caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Ankaboot сүрөсү العنكبوت

69 аят · Мекке · түшүү тартиби 85

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ الٓمٓ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлиф. Лам. Мим.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَحَسِبَ ٱلنَّاسُ أَن يُتْرَكُوٓا۟ أَن يَقُولُوٓا۟ ءَامَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ فَتَنَّا ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ صَدَقُوا۟ وَلَيَعْلَمَنَّ ٱلْكَٰذِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду билет, жалганчыларды да билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ حَسِبَ ٱلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَسْبِقُونَا سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن كَانَ يَرْجُوا۟ لِقَآءَ ٱللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ لَـَٔاتٍ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ким (кыяматта) Аллахка жолугуудан үмүт кылса, Аллахтын (кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Ал Угуучу, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن جَٰهَدَ فَإِنَّمَا يُجَٰهِدُ لِنَفْسِهِۦٓ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِىٌّ عَنِ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллахтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллах ааламдардан беймуктаж.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَنُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّـَٔاتِهِمْ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَحْسَنَ ٱلَّذِى كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ыйман келтирип, жакшы иштерди аткарган ыймандуулардын күнөөлөрүн өчүрүп, жасаган иштеринен жакшыраак кылып сыйлык беребиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَصَّيْنَا ٱلْإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيْهِ حُسْنًا وَإِن جَٰهَدَاكَ لِتُشْرِكَ بِى مَا لَيْسَ لَكَ بِهِۦ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَآ إِلَىَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйнап-кыстачу болсо, аларга моюн сунбагын. Менин Өзүмө гана кайтасыңар. Анан Мен силерге жасаган иштериңердин кабарын беремин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَنُدْخِلَنَّهُمْ فِى ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдарды жакшы иш жасоочу (бейиши болгон) адамдардын катарына кошобуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ فَإِذَآ أُوذِىَ فِى ٱللَّهِ جَعَلَ فِتْنَةَ ٱلنَّاسِ كَعَذَابِ ٱللَّهِ وَلَئِن جَآءَ نَصْرٌ مِّن رَّبِّكَ لَيَقُولُنَّ إِنَّا كُنَّا مَعَكُمْ أَوَلَيْسَ ٱللَّهُ بِأَعْلَمَ بِمَا فِى صُدُورِ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын арасындагы кээ бирөөлөр «Аллахка ыйман келтирдик» - дешет. Бирок, Аллахтын жолунда бир зыянга жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллахтын азабындай кабыл алат. Ал эми, эгер Раббиң тарабынан (мусулмандарга) жеңиш келип калса дароо «Биз силер менен бирге болчубуз» дешет. Аллах ааламдардын (адамдардын) көкүрөгүндөгү (жашырган) нерселерин билбейт бекен?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَيَعْلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَيَعْلَمَنَّ ٱلْمُنَٰفِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (чындап) ыйман келтиргендерди да, эки жүздүүлөрдү да анык билип турат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّبِعُوا۟ سَبِيلَنَا وَلْنَحْمِلْ خَطَٰيَٰكُمْ وَمَا هُم بِحَٰمِلِينَ مِنْ خَطَٰيَٰهُم مِّن شَىْءٍ إِنَّهُمْ لَكَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар ыймандууларга: «Биздин жолубузду ээрчигиле. Күнөө ишиңерди (мына) биз моюнга алабыз» дешет. Алардын каталарынан эч нерсени өз моюндарына алышпайт.[1] Чынында, алар - жалганчылар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَيَحْمِلُنَّ أَثْقَالَهُمْ وَأَثْقَالًا مَّعَ أَثْقَالِهِمْ وَلَيُسْـَٔلُنَّ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ عَمَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (азгыргандар) өздөрүнүн күнөөсүн да көтөрөт, өз күнөөлөрү менен бирге башка күнөөлөрдү да көтөрөт жана кыямат күнү ойлоп тапкан күнөөлөрү жөнүндө сурак беришет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦ فَلَبِثَ فِيهِمْ أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًا فَأَخَذَهُمُ ٱلطُّوفَانُ وَهُمْ ظَٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду.[1] Анан аларды залым болуп турган жеринде топон суу каптады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَأَنجَيْنَٰهُ وَأَصْحَٰبَ ٱلسَّفِينَةِ وَجَعَلْنَٰهَآ ءَايَةً لِّلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِبْرَٰهِيمَ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллахка гана сыйынгыла! Ага такыбалык кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوْثَٰنًا وَتَخْلُقُونَ إِفْكًا إِنَّ ٱلَّذِينَ تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَمْلِكُونَ لَكُمْ رِزْقًا فَٱبْتَغُوا۟ عِندَ ٱللَّهِ ٱلرِّزْقَ وَٱعْبُدُوهُ وَٱشْكُرُوا۟ لَهُۥٓ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, силер Аллахтан башка буттарга ибадат кылып, (аларды «кудай» деп атап) жалганды жасап жатасыңар! Аллахтан башка силер сыйынып жаткан «кудайыңар» силерге ырыскы берүүгө да кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллахтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! (Анткени,) Өзүнө гана кайтып барасыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن تُكَذِّبُوا۟ فَقَدْ كَذَّبَ أُمَمٌ مِّن قَبْلِكُمْ وَمَا عَلَى ٱلرَّسُولِ إِلَّا ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (мени) «жалганчы» десеңер, силерден мурунку (каапыр) элдер дагы (өз пайгамбарын) «жалганчы» дешкен. Пайгамбардын милдети болгону анык жеткирип коюудан гана турат».