caseriqКуранда маани боюнча издөө

Ar-Room сүрөсү الروم

60 аят · Мекке · түшүү тартиби 84

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ الٓمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлиф, Лаам, Миим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

غُلِبَتِ ٱلرُّومُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРум (Персиядан) жеңилди.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِىٓ أَدْنَى ٱلْأَرْضِ وَهُم مِّنۢ بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِى بِضْعِ سِنِينَ لِلَّهِ ٱلْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِنۢ بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ ٱلْمُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بِنَصْرِ ٱللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَآءُ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعْدَ ٱللَّهِ لَا يُخْلِفُ ٱللَّهُ وَعْدَهُۥ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул – ) Аллахтын убадасы. Аллах (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَعْلَمُونَ ظَٰهِرًا مِّنَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَهُمْ عَنِ ٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ غَٰفِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا۟ فِىٓ أَنفُسِهِم مَّا خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَأَجَلٍ مُّسَمًّى وَإِنَّ كَثِيرًا مِّنَ ٱلنَّاسِ بِلِقَآئِ رَبِّهِمْ لَكَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллах асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ كَانُوٓا۟ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً وَأَثَارُوا۟ ٱلْأَرْضَ وَعَمَرُوهَآ أَكْثَرَ مِمَّا عَمَرُوهَا وَجَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?[1] Алар булардан (азыркы каапырлардан) күч-кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллахтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ كَانَ عَٰقِبَةَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔوا۟ ٱلسُّوٓأَىٰٓ أَن كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَكَانُوا۟ بِهَا يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети аябай жаман болду! Себеби, алар Аллахтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ يَبْدَؤُا۟ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах жан-жартылышты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُبْلِسُ ٱلْمُجْرِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКыямат кайым болгон күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمْ يَكُن لَّهُم مِّن شُرَكَآئِهِمْ شُفَعَٰٓؤُا۟ وَكَانُوا۟ بِشُرَكَآئِهِمْ كَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын (Аллахка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр (каршы) болушат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوْمَئِذٍ يَتَفَرَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана кыямат күнү, ошол күнү алар (каапырлар тозокко, ыймандуулар бейишке) бөлүнүп кетишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَهُمْ فِى رَوْضَةٍ يُحْبَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, жакшылык иштерди кылган адамдар (бейиш) бактарда кубанычка бөлөнүп, сыйланышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَكَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآئِ ٱلْـَٔاخِرَةِ فَأُو۟لَٰٓئِكَ فِى ٱلْعَذَابِ مُحْضَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана акыреттеги (Аллах менен) жолгушууга ишенбеген адамдар, ошолор азапта калуучулар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَسُبْحَٰنَ ٱللَّهِ حِينَ تُمْسُونَ وَحِينَ تُصْبِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТүнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллахга тасбих[1] айткыла (аруулагыла)!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَهُ ٱلْحَمْدُ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَعَشِيًّا وَحِينَ تُظْهِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен жерде, дигер жана бешим мезгилдеринде[1] бардык мактоо - Аллахка гана! (айтылсын).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ ٱلْمَيِّتَ مِنَ ٱلْحَىِّ وَيُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَكَذَٰلِكَ تُخْرَجُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنْ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٍ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٌ تَنتَشِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًا لِّتَسْكُنُوٓا۟ إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةً وَرَحْمَةً إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени[1] жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ خَلْقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱخْتِلَٰفُ أَلْسِنَتِكُمْ وَأَلْوَٰنِكُمْ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّلْعَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبْتِغَآؤُكُم مِّن