Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад! Бул Куран) Аны менен (адамдарды) эскертүүң үчүн жана момундарга сабак-эскертүү болуусу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз канчалаган айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга түндөгү же күндүзгү уйку мезгилинде келген.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (кыямат) күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилдик менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана тозоктон кутулуучулар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансың".
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардын көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Биз айттык): «О, Адам, сен жана жубайың (Хава экөөң) Бейиште жашагыла, (андагы жаккан мөмөлөрдөн) каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка[1] жакындабагыла. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбооңор үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАзгыруу менен ал экөөнү (таза жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭкөө (бушайман болуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” – дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыба кийими, Бул – жакшы![1] Бул Аллахтын (артыкчылык) белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калуусу үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар бузук (шариятта арам болгон) бир ишти жасаса: “Биз ата-бабаларыбызды ушул иштин үстүндө тапканбыз жана бул ишке бизди Аллах буюрган” – дешет. Айткын: “Аллах бузук иштерге буюрбайт. Өзүңөр билбеген нерселерди Аллахга жүктөп жатасыңарбы?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттик – ортолукка буюрду. Ар бир сажда (ибадат) кылган жерде жүзүңөрдү (кыбылага) түздөгүлө. Динди Аллах үчүн калыс кылып (муктаждыкты Өзүнөн гана сурап) дуба кылгыла! Аллах силерди (биринчи ирет) жаратканы сыяктуу (экинчи жашоого) кайтасыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Силерден) Бир тайпаны Аллах туура жолго баштады. Дагы бир тайпага (өздөрүнүн жаман иштери себептүү) адашуучулук чыныгы өкүм болду. (Анткени,) Алар Аллахты таштап шайтандарды дос-башчы кылып алышкан жана өздөрүн туура жол тапкандар деп ойлошкон.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Адам урпактары! Ар бир намаздын убактысында зыйнатыңарды[1] кийгиле жана (Аллах берген жакшылыктардан) жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал (Аллах) ысырапчыларды сүйбөйт.[2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Аллахтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-таза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды)”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир үммөт үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) бар. (Ошол) мөөнөттөрү келгенде, алар аны бир саатка болсун артка, же алдыга жылдыра алышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Адам урпактары. Силерге араңардан чыккан пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок, жана алар кайгыга да батышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(“Аллахтын шериги бар” деп) Аллахка жалган-жалаа ойлоп тапкан же болбосо, Анын аяттарын “жалган” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Аларга (тагдыры жазылган) китептен насип-ажалы жетип, Биздин жан алгыч (периште) элчилерибиз келип: “Аллахты таштап, аларга дуба кылган “кудайларыңар” кайда калды?” – дегенде, алар: “Бизден жок болуп кетишти!” дешет жана өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбөлүк беришет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына каргыш айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт.[1] Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.[1] Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) таарынычтарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллахга мактоо болсун! Эгер Аллах көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш угулат: “Ушул – силердин бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! – деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Залымдарга Аллахтын каргышы болсун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл экөөсүнүн (бейиш менен тозоктун) ортосунда «Аьраф»(тосмо) бар.[1] “Аьрафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “О, биздин Рабби! Бизди (мына бул) залымдарга кошуп койбой элең?!” – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер ант ичип: “Аларга Аллах ырайымын жеткирбейт” – деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана кайгы-капага батпайсыңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллах силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” – дегенде, алар: “Аллах ал ырыскыларды каапырларга арам кылган,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(себеби) алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданган адамдар!” – дешет. (Кийин Аллах айтат:) “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп”[1] (тозокко таштап) салабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ыймандуу коомго туура жол, ырайым болсун деп, аларга Өзүбүз анык баяндаган китепти илимге толтуруп алып келдик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар анын (Курандын алдын ала айтылган) кабарларын гана күтүүдө. Ал кабар (Кыямат) келгенде, мурда аны “унуткан” адамдар: “Раббибиздин пайгамбарлары чындыкты алып келген турбайбы! Эми, бизге күнөөлөрүбүздү кечиртип берүүчү ортомчу табылар бекен?! Же (дүйнөгө) кайтарылар бекенбиз, жасаганыбыздан башка (сооп) иштерди жасап келмекпиз?!” дешет. Алар өздөрүнө зыян кылышты жана оюнан чыгарган “кудайлары” алардан жок болуп кетти!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду.[1] Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖер бетинде – аны оңдогондон кийин – бузукулук кылбагыла![1] (Азабынан) коркуп, (сообунан) үмүт кылып Өзүнө гана дуба кылгыла! Чынында, Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл ырайымынан кушкабар иретинде (жамгырдын) алдынан шамалдарды жиберет. Качан ал шамалдар оор булуттарды көчүргөндө Биз аларды өлүк (суусаган) шаарларга айдайбыз жана андан жамгыр жаадырып, аны менен ар түркүн мөмөлөрдү чыгарабыз. Биз (кыяматта) өлүктөрдү ушул сыяктуу кайра (жерден) чыгарып алабыз. Ушундан өрнөк алсаңар кана!