрөсү فصلت

54 аят · Мекке · түшүү тартиби 61

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ حمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovХаа-миим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تَنزِيلٌ مِّنَ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул) Ырайымдуу, Мээримдүү тарабынан түшүрүлгөн, (жана)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كِتَٰبٌ فُصِّلَتْ ءَايَٰتُهُۥ قُرْءَانًا عَرَبِيًّا لِّقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(маанисин) билген адамдар үчүн аяттары арабча Куран калыбында толук баяндалган (Китеп)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَشِيرًا وَنَذِيرًا فَأَعْرَضَ أَكْثَرُهُمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ قُلُوبُنَا فِىٓ أَكِنَّةٍ مِّمَّا تَدْعُونَآ إِلَيْهِ وَفِىٓ ءَاذَانِنَا وَقْرٌ وَمِنۢ بَيْنِنَا وَبَيْنِكَ حِجَابٌ فَٱعْمَلْ إِنَّنَا عَٰمِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٌ مِّثْلُكُمْ يُوحَىٰٓ إِلَىَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ فَٱسْتَقِيمُوٓا۟ إِلَيْهِ وَٱسْتَغْفِرُوهُ وَوَيْلٌ لِّلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ لَا يُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ كَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَئِنَّكُمْ لَتَكْفُرُونَ بِٱلَّذِى خَلَقَ ٱلْأَرْضَ فِى يَوْمَيْنِ وَتَجْعَلُونَ لَهُۥٓ أَندَادًا ذَٰلِكَ رَبُّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллахка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал – ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусу го!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِىَ مِن فَوْقِهَا وَبَٰرَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَآ أَقْوَٰتَهَا فِىٓ أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَآءً لِّلسَّآئِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ ٱسْتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ وَهِىَ دُخَانٌ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ٱئْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًا قَالَتَآ أَتَيْنَا طَآئِعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин (жаратуу үчүн) асман(дар)ды максат кылды.[1] Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!» – дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَقَضَىٰهُنَّ سَبْعَ سَمَٰوَاتٍ فِى يَوْمَيْنِ وَأَوْحَىٰ فِى كُلِّ سَمَآءٍ أَمْرَهَا وَزَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنْيَا بِمَصَٰبِيحَ وَحِفْظًا ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан (дагы) эки күндүн ичинде жети асманды(н жаралышын) бүтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий (дайын) кылды. Жана Биз Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. (Жана ал жылдыздарды жин-шайтандардан) коргоочу (кылдык). Бул (жаратылыштар) Илимдүү, Кудуреттүү Аллахтын тагдыры.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنْ أَعْرَضُوا۟ فَقُلْ أَنذَرْتُكُمْ صَٰعِقَةً مِّثْلَ صَٰعِقَةِ عَادٍ وَثَمُودَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (мушриктер дагы эле) жүз үйрүсө, айткын: «Мен силерди Аад жана Самуддун азабы сыяктуу азаптан эскерттим!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ جَآءَتْهُمُ ٱلرُّسُلُ مِنۢ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا تَعْبُدُوٓا۟ إِلَّا ٱللَّهَ قَالُوا۟ لَوْ شَآءَ رَبُّنَا لَأَنزَلَ مَلَٰٓئِكَةً فَإِنَّا بِمَآ أُرْسِلْتُم بِهِۦ كَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде аларга пайгамбарлар биринин артынан бири келип: «Аллахтан башкага ибадат кылбагыла!» (дегенде) «Эгер Раббибиз кааласа, периштелерди (пайгамбар кылып) түшүрмөк. Биз силер алып келген Динге ишенбейбиз. (Анткени, адамдан пайгамбар чыгышы мүмкүн эмес)» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَمَّا عَادٌ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَقَالُوا۟ مَنْ أَشَدُّ مِنَّا قُوَّةً أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِى خَلَقَهُمْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُمْ قُوَّةً وَكَانُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا يَجْحَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Аад (уруусу) болсо, акыйкатсыздык (зордук-зомбулук) менен жер жүзүндө текеберленип: «Бизден күч кубаттуу эч ким жок!» дешти. Алар өздөрүн жараткан Аллах алардан күчтүүрөөк экенин билишпеди бекен?! Алар (ошентип) аяттарыбызды четке кагып коюшту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِىٓ أَيَّامٍ نَّحِسَاتٍ لِّنُذِيقَهُمْ عَذَابَ ٱلْخِزْىِ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَخْزَىٰ وَهُمْ لَا يُنصَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн бактысыз күндөрдө катуу добул шамалды жибердик! Акырет азабы андан да кордоочураак! (Ал Күнү) аларга эч жардам берилбейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمَّا ثَمُودُ فَهَدَيْنَٰهُمْ فَٱسْتَحَبُّوا۟ ٱلْعَمَىٰ عَلَى ٱلْهُدَىٰ فَأَخَذَتْهُمْ صَٰعِقَةُ ٱلْعَذَابِ ٱلْهُونِ بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) хидаят берсек, хидаят-туура жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَجَّيْنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَكَانُوا۟ يَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ يُحْشَرُ أَعْدَآءُ ٱللَّهِ إِلَى ٱلنَّارِ فَهُمْ يُوزَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Аллахтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

حَتَّىٰٓ إِذَا مَا جَآءُوهَا شَهِدَ عَلَيْهِمْ سَمْعُهُمْ وَأَبْصَٰرُهُمْ وَجُلُودُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТозокко (жакын) келишкенде («Биз күнөө кылган эмеспиз!» деп тана башташат. Ошондо) алардын зыянына көздөрү, кулактары жана терилери, жасаган (күнөө) иштерине күбөгө өтүшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ لِجُلُودِهِمْ لِمَ شَهِدتُّمْ عَلَيْنَا قَالُوٓا۟ أَنطَقَنَا ٱللَّهُ ٱلَّذِىٓ أَنطَقَ كُلَّ شَىْءٍ وَهُوَ خَلَقَكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда алар терилерине: «Эмне үчүн биздин зыяныбызга күбөлүк бердиңер?» – дешет. (Терилери жана башка дене мүчөлөрү) айтат: «Ар кандай нерсени сүйлөтө алган Аллах бизди да сүйлөттү. Ал силерди биринчи ирет (жоктон бар кылып) жараткан. Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كُنتُمْ تَسْتَتِرُونَ أَن يَشْهَدَ عَلَيْكُمْ سَمْعُكُمْ وَلَآ أَبْصَٰرُكُمْ وَلَا جُلُودُكُمْ وَلَٰكِن ظَنَنتُمْ أَنَّ ٱللَّهَ لَا يَعْلَمُ كَثِيرًا مِّمَّا تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (эй, күнөөкөр адамдар!) Өзүңөрдүн зыяныңарга кулагыңар, көзүңөр, териңер күбөлүк беришинен (дүйнөдө) жашынбайт элеңер. (Анткени), жасаган ишиңерден көпчүлүгүн Аллах билбей калат деп ойлогонсуңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَذَٰلِكُمْ ظَنُّكُمُ ٱلَّذِى ظَنَنتُم بِرَبِّكُمْ أَرْدَىٰكُمْ فَأَصْبَحْتُم مِّنَ ٱلْخَٰسِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңерге күмөн санаган ушул ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِن يَصْبِرُوا۟ فَٱلنَّارُ مَثْوًى لَّهُمْ وَإِن يَسْتَعْتِبُوا۟ فَمَا هُم مِّنَ ٱلْمُعْتَبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (азапка) чыдай алса, тозок-алардын жайы. Эгер (дүйнөгө) кайтарууну сурашса кайтарылуучу болушпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَيَّضْنَا لَهُمْ قُرَنَآءَ فَزَيَّنُوا۟ لَهُم مَّا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَحَقَّ عَلَيْهِمُ ٱلْقَوْلُ فِىٓ أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهِم مِّنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ خَٰسِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга (Куранды четке каккандан кийин жин-шайтандардан) досторду» даярдап койгон элек. Анан алар (шайтандар) буларга алды-артындагы күнөөлөрдү кооздоп көргөзгөн. (Натыйжада) өздөрүнөн мурда өткөн (каапыр) инсандар жана жиндердин катарында алардын башына да сөз (азап) келиши акыйкат болуп калды. Алар зыян тартуучу болушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَا تَسْمَعُوا۟ لِهَٰذَا ٱلْقُرْءَانِ وَٱلْغَوْا۟ فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَغْلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдар (бири-бирине): «Куранды укпагыла! (Эгер капыстан угуп калсаңар) аны жеңип, жогору келишиңер үчүн маанисиз сөздөрдү сүйлөп таштагыла!» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَنُذِيقَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ عَذَابًا شَدِيدًا وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَسْوَأَ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз каапырларга сөзсүз катуу азап таттырабыз жана өздөрү жасаган (жаман) иштен да жаманыраак жаза менен жазалайбыз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ جَزَآءُ أَعْدَآءِ ٱللَّهِ ٱلنَّارُ لَهُمْ فِيهَا دَارُ ٱلْخُلْدِ جَزَآءًۢ بِمَا كَانُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا يَجْحَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул жаза Аллахтын душмандарынын жазасы: тозок! Биздин аяттарыбызды (мыскылдап) четке каккандарынын жазасына алар үчүн тозокто түбөлүк орундар бар![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ رَبَّنَآ أَرِنَا ٱلَّذَيْنِ أَضَلَّانَا مِنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ نَجْعَلْهُمَا تَحْتَ أَقْدَامِنَا لِيَكُونَا مِنَ ٱلْأَسْفَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапыр жолбашчыларды ээрчип) каапыр болгон адамдар (тозокто туруп): «Оо, Рабби! Бизге азгырган адамдарды жана жиндерди көргөз! Биз аларды, эң төмөнкү тозокто болушу үчүн, тамандарыбыз менен эзип-жанчып туралы!» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُوا۟ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسْتَقَٰمُوا۟ تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا۟ وَلَا تَحْزَنُوا۟ وَأَبْشِرُوا۟ بِٱلْجَنَّةِ ٱلَّتِى كُنتُمْ تُوعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Раббим – Аллах» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نَحْنُ أَوْلِيَآؤُكُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَفِى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِىٓ أَنفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

نُزُلًا مِّنْ غَفُورٍ رَّحِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫрайымдуу, Кечиримдүү (Аллах) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِّمَّن دَعَآ إِلَى ٱللَّهِ وَعَمِلَ صَٰلِحًا وَقَالَ إِنَّنِى مِنَ ٱلْمُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСалих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَسْتَوِى ٱلْحَسَنَةُ وَلَا ٱلسَّيِّئَةُ ٱدْفَعْ بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ فَإِذَا ٱلَّذِى بَيْنَكَ وَبَيْنَهُۥ عَدَٰوَةٌ كَأَنَّهُۥ وَلِىٌّ حَمِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ذُو حَظٍّ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيْطَٰنِ نَزْغٌ فَٱسْتَعِذْ بِٱللَّهِ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллахтан коргоо тиле![1] Чынында Ал – Угуучу, Билүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِ ٱلَّيْلُ وَٱلنَّهَارُ وَٱلشَّمْسُ وَٱلْقَمَرُ لَا تَسْجُدُوا۟ لِلشَّمْسِ وَلَا لِلْقَمَرِ وَٱسْجُدُوا۟ لِلَّهِ ٱلَّذِى خَلَقَهُنَّ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنِ ٱسْتَكْبَرُوا۟ فَٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ يُسَبِّحُونَ لَهُۥ بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَهُمْ لَا يَسْـَٔمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (Аллахка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллах алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنَّكَ تَرَى ٱلْأَرْضَ خَٰشِعَةً فَإِذَآ أَنزَلْنَا عَلَيْهَا ٱلْمَآءَ ٱهْتَزَّتْ وَرَبَتْ إِنَّ ٱلَّذِىٓ أَحْيَاهَا لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰٓ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын (кудуретинин) белгилеринен дагы бири, сен жерди куп-кургак (өлүк сыяктуу кунарсыз) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрсөк козголуп, көөп чыгат (жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өндүрө баштайт). Жерди (ушинтип) тирилткен Кудай өлүктөрдү да тирилте алат. Ал ар кандай нерсеге Кудуреттүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُلْحِدُونَ فِىٓ ءَايَٰتِنَا لَا يَخْفَوْنَ عَلَيْنَآ أَفَمَن يُلْقَىٰ فِى ٱلنَّارِ خَيْرٌ أَم مَّن يَأْتِىٓ ءَامِنًا يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ ٱعْمَلُوا۟ مَا شِئْتُمْ إِنَّهُۥ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин аяттарыбызга мулхид[1] болгон адамдар Бизден жашына алышпайт! (Мулхид болуп) тозокко ташталган адам жакшыбы же Кыяматта аман-эсен келе турган адамбы? (Эй, мушриктер, бардыгын угуп-билип алдыңар. Эми) каалаган ишиңерди жасай бергиле! Ал силердин (бардык) ишиңерди Көрүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِٱلذِّكْرِ لَمَّا جَآءَهُمْ وَإِنَّهُۥ لَكِتَٰبٌ عَزِيزٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Өздөрүнө келген убакытта Зикирге (Куранга) каапыр болгон адамдар (катуу азапка дуушар болушат). Чынында, ал Ыйык Китеп. (Анткени),

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يَأْتِيهِ ٱلْبَٰطِلُ مِنۢ بَيْنِ يَدَيْهِ وَلَا مِنْ خَلْفِهِۦ تَنزِيلٌ مِّنْ حَكِيمٍ حَمِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал (Куран) Даанышман, Макталган (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّا يُقَالُ لَكَ إِلَّا مَا قَدْ قِيلَ لِلرُّسُلِ مِن قَبْلِكَ إِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغْفِرَةٍ وَذُو عِقَابٍ أَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСага мурунку пайгамбарларга айтылган сөздөрдөн ашыкча сөз айтылган жок.[1] Чынында, Сенин Раббиң (тообо кылгандарды) Кечиримдүү жана (тообо кылбаган каапырларды) Азаптоочу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ جَعَلْنَٰهُ قُرْءَانًا أَعْجَمِيًّا لَّقَالُوا۟ لَوْلَا فُصِّلَتْ ءَايَٰتُهُۥٓ ءَا۬عْجَمِىٌّ وَعَرَبِىٌّ قُلْ هُوَ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ هُدًى وَشِفَآءٌ وَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ فِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرٌ وَهُوَ عَلَيْهِمْ عَمًى أُو۟لَٰٓئِكَ يُنَادَوْنَ مِن مَّكَانٍۭ بَعِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз аны арабча эмес Куран кылганыбызда (араб мушриктери): «Анын аяттары түшүнүктүү болсо болмок! Арабча эмес бекен?! (Мухаммад өзү) араб эмес беле?!» дешмек. Айткын: «Бул (Куран) ыймандуу адамдарга туура жол жана шыпаа, ал эми кулактарында дүлөйлүк бар (себептүү) ага ыйман келтирбеген адамдар үчүн сокурлук (болот). Алар алыс жерден чакырылган адамдар (сыяктуу Куранды угушпайт)».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَٰبَ فَٱخْتُلِفَ فِيهِ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِن رَّبِّكَ لَقُضِىَ بَيْنَهُمْ وَإِنَّهُمْ لَفِى شَكٍّ مِّنْهُ مُرِيبٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Мусага да Китеп (Тоорат) берген элек. Алар (Мусанын эли) анда бир пикирге келише албай (бир бөлүгү ыйман келтирип, бир бөлүгү каапыр болуп) калышты. Эгерде, Раббиң тарабынан алдын ала айтылган («Алар Кыяматта азап тартышат» деген) Сөз болбосо, алардын арасында (эчак эле) өкүм чыгарылмак. (Б. а. каапырлардын башына азап түшүп, кырылып калмак. Себеби,) алар (Тоораттан) катуу шектенүүдө болушкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّنْ عَمِلَ صَٰلِحًا فَلِنَفْسِهِۦ وَمَنْ أَسَآءَ فَعَلَيْهَا وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّٰمٍ لِّلْعَبِيدِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим жакшы иш жасаса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян! Сенин Раббиң пенделерге зулум кылуучу эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِلَيْهِ يُرَدُّ عِلْمُ ٱلسَّاعَةِ وَمَا تَخْرُجُ مِن ثَمَرَٰتٍ مِّنْ أَكْمَامِهَا وَمَا تَحْمِلُ مِنْ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلْمِهِۦ وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ أَيْنَ شُرَكَآءِى قَالُوٓا۟ ءَاذَنَّٰكَ مَا مِنَّا مِن شَهِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКыяматтын илими Өзүнө гана кайтарылат.