Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, мушриктер!) Төрт ай (мөөнөттүн) ичинде Жер бетинде (тынч-аман) жүрө бергиле. (Силерге тынчтык мөөнөтү берилсе да) силер эч качан Аллахты алсыз калтыра албайсыңар, мына ушуну билип алгыла. Аллах (ширк иштерин уланткан) каапырларды шерменде кылуучу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бул) Аллах жана (Анын) пайгамбары тарабынан, чоң ажы күнү (Курман майрамы) болгондо адамдарга, Аллах жана пайгамбары мушриктерден таза (б.а. алардын алдында убада-милдеттенмеси жок) экенин жарыялап коюу![1] (О, мушриктер!) Эгер тообо кылсаңар, өзүңөргө жакшы (мал-жаныңарды сактап каласыңар). Эгер жүз бурсаңар, билип койгула, силер Аллахты алсыз калтыруучу эмессиңер. Ошондой эле (О, Мухаммад,) каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, силер келишим түзгөн мушриктер (милдеттенмелерден) эч нерсени бузбаса жана силердин эч бир душманыңарга жардам бербесе, анда алардын келишимдерин өз мөөнөтүнө чейин толук сактагыла. Аллах такыба кишилерди сүйөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, качан “Аль-Хурум” айлары (мушриктер менен согушууга тыюуу салынган төрт ай) чыгаары менен, мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө, туткундагыла, курчоого алгыла жана (алардын) ар бир жолдорунда (сазайын берүү үчүн) күтүп олтургула! Эгерде тообо кылып, намаз окуп, зекет беришсе (мусулман болушса) жолдоруна тоскоол болбогула. Чынында, Аллах – Кечирүүчү, Ырайымдуу.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер мушриктердин бири сенден (Аллахтын сөзүн угуп, Ислам менен таанышуу үчүн) коргоо-кепилдик сураса, аны – Аллахтын Сөзүн укканга чейин – өз кепилдигиңе ал. Андан соң аны өзүнүн тынч мекенине жеткирип кой. Бул (өкүм) алардын билимсиз коом болгону (жана Исламды таанып-билип алуусуна шарт жаратып берүү) үчүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал эми, убадасын сактабаган) мушриктерге кантип, Аллах жана Анын пайгамбары тарабынан убада болсун?! Эми, Масжид аль-Харамдын астында убадалашкан кишилер үчүн гана (ошол Ыйык Үйдүн урматына убадаңарды сактагыла) Качан силер үчүн (берген келишиминде) түз турушса, силер дагы түз тургула. Албетте, Аллах (Өзүнөн) корккон (такыба) адамдарды сүйөт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКантип (алар үчүн убада сактоо болсун?!) Чынында, алар эгер силерден үстөм-жогору болушса, силер жөнүндөгү (өз моюндарына алган) убадага да, милдентенмеге да карашпайт. Ооздору менен силерди ыраазы кылса да, (берген анттарына) жүрөктөрү көнбөй турат. Жана алардын көпчүлүгү бузукулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАз гана (дүйнөлүк) баага Аллахтын аяттарын сатып жиберишет жана (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушат. Алардын жоруктары кандай жаман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМомун жөнүндөгү (өз мойнундагы) келишимге да милдеттенмеге да карашпайт. Жана алар ашынып, чектен чыккан адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар – диндеш бир тууганыңар. Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгер келишимге кол койгондорунан кийин ант-убадаларын бузушса жана силердин диниңерди айыпташса, (аларды ушуга үйрөткөн) каапырлардын башчыларына каршы согушкула! Чынында аларда, ант (сактоо) деген болбойт. Кана эми, алар (кыянаттарынан) токтошсо!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Өздөрү биринчи баштап, ант-убадаларын бузган жана пайгамбарды (журтунан) чыгарууга жан үрөп аракеттенген адамдарга каршы согушпайсыңарбы? Эмне, алардан коркосуңарбы?! Эгер ыймандуу болсоңор, коркушуңарга Аллах көбүрөөк акылуу эмеспи?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга каршы согушкула! Аллах силердин колуңар менен аларга азап берип, шерменде кылып, силерге жардам берет жана момундардын жүрөктөрүн(дөгү ызааны) айыктырат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет (өч алуу көксөөсүн кандырат).