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллахтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү кыйынчылык менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип ачык-айкын баян кылабыз.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик.[1] Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күндүн (Кыямат) азабына кабылууңардан корком!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, такыба болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди эскертүү үчүн – келгенине таң калып жатасыңарбы!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Нухту “жалганчы” – дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аяттарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дили) сокур коом эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАад коомуна туугандары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондо) анын коомунун каапырлары : “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп ойлойбуз!” – дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди (тозоктон) коркутуу үчүн – келгени силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллах силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттууу кылды.[1] Эми, Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле! (Ошондо тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллахка ибадат кылуубуз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды таштообуз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин каар-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду ырайымыбыз менен сактап, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук.[1] (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Самуд коомуна өздөрүнүн тууганы Салихти пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегиле, Аллах силерди Аад коомунун артынан орун басар кылып, жерге жайгаштырды. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп, үйлөрдү курасыңар. Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле, жана жер бетинде бузукулук таратуучу болбогула!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСалихтин коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихти Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар деп билесиңерби?” – дешти. Алар:“Ооба. Биз ал жиберилген нерсеге ыйман келтирүүчүлөрбүз” - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Лут пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?” - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумарланып келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул – арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар имиш!” – деген сөз менен гана жооп берди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле Биз Мадян элине өздөрүнүн туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук тарткыла, адамдардын буюмдарынын баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо отурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллах силерди (өлүм – житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү, жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде, силердин араңардан бир тобуңар мага жиберилген динге ыйман келтирип, башка бир тобуңар ыйман келтирбесе, Аллах биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал – эң жакшы өкүм кылуучу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovШуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “О, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб айтты: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер биз, Аллах андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллахка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз – Аллах кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими бардык нерсени камтып алган. Биз Аллахка таяндык! О, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovШуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovШуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тып-тыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандар өздөрү зыян тартуучу болду!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз кайсы бир айыл-калаага пайгамбар жиберсек, анын элдерин тообо кылаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен эскертебиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул – адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын окуя-тарыхын айтып жатабыз: аларга пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллах каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып коёт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны мужизаларыбыз менен Фараонго жана анын элине жибердик. Бирок, алар мужизаларга зулум кылышты (каапыр болушту). Эми, бузукулардын акыбети кандай болорун көрүп кой:
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондуктан) мага Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исраил урпактарын мага кошуп (мекендерине) жибергин!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, Биз Мусага: “Таягыңды жерге ташта!”- деп аян кабар кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган таягы) сыйкырчылардын жалгандарын[1] жутуп жиберди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараон айтты: “Мен силерге уруксат бербесем да, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен бизден, Раббибиздин далил-мужизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз)да алгын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovФараондун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы тукуруп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн коёсуңбу?” - дешти. (Фараон) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык. (Фараондуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (азап уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кыларыңарды карап турат”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин, качан аларга жакшы турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер каатчылык болсо Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлоо үчүн канча далил-мужиза көргөзбөгүн, баары бир сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, Биз аларга (жаза иретинде) топон суу (балээсин), чегиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болчу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга балээ-кырсыктар (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз алсыз-бечара коомго (Исраил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш тарабын (Фараон коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөзү,[1] сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Биз Фараон менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын талкаладык!