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ كَيْفَ يُبْدِئُ ٱللَّهُ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥٓ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (инсандар) Аллах жаратылышты алгач ирет кандай жаратканына карап көрүшпөйбү? Анан (алардын бардыгын) кайра жаратат. Чынында, бул Аллах үчүн жеңил.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ بَدَأَ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ ٱللَّهُ يُنشِئُ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْـَٔاخِرَةَ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт, (оо, Мухаммад): «Жер бетинде кезип жүрүп, (Аллах) жаратылышты (калк-калайыкты) абалкы ирет кантип жаратканына назар салгыла! Кийин Аллах (аларды Акыретте) экинчи ирет пайда кылат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُعَذِّبُ مَن يَشَآءُ وَيَرْحَمُ مَن يَشَآءُ وَإِلَيْهِ تُقْلَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) каалаган пендесине азап берет. Каалаганына ырайым көргөзөт. Силер Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَنتُم بِمُعْجِزِينَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِىٍّ وَلَا نَصِيرٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер жерде да, асманда да Аллахтан (качып) кутула албайсыңар! Силерге Аллахтан башка дос-жардамчы жок!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَلِقَآئِهِۦٓ أُو۟لَٰٓئِكَ يَئِسُوا۟ مِن رَّحْمَتِى وَأُو۟لَٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын аяттарына жана Ага жолугууга ишенбеген каапырлар Менин ырайымымдан үмүт үзгөндөр. Мына ошолорго жан ооруткан азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ ٱقْتُلُوهُ أَوْ حَرِّقُوهُ فَأَنجَىٰهُ ٱللَّهُ مِنَ ٱلنَّارِ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллах оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالَ إِنَّمَا ٱتَّخَذْتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَوْثَٰنًا مَّوَدَّةَ بَيْنِكُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ثُمَّ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ يَكْفُرُ بَعْضُكُم بِبَعْضٍ وَيَلْعَنُ بَعْضُكُم بَعْضًا وَمَأْوَىٰكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن نَّٰصِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ибрахим элине) айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллахтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин кыямат күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَـَٔامَنَ لَهُۥ لُوطٌ وَقَالَ إِنِّى مُهَاجِرٌ إِلَىٰ رَبِّىٓ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга (Ибрахимге) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллах) - Кудуреттүү, Даанышман!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَٰقَ وَيَعْقُوبَ وَجَعَلْنَا فِى ذُرِّيَّتِهِ ٱلنُّبُوَّةَ وَٱلْكِتَٰبَ وَءَاتَيْنَٰهُ أَجْرَهُۥ فِى ٱلدُّنْيَا وَإِنَّهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (бала жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал акыретте да жакшы-такыбалуу кишилерден.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ ٱلْفَٰحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنْ أَحَدٍ مِّنَ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Лутту да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ ٱلرِّجَالَ وَتَقْطَعُونَ ٱلسَّبِيلَ وَتَأْتُونَ فِى نَادِيكُمُ ٱلْمُنكَرَ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ ٱئْتِنَا بِعَذَابِ ٱللَّهِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧындыгында силер эркектерге (бачабаздык кылып) кошулуп, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, бизге Аллахтын азабын алып келчи!» – деген сөздөр гана болду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّ ٱنصُرْنِى عَلَى ٱلْقَوْمِ ٱلْمُفْسِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда Лут): «Оо, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!» - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَّا جَآءَتْ رُسُلُنَآ إِبْرَٰهِيمَ بِٱلْبُشْرَىٰ قَالُوٓا۟ إِنَّا مُهْلِكُوٓا۟ أَهْلِ هَٰذِهِ ٱلْقَرْيَةِ إِنَّ أَهْلَهَا كَانُوا۟ ظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (бала көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери залим болушту» – дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطًا قَالُوا۟ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَن فِيهَا لَنُنَجِّيَنَّهُۥ وَأَهْلَهُۥٓ إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ كَانَتْ مِنَ ٱلْغَٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ал шаардын ичинде Лут бар го!» - деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин жакшы билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَمَّآ أَن جَآءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِىٓءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالُوا۟ لَا تَخَفْ وَلَا تَحْزَنْ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهْلَكَ إِلَّا ٱمْرَأَتَكَ كَانَتْ مِنَ ٱلْغَٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, ал алар үчүн кайгырып (коому билип калса, бузукулукка зордоосунан коркуп), көкүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү – бир аялыңдан башкасын – куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّا مُنزِلُونَ عَلَىٰٓ أَهْلِ هَٰذِهِ ٱلْقَرْيَةِ رِجْزًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ بِمَا كَانُوا۟ يَفْسُقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте биз бул шаардын (бузулган) элине, бузукулуктарды кылып жаткандыктары үчүн асмандан катуу азап түшүрөбүз» – дешти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَد تَّرَكْنَا مِنْهَآ ءَايَةًۢ بَيِّنَةً لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا فَقَالَ يَٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَٱرْجُوا۟ ٱلْيَوْمَ ٱلْـَٔاخِرَ وَلَا تَعْثَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМадянга алардын тектеш тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Акырет күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук кылбагыла!»