[1] Жана Аллах алардан каалагандарынын тообосун кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, (о, ыймандуу пенделер!) Аллах силердин араңардан жихад кылгандар менен Аллахтан, пайгамбарынан жана момундардан башкаларды дос тутпагандарды билип алмайынча (согуш менен сыналбай) жөн калабыз деп ойлойсуңарбы?! Аллах силердин бардык ишиңерден кабардар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨз каапырчылыктарына өздөрү күбө болуп турган абалда, мушриктер Аллахтын мечиттерин (ибадат менен) абат кылып жиберүүлөрү эч мүмкүн эмес! (Себеби) Алардын амал-ибадаттары (ширк кылганы себептүү) “күйүп” кеткен. Жана алар тозокто түбөлүк калуучулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллахтын мечиттерин, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар (курушат жана) абат кылышат. Дал ушул адамдар туура жол табуучулардан болсо ажеп эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, силер ажыларды сугаруу менен Масжид аль-Харамды оңдоону, Аллахка, Акырет күнүнө ишенген жана Аллах жолунда жихад кылган момундарга (алардын ыйманына) теңеп жатасыңарбы? Алар Аллахтын назарында (ыйман менен жихадка чыккандарга эч качан) тең боло алышпайт! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирген, хижрат кылган жана Аллахтын жолунда мал-жандарын аябай жихад кылган адамдардын даражасы Аллахтын алдында көп эсе жогору. Ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Эгер силердин атаңар, ага-иниңер ыймандан каапырчылыкты (көбүрөөк) сүйчү болсо, аларды (ким болушуна карабай) дос тутпагыла! Силердин араңардан кимде-ким аларды дос тутса, алар – анык залымдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (о, Мухаммад): “Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын пайгамбарынан жана Аллахтын жолунда жихад кылуудан да сүйүктүүрөөк болсо, анда Аллах (силерге) Өз ишин (азабын) алып келишин күтө бергиле! Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерге көп орундарда жана Хунейн (деген жердеги согуш) күнүндө да жардам берди: бир кезде силерди саныңардын көптүгү кубантып жиберди эле, кийин бул силерге эч кандай пайда бербей калды жана силер үчүн жер кенен болгонуна карабай тар көрүнүп, артыңарга качып калдыңар.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Аллах пайгамбары менен ыймандууларга Өзүнүн тынчтык-бейпилдигин жана силер көрө албаган аскерлерин (периштелерин) түшүрүп, каапырларды (жеңилүү менен) азаптады. Каапырлардын жазасы – ушул!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң, ушундан (каталардан) кийин деле, Аллах Өзү каалаган адамдардын тооболорун кабыл алды (кечирди). Аллах – Кечирүүчү, Боорукер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Мушриктер – ыпыластык! Ушул жылдарынан кийин Масжид аль-Харамга жакын жолошпосун! Эгер (жетишпестиктен)[1] корксоңор, Аллах кааласа, жакында Өз пазилети менен силерди муктаждыктан куткарат. Албетте, Аллах Билүүчү - Даанышман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, мусулмандар!) Аллахка да, Акыретке да ишенбеген, Аллах жана Анын пайгамбары арам кылган нерсени “арам” дебеген жана акыйкат динди кармабаган Китеп ээлерине каршы, качан өз колдору менен, моюн сунган абалда жизья салыгын (колуңарга) тапшырмайынча согуша бергиле![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (яхудилер менен христиандар) Аллахты коюп, өздөрүнүн диний аалымдары менен (дүйнөдөн түңүлгөн) кечилдерин жана Марямдын уулу Исаны кудай кылып алышты. Алар жалгыз Кудайга (Аллахка) гана ибадат кылууга буюрулган эле! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү (гана) бар! Ал каапырлар кошкон шериктерден Таза!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (каапырлар) Аллахтын Нурун (Динин) ооздору менен үйлөп өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллах каапырлар жаман көрсө да, Өз Нурун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкасына ыраазы болбойт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) Өз пайгамбарын, туура жол жана акыйкат дин менен – эгер мушриктер жаман көрүшсө да – бардык диндерден үстөм-жогору кылуу үчүн жиберген.