فَضْلِهِۦٓ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يَسْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَيُحْىِۦ بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн[1] силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн[2] соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن تَقُومَ ٱلسَّمَآءُ وَٱلْأَرْضُ بِأَمْرِهِۦ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمْ دَعْوَةً مِّنَ ٱلْأَرْضِ إِذَآ أَنتُمْ تَخْرُجُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَهُۥ مَن فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ كُلٌّ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى يَبْدَؤُا۟ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهْوَنُ عَلَيْهِ وَلَهُ ٱلْمَثَلُ ٱلْأَعْلَىٰ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ضَرَبَ لَكُم مَّثَلًا مِّنْ أَنفُسِكُمْ هَل لَّكُم مِّن مَّا مَلَكَتْ أَيْمَٰنُكُم مِّن شُرَكَآءَ فِى مَا رَزَقْنَٰكُمْ فَأَنتُمْ فِيهِ سَوَآءٌ تَخَافُونَهُمْ كَخِيفَتِكُمْ أَنفُسَكُمْ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَٰتِ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силердин кулдарыңар силер менен бирдей шерик болуусуна ыраазы болосуңарбы? (Жок) Силер алардын (мал-мүлкүңөргө шериктеш болуусунан) башка бир эркин адам (жок жерден эле шериктеш болуп калуусунан) корккондой коркосуңар. Биз акыл жүгүрткөн адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلِ ٱتَّبَعَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ أَهْوَآءَهُم بِغَيْرِ عِلْمٍ فَمَن يَهْدِى مَنْ أَضَلَّ ٱللَّهُ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Залымдар илимсиздиктен улам напси каалоолорун ээрчишти. Аллах адаштырганды ким туура жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفًا فِطْرَتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِى فَطَرَ ٱلنَّاسَ عَلَيْهَا لَا تَبْدِيلَ لِخَلْقِ ٱللَّهِ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلْقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Ислам динине[1] баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مُنِيبِينَ إِلَيْهِ وَٱتَّقُوهُ وَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَلَا تَكُونُوا۟ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга (тообо менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مِنَ ٱلَّذِينَ فَرَّقُوا۟ دِينَهُمْ وَكَانُوا۟ شِيَعًا كُلُّ حِزْبٍۭ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДиндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир топ (биз гана туура жолдобуз деп) өздөрүндө болгон нерселер менен гана кубанышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا مَسَّ ٱلنَّاسَ ضُرٌّ دَعَوْا۟ رَبَّهُم مُّنِيبِينَ إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَآ أَذَاقَهُم مِّنْهُ رَحْمَةً إِذَا فَرِيقٌ مِّنْهُم بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَٰهُمْ فَتَمَتَّعُوا۟ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ أَنزَلْنَا عَلَيْهِمْ سُلْطَٰنًا فَهُوَ يَتَكَلَّمُ بِمَا كَانُوا۟ بِهِۦ يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَآ أَذَقْنَا ٱلنَّاسَ رَحْمَةً فَرِحُوا۟ بِهَا وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ إِذَا هُمْ يَقْنَطُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَـَٔاتِ ذَا ٱلْقُرْبَىٰ حَقَّهُۥ وَٱلْمِسْكِينَ وَٱبْنَ ٱلسَّبِيلِ ذَٰلِكَ خَيْرٌ لِّلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجْهَ ٱللَّهِ وَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ ءَاتَيْتُم مِّن رِّبًا لِّيَرْبُوَا۟ فِىٓ أَمْوَٰلِ ٱلنَّاسِ فَلَا يَرْبُوا۟ عِندَ ٱللَّهِ وَمَآ ءَاتَيْتُم مِّن زَكَوٰةٍ تُرِيدُونَ وَجْهَ ٱللَّهِ فَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُضْعِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَكُمْ ثُمَّ رَزَقَكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ هَلْ مِن شُرَكَآئِكُم مَّن يَفْعَلُ مِن ذَٰلِكُم مِّن شَىْءٍ سُبْحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ظَهَرَ ٱلْفَسَادُ فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِى ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ ٱلَّذِى عَمِلُوا۟ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلُ كَانَ أَكْثَرُهُم مُّشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «(Эй, каапырлар!) жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллахка) шерик кошуучу болушкан».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ ٱلْقَيِّمِ مِن قَبْلِ أَن يَأْتِىَ يَوْمٌ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ يَوْمَئِذٍ يَصَّدَّعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, сен (оо, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (кыямат) Аллах тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن كَفَرَ فَعَلَيْهِ كُفْرُهُۥ وَمَنْ عَمِلَ صَٰلِحًا فَلِأَنفُسِهِمْ يَمْهَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшылык иштерди кылса, өздөрүнө (бейишти) даярдаптыр.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن فَضْلِهِۦٓ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында Ал каапырларды сүйбөйт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن يُرْسِلَ ٱلرِّيَاحَ مُبَشِّرَٰتٍ وَلِيُذِيقَكُم مِّن رَّحْمَتِهِۦ وَلِتَجْرِىَ ٱلْفُلْكُ بِأَمْرِهِۦ وَلِتَبْتَغُوا۟ مِن فَضْلِهِۦ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын (кудуретинин) белгилеринен (бири): Ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын жакшылыктарынан үмүт кылышыңар үчүн (жамгырдын жаашын) сүйүнчүлөөгө шамалдарды жибериши.[1] Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ فَجَآءُوهُم بِٱلْبَيِّنَٰتِ فَٱنتَقَمْنَا مِنَ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (оо, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү – Биздин милдет болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ ٱلَّذِى يُرْسِلُ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابًا فَيَبْسُطُهُۥ فِى ٱلسَّمَآءِ كَيْفَ يَشَآءُ وَيَجْعَلُهُۥ كِسَفًا فَتَرَى ٱلْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَٰلِهِۦ فَإِذَآ أَصَابَ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦٓ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах шамалдарды жиберип булуттарды козгойт. Анан (Аллах) аларды асманда Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллах) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, күтүлбөгөн жерден сүйүнүп калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن كَانُوا۟ مِن قَبْلِ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْهِم مِّن قَبْلِهِۦ لَمُبْلِسِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱنظُرْ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحْمَتِ ٱللَّهِ كَيْفَ يُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми сен (оо, адам) Аллахтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Акыйкатта, Ал (Аллах) өлүктөрдү да албетте тирилтет! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَئِنْ أَرْسَلْنَا رِيحًا فَرَأَوْهُ مُصْفَرًّا لَّظَلُّوا۟ مِنۢ بَعْدِهِۦ يَكْفُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми Биз (эгиндерине зыян келтирген) шамал жиберип, алардын саргайып (куурап) калганын көргөндө, (Аллахка) каапыр болуп калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِنَّكَ لَا تُسْمِعُ ٱلْمَوْتَىٰ وَلَا تُسْمِعُ ٱلصُّمَّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا وَلَّوْا۟ مُدْبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, пайгамбар!) Чынында сен өлүктөргө (сөзүңдү) угуза албайсың. ошондой эле артын салып кетип бараткан (акыйкатты угуудан) керең болгондорго чакырыгыңды угуза албайсың.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنتَ بِهَٰدِ ٱلْعُمْىِ عَن ضَلَٰلَتِهِمْ إِن تُسْمِعُ إِلَّا مَن يُؤْمِنُ بِـَٔايَٰتِنَا فَهُم مُّسْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن ضَعْفٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعْدِ ضَعْفٍ قُوَّةً ثُمَّ جَعَلَ مِنۢ بَعْدِ قُوَّةٍ ضَعْفًا وَشَيْبَةً يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ وَهُوَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْقَدِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук)тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал - Билимдүү, Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يُقْسِمُ ٱلْمُجْرِمُونَ مَا لَبِثُوا۟ غَيْرَ سَاعَةٍ كَذَٰلِكَ كَانُوا۟ يُؤْفَكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСаат (кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) аз гана убакыт (жашап) турдук» – деп ант ичишет. Алар (дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болушкан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ وَٱلْإِيمَٰنَ لَقَدْ لَبِثْتُمْ فِى كِتَٰبِ ٱللَّهِ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْبَعْثِ فَهَٰذَا يَوْمُ ٱلْبَعْثِ وَلَٰكِنَّكُمْ كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Чындыгында Аллах (тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул – кайра тирилүү күнү. Бирок, силер билбейт (ишенбейт) элеңер».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَيَوْمَئِذٍ لَّا يَنفَعُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مَعْذِرَتُهُمْ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндө залымдарга шылтоолору[1] пайда бербейт жана алардан (тообо менен Аллахты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِى هَٰذَا ٱلْقُرْءَانِ مِن كُلِّ مَثَلٍ وَلَئِن جِئْتَهُم بِـَٔايَةٍ لَّيَقُولَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ أَنتُمْ إِلَّا مُبْطِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَذَٰلِكَ يَطْبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, Аллах (чындыкты) билбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّ وَلَا يَسْتَخِفَّنَّكَ ٱلَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллахтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) ишенбегендер сени (жеңил ойлуулукка) түрпөсүн![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70