Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт[1] жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшолор гана чыныгы ыймандуулар! Аларга Раббисинин алдында (бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана көп ырыскылар бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, ыймандуулардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллахтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, алар өлүмгө айдалып баратканын карап тургансып, сени менен талашып жатышат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерге эки тайпанын бирөөсүн[1] (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллах болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуну Аллах (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллахтан гана. Чынында Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, (Аллах) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болуусу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-аруу кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, (о, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шыктандыргыла! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” - деп аян-кабар кылды.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби; алар (каапырлар) Аллахка жана пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллах жана пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллахтын азабы катуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим ошол күндө аларга артын салса, Аллахтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы тозок! Ал кандай жаман орун! Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө да болбойт).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллах өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллах атты. Өзү тарабынан момундарга жакшы сыноо болсун үчүн (ушинтти).[1] Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, мушриктер!) Эгер Аллахтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (туура жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар канчалык көп болсо да, силерге эч жардам бере албайт. Чынында, Аллах ыймандуулар менен бирге!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула жана (Курандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллах менен пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллах адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп койот.[1] Чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-байкуш жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллах силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди.(Ушуларга) шүгүр кылсаңар кана!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБилип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар – бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллахтын алдында Улук сооп бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук артыкчылык ээси.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө, же болбосо, сүргүн кылууга айла издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллах да айлакерлик кылат. Аллах айлакерлердин мыктысы.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде алар: “Оо, Аллах! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” – дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад,) Сен алардын арасында экениңде, Аллах аларды азаптабайт. Алар (тообо кылып) күнөөлөрүнө (Аллахтан) кечирим сурашса да Аллах аларды азаптабайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид ал-Харамдан тосуп жатса Аллах аларды азаптабай коймок беле?! Алар Аллахтын олуялары эмес! Анын олуялары такыба адамдар. Бирок, көбү (муну) билишпейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын “Байтуллах” (Ал-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет, бирок кийин (бул иштери) өз баштарына өкүнүч болот. Кийин… жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) тозокко чогултулат,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ыпыластарды таза-аруулардан ажыратып алып, бири-бирине кабаттап, жыйнап, бардыгын тозокко салуусу үчүн. Ошолор анык зыян тартуучулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыймандуулар) каапырларга каршы,(жер бетинде) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллах жасаган иштерин Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovА, эгер (Аллахка моюн сунуудан) жүз бурушса, билгиле, силердин башчыңар – Аллах! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыймандуулар!) Билип алгыла: (Аллах жолундагы казаттарда) олжого алган нерсеңерден (бештен төрт бөлүгү жоокерлерге бөлүнгөндөн кийин) бештен бир бөлүгү (дагы бешке бөлүнүп, биринчи бөлүгү жалпы мусулмандардын пайдасына иштетүү үчүн) Аллахка жана пайгамбарына, (экинчи бөлүгү - садаканын ордуна[1] - пайгамбардын Бану Хашим жана Бану мутталиб уруусунан турган) тууган-уруктарына, (үчүнчү бөлүгү) жетимдерге, (төртүнчү бөлүгү) мискин-кедейлерге жана (бешинчи бөлүгү) мусаапырларга тиешелүү. (Оо, ыймандуулар!) Эгер силер Аллахка жана эки жамаат (ыймандуулар менен мушриктер) жолугушуп (кагылышып), чындык жалгандан ажыраган (Бадр казаты болгон) күнү Өз пендебизге асмандан түшүргөн жардамдарга ишенчү болсоңор, (олжолорду жогоруда көргөзүлгөндөй бөлүштүргүлө!) Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо (Бадр согушу болуп, олжо алынган күндө) силер (Мединага) эң жакын жерде, алар (мушрик аскерлери) алысыраак жерде, ал эми, кербен силерден төмөнүрөөк (деңиз) тарапта эле.