[1] Өз бүчүрүнөн чыга турган бардык мөмөлөр, бардык ургаачылар боюна көтөргөн жана төрөгөн нерселер Анын гана илими менен (камтылган)! Ошол (Кыямат) Күнү (Аллах) аларга: «Менин «шериктерим» кана?!» (дегенде) алар: «Биздин арабызда (Сенден башканын кудай экенине) күбө жок экенин Сага билдиребиз» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَدْعُونَ مِن قَبْلُ وَظَنُّوا۟ مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана буга чейин (дүйнө жашоосунда) ага дуба кылган «кудайлары» алардан жоголуп, өздөрүнө куткаруучу жок болуп калганын анык билишти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا يَسْـَٔمُ ٱلْإِنسَٰنُ مِن دُعَآءِ ٱلْخَيْرِ وَإِن مَّسَّهُ ٱلشَّرُّ فَيَـُٔوسٌ قَنُوطٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИнсан (өзүнө) жакшы дуба-тилек кылуудан эч чарчабайт. Эгер ага бир жамандык жетип калса, дароо мүңкүрөп, үмүтсүз болуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَئِنْ أَذَقْنَٰهُ رَحْمَةً مِّنَّا مِنۢ بَعْدِ ضَرَّآءَ مَسَّتْهُ لَيَقُولَنَّ هَٰذَا لِى وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةً وَلَئِن رُّجِعْتُ إِلَىٰ رَبِّىٓ إِنَّ لِى عِندَهُۥ لَلْحُسْنَىٰ فَلَنُنَبِّئَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِمَا عَمِلُوا۟ وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنْ عَذَابٍ غَلِيظٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде ага жеткен кайгыдан соң Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, «Мен ушуга татыктуу элем. Кыямат болушуна да күмөнүм бар. Эгер (Кыямат чын болуп) мен Раббиме кайтарылган күндө деле, Анын алдында мага жакшылыктар (бейиш) болот!» деп айтаары бышык. Биз каапыр болгон адамдарга жасаган иштеринин кабарын берип, аларга катуу азап(тын «даамын») таттырабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَآ أَنْعَمْنَا عَلَى ٱلْإِنسَٰنِ أَعْرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ فَذُو دُعَآءٍ عَرِيضٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз инсанга нээмат берип койсок, (Бизден) жүз буруп, көөп, бой көтөрүп калат. Ал эми, бир жамандык жетип калса, узун-узун дубаларды окуп калат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِن كَانَ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ثُمَّ كَفَرْتُم بِهِۦ مَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ هُوَ فِى شِقَاقٍۭ بَعِيدٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «(Эй, мушриктер), айткылачы мага, эгер (Куран) Аллахтын алдынан (келгени чын) болуп, силер ага каапыр болсоңор, Аллахка түбөлүк душмандыкта болгон кишиден көбүрөөк адашкан ким бар?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

سَنُرِيهِمْ ءَايَٰتِنَا فِى ٱلْـَٔافَاقِ وَفِىٓ أَنفُسِهِمْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُ ٱلْحَقُّ أَوَلَمْ يَكْفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ شَهِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга анын (Курандын) акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп коёбуз. Раббиңдин ар нерседен Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَآ إِنَّهُمْ فِى مِرْيَةٍ مِّن لِّقَآءِ رَبِّهِمْ أَلَآ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَىْءٍ مُّحِيطٌۢ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөңүл бургула! Алар Раббисине жолугуудан күмөндө болушууда! Көңүл бургула! Чынында ал ар бир нерсени (Өз илими менен) Камтуучу».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70