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! (Уккула, силерге сабак болсун: Китеп элдеринин) көпчүлүк дин аалымдары менен кечилдери адамдардын дүйнө-мүлкүн арам жолдор менен жешет. Жана (ушул жоруктары менен) адамдарды Аллахтын жолунан тосушат. Ал эми, алтын-күмүштөрдү жыйнап, аларды Аллахтын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, айлардын санагы Аллахтын алдында, асмандар жана жерди жараткан күндөгү (тагдыр) Китеби боюнча он эки айдан турат. Алардан төртөө “Харам” айлары.[1] Бул акыйкат Дин (эрежелеринен). Бул айларда (согуш ачуу менен) өзүңөргө зулум кылып албагыла. Мушриктер (бул айлардын харамдыгына карабай) силердин бардыгыңарга каршы согушканы сыяктуу силер дагы алардын бардыгына каршы согуша бергиле.[2] Жана билип алгыла: Аллах такыба адамдар менен!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАныгында, “насиь” (айлардын ордун алмаштыруу) аша чапкан каапырчылык. Ал себептүү каапырлар (катуу) адашып, Аллах арам кылган айлардын санагын дал келтирүү үчүн аны (“насиьны”) бир жыл адал кылышса, бир жыл арам кылышат. Эми, алар (бул жоругу менен) Аллах арам кылган нерсени адал кылышууда. Аларга (шайтан тарабынан) иштеринин жамандыгы кооздолуп көргөзүлүүдө. Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Силерге эмне болду, “Аллахтын жолунда (жихадга) чыккыла” деп айтылганда жерге оор отуруп калдыңар?! Эмне, силер Акыреттин ордуна дүйнө жашоосуна ыраазы болуп калдыңарбы?! Акыреттин алдында дүйнө жашоосу(нун жыргалдары) аз нерсе го![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер чыкпасаңар Аллах силерди катуу азапка салып, (өлтүрүп) ордуңарга башка коомду алып келет. Силер (Аллахтын чакырыгына жооп бербей койсоңор) Ага эч нерсени зыян келтире албайсыңар. Аллах ар нерсеге кудуреттүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер ага (пайгамбарга) силер жардам бербесеңер, Аллахтын Өзү жардам берген: бир кезде, каапыр болгон адамдар аны экөөнүн экинчиси кылып (Меккеден) чыгарышканда (жардам берген). Ошондо, экөө[1] үңкүрдө турганда, ал шеригине: “Кайгырбагын, Аллах биз менен” деген убакытта Аллах ага бейпилдик түшүрүп, силер көрбөй турган аскерлер (периштелер) менен колдоду. Жана каапыр адамдардын (“Мухаммадды сөзсүз өлтүрөбүз” деген) сөздөрүн төмөн кылды жана Аллахтын (эзелки тагдырдагы) сөзү жогору болду. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖеңилдик мезгилде да, оорчулук мезгилде да (Аллахга тобокел кылып) чыга бергиле жана Аллахтын жолунда малыңар, жаныңар менен жихад кылгыла! Эгер билсеңер, бул өзүңөргө жакшы.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (О, Мухаммад, сен чакырган нерсе) дүйнөлүк пайда же жеңил сапар болсо, алар сени сөзсүз ээрчимек. Бирок, аларга аралык алыс болду. Жана алар Аллахка ант ичип: “Эгер мүмкүнчүлүгүбүз болгондо силер менен чыкмакпыз” деп, өздөрүн өлүмгө (тозокко) түртүшөт. Аллах алардын анык жалганчы экенин билет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах сени кечирди. Эмне үчүн сен, өзүңө чын сүйлөгөн адамдар билингенге чейин жана жалганчыларды сынап билгениңе чейин аларга (согуштан калууларына) уруксат берип жибердиң?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллахка, Акырет күнүнө ишенбеген жана жүрөктөрү күмөн санаган адамдар гана (жихаддан калууга) уруксат сурашат. Алар өз күмөндөрүндө олку-солку болуп тура беришет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар чыгууну (жүрөктөн) каалаганда согушка даярдык көрүп коюшат болчу. Бирок, алардын чыгышын Аллахтын Өзү каалабай, жалкоо кылып койду жана аларга: “Отуруучулар (аялдар, жаш балдар) менен (үйдө) отургула” - деп айтылды.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар силер менен чыкканда, силердин кемчилдигиңерди көбөйтмөк жана араңарда бузукулукту каалап, аракет кылмак. Силердин ичиңерде аларды уга тургандар да табылат. Аллах залымдарды Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар мындан мурун (Мединага хижрат кылганда) деле бузукулукту каалап, сенин алдыңда (көп) иштерди тескери жасашкан. Кийин акыйкат келип алар жаман көрсө да, Аллахтын дини (жеңип) чыккан.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан бирөөсү “(О, Мухаммад) мага (калууга) уруксат бер, мени бузуп койбо” дейт.[1] Алар эчак эле бузулушкан! Албетте, тозок каапырларды ороп алуучу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (бул согушта) сага жакшылык (жеңиш, олжолор) жетсе бул аларды капа кылат. Эгер бир кырсык жетсе “Биз алдын ала билип, сактанып калдык” деп, сүйүнгөн бойдон кетишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Бизге (кырсык жетишин) күтүп убара болбогула. Бизге эки жакшылыктан бири (же жеңиш, же бейиш) болушун гана күткүлө! А биз болсо, Аллах силерди Өз азабы менен же биздин колубуз менен балээге жолуктурушун күтөбүз. Күтө бергиле, биз да силер менен бирге күтөбүз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “(Эй, мунафыктар!) Өзүңөр каалап берсеңер да каалабай берсеңер да силердин (садакаңар) эч качан кабыл болбойт! Себеби, силер бузулган элсиңер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын садакаларынын кабыл болуусуна тоскоолдук кылган нерсе - Аллахка жана пайгамбарына ишенбегени, намазды жалкоолонуп окуганы жана (садаканы) оорунуп бергендери.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) сени алардын дүйнө-мүлкү менен бала-чакалары кызыктырбасын! Аллах дүйнөдө аларды ошолор менен машакатка салат жана каапыр бойдон өлүп кетүүлөрүн каалайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахты ортого салып: (Кудай акы) биз силерденбиз” деп ант ичишет. Алар силерден эмес, бирок, суу жүрөк адамдар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Башына оор күн түшкөндө) эгер бир башпаанек же үңкүр же башка бир кире турган жер табышса, качкан бойдон ошого кирип кетишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын арасында сени садакалар(ды бөлүштүрүү) боюнча айыптагандар бар. (Мунун себеби) эгер садакалардан берилсе, ыраазы болуп калышат, эгер берилбей калса (сени) жаман көрүп калышат.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар Аллах жана Пайгамбары берген нерсеге гана ыраазы болуп: “Бизге Аллах жетиштүү, Аллах жакында бизге Өз пазилетинен берет. Пайгамбары да берет. Биз (дүйнөгө эмес) Аллахка умтулуучуларбыз” - дешкенде (өздөрүнө жакшы болмок).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын арасында пайгамбардын көңүлүн ооруткандар бар. Алар (пайгамбарды, уруксат сурап, алдаганда “ишенип калганы” үчүн) “ал – кулак” дешет. Айткын: “Ал силерге “жакшы кулак”. Ал Аллахка, момундарга ишенет жана силердин араңардагы ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтан жиберилген) ырайым” Аллахтын пайгамбарынын көңүлүн ооруткан адамдарга жан ооруткан азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар силерди (о, момундар,) ыраазы кылуу үчүн, Аллахты ортого салып (“пайгамбардын көңүлүн оорутканым жок” деп) ант ичишет. Эгер алар момун болушса, (силерди койо туруп) Аллах менен пайгамбарын ыраазы кылуулары көбүрөөк акыйкат эмес беле?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе, кимде-ким Аллах менен пайгамбарына каршы чыкса, ага түбөлүк тозок оту болушун жана бул чоң шерменделик экенин алар билбейт беле?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунафыктар өздөрү жөнүндө, жүрөктөрүнө катылган эки жүздүүлүктөрүн ачып таштай турган бир сүрө түшүп калуусунан коркушат.[1] Айт: «(Шылдыңдап) Күлгүлө, эми! Аллах силер корккон нерсени (жүзөгө) чыгарды го!».[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алардан (ошол жөнүндө) сурасаң: “Биз жөн эле, ойноп эле сүйлөгөн болчубуз” - дешет. Айткын: “Силер Аллахтын, Анын аяттарынын Жана пайгамбарынын үстүнөн күлө турган болуп калдыңарбы?!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКечирим сурабай эле койгула, силер ыйман келтиргениңерден кийин (кайрадан) каапыр болуп бүттүңөр![1] Эгер силерден бир тайпаны кечирсек, (дагы) башка бир тайпаны күнөөкөр болгону себептүү азаптайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунафык эркектер менен мунафык аялдар бардыгы – бир: жаман иштерге буюрушат жакшы иштерден кайтарышат жана (cараңдык кылып) колдорун жумуп алышат. Алар Аллахты унутушту эле, Аллах дагы аларды “унутту”[1] Чынында, мунафыктар – бузукулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах мунафык эркектерге, мунафык аялдарга жана каапырларга, түбөлүк кала турган тозок отун убада кылды! Ушул аларга жетиштүү! Жана Аллах аларга наалат айтты! Аларга түгөнгүс азап!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мунафыктар! Силер жасаган ишиңерде) өзүңөрдөн мурунку (каапыр) адамдарга окшойсуңар: Алар силерден да күчтүүрөөк, байлыгы, бала-чакалары (жардамчылары) көбүрөөк эле. Алар (бул дүйнөдөгү) өз үлүш-насиптеринен пайдаланышты. Мурункулар пайдаланганы сыяктуу силер да өз насибиңерден пайдаландыңар. Жана ошолор (күнөө деңизине) чумкуганы сыяктуу, силер дагы чумкудуңар. Алар – дүйнө-акыретте иштери күйүп кеткен адамдар! Алар – зыян тарткан адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга өздөрүнөн мурунку Нух коомунун, Аад, Самуд элдеринин, Ибрахим коомунун, мадяндыктардын, айкаш-уйкаш кыйрагандардын (Лут элинин) кабарлары келбеди беле?! Аларга пайгамбарлары анык далил-баяндарды алып келишкен болчу. (Бирок, кабыл алуунун ордуна силер сыяктуу каяша айтып, мыскылдап күлүшкөн. Кийин Аллах аларга азап жиберди. Демек,) Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМомун эркектер менен момун аялдар (достукта, жардамдашууда) өз ара ынак адамдар. (Анткени, бардыгы) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарышат. Намаз окуп, зекет беришет жана Аллах менен пайгамбарына (ар дайым) моюн сунушат. Жакында Аллах аларга Өзүнүн ырайымын жаадырат. Аллах - Кудуреттүү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга, түбөлүк кала турган, астынан даярлар агып турган бейиштерди, ошол "Адн" (деп аталган) бейиштердеги таза-пакиза орундарды убада кылды. Жана Аллахтын ыраазычылыгы бардыгынан улук! Бул – улуу жеңиш.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, пайгамбар! Каапырлар менен мунаафыктарга каршы жихад кыл жана аларга өктөм бол! Алардын жайы – тозок! Ал кандай жаман орун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар айткан сөзүн “айтпадык” деп ант ичишет. Чынында алар (оболу) каапырлык сөзүн айтып, мусулман болгондорунан кийин (кайра) каапыр болушту. Жана жетпеген максатка (пайгамбарга зыян берүүгө) умтулушту. Аларды Аллах жана пайгамбары Өз пазилети менен бай-беймуктаж кылгандан кийин гана (пайгамбарды) жек көрө башташты. Эгер тообо кылышса, өздөрүнө жакшы. А, эгер далысын салса, Аллах аларды дүйнө - Акыретте жан ооруткан азап менен азаптайт жана аларга жер бетинде эч бир дос, эч бир жардамчы болбойт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан кээ бирөөлөрү Аллахка ант-убада берип: “Эгер бизге да Өз пазилетинен берсе (бай кылса), кайыр-садакалар берип, жакшы адамдардан болмокпуз” (дешет).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң, Аллахка берген убадасына кыянат кылышканы жана жалган сүйлөшкөнү себептүү, Аллах алардын жүрөктөрүнө кыяматка чейин (өзгөрбөй турган) эки жүздүүлүктү салып койду.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар, билишпейби, Аллах (адамдардын) ичиндеги сырларын, шыбырларын билип турушун. Чынында, Аллах кайыптарды эң сонун Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭки жүздүүлөр, ыймандуулардын арасынан өз каалоолору менен (көп) садака кылгандарын айыпташат, ал эми, (кудурети жеткенче) садака кылган кембагалдарын мыскылдашат. Аллах өздөрүн мыскылдуу абалга салды. Аларга жан ооруткан азап бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Кааласаң алардын күнөөсүн (кечирүүнү Аллахтан) сура, каалабасаң, сураба. Эгер жетимиш ирет сурасаң да, Аллах аларды кечирбейт. Мунун себеби; алар Аллахка жана пайгамбарына каапыр болушту. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жихадга чыкпай, аялдар менен жаш балдардын катарында) үйлөрүндө калгандар, пайгамбарга каршы иш жасаганына сүйүнүп, Аллахтын жолунда мал-жандары менен жихад кылуудан түңүлүп: “(Мындай) ысыкта чыкпай эле койгула” дешти. Айткын: “Тозок отунун ысыгы катуураак, эгер түшүнүшсө!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алар бул дүйнөдө аз ыйлап, көп күлгөн болчу. Эми, Аллахтын жазасына кабылганда) кылмыштарына жараша азыраак күлүп, көбүрөөк ыйлашсын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах сени (Табук согушунан себепсиз калган жана мунусуна өкүнбөгөн) тайпага кайра жолуктурса, жана алар сенден (мындан башка, жеңилирээк) согушка чыгууга уруксат сурашса, айткын: “Эми, мени менен эч качан чыкпайсыңар. Мени менен бирге эч бир душманга каршы согушпайсыңар! Силер биринчи жолкусунда (үйдө) отурууну жактыргансыңар! Эми, калуучулар (аялдар жана жаш балдар) менен отура бергиле!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллах жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСени алардын дүйнө-мүлктөрү жана балдары(нын көптүгү) кызыктырбасын! Аллах аларды бул дүйнөдө ошол (байлык) менен азаптоону жана каапыр бойдон өлүп кетүүсүн каалады.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан: “Аллахка ыйман келтиргиле, жана пайгамбары менен бирге жихад кылгыла!” деген сүрө түшсө, алардын арасындагы (согуштан калууга эч кандай шылтоо-себеби жок) бай адамдар: “(О, Мухаммад) бизди жөн эле койчу. (Үйдө) отуруучулар менен эле бололучу?” - дешип сенден уруксат сурашат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар калуучулар (аялдар, жаш балдар) менен болууга ыраазы болушту. (Натыйжада) жүрөктөрүнө мөөр уруп коюлду. Эми алар (өздөрүнө эмне пайда, эмне зыян экенин) түшүнө алышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, пайгамбар жана аны менен бирге болгон ыймандуулар, малдары жана жандары менен жихад кылышты. Бардык жакшылыктар ошолорго! Жана алар (Тозоктон) кутулгандар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (о, Мухаммад, cенин алдыңа) өздөрүнө (согуштан калууга) уруксат сурап (арзыбаган) шылтоосу бар көчмөн арабтар дагы келди. Ал эми, (“Биз деле момунбуз” деп) Аллах жана пайгамбарына жалган сүйлөгөндөр (уруксат сурабай эле) кала беришти. Жакында алардын каапыр болгондоруна жан ооруткан азап жетет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (денесинде бир кемчилдиги болгон) алсыз адамдарга, оорулууларга, жихадга керек нерселерди таба албай калгандарга – эгер Аллах жана пайгамбарына (калыс-таза болууга жана мүмкүнчүлүк тапса эле жихадга чыгууга) ниет кылышса – (согушка чыкпаганы үчүн) күнөө жок. Жакшылык кылуучуларды айыптоого жол жок. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана, өздөрүнө (согуш үчүн) улоо таап берүүңдү сурап сага келишкенде, сен аларга: “Cилерге мингизгидей улоо менде жок” дегениңде, (жихадка) пайдалана турган эч нерсе таппай калганына өксүп, көз жашын көлдөтүп кайтып кеткен адамдарга да күнөө болбойт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, бай (жана ден-соолугу таза) болсо да, сенден уруксат сураган жана аялдар, жаш балдар менен калууга ыраазы болгон адамдарды айыптоого жол бар. Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөп койду! Эми алар (өздөрүнүн пайда-зыяндарын) биле алышпайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (согуштан) кайтканыңарда, алар (бай болсо да барбай койгондор) сенден кечирим сурашат. Айткын: “Кечирим сурабай эле койгула! Силерге эч качан ишенбейбиз! Аллах силердин (бизден жашырган) кабарыңарды бизге билдирген. Аллах жана пайгамбары ишиңерди көрүп турат. Кийин (Кыяматта) көрүнөөнү да, көмүскөнү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге (бардык) кылган ишиңердин кабарын берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан аларга кайтып барганыңарда алардан (эч нерсе сурабай) жөн коюшуңар (үчүн) ант ичишет. Эми, алардан жүз бургула! (Себеби) Алар – ыпылас! Жана кылмыштарынын жазасына, алардын орду тозок!