[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتْهُمُ ٱلرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا۟ فِى دَارِهِمْ جَٰثِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَادًا وَثَمُودَا۟ وَقَد تَّبَيَّنَ لَكُم مِّن مَّسَٰكِنِهِمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَٰنُ أَعْمَٰلَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَكَانُوا۟ مُسْتَبْصِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орундары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Бирок алардын акыл-эси жайында эле.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَٰرُونَ وَفِرْعَوْنَ وَهَٰمَٰنَ وَلَقَدْ جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِٱلْبَيِّنَٰتِ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا كَانُوا۟ سَٰبِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана Биз) Карун, Фараон, Хамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллахтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكُلًّا أَخَذْنَا بِذَنۢبِهِۦ فَمِنْهُم مَّنْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِ حَاصِبًا وَمِنْهُم مَّنْ أَخَذَتْهُ ٱلصَّيْحَةُ وَمِنْهُم مَّنْ خَسَفْنَا بِهِ ٱلْأَرْضَ وَمِنْهُم مَّنْ أَغْرَقْنَا وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллах зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَثَلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوْلِيَآءَ كَمَثَلِ ٱلْعَنكَبُوتِ ٱتَّخَذَتْ بَيْتًا وَإِنَّ أَوْهَنَ ٱلْبُيُوتِ لَبَيْتُ ٱلْعَنكَبُوتِ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт.[1] Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا يَدْعُونَ مِن دُونِهِۦ مِن شَىْءٍ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Аллах алар дуба (ибадат) кылып жаткан башка «кудайларын(ын» алсыздыгын) билет. Ал – Кудуреттүү, Даанышман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتِلْكَ ٱلْأَمْثَٰلُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ وَمَا يَعْقِلُهَآ إِلَّا ٱلْعَٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды илимдүүлөр гана акыл жүргүзүп түшүнөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خَلَقَ ٱللَّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах асмандарды жана Жерди акыйкат менен жаратты. Чынында, бул нерседе ыймандуу адамдар үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱتْلُ مَآ أُوحِىَ إِلَيْكَ مِنَ ٱلْكِتَٰبِ وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ تَنْهَىٰ عَنِ ٱلْفَحْشَآءِ وَٱلْمُنكَرِ وَلَذِكْرُ ٱللَّهِ أَكْبَرُ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَصْنَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Куранды адамдарга) окуп бер жана намазды (толук түрдө) тургуз. Чынында, намаз бузук жана жамандык иштерден кайтарат. Аллахты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллах силердин эмне жасаганыңарды билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تُجَٰدِلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلْكِتَٰبِ إِلَّا بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ إِلَّا ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنْهُمْ وَقُولُوٓا۟ ءَامَنَّا بِٱلَّذِىٓ أُنزِلَ إِلَيْنَا وَأُنزِلَ إِلَيْكُمْ وَإِلَٰهُنَا وَإِلَٰهُكُمْ وَٰحِدٌ وَنَحْنُ لَهُۥ مُسْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (оо, ыймандуулар) китеп элдери (жөөттөр, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка каршы чыгып) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир (- Аллах). Биз Ага моюн сунуучуларбыз».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ أَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ فَٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَٰهُمُ ٱلْكِتَٰبَ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَمِنْ هَٰٓؤُلَآءِ مَن يُؤْمِنُ بِهِۦ وَمَا يَجْحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا ٱلْكَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, (оо, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудилер менен христиандар) дагы ал китепке (Куранга) ыйман келтиришүүдө.