[1] Эгер силер (согуш болоор орун жана убакыт жөнүндө мурдатан) убадалашсаңар убадада келише албаган болот элеңер. Бирок, Аллах (өз тагдырында) болуп калган ишти болтуруп, өлгөндөрдү далил менен (каапырчылыкты тандаганы үчүн) өлтүрүү үчүн жана тирүү калгандарды да далил менен (ыйманга келгендери себептүү) тирүү калтыруу үчүн (силерди күтүлбөгөн жерден жолуктуруп койду) Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, (о, Мухаммад!) Аллах сенин түшүңдө аларды (мушрик аскерлерин) аз сандуу кылып көргөздү. Эгер көп кылып көргөзсө (жана сен муну сахабаларыңа айтсаң) муунуңар бошоп, (көпчүлүгү согушууну каалабай) иште талашып калмаксыңар. Бирок, Аллах сактады. Чынында, Ал көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, (о, мусулмандар), силер жолуккан кезде, Аллах (тагдырында) болуп калган ишти аткаруу үчүн көзүңөргө аларды аз көргөзүп, силерди алардын көздөрүнө аз көргөздү. Иштердин бардыгы Аллахка кайтат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМекендеринен (Меккеден) текеберленип, адамдардын көзүнө шаан-шөкөттөнүп жана Аллахтын жолунан (адамдарды) тосуу максатында (согушка) чыккандар сыяктуу болбогула! Аллах алардын бардык иштерин камтып алуучу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде шайтан аларга амалдарын кооз көрсөтүп: “Силерди бүгүн адам затынан эч ким жеңе албайт (саныңар да, даярдыгыңар да мусулмандардыкынан көп) Силерди өзүм кепилдигиме аламын (эч коркпогула)” - деди.[1] Ал эми, эки жамаат (согуш майданында) жолукканда (шайтан): «Менин силер менен ишим жок, (анткени,) мен силер көрбөгөн нерсени көрүп калдым. Мен Аллахтан коркомун! Аллахтын азабы катуу» деп, аркасына качып жөнөдү.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Чынында, Аллах – Кубаттуу жана азабы катуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул (азаптар) Аллах эч бир коомго берген жакшылыктарын, качан алар өз жүрөктөрүндө болгон нерсени (ыйманды каапырчылыкка) өзгөртмөйүнчө өзгөртпөөсү себептүү болууда. Чынында Аллах Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы алардын иштери) Фараон адамдарынын жана алардан мурункулардын иштерине окшош: Раббисинин аяттарын “жалган” дешти эле, күнөөлөрү себептүү өлүм берип, Фараон адамдарын (деңизге) чөктүрүп жибердик. (Аллах жазалагандардын) баары (өздөрүнө) зулум кылуучулар болду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (сени менен согушпастык келишимин түзгөн) бир коомдун кыянат кылуусунан корксоң, убада-келишимдерин таштап сал! (Убада бузулганын силер да, алар да) барабар (билип жүргүлө). Чынында, Аллах кыянатчыларды сүйбөйт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдар (“Эми бизге Аллахтын азабы келишинен) өтүп кеттик” – деп ойлошпосун. Алар (эч качан Аллахты) алсыз калтыра алышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, мусулмандар!) Аларга (душманыңарга каршы) колуңардан келген бардык күч-кубатты: жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарга жана да (ким экенин) Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүңөр. Аллахтын жолунда (жихад үчүн) эмнени сарп кылсаңар (Кыяматта) өзүңөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар (душмандар) тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллахка тобокел кыл. Аныгында, Ал – Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде сени алдоону каалашса, сага Аллах жетиштүү: Ал сени Өзүнүн (асмандан келген) жардамы жана ыймандуулар менен колдогон.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллах дос кылды. Чынында, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Ыймандууларды согушка кайраттандыр! (О, ыймандуулар!) Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, (душмандан) эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миңди жеңе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, Аллах силерден (милдетиңерди) жеңилдетти. Жана силерде (он эсе, жыйырма эсе көп душманга тең келе албай турган) алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо эки жүздү жеңет, эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен, эки миңди жеңет,[1] Аллах сабырдуулар менен!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан жер бетинде (Исламга өчөшкөндөр калбай, толук) жеңүүчү болмоюнча эч бир пайгамбардын алдында туткундар(дын) болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыңар, Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде, Аллахтын тагдырында (“Ислам үммөтүнөн азап көтөрүлгөн” деп) жазылып коюлбаганда алган кун акыңардын жазасына силерди чоң азап кармайт эле.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Кол астыңдагы туткундарга айт: “Эгер Аллах жүрөгүңөрдө жакшылык (ыйман) бар экенин билсе, силерге, алынган кун акыңардан жакшыраак нерсени берет жана (өткөндөгү) күнөөңөрдү кечирет. Жана Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар (мушрик туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, мындан мурун Аллахка да кыянат кылышкан болчу, кийин Аллах аларды колуңа салып берди. Аллах – Билүүчү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, ыйман келтирип, (диндерин сактап калуу үчүн Меккеден Мединага) хижрат кылган жана Аллах жолунда мал-жандары менен жихад кылган мусулмандар менен, аларга (Мединадагы өз үйлөрүнөн) орун-очок берип, ансар – жардамчы болгондор бири-бирине жакын-дос. Ал эми, ыйман келтирсе да, хижрат кылбаган адамдар болсо, качан хижрат кылмайынча силерге эч нерседе дос боло алышпайт. Эгер алар силерден душмандарына каршы жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда милдет. Ал эми, силер менен (өз ара согушпоо жөнүндө) убада-келишими бар болгон коомго каршы жардам сурашчу болсо, анда жардам бербейсиңер. Аллах эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдар бири-биринин достору. (Демек, силер эгер момун болсоңор, момундарды дос, каапырларды душман туткула). Эгер ушуну аткарбасаңар, жер бетинде бузукулуктар жана чоң күнөөлөр болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, хижрат кылып, Аллахтын жолунда жихад кылган адамдар менен аларга орун-жай даярдап, жардам бергендер чыныгы ыймандуулар! Аларга (Раббисинен) кечирим жана улук ырыскылар бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийинчерээк болсо да ыйман келтирип, хижрат кылып, силер менен бирге жихад кылгандар – силерден. Жана бир туугандар Аллахтын Китебинде бири-бирине жакыныраак. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!