وَمِنْ ءَايَٰتِهِ ٱلَّيْلُ وَٱلنَّهَارُ وَٱلشَّمْسُ وَٱلْقَمَرُ لَا تَسْجُدُوا۟ لِلشَّمْسِ وَلَا لِلْقَمَرِ وَٱسْجُدُوا۟ لِلَّهِ ٱلَّذِى خَلَقَهُنَّ إِن كُنتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!