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Көңүлүңөргө карап) алардан ыраазы болушуңар үчүн ант ичишет. Эгер силер ыраазы болсоңор да, Аллах бузуку адамдардан ыраазы болбойт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБедуиндердин арасында (Аллах жолунда) садака кылган нерсесин (өзүнө) зыян деп билген жана силердин башыңарга оор күндөрдүн түшүүсүнө ынтызар болуп тургандары да бар. Өздөрүнүн башына балээ түшүп калсын! Аллах – Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана бедуиндер арасында, Аллахка, Акырет күнүнө ишенип, садака кылган нерселерин Аллахка жакын болуу жана пайгамбардын бата-дубасына себеп деп билгендери да бар. Уккула, албетте, ал (пайгамбардын дубасы) алар үчүн Аллахка жакындашуу(суна себеп болот). Аллах жакында аларды Өз ырайымына киргизет. Аллах – Кечирүүчү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллах ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту. Жана Аллах аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу бейиштерди даярдап койду. Бул – чоң жеңиш!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) тегерегиңердеги бедуиндерден жана Медина элдеринен турган мунафыктар эки жүздүүлүгүн токтотпой жатышат. Аларды сен биле албайсың. Биз билебиз. Биз аларды эки ирет (бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да) азаптайбыз. Кийин алар (кыяматта) чоң азапка (тозокко) кайтарылышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана башкалары (мунафык эместер) өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, жакшы иштерине башка жаман (күнөө) иштерин да аралаштырып жүрүшөт. Аллах алардын тооболорун кабыл алып калса ажеп эмес. Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(О, Мухаммад!) Сен алардын мал-мүлкүнөн аларды (сараңдыктан жана башка күнөөлөрүнөн) тазалай турган жана алдарды(н байлыгын, адеп-ахлагын, Акыреттик сообун) өстүрө турган (зекет) садакасын ал. Жана алар үчүн дуба кыл. Чынында сенин дубаң - алар үчүн бейпилдик. Аллах - Угуучу, Билүүчү».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (тообо кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллах пенделеринен тообону жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллах - тооболорду кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана айткын: “(Эй, жихаддан калган пенделер! Аллахты ыраазы кыла турган) амалдарды жасап калгыла. Аллах амалыңарды көрүп турат. Жана анын пайгамбары менен ыймандуулар дагы (амалыңарды көрүп турушат). Силер жакында (кыяматта) кайыпты да аныкты да Билүүчүнүн алдына кайтарыласыңар. Анан Ал силерге бардык ишиңердин кабарын билдирет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы башкалар (эки жүздүү эмес, бирок согуштан себепсиз калгандар) бар. Алар Аллахтын өкүмүнө: же жазалоосуна же тооболорун кабыл алуусуна калтырылгандар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы ушундай кишилер бар, алар (Исламга) зыян жеткирүү үчүн, каапырчылык(ты күчөтүү) үчүн, момундардын арасын бөлүп-жаруу үчүн жана да мындан (бир аз) мурун Аллах жана Анын пайгамбарына каршы күрөшкөн адамга жардам берүү үчүн мечит курушту[1] жана “биз жакшылыкты (ал мечитте кедейлерге кайрымдуулук көргөзүүнү) ниет кылган элек” деп ант ичишти. Аллах алардын жалганчы экенине күбөлүк берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен (о, Мухаммад,) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллах таза-пакиза адамдарды сүйөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллахтан коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп бараткан жардын кырына куруп, анысы менен бирге өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллах ыймандуулардын жандары менен мал-мүлктөрүн, аларга бейишти берүү менен сатып алат. Алар Аллах жолунда согушуп, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. (Жан, мал барабарына бейиштин берилиши) Тоорат, Инжил жана Курандагы Аллахтын анык убадасы. Өз убадасын Аллахтан жакшыраак ким аткара алат? (Оо, ыймандуулар!) Ошондуктан (Аллах) менен кылган соодаңарга сүйүнгүлө! Бул (сооданын ишке ашуусу) – чоң жеңиш!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга – эгер (ал мушрик) жакын тууганы болсо да – эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИбрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле.[1] Качан ага атасы Аллахтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (эч бир) коомду туура жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллах “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллах - ар бир нерсени Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллахка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллахтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообосун кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллах алардын тообосун кабыл алды. Чынында Аллах аларга Ырайымдуу, Боорукер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Аллах (Табук казатынан) калып калган үч кишинин тообосун да кабыл алды. (Ошого чейин) аларга жер (жүзү ушунчалык) кеңдиги менен тарлык кылып, жүрөктөрү да кысылып калган.[1] Жана алар Аллахтын Өзүнө гана жалбаруу керектигин түшүнүштү. (Ыклас менен) тообо кылышканы себептүү Аллах алардын тооболорун кабыл алды. Аллах, чынында тообону кабыл алуучу, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМедина (шаарынын) эли менен алардын айланасында жашаган бедуиндер үчүн (казат мезгилинде) Аллахтын пайгамбарынан калып калышы жана (жыргал жашоодо) өздөрү менен өздөрү убара болушу эч ылайыктуу (иш) эмес! Мунун себеби эгер алар Аллах жолунда чаңкоого, чарчоого, же ачкалыкка кабылышса, же каапырлардын кыжырын кайнатып (жихад үчүн, азбы-көппү) жерлерди басып өтсө да, же болбосо (согушта) душмандардын эсебинен (жеңиш, туткун, олжо сыяктуу) нерселерге жетишсе да, ушул себептүү аларга жакшы (сооп) иш жазылат. Албетте, Аллах жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ушул жихад жолунда) чоңбу, кичинеби, (кандайдыр) бир садака (кошумча) кылса же бир өрөөндөрдөн басып өтсө, Аллах аларга эң жакшы иштери себептүү сыйлык бериши үчүн, (бул иштери) аларга (сооп болуп) жазылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуулардын бардыгынын (согушка) чыгып кетүүсү жарабайт. Алардын ар бир жамааттарынан бирден тайпалар чыкса (жетиштүү) болбойбу?! (Башкалары) динди жакшы үйрөнүү үчүн жана коомуна кайтып келгенде эскертүү үчүн (калышпайбы?) (Ошондо) Аллахтын азабынан сактанышса ажеп эмес![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан бир сүрө түшкөндө алардын (мунафыктардын) кээ бирөөлөрү: “Бул сүрө кимиңердин ыйманыңарды көбөйтүп койоор экен!” деп (мыскылдуу) сүйлөшөт. (Чынында,) бул сүрө(лөр) ыйман келтирген кишилердин ыймандарын көбөйтөт жана алар (муну бири-бирине айтып) сүйүнүшөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар ар жыл сайын бир же эки иреттен (Аллахтын ар түрдүү балээлери менен) сыналып жатышкандарын ойлонушпайбы?! Анан дагы эле тообо кылышпайт, дагы эле эсине келишпейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана качан бир сүрө түшсө, (ага моюн сунуунун ордуна) бири-бирине карашып: “Сени эч ким көрүп калбадыбы?” дешип, (туш-тушуна) басып кетишет. (Натыйжада, акыйкатты) түшүнбөгөнү себептүү Аллах алардын жүрөктөрүн (чындыкты кабыл алуудан) буруп койду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуу пенделер!) Силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн азап чеккен (тозоктон кутулуп калышыңарга) катуу умтулган жана ыймандуулар үчүн ырайымдуу, боорукер пайгамбар келди го!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер жүз буруп кетишсе айт: “Мага Аллах жетиштүү. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! (Ага) тобокел кылдым. Жана Ал Улуу Арштын Раббиси!».