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Исраил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз бут-айкелдерине табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “О, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” - дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйтты: “Эми, мен силерге Аллахтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллах силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып) койду эле го!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегиле, (Оо, Исраил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фараон адамдарынан куткарган элек. Ушунда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Муса менен (ага Китеп – Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалашкан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткенде) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса Биз убадалашкан убакытта келгенде жана Раббиси ага (түздөн-түз) сүйлөгөндө: «О, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын» - деди. Ал (Аллах) айтты: “Мени (бул дүйнөдө) эч көрө албайсың. Бирок, мына бул тоого карап тур, (мен ошого көрүнөмүн) эгер ал ордунда жылбай калса, сен Мени көрө аласың». Анан, Раббиси тоого көрүндү эле, аны күкүм кылып таштады. Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде, айтты: “О, Раббим, Сен Аруу-Тазасың! Мен (адепсиздик кылганыма) тообо кылдым, мен ыймандуулардын алдынкысымын!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах): “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул жакшылык үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!” - деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллахтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак ала албай турган кылып) буруп коёмун. Кийин алар канча далил-мужиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону гана жол кылып алышат. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) жасалгаларынан (Самири деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, залым (каапыр) болуп калышты!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп, өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса коомуна кайтып келгенде (жана алардын музоого сыйынып жатканын көргөндө) ачууланып, бушайман болуп: “Менден соң мага кандай жаман орунбасар болупсуңар! Раббиңердин буйругун шаштырдыңарбы?!”- деди. Кийин Муса (жаалданып, колундагы) такталарды таштап, бир тууганынын (Харундун) башынан (чач-сакалынан) жулкулдата баштады. (Харун) айтты: “О, апамдын баласы! Чынын айтайын, коом мени кордоп, (айткандарымды уккандын ордуна, кайра) өлтүрүп койо жаздады. Мени душмандарга шерменде кылба! Жана мени залым адамдардар менен бирге деп ойлобо!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, музоону кудай кылып алгандарга жакын арада Раббисинен каар-казап жана (ушул) дүйнө жашоосунда кордук жетет! Биз (Аллахга) жалган токугандарды ушинтип жазалайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тообо кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, чынында сенин Раббиң ошондон (тобо кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМусанын ачуусу басылганда тактайларды колуна алды. Анын жазууларынын арасына Раббисинен корккон адамдар үчүн ырайым жана туура жол камтылган эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады.[1] Анан аларды күрүлдөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, биздин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллах кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы) Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды туура жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен – биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң![2]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл! Биз (күнөөбүздү моюнга алып) Өзүңө кайттык. (Аллах) айтты: “Азабымды Өзүм каалагандарга жеткиремин жана ырайымым бардык (жандуу-жансыз, күнөөсүз-күнөөлүү) нерселерди ороп-камтып алат. Мен ал ырайымды (Аллахтан) корккон, зекетти берген жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдарга гана насип кыламын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!»[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: “О, адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүгө үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды уруу-уруу кылып он эки элге бөлүп жибердик. Бир кезде коому Мусадан суу сураганда, Биз Мусага: “Таягыңды ташка ургун” деп аян кабар кылдык. Кийин ал таштан он эки булак атырылды. (Муса ал булактарды он эки урууга бөлүп, белгилеп берген соң) бардык адамдар өз ичер сууларын таанышты. Кийин Биз алардын үстүнө булутту көлөкө кылып койдук. Анан дагы (ачка калышканда) аларга асмандан халваларды, бышырылган куш эттерин жаадырып: “Биз ырыскы кылып берген таза тамактардан жегиле” дедик. (Бирок, бул эл шүгүр кылууну ойлоп да койбостон, мойнундагы парыздарды аткарбастан күнөө иштерин улантты) Алар (муну менен) Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө гана зулум кылышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) эстегин, бир кезде аларга айтылды: “Мына бул шаарга (Иерусалимге) кирип, андан каалаган жериңерде (каалаган тамагыңарды) жегиле. Бирок, “кечиргин” деп, дарбазадан сажда кылып (Аллахга ыраазылык билдирип, кичипейил болуп) киргиле. (Ошентсеңер) Биз силердин катаңарды кечирип, жакшылык кылгандарды(н сообун) көбөйтөбүз”. (Аллах Исраил урпактарынын көптөгөн күнөө-каталарын кечирүү үчүн узул вазыйпаны парз кылган эле. Бирок...)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын арасынан (көпчүлүк) залым адамдар («хиттатун» кечиргин деген) сөздү, өздөрүнө айтылгандан башка (“хинтатун” деген) сөзгө алмаштырып коюшту. Зулум (каапырлык) иш жасагандары себептүү Биз аларга асмандан балээ-азап жибердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алардан (Исраил урпактарынан) деңиз жээгиндеги айыл жөнүндө сура. Ошондо алар ишемби күндөгү (Аллах тыюу салган) чектен чыгып кетишти: ишемби күндөрү балыктары толуп-толуп (суу бетинде) келе жаткан. Ишембиден башка күндөрү келбей калган. Биз аларды бузукулуктугуна жараша ушинтип сынайбыз.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде алардан бир жамаат айтты: “Эмне үчүн силер Аллах өлтүрүп, катуу жаза бере турган коомго насаат айтып жатасыңар? (Күнөөдөн кайтаргандар) айтышты: “Алардын такыба болуусун (балык уулоосун токтотуусун) үмүт кылып жана Раббиңердин алдында (“биз кайтарган элек” деп) актануу үчүн”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Күнөөлүү адамдар) өздөрүнө эскертилген нерсени унутуп коюшканда, жамандыктан кайтарган адамдарды куткарып, (өздөрүнө) зулум кылгандарды, бузукулуктарына жараша катуу азап менен кармадык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы, бир мезгилде Сенин Раббиң алардын үстүнө тээ Кыяматка чейин, жаман азап менен кордой турган адамдарды жиберип турарын ашкере билдирген. Чынында, сенин Раббиң тез жаза берүүчү жана чынында Ал Кечиримдүү, Боорукер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды жер бетинде бөлүк-бөлүк кылып тыркыратып (чачып) таштадык. Алардын арасында (Аллахтын укугун ордуна коюучу) жакшылары да бар, жакшы эместери да бар. Биз аларды (кээде) жакшылыктар, (кээде) жамандыктар менен сынадык. Кана эми, (көкбеттиктеринен ыйманга) кайтышса!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин алардын артынан, Тооратты мурас кылып алган бир муун калды. Алар (Тоорат аятын бурмалап, анын акысына) жарыбаган дүйнө буюмдарын алышып: “Бизге кечирим берилет” дешет. Эгер аларга ошондой эле дүйнө буюмдары келсе, (дагы) ала беришет. (Артынан дагы “Бизди Аллах кечирет" деп коё беришет) Акыры, алардын үстүндө: “Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшөт” деген Китеп (Тоорат) осуяты бар эле го?! Алар Тоораттын ичиндеги аяттарын (ар дайым) окушат эле го! Акырет коргону Аллахтан корккон (такыба) адамдар үчүн жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (алардын арасында ыйык) Китеп өкүмдөрүн бекем кармаган, намазды толук окуган адамдар да бар. Биз оңдоочулардын сообун текке кетирбейбиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин, Биз алардын үстүнө («Тур» деп аталган) тоону чатыр сыяктуу көтөрүп, алар “мына эми, үстүбүзгө кулап түшөт” деп ойлоп калганда: “Биз силерге берген шарият өкүмдөрүн бекем кармагыла жана такыба болууну үмүт кылсаңар, анын ичиндегилерди унутпай жүргүлө!” (дедик).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эстегин, Сенин Раббиң адамзаттын (Адам-Атанын) белинен анын урпактарын чыгарды жана аларды өздөрүнө күбө кылып: “Мен силердин Раббиңер эмесминби?” дегенде алар “Ооба күбө болдук”-дешти. (Оо, Адам урпактары!) Силер Кыямат Күндө (жалгыз Раббиңе сыйындыңбы?” деп суралганыңарда) “Биз мындан кабарсыз элек” дей албай калууңар үчүн (Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо “Мурун ата-бабаларыбыз мушрик болгон экен, биз ошолордон кийинки урпактарбыз. (Оо, Аллах) Сен бизди адашкан ата-бабалар жасаган иш себептүү өлтүрөйүн (тозоко таштайын) деп жатасыңбы” (дей албай калышыңар үчүн Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Аларга (Исраил урпактарына) далилдерибизди берген (аалым) кишинин кабарын айтып бер: ал (өзү билген) далилдерди (амал кылбай) таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз кааласак, далилдер (илим) себептүү анын даражасын көтөрүп коймокбуз. Бирок, ал жерге (жер мүлкүнө) жабышып алып, напси каалоолоруна ээрчип кетти. Анын (ач көздүгүнүн) мисалы бир итке окшойт: аны айдасаң да, жөн койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган («аалым») адамдардын мисалы. (О, Мухаммад!) аларга (ушул сыяктуу) тамсил-икаяларды айтып бер. (Чындык жөнүндө) пикир кылышса ажеп эмес.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах кимди туура жолго баштаса, демек ал туура жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян тартуучулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар бирок, көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угушпайт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар – (эч нерсени) туйбаган адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Аллахтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жараткан элдердин арасында акыйкат менен туура жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар дайым бирге жүргөн киши (Мухаммад) жинди эмес экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллах аларды дендароо болгон абалда өз адашуучулуктарына таштап коёт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Обо-Энени) жаратты. Анан (Адам Ата менен Обо Эненин урпактарынан) эки жуп кошулганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди.[1] Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) туура жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге эч айырмасы жок.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллахтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллахга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт!)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен (алар сураган) далил-мужизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Куран) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) жышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн туура жол, ырайым!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат.[1]