[1] Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Куранга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا كُنتَ تَتْلُوا۟ مِن قَبْلِهِۦ مِن كِتَٰبٍ وَلَا تَخُطُّهُۥ بِيَمِينِكَ إِذًا لَّٱرْتَابَ ٱلْمُبْطِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен Курандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Куранды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ هُوَ ءَايَٰتٌۢ بَيِّنَٰتٌ فِى صُدُورِ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ وَمَا يَجْحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Ал (Куран) - илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды залым адамдар гана четке кагат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْهِ ءَايَٰتٌ مِّن رَّبِّهِۦ قُلْ إِنَّمَا ٱلْـَٔايَٰتُ عِندَ ٱللَّهِ وَإِنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аят-белгилер келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Аят-белгилер Аллахтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَكْفِهِمْ أَنَّآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْكِتَٰبَ يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَرَحْمَةً وَذِكْرَىٰ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн (далил-баяндуу Куран) китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ كَفَىٰ بِٱللَّهِ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ شَهِيدًا يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱلْبَٰطِلِ وَكَفَرُوا۟ بِٱللَّهِ أُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْخَٰسِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө болуу үчүн Аллахтын Өзү жетиштүү! Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билет. Ал эми, жалганга ыйман келтирип, Аллахга каапыр болгондор дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلْعَذَابِ وَلَوْلَآ أَجَلٌ مُّسَمًّى لَّجَآءَهُمُ ٱلْعَذَابُ وَلَيَأْتِيَنَّهُم بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.[1] Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек.[2] Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган учурда келип калат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلْعَذَابِ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌۢ بِٱلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды сөзсүз ороп алуучу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يَغْشَىٰهُمُ ٱلْعَذَابُ مِن فَوْقِهِمْ وَمِن تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ وَيَقُولُ ذُوقُوا۟ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллах): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰعِبَادِىَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّ أَرْضِى وَٰسِعَةٌ فَإِيَّٰىَ فَٱعْبُدُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كُلُّ نَفْسٍ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ ثُمَّ إِلَيْنَا تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَنُبَوِّئَنَّهُم مِّنَ ٱلْجَنَّةِ غُرَفًا تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا نِعْمَ أَجْرُ ٱلْعَٰمِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, жакшылык (сооп) иштерди жасаган адамдарды Биз бейиштин эң бийик орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Жакшылык) иш кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кылган адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَأَيِّن مِّن دَآبَّةٍ لَّا تَحْمِلُ رِزْقَهَا ٱللَّهُ يَرْزُقُهَا وَإِيَّاكُمْ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨз азыгын (эртеңкисине) камдап, сактабаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллах ырыскы берет. Ал – Угуучу, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллах» – дешет. (Ошол Аллахка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱللَّهُ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ وَيَقْدِرُ لَهُۥٓ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّن نَّزَّلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ مِنۢ بَعْدِ مَوْتِهَا لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ قُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?» - деп сурасаң, албетте «Аллах» – дешет. Айткын: «Аллахка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا هَٰذِهِ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا لَهْوٌ وَلَعِبٌ وَإِنَّ ٱلدَّارَ ٱلْـَٔاخِرَةَ لَهِىَ ٱلْحَيَوَانُ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул дүйнө жашоосу оюн-зоок, (утурумдук) жыргалчылыктардан башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо – бул акырет жашоосу, эгер билишсе.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِذَا رَكِبُوا۟ فِى ٱلْفُلْكِ دَعَوُا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمْ إِلَى ٱلْبَرِّ إِذَا هُمْ يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِيَكْفُرُوا۟ بِمَآ ءَاتَيْنَٰهُمْ وَلِيَتَمَتَّعُوا۟ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (жакшылык кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا جَعَلْنَا حَرَمًا ءَامِنًا وَيُتَخَطَّفُ ٱلنَّاسُ مِنْ حَوْلِهِمْ أَفَبِٱلْبَٰطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ ٱللَّهِ يَكْفُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (Мекке мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган Меккени) ыйык (Анда таланчылык, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (ыйык шаарда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллахтын жакшылыктарына каапыр боло беришеби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِٱلْحَقِّ لَمَّا جَآءَهُۥٓ أَلَيْسَ فِى جَهَنَّمَ مَثْوًى لِّلْكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат деп) Аллахка калпты жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген акыйкатты (Куранды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк залым (каапыр) адам бар бекен?! Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ جَٰهَدُوا۟ فِينَا لَنَهْدِيَنَّهُمْ سُبُلَنَا وَإِنَّ ٱللَّهَ لَمَعَ ٱلْمُحْسِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин жолубузда (жаман напси, шайтан, Аллахтын душмандары) күрөшкөн кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллах (ар дайым) жакшылык